Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалдык менчикти сабаттуу башкаруу ижарадан түшкөн кирешени 40 пайызга көбөйтүшү ыктымал

2023-09-07 / ЖӨБ ресурстары
Муниципалдык менчикти сабаттуу башкаруу ижарадан түшкөн кирешени 40 пайызга көбөйтүшү ыктымал

Бакыт АЙТКУЛОВ, компоненттин координатору, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору

2022-жылы Чолпон-Ата шаардык мэриясы USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институту менен кызматташуу жөнүндө Меморандум түзгөн1. Чолпон-Ата шаарынын муниципалдык менчикти башкаруу системасын өнүктүрүү планын даярдап, ишке ашыруу тараптардын кызматташуусунун негизги багыттарынын бири болду.

Муниципалдык менчикти башкаруунун учурдагы абалын аныктап, сунуштамаларды иштеп чыгуу

Мэрияга техникалык жардам көрсөтүү үчүн долбоор муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча тажрыйбалуу эксперт Болотбек АСАНАКУНОВду ишке тартты. Эксперт муниципалдык менчикке ээлик кылуунун, пайдалануунун жана тескөөнүн учурдагы абалына баа берип чыгып, андан соң мэриянын шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын (мындан ары – ММБ) жана шаардык кеңештин даректерине ишти жакшыртуу боюнча ар бир кадамы көрсөтүлгөн сунуштамалардын пакеттери даярдалган.

Сунуштамалар муниципалдык менчикти башкаруу деңгээлине таасирин тийгизген маселелердин толук өңүтүн камтыды:

  • ММБнын жана мэриянын түзүмү менен штаттык санын оптималдаштыруу жана бекемдөө;
  • муниципалдык менчикти башкаруунун негиздери боюнча ММБнын жана мэриянын кызматкерлеринин жана шаардык кеңештин депутаттарынын потенциалын жогорулатуу;
  • Муниципалдык менчиктин реестрлерин жүргүзүү жобосун жана муниципалдык менчиктеги объекттердин реестрлеринин жаңы формаларын иштеп чыгуу жана бекитүү;
  • буга чейин муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилген муниципалдык менчик объекттерине укуктарды мамлекеттик каттоо үчүн каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө шаардык кеңештин чечимдерин даярдоо жана кабыл алуу;
  • муниципалдык менчиктеги объекттерге укук белгилөөчү документтерди (“кызыл китептерди”) алуу максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик каттоо органы менен эриш-аркак иштешүү;
  • келишимдик мамилелердин жаңы формаларын иштеп чыгууга, киргизүүгө техникалык колдоо көрсөтүү жана колдонуудагы келишимдик мамилелерди шайкеш келтирүү;
  • объекттерди муниципалдык менчикке кабыл алуу-өткөрүп берүү актыларын түзүү;
  • муниципалдык менчиктин реестрлеринин бекитилген формаларына маалыматтарды жүктөө;
  • муниципалдык менчиктин реестрин демилгелөө жана бекитүү боюнча ыйгарым укуктар;
  • муниципалдык менчик жөнүндө маалыматты электрондук форматка өткөрүү;

маалыматтарды жайылтуунун жеткиликтүү аспаптарын колдонуу менен кеңири коомчулук үчүн Чолпон-Ата шаарынын муниципалдык менчигинин реестрлеринин

маалыматтарын элге жарыялоо жөнүндө демилге көтөрүү жана чечим кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктар.

ММБнын жана мэриянын кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу, окутуу иш- чаралары жана консультациялар

2022-жылдын жайында мэриянын өтүнүчү менен долбоор муниципалдык менчикти башкаруунун негиздери боюнча биринчи тренингди өткөрүп, ага 17 адам катышкан: мэр, вице-мэр, ММБнын директору жана кызматкерлери, мэриянын аппаратынын кызматкерлери, коммуналдык ишканалардын жетекчилери жана башкы бухгалтерлери.

Окутуу жана консультация берүү процессинде, ММБнын кызматкерлери долбоор иштеп чыккан жана сунуштаган муниципалдык менчиктеги объекттерди чарба жүргүзүүгө жана оперативдүү башкарууга берүү боюнча келишимдердин жаңы формаларын талкуулашты.

2022-жылдын күзүндө муниципалдык менчикти башкаруу боюнча электрондук тооруктарды өткөрүүнүн эрежелери жана жол-жоболору темасында экинчи окутуучу тренинг өткөн. Иш-чарага мэриянын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн 16 адамдан турган кызматкерлери, анын ичинде вице-мэр, мэрияга караштуу ММБнын директору, мэриянын аппаратынын жана ММБнын кызматкерлери, коммуналдык ишканалардын жетекчилери жана башкы бухгалтерлери катышты.

Натыйжалар

  • Муниципалдык менчикти башкаруу жол- жоболорун өркүндөтүү максатында долбоор Чолпон-Ата шаарынын мэриясы үчүн муниципалдык менчиктеги объекттерин инвентаризациялоо тартибин иштеп чыккан. Ошондой эле муниципалдык менчиктин реестрлеринин формалары сунушталган. Бул муниципалдык менчиктеги объекттерди муниципалдык менчиктин реестрлеринин электрондук формаларына киргизүү боюнча иштер жасалды. Долбоор сунуштаган, калкты маалымдоо үчүн Excel форматында толтурулган Муниципалдык менчиктин жыйынды реестри шаардыктар үчүн мэриянын имаратында баары көрө ала турган жерге илинген.
  • Чолпон-Ата шаарынын мэринин 2023-жылдын 20-сентябрындагы №310-11 тескемеси менен муниципалдык менчиктеги объекттерди чарба жүргүзүүгө жана оперативдүү башкарууга берүү келишимдеринин формалары бекитилген. Бекитилген формаларга ылайык келишимдерди кайра түзүү багытындагы иштер башталды. Келишимдердин жаңы формалары мыйзам талаптарына шайкеш келтирилди. ММБнын кызматкерлери долбоор сунуш кылган келишимдин формаларын киргизишти. Келишимдик мамилелердин сапаты жогорулап, процесс жолго салынды.
  • Муниципалдык менчиктеги объекттерге инвентаризациялоо жүргүзүү тартибинин долбоору, ошондой эле муниципалдык менчиктин реестрлеринин бул толтурулган формалары шаардык кеңештин депутаттарынын кароосуна жиберилип, мэриянын 2022-жылдын 30-сентябрындагы №01-12-1224 каты менен бекитилген. Долбоордо сунушталган Муниципалдык менчиктеги объекттерге инвентаризациялоо жүргүзүү тартиби, ошондой эле муниципалдык менчиктин реестрлеринин формалары шаардык кеңештин депутаттарынын чечими менен бекитилген.

Шаардык кеңештин депутаттарынын потенциалын жогорулатуу

Ошондой эле 2022-жылдын күзүндө долбоор шаардык кеңештин сегиз депутаты үчүн муниципалдык менчикти башкаруу маселелеринде жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарына жана функцияларына арналган тренинг уюштурду. Депутаттар тренингге жигердүү катышып, абдан кызыгып, көптөгөн суроолор жана талкуулар болду.

Окутуу кеңеш менен мэриянын ортосундагы менчикти башкаруу маселелери боюнча конструктивдүү жумушчу мамилелерди түзүүгө көмөктөштү, анын натыйжасында Муниципалдык менчикти эсепке алуу жана каттоо тартиби, ошондой эле муниципалдык менчиктин реестрлеринин толтурулган формалары шаардык кеңештин депутаттарынын чечими менен бекитилди.

Бул муниципалдык менчиктеги объекттерди реестрлердин бекитилген формаларына киргизүү боюнча иштер башталды.

Консультациялар, коучинг жана юридикалык колдоо

Чолпон-Ата шаарынын мэриясы менен кызматташуу процессинде ММБнын кызматкерлерине көптөгөн темалар жана багыттар боюнча консультациялык жардам көрсөтүлдү, анын ичинде:

  • муниципалдык менчиктеги объекттерге (имараттарга жана курулмаларга) караштуу жер участокторуна менчик укуктарын белгилөө жана чек араларды тактоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик каттоо органы менен эриш- аркак иштешүү;
  • мэриянын жана ММБнын штаттык ырааттамасын башкаруу түзүмүн оптималдаштыруу;
  • муниципалдык менчиктеги объекттерге инвентаризациялоо жүргүзүү практикасы;
  • “Сууканал” муниципалдык ишканасынын иши;
  • аэропортко тиешелүү жерлерге жана ага байланыштуу соттук териштирүүлөрдүн айланасындагы көйгөйлөр жана талаштуу жагдайлар;
  • шаардык базардын жер участокторунун айланасындагы көйгөйлөр;
  • жер участокторун ижарага берүү келишимдерин кайра түзүүнүн практикалык өңүттөрү жана башкалар.
  • Долбоордун консультациялык колдоосунун натыйжасында:
  • Имараттарды жана курулмаларды мамлекеттик каттоодо ушул имараттарга жана курулмаларга таандык болгон жер участокторун менчик укугунда каттоону өтүнүп “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ысык-Көл филиалына кат даярдалып, жөнөтүлдү. Катта ченемдик укуктук актылардан алынган үзүндүлөргө өзгөчө басым жасалды;
  • мэриянын жана ММБнын штаттык ырааттамасы ирээтке келтирилип, оптималдаштырылды. Мэриянын 2 кызматкери ММБдан мэриянын аппаратынын штатына которулду. 8 көчө шыпыруучу жана коомдук даараткананын тазалагычы шаардык коммуналдык чарбанын штатына которулду;
  • бул семинарлардан жана консультациялардан кийин ММБнын кызматкерлеринин муниципалдык мүлктү башкаруу маселелери боюнча билими жана потенциалы кыйла жогорулады.

Мэриянын иши жөнүндө жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу

Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын иши жөнүндө жарандарга үзгүлтүксүз маалымдоо максатында Коммуникациялык планды биргелешип иштеп чыгуу, анын ичинде мэриянын социалдык тармактарда (Facebook, Instagram, Twitter) баракчаларын түзүү USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун Чолпон-Ата мэриясы менен кызматташуусунун багыттарынын бири болду.

Натыйжада шаардыктар калаадагы баарына таандык болгон муниципалдык менчиктин курамы, мүлктөр тууралуу маалыматка ээ болушту. Алсак, Чолпон-Ата шаарынын мэриясы өзүнүн маалымат тактасында муниципалдык мүлктүн жаңыланган реестрин жарыялады, ал эми реестрдин электрондук версиясы мэриянын Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жайгаштырылды.

Коммуникациялык планды даярдоо багытындагы иш мэрияны “КР мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын веб-сайттарына коюлган талаптарды” эске алуу менен шаардык сайтты түзүү жөнүндө ойго түрттү. Мындай талаптарды камтыган №59 тескемени КР Министрлер Кабинети 2023-жылдын 17-февралында бекиткен. Мэрия сайтты иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен долбоорго расмий түрдө кайрылып, хостинг компаниясы менен келишим түзүүгө жана хостинг үчүн абоненттик төлөмдү төлөп берүүгө даяр экендигин билдирди. Өнүктүрүү саясат институту мэриянын бул багыттагы демилгесин жана өтүнүчүн колдоп берди.

 

1-диаграмма. Чолпон-Ата шаарынын жер жана мүлктү башкаруудан түшкөн бюджетинин өз кирешелеринин динамикасы, булактар боюнча берилди, 2022-2023-жылдар.

 

Булак: КР Финансы министрлиги

2023-жылдын жазында Чолпон-Ата шаарынын мэриясында долбоор мэриянын веб-сайтын иштеп чыгуу жана башкаруу боюнча 2 күндүк тренинг өткөрдү. Тренингге Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын жана шаардык кеңештин кызматкерлери катышты. Катышуучулар сайттын материалдарын даярдоо жана сайтты маалымат менен толтуруу боюнча көндүмдөргө ээ болушту. Тренингдин жүрүшүндө мэриянын веб-сайтына туруктуу негизде маалыматтарды киргизип турчу сайттын администраторлору аныкталды. 2023-жылдын май айынын этегине чейин USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун колдоосу менен Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын расмий сайты (https://cholpon-ata.kg/) пайдаланууга берилген.

Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору менен кызматташуусунун финансылык жыйынтыктары

Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлкү муниципалдык жерлерден жана эки объекттен – мурдагы социалдык коргоо имаратынан жана ЖААК органынан турат. Бул объекттер боюнча ижара төлөмдөрү минималдуу даражада. Кирешенин олуттуу үлүшү (дээрлик 99%) муниципалдык жерлерди ижарага берүүдөн түшөт.

Ошого карабастан, долбоор менен кызматташуу муниципалдык менчикти башкаруудан түшкөн кирешени көбөйттү. Алсак, 2022-жылы муниципалдык мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн кирешенин планы 6,5 миллион сомду түзсө, иш жүзүндө киреше 6,74 миллион сом болгон. Башкача айтканда, ижарачылар менен сабаттуу түзүлгөн мамиленин натыйжасында ижарадан түшкөн кирешенин өсүшү 243 миң сом болду. 2023-жылдын биринчи кварталында ижарадан түшкөн киреше планы 973,6 миң сом суммасында болжолдонгон, ал эми иш жүзүндө ижарадан түшкөн киреше 2 миллион 695 миң сомду түзгөн. Ошентип, ижарадан түшкөн кирешелердин иш жүзүндөгү өсүшү 2023-жылдын 1-кварталында эле 1 миллион 722 миң сом болду.

Муниципалдык мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн кирешенин өсүү болжолун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин сайтындагы (https://gb.minfin.kg/) маалыматтар да тастыктап турат. Сайттагы маалыматка ылайык, Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын 2022-жылдагы бюджети 88 миллион сом өлчөмүндө бекитилген, ал эми 2023-жылы 145 миллион сомдон ашуун көлөмдө күтүлүүдө. Жергиликтүү бюджеттин кирешесинин негизги өсүшү киреше салыгынын каражаттарынын түшүүсүнүн эсебинен болуп жатат, бирок киреше булактарынын ичинен муниципалдык мүлктү ижарага берүүдөн кирешенин өсүшү ардактуу үчүнчү орунду ишенимдүү ээлеп, “колону” алды: 2023-жылы бул берене боюнча кирешенин күтүлгөн өсүшү 4 миллион сомдон ашык болгон, бул 2022-жылга салыштырмалуу дээрлик 40 пайызга көп.

* * *

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору муниципалдык менчикти башкарууну жакшыртуу чөйрөсүндө Чолпон-Атанын ийгилигине мэриянын жана шаардык кеңештин жетекчилеринин жана кызматкерлеринин көңүл буруп, өзгөрүүлөр үчүн саясий эркин көрсөтө алганы негизги фактор болду деген ишенимде. Ал адамдар: экс-мэр Бердибек ИМАНБЕКОВ, учурдагы мэр Жапарбек ОСМОНОВ, вице-мэр Азамат ТУРДУБЕКОВ, шаардык кеңештин спикери Болот БАКИРОВ; ошондой эле мэриянын ММБ кызматкерлери Данияр СОКИНОВ жана БЕРДАЛЫ кызы Гульназ.

1 Кызматташуу жөнүндө Меморандумга Чолпон-Ата шаардык мэриясы менен 2022-жылдын 2-июнунда кол коюлган.

 

Окшош материалы: