Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Аймактарды өнүктүрүү
Кыргызстандагы региондордун келечеги: региондорду социалдык-экономикалык жактан комплекстүү өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын негизги кадамдары
Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун коммуникациялар боюнча консультанты
2025-жылдын 23-апрелинде Бишкекте конференция өттү. Бул конференцияда 2025- 2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашырууну талкуулоо көңүл чордонундагы тема болду. Конференцияга министрликтердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, эксперттер, аймактарды өнүктүрүү боюнча академиялык чөйрөлөрдүн өкүлдөрү жана эл аралык өнөктөштөр кирген 100дөн ашык адам катышты. Конференциянын бардык материалдары кыргыз жана орус тилдеринде QR-код аркылуу жеткиликтүү.
ӨБӨЛГӨЛӨР
Кыргыз Республикасынын региондорун өнүктүрүү татаал жана актуалдуу милдет болуп жатат. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2025-жылдын 18-мартында кабыл алган №134 токтому менен 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын бекиткен¹. Анда социалдык-экономикалык пландаштыруунун жаңы комплекстүү системасы сүрөттөлгөн. Бул системаны түзө баштоо райондор жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (ЖӨБ) үчүн Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын (СЭӨП) даярдоонун жаңы методологияларын түптөгөн. СЭӨПлар “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” Программасынын (EGED) колдоосу менен иштелип чыгып, 2024-жылы мамлекеттик органдар бекиткен. Аталган Программа Эл аралык өнүктүрүү үчүн Улуу Британиянын Өкмөтүнүн (FCDO) финансылык колдоосу алдында Өнүктүрүү саясат институту² менен кызматташтыкта ишке ашырылып жатат.
Кабыл алынган региондорду комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамле-кеттик программасы өнүгүүнүн аймактык артык-чылыктарын гана аныктабастан, региондорду өнүктүрүүнү башкаруу системасын өркүндөтүүнүн ыкмаларын, ошондой эле мейкиндикти башкаруу жана өнүктүрүү механизмдерин толук сүрөттөйт.
КАЙРЫЛУУЛАР
Конференцияны ачып жатып экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро СЕЙИТОВ Мамлекеттик программа региондорду өнүктүрүүнү башкаруунун натыйжалуу системасын түзүүгө багытталганын, ал экономикалык өсүшкө жана жарандардын жашоо сапатын оңдоого көмөктөшөрүн белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн аймактарды өнүктүрүү секторунун башчысы Уланбек ДАЛИЕВ баса белгилегендей, кабыл алынган комплекстүү өнүктүрүү боюнча Мампрограмма Улуттук өнүктүрүү стратегиясын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн конкреттүү чараларды камтыйт, анын ичинде региондорду туруктуу жана тең салмактуу өнүктүрүүнү камсыз кылып, жарандардын жашоосу үчүн мыкты шарттарды түзүү максатын көздөйт: “Мамлекеттик программанын кабыл алынышы төмөнкүлөргө багытталган: жаңы жумуш орундарын түзүү; туризмди, өнөр жайды жана агрокомплексти өнүктүрүү; ишкердикти колдоо жана дем берүү; социалдык жана экономикалык инфраструктураны жакшыртуу; билим берүүнүн жана медицинанын сапатын жогорулатуу; жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу. Бул Мамлекеттик программаны ишке ашыруу процессинин ар бир катышуучусу жоопкерчиликти сезип, колдон келген салымын кошууга тийиш”, – деди Уланбек ДАЛИЕВ.
У. ДАЛИЕВ ошондой эле Мамлекеттик программаны ишке ашырууда бийлик органдарынын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, жарандык коомдун жана жеке сектордун кызматташуусунун маанилүүлүгүн белгиледи, себеби региондорду өнүктүрүү улуттук өнүгүүнүн өзөгү болуп саналат жана тараптарга анын ийгилиги үчүн күч-аракеттерди бириктирүүгө мүмкүндүк берет.
FCDO’нун Борбордук Азия боюнча кеңешчиси Жафар УСМАНОВ белгилегендей, реформаларды пландоо жана ишке ашыруу дайындарды системалуу пайдаланууга жана өкмөт менен жарандык коомдун өз ара тыгыз байланышына негизделсе, экономикалык реформалар жарандар үчүн жакшы жыйынтыктарды берет. “Бүгүн биз региондорду өнүктүрүүнү пландоо системасын өркүндөтүүдө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин колдоосунун кандайдыр бир орто аралыктагы жыйынтыгын чыгарып жатабыз. 2021-жылы Программа Кыргыз Республикасында өз ишин жаңыдан баштап жаткан учурда региондорду бирдей жана туруктуу өнүктүрүүгө көмөктөшүү биздин негизги милдет болгон. Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуунун жаңы методикаларын жана жакында эле кабыл алынган региондорду комплекстүү өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программаны кабыл алуу менен биз бул процессти тездетүүнү – региондорду, мындан улам, өлкөнү өнүктүрүүнү күтөбүз. Ошондой эле Улуу Британия Кыргыз Республикасын туруктуу жана инклюзивдүү өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин да эсиңизге салгым келип турат. Биз бардык кызыкдар тараптарга алдыга койгон максаттарына жетүүдө ар тараптуу ийгиликтерди каалайбыз”, – деди FCDO’нун Борбордук Азия боюнча кеңешчиси.
Ч. СЕЙИТОВ Мамлекеттик программага кеңири токтолуп, региондорду комплекстүү өнүктүрүүнүн негизги милдеттерине да токтолду:
- социалдык чөйрөдө – адамдын жашоо сапаты;
- экономикалык чөйрөдө – чектелүү коомдук жана жаратылыш ресурстарын туура пайдалануу;
- экологиялык чөйрөдө – коомду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, табигый жана антропогендик мүнөздөгү табигый кырсыктардын алдын алуу процессинде айлана-чөйрөнү коргоо.
“2026-жылга чейин КРнын Улуттук өнүктүрүү программасы жана КР Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы №350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” жарлыгы Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын даярдоо үчүн негизги өбөлгөлөр болуп калды. Бул документтерде райондорду адистештирүүгө жана өнүгүүнүн ири таяныч борборлорун түзүүгө негизделген региондорду комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын иштеп чыгуу каралган. Региондорду комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү тармактык пландардын, региондордун, райондордун жана муниципалитеттердин социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын жана аймактык-мейкиндикти пландоонун өз ара байланышын түшүндүрөт. Бул үчүн пландоонун бүтүндүгүн камсыз кылуу зарыл – пландоонун деңгээлдерин маалыматтарга негизделген жана жалпы улуттук кызыкчылыктар менен жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктарынын ортосун-дагы тең салмактуулукту камсыз кылууга мүмкүндүк берген бирдиктүү иерархиялык системага бириктириш керек. Ушундан улам Мамлекеттик программанын максаты – Кыргыз Республикасынын регионалдык өнүгүүсүн натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу, бул болсо, өз кезегинде туруктуу экономикалык өсүшкө жана калктын социалдык бакубатчылыгын жогорулатууга көмөктөшөт. Бул максаттарга жетүү үчүн Мамлекеттик программанын төрт артыкчылыктуу багыты аныкталган, аларды ишке ашырууга көптөгөн ар кандай институт-тар тартылат. Мында башкы роль бирдиктүү пландоо борборуна бөлүнөт (Региондорду өнүктүрүүнү болжолдоо жана пландоо боюнча аналитикалык борборду (агенттикти) түзүү болжолдонот”, – деди Ч. СЕЙИТОВ.
1-сүрөт. Мамлекеттик программанын артыкчылыктуу багыттары
Чоро СЕЙИТОВ ошондой эле документти даярдоодо райондордун Координациялык кеңештеринин натыйжалуулугун жана EGED Программасынын ролун баса белгилеп, көрсөткөн жардам үчүн Улуу Британиянын Өкмөтүнө ыраазычылыгын билдирди.
Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Николас БОУЛЕР ар бир өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө жарандык коомдун ролун белгиледи.
“Дүйнө жүзүндө жашоочуларга мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө жана экономиканы илгерилетүүдө жергиликтүү бийлик маанилүү ролду ойнойт. EGED Программасы биздин өлкөлөрдүн ийгиликтүү кызматташуусунун мыкты үлгүсү болуп калды: мында жалпы максатка жетүү үчүн жергиликтүү бийлик, ишкерлер, жарандык коом жана медиа бириге алышты. Программа “төмөндөн жогору карай” принциби боюнча маалыматтарга негизделген, бизнестин жана калктын керектөөлөрүн эске алуу менен региондордун өнүгүүсүн башкаруунун, пландоонун жана божомолдоонун комплекстүү системасын түзүүнү колдоого күч-аракетин багыттады. Башкаруу системасынын эң төмөнкү деңгээли – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана субулуттук деңгээли – жергиликтүү мамлекеттик администрациялар үчүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын даярдоонун жаңы, маалыматтарга негизделген методикаларын даярдоого жардам берилди”, – деди Улуу Британиянын элчиси Николас БОУЛЕР.
БОУЛЕР мырза дайындарга негизделген, бизнестин жана калктын аярлуу топторунун артыкчылыктуу керектөөлөрүн эске алган региондорду өнүктүрүүнү башкаруунун жаңы усулдарын сынап, ишке киргизүүдө кызматташтыгы жана жемиштүү күч-аракеттери үчүн Улуу Британиянын элчилигинин атынан Нарын облусунун Ат-Башы райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жана Ош облусунун Ноокат райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясына ыраазычылык каттарын тапшырды. Ошондой эле бизнестин жана калктын аярлуу топторунун артыкчылыктуу керектөөлөрүн эске алган, маалыматтарга негизделген региондорду өнүктүрүүнү башкаруу чөйрөсүндө көп жылдык жемиштүү кызматташтык үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин жетекчилерине жана кызматкерлерине ыраазычылык каттары тапшырылды.
ТАЛКУУЛАР
Конференциядагы талкуулар үч панелдик дискуссияга бөлүндү. Бул талкуулардын алкагында маалыматтарга негизделген пландоонун жаңы усулдарын киргизүүнүн учурдагы жыйынтыктары, ошондой эле чечимдерди кабыл алуу процессинде жергиликтүү жамааттардын жана бизнестин ролу сунушталды. Конференциянын катышуучулары башкаруу механизмдерин жакшыртып, инвестицияларды тартуу жана бардык деңгээлдерде инфраструктураны өнүктүрүү үчүн натыйжалуу шарттарды түзүү зарылчылыгын талкуулашты.
БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫНЫН КӨЗ КАРАШЫ
“Региондорду өнүктүрүүнү башкаруу системасы: пайдубал түптөлдү, толук бүткөрүү зарыл” панели башкаруу органдарынын пландоо системасынын жаңы мүмкүнчүлүктөрүнө көз карашын чагылдырды. Панелдик талкууда биринчи сөздү Дүйнөлүк банктын жана Өнүктүрүү саясат институтунун эксперти Максим СЕМЕНЯК алып, ал аймактарды өнүктүрүүнү пландаштыруунун жаңы ыкмаларын киргизүүнүн артыкчылыктарын кыскача айтып берди жана катышуучуларды жаңы ыкманы колдонуу менен жасалган болжолдоолордун жыйынтыктары менен тааныштырды. Болжолдоолор Кыргыз Республикасынын кээ бир райондорунда айрым тармактарды өнүктүрүүгө тиешелүү болгон (журналдын ушул санында Кадамжай жана Айтматов райондорунун мисалдарын караңыз) жана пландаштыруунун жаңы системасынын артыкчылыктарын көрсөттү. Алардын ичинен эң негизгиси – айрым тармактарды өнүктүрүүнү башка тармактарды, анын ичинде эмгек ресурстарын, социалдык мейкиндикте жана инфраструктураны өнүктүрүүнү эске алуу менен пландаштырууга мүмкүндүк берүүчү комплекстүү мамиле. Мисалы, Кадамжай районунда жаңы методика район үчүн келечектүү айыл чарба тармактарына көңүл бурууга жана өндүрүштүн өсүшүн туура болжолдоого мүмкүндүк берди, бул тармактарда иштеген дыйкандардын квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чаралардын эсебинен перспективдүү айыл чарба өсүмдүктөрү (малина жана күрүч) үчүн айдоо аянтын кеңейтүү жана түшүмдүүлүктү жогорулатуу зарылчылыгын колдон чыгарбады. Ал эми Айтматов районунда пландаштыруунун жаңы методикасы социалдык инфраструктуранын өнүгүшүнө тең салмактуу баа берүүгө жана индикаторлор аркылуу жол тармагындагы кемчиликтерди аныктоого, анын инвестицияга реалдуу муктаждыгын аныктоого, абалды жакшыртуу боюнча чараларды иштеп чыгууга мүмкүндүк берди.
Процесстин тикелей катышуучусу, Ат-Башы районунун акими Эмилбек АБДЫКАДЫРОВдун пикири актуалдуу болду. Аким Ат-Башы районунун СЭӨПсын инклюзивдүү өнүгүү платформасы катары тааныштырып, жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүдө бийликтин, бизнестин жана коомдун көп тараптуу кызматташуусунун комплекстүү жыйынтыктарын ачык жана көркөм сүрөттөй алды. Административдик-аймактык реформанын натыйжасында ирилештирилген айылдык аймактын СЭӨПсынын жаңы сапаты тууралуу Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек НАДЫРБАЕВ айтып берди.
ДАЙЫНДАРДЫН НЕГИЗИНДЕ РЕГИОНДОРДУ ӨНҮКТҮРҮҮНҮ ПЛАНДОО
2024-жылы EGED Программасынын колдоосу менен “Санарип Аймактан” алынган дайындардын негизинде ЖӨБдүн жана райондук мамлекеттик администрациялардын Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын (СЭӨП) иштеп чыгуунун жаңы методологиялары даярдалып, ишке киргизилген (КР Экономика жана коммерция министрлиги жана КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ иштери боюнча мамлекеттик агенттик). Жаңы методикалар жергиликтүү деңгээлде пландоонун бирдиктүү стандартын киргизет; дайындардын негизинде пландоону субулуттук экономикалык өнүгүүгө интеграциялайт; ЖӨБ органдарын жарандардын жана жарандык коомдун катышуусу менен өнүгүүнүн артыкчылыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн аныктоого түртөт; өнүктүрүү программаларын бюджеттик процесс менен байланыштырат.
Бийлик органдарынын, бизнестин жана жарандык коомдун 2769 өкүлү (47,5% – аялдар) 231 элеттик ЖӨБ органында жана 40 райондук мамлекеттик администрацияда пландоонун жаңы системасы боюнча окутуудан өтүштү.
Жалпы өлкө боюнча райондук жана муниципалдык деңгээлдерде 100дөн ашык жаңы СЭӨП иштелип чыккан.
|
ЖАМААТТЫН КӨЗ КАРАШЫ
“Региондорду өнүктүрүүнү башкаруу процессинин жергиликтүү катышуучуларынын дарамети: сабактар жана керектөөлөр” деп аталган кийинки панелдик дискуссиянын модератору МКЖӨБМАнын ЖӨБдү өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Мыктыбек ӨМҮРЗАКОВ болду. ӨМҮРЗАКОВ жергиликтүү жамааттардын, бизнестин жана жергиликтүү деңгээлде өнүктүрүү процессинин башка мамлекеттик эмес катышуучуларынын реформага карата көз караштары менен тааныштырды. ӨСИнин жана Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясынын (БАЖБА) эксперти Айнура БАЛАКУНОВА жергиликтүү бийлик органдары жана жергиликтүү жамааттар өнүгүүнү пландоонун жаңы усулдарын кандайча кабыл алышканы жөнүндө айтып берип, пландоонун жаңы методикаларын киргизүүнүн жетишкендиктери жана сабактары менен тааныштырды. БАЛАКУНОВА өзүнүн презентациясын өткөн чакка сереп жасоо менен баштады. Ошол кездери Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары (СЭӨП) адатта формалдуулук катары кабыл алынып келген – аларды даярдашканы менен, тез эле унутта кала берчү; райондордун деңгээлинде пландоонун ойлонулган механизми болгон эмес; райондук жана муниципалдык деңгээлдерде пландоонун ортосунда натыйжалуу байланыш болгон эмес; ЖӨБ органдарынын СЭӨПсы реалдуу чечимдерге жетиштүү таасир эткен эмес (көбүрөөк бюджет “иштеген”), өнүгүүнү башкаруунун “жандуу” жана иштеген аспабы болгон эмес, бюджетке, инвестицияларга, капиталдык салымдарга таасирин тийгизген эмес. Ири жана орто бизнес ЖӨБдүн деңгээлинде пландоо процессине эч катышчу эмес, себеби бардык маанилүү окуялар негизинен райондун деңгээлинде орун алып турган; мейкиндик менен байланыш болгон эмес, кызмат көрсөтүүлөр, аярлуу топтор менен иштөө боюнча бөлүмдөр болгон эмес, анын үстүнө СЭӨПнын түзүмү ЖӨБдүн реалдуу функцияларына шайкеш келген эмес (кызмат көрсөтүүлөр, аярлуулар, климат боюнча бөлүмдөр болгон эмес). Бирок өткөн чактагы процесстин кемчиликтерине карабастан, иштеп чыгуучуларда жана тестирлөөчүлөрдө жергиликтүү деңгээлде пландоонун жаңы усулдары канчалык жакшы кабыл алынат деген күмөн саноо бар эле, көйгөйлүү суроолор төмөнкүдөй болчу: жаңы методиканы жеринде кабыл алышабы – жергиликтүү бийлик органдары көнүп калган формалдуу ыкмалардан баш тартууга жана пландоонун маңыздуу жана жигердүү процессин киргизүүгө канчалык даяр болот? Методика өтө татаал болуп калбайбы? (Жаңы методикада иш жүзүндө, айрыкча ресурстар чектелүү болгон шарттарда колдонууга кыйын болгон терминдер, кадамдар жана талаптар ашыкча көп болуп калбайбы деген коркунуч бар эле.) ЖӨБ жана РМА жаңы ыкмаларды колдоно алышабы (кадрлар, тажрыйба тартыш экенин эске алганда, бардыгы эле методиканы сапаттуу жана өз мөөнөтүндө ишке ашыра албай калышы ыктымал деген тобокелдик бар болчу)? Методиканы толук өлчөмдө пайдалануу үчүн жер-жерлерде жетиштүү сандагы дайындар барбы (жеринде кандай маалыматтар, кандай түрүндө бар экендиги, адистер аны методикада колдонуу үчүн чогулта алабы деген күмөн бар болчу)? Бирок Кыргыз Республикасынын бардык аймагында жаңы методикаларды киргизүү практикасы бул механизм иштей тургандыгын көрсөтө алды: жергиликтүү жамааттар жигердүү болушту, райондук мамлекеттик администрацияларда жана айыл өкмөттөрүндө чоң кызыгуу байкалып, алар процесске жакшы тартылышты; СЭӨПны ишке ашыруу боюнча алгачкы практикалык демилгелер байкалып, бизнес да процесске “кошулду”.
Бирок көйгөйлөр дагы жок эмес. Атап айтканда, болжолдоо үчүн зарыл болгон маалыматтардын бар болушунун жана толуктугунун деңгээли толук жана натыйжалуу киргизүүгө олуттуу тоскоолдук бойдон кала берүүдө. Алсак, жапырт окутуунун жүрүшүндө иштелип чыккан СЭӨПнын долбоорлорун талдоо ЖӨБ органдарынын СЭӨП үчүн маалыматтардын жалпы жеткиликтүүлүгү орточо алганда 66 пайызды түзөрүн көрсөттү. Бирок, СЭӨПнын ар кандай бөлүмдөрүн талдай келгенде кырдаал бири-биринен кыйла айырмаланып турат. Алсак, СЭӨПнын бөлүмдөрүнүн алкагында адамдарга жана кызмат көрсөтүүлөргө байланышкан маселелер боюнча маалыматтарды ЖӨБ органдары баарынан жакшы билишет. “Экономика”, “мейкиндик”, “айлана-чөйрө” бөлүмдөрүндө кырдаал кыйла начар.
Райондордун деңгээлинде киргизилип жаткан жаңы механизм – районду социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча Координациялык кеңеш аймактарды өнүктүрүүнүн маанилүү акторуна айланууда. Диалог жана натыйжалуу, инклюзивдүү өнүгүүнүн интеграциясы үчүн аянтча катары Координациялык кеңештин ишинин жандуу мисалын бизнестин көзү менен Кемин районунун Координациялык кеңешинин мүчөсү, “Мол сүт” ЖЧКсынын директору Күлүкан КЕМЕЛОВА баяндап берди. Ноокат районунун Координациялык кеңешинин мүчөсү, “Ноокаттын чернобылчылары XXI кылымда” коомдук бирикмесинин төрагасы Абдували ХУДАЙБЕРДИЕВ жарандарды жергиликтүү өнүгүүнү пландоо процесстерине тартуу боюнча райондун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тажрыйбасы жөнүндө айтып берди.
“Социалдык-экономикалык өнүгүүнү комплекстүү пландоо системасын куруу боюнча ресурстар жана кийинки кадамдар” деп аталган үчүнчү панелдик дискуссиянын модератору КР Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын башчысы Искандарбек МАМАТОВ болду. Бул дискуссия региондорду өнүктүрүүнүн бардык процесстерин ресурстар – дайындар, кадрлар, финансы, технологиялар, маалыматтар менен толтуруу үчүн колдо болгон жана ыктымалдуу мүмкүнчүлүктөр темасынын айланасында түзүлдү. Дискуссияны Улуттук статистика комитетинин өкүлү Айгүл ЖАРКЫНБАЕВА баштап берип, СЭӨПны ЖӨБ органдарынын жана райондук бийликтин деңгээлинде иштеп чыгуу үчүн дайындардын жеткиликтүүлүгү жөнүндө маселени чечүүнүн мүмкүн болгон сценарийлери жөнүндө айтып берди. ЖАРКЫНБАЕВА экономика тууралуу дайындардын жеткиликтүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруп, азыркы учурда айрым дайындардын топтомун, мисалы, жергиликтүү экономикага түз инвестициялар жөнүндө маалыматтарды өзүнчө муниципалитет боюнча көрсөтүү мүмкүн эместигин, ал эми маселени маалыматтарды чогултуунун жаңы усулдарын киргизүү жолу менен, анын ичинде башкаруу органдарынын өзүнүн күчү менен чечүү керектигин түшүндүрдү. Башкаруу органдары бул маалыматтарды пландоо жана болжолдоо максатында колдонушмакчы.
Өнүктүрүү үчүн ресурстардын жеткиликтүүлүгүнүн маанилүү финансылык өңүтүн Айыл Банктын жана Элдик Банктын өкүлдөрү өздөрүнүн презентацияларында козгоп, жеке инвестицияларды пландоо жана банк секторунун дарамети жөнүндө айтып беришти.
Панелдик дискуссия Дүйнөлүк банктын өкүлү Айбек АШИРОВдун сөзү менен менен аяктады. Бул дискуссия Кыргыз Республикасында регионалдык пландоону өркүндөтүүнүн санариптик аспаптарына арналды. Тактап айтканда, “Санарип Аймак” АМС пландоонун автоматташтырылган модулун киргизүү жаатында Дүйнөлүк банктын пландары тууралуу маалымат берилди.
Конференцияда Экономика жана коммерция министрлигинин, Дүйнөлүк банктын, Өнүктүрүү саясат институтунун жана Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясынын биргелешкен күч-аракети менен EGED Программасынын финансылык колдоосу алдында миңдеген муниципалдык жана мамлекеттик кызматчылар пландоонун жаңы усулдары боюнча окуудан өткөнү айтылды.
Ар бир панелдик сессиянын соңунда катышуучуларда өз суроолорун узатып, сунуштарын киргизүүгө мүмкүнчүлүк болду.
Ноокат шаарынын мэри Аскарали АБДИБАЕВ СЭӨПны даярдоонун жаңы методикаларын колдой турганын билдирди: “Буга чейин СЭӨП кабинеттерде “жогору жактан” даярдалып, андагы милдеттерди аткаруу үчүн “төмөн жакка” түшүп турчу. Мындай практикада адатта документ кагаз бетинде гана калып, “жашап кетчү эмес”. Бул конференцияга катышып жатып, иш-чара кырдаалды жакшы жакка өзгөртүү максатын көздөгөнүн көрүп турам. Эгерде жергиликтүү жамаат ЖӨБ маселелерин чечүүгө, анын ичинде СЭӨПны даярдоого катышпаса, документ реалдуу мааниге жана натыйжалуулукка ээ болбойт. СЭӨП “төмөндөн жогору карай” схемасы боюнча иштелип чыгууга тийиш. Мен мэриянын жетекчиси катары бул процесс өтө татаал экенин билем жана ЖӨБ органы жергиликтүү деңгээлде “жамааттардын” башчылары менен тыгыз иштей турган “жамааттык башкаруу” схемасы боюнча башкарууну киргизүүнү сунуштайт элем. Менин баамымда, бул жергиликтүү жамаатты жергиликтүү деңгээлдеги маселелерди чечүүгө тыгыз тартууга мүмкүндүк берет!”.
Ноокат шаарынын мэринин пикирин Ат-Башы районунун Координациялык кеңешинин мүчөсү да колдоду: “Мен “жамааттык башкаруунун” кандайдыр бир схемасынын натыйжалуулугу тууралуу ойго кошулам. Мисалы, биздин райондо айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдү биз бир нече кластерлер боюнча “жамааттык топторго” бириктирдик. Кластердин максаттарынын мисалы: калк үчүн экологиялык жактан таза продукцияны өндүрүү; райондун экологиясын жана жаратылышын сактоо”.
Ошондой эле Айыл Банктын жана Элдик Банктын өкүлдөрүнүн дарегине насыялардын ар кандай түрлөрүн алуунун шарттары, мөөнөттөрү жана багыттары боюнча суроолор түштү.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Координациялык кеңешинин мүчөсү тажрыйба алмашуу сапарларын өткөрүү аркылуу бүтүндөй республика боюнча кластердик мамилени ишке ашыруу боюнча ийгиликтүү тажрыйбаларды жайылтуу боюнча чараларды жайылтуу сунушун Резолюцияга киргизүү өтүнүчү менен кайрылды.
Иш-чаранын аягында катышуучулар жергиликтүү өнүгүү процессинин бардык катышуучуларына жөнөтүлө турган резолюциянын долбоорун бир добуштан жактырышты.
_____________
1 Мамлекеттик программанын электрондук версиясы төмөнкү шилтемелер боюнча жеткиликтүү: https://dpi.kg/ru/library/full/400.html (орусча), https://dpi.kg/ky/library/full/401.html (кыргызча).
2 EGED Программасы – бул Улуу Британиянын Өкмөтү каржыланган Борбордук Азиядагы техникалык көмөк көрсөтүү боюнча беш жылдык программа. Программа Кыргызстанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда экономикалык саясаттын натыйжалуулугун жакшыртууга багытталган, муну ал мамлекеттик реформаларды пландоого жана ишке ашырууга фактыларга негизделген процесстерди киргизүү жолу менен жасап келатат. Программа ошондой эле Кыргызстандагы, Тажикстандагы жана Өзбекстандагы жарандык коомду колдойт, бул үч өлкөнүн өкмөттөрүнө башкаруунун натыйжалуулугун жана отчеттуулугун жогорулатуунун маанилүү шарты болуп саналат. Программанын веб-сайты: www. eged-ca.org
Окшош материалы:
-
№5 (163) / 2025-06-10 Баткен облусунун Кадамжай району: мейкиндикти пландоо экономикалык артыкчылыкты өнүктүрүүгө стимул катары
-
№5 (163) / 2025-06-10 Райондун СЭӨПсы аймактын келечегин болжолдоого кандайча жардам берүүдө?
-
№5 (163) / 2025-06-10 Талас облусунун Айтматов району: социалдык инфраструктурага салынган инвестициялардын мааниси
-
№7-8 (153-154) / 2024-08-15 Жаңы райондук СЭӨП: маалыматтарга негизделген инклюзивдүү пландоо экономикалык өсүшкө алып келет
-
№7-8 (153-154) / 2024-08-15 Туризмдин туруктуу өнүгүшү: мыкты чечимдерди райондук деңгээлде издөө керек
-
№6 (152) / 2024-07-05 Жаңы райондук СЭӨПлар: маалыматтарга негизделген инклюзивдүү пландоо экономикалык өсүшкө алып келет
-
№6 (152) / 2024-07-05 Диалог платформасы: USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун Координациялык кеңеши ЖӨБ үчүн актуалдуу маселелерди талкууга кызыкдар тараптардын санын кеңейтүүнү сунуштоодо
-
№5 (151) / 2024-06-08 Аймактарды өнүктүрүүнү башкаруу: Кыргызстан үчүн тенденциялар жана эл аралык сабактар