Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонду: бюджетти кантип толтурса болот? Текшерүүчү органдар менен келишпестиктерди болтурбоонун кандай жолдору бар?

2020-09-02 / ЖӨБ ресурстары
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонду: бюджетти кантип толтурса болот? Текшерүүчү органдар менен келишпестиктерди болтурбоонун кандай жолдору бар?

Бакыт АЙТКУЛОВ, USAIDдин "Ийгиликтүү аймак" Долбоорунун компонентинин лидери

Жерлер жана менчик – бул жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негизги байлыгы, баштапкы экономикалык ресурсу. Бирок өзгөчө элеттик ЖӨБ органдарынын муниципалдык менчигинде киреше алып келчү жерлер жана объекттер көп деле эмес. Ошондуктан мамлекет Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик фонддун (мындан ары – АЖМФ) карамагындагы жерлерди ЖӨБ органдарынын башкаруусуна өткөрүп берген. Бул болсо жергиликтүү бюджетти толуктап алуу үчүн берилген чоң мүмкүнчүлүк эле. Бирок бул жерлер потенциалында алып келүүгө жөндөмдүү болгон кирешени ЖӨБ органдары алып жатышабы? Бул потенциалдуу кирешенин көлөмү кандай? Ыктымал киреше эмес, реалдуу кирешеге айландыруу үчүн эмне кылса болот? Ушул жана башка суроолорго “Ийгиликтүү аймак” Долбоору Кыргыз Республикасынын айрым муниципалитеттерине берген жардамдын алкагында алган тажрыйбасы жооп берсин. Бул чөйрөдөгү маанилүү ченемдик укуктук акт – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №243 “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо тууралуу” Токтому. Бул Токтом Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун (АЖМФ) жерлерин берүү жана башкаруу боюнча укуктук мамилелерди жөнгө салат. Ошондой эле жерлерди берүү тартибин жана шарттарын аныктайт. Бул ченемдик укуктук акт 10 жыл мурда чыкканына карабастан ушул күнгө чейин АЖМФ жер тилкелерин ижарага берүү процессинде ЖӨБ органдарында көптөгөн суроолорду жаратып келатат. Бул чөйрөдөгү билимге болгон суроо-талапты эсепке алуу менен, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору өзүнүн өнөктөш элеттик муниципалитеттери үчүн эки жылдан бери окуу ишчараларын өткөрүп келүүдө. Бул окуулар АЖМФ жер тилкелерин натыйжалуу башкаруу боюнча практикалык кепкеңештерди жана билим берүү формасында өтүп турат. Жалпысынан мындай окуулар жана консультациялар 22 өнөктөш айылдык аймакка берилди, аларга 200дүн тегерегинде адам катышты.

АЖМФ жерлерин башкаруу чөйрөсүндө кандай билим зарыл?

Практикалык тренингдерге айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчылары, жер комиссияларынын мүчөлөрү, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, үрөн өстүрүүчү, мал тукумун байытуучу, тажрыйба-селекциялык, эксперименталдык чарбалардын жана айыл чарба кооперативдеринин өкүлдөрү, дыйкан чарбаларынын жетекчилери жана мүчөлөрү, ошондой эле бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. Катышуучулардын курамы эмне үчүн мындай көп түрдүү болду? Себеби булардын баары АЖМФ жерлерин колдонуу процессинде кызыкдар тараптар болуп саналат. Айталы, ЖӨБ органдары жерлерди башкарса, айыл чарба өндүрүшчүлөрү ошол жерлерди колдонууга алышат.

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун алкагында пилоттук элеттик муниципалитеттерде өткөрүлгөн окуу процессинде, насаат берүү жана практикалык консультациялар маалында катышуучулар эки тема боюнча маалымат алышты. Алар: “АЖМФ жерлерин пайдалануунун келечектүү планын даярдоо баскычтары” жана “АЖМФ жерлерин ачык жана айкын өткөрүлгөн тооруктарда (аукциондордо жана конкурстарда) берүү”. Катышуучуларга Типтүү жобо, АЖМФ жерлерин пайдалануунун Келечектүү планын даярдоо жана бекитүү процессин регламенттештирген жер мыйзамдарынын ченемдик укуктук актылары боюнча баштапкы билим берилди. Муниципалитеттердин өкүлдөрү айыл өкмөтүнүн, жергиликтүү кеңештин, жер комиссиясынын, жергиликтүү каттоо органдарынын, агрардык өнүгүү боюнча райондук башкармалыктын, АЖМФ жерлерин пайдалануунун Келечектүү планын даярдоого, бекитүүгө жана ишке ашырууга катышкан башка кызыкдар жактардын ыйгарым укуктары жана ишмилдеттери менен таанышып чыгышты. Катышуучулар өз муниципалитеттеринин мисалында Келечектүү пландын долбоорлорун даярдоо боюнча көндүмдөргө ээ болушту. Ошондой эле алар АЖМФтин жер тилкелерине ижара укуктарын сатуу боюнча ачыкайкын тооруктарды өткөрүүнүн жол-жоболору, талаптары, шарттары боюнча билим алышты. Пилоттук муниципалитеттердин өкүлдөрүнө “АЖМФ жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө Типтүү жобонун” электрондук версиясы, окутуучу презентациялар, фонддун жерине ижара укугун сатуу боюнча ачык аукционорду өткөрүү боюнча усулдар жана методикалык колдонмолор таратылып берилди. Катышуучулар тренингдин темаларына тикелей тиешелүү да, анын чегинен чыккан да көптөгөн суроолорду беришти. Мисалы, жайыт жерлерин; муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин; жер үлүшү катары жеке адамдарга чексиз мөөнөткө колдонууга берилген жерлерди натыйжалуу башкаруу тууралуу суроолор көп болду.

Эффективдүү өткөрүлгөн аукциондор ар бир ЖӨБго 170 миң сомдон 6 миллион сомго чейин кошумча киреше алып келиши мүмкүн

Өнөктөш муниципалитеттердеги кырдаалды изилдей келгенде, АЖМФ жерлерине ижара укугун сатуу боюнча ачык-айкын аукциондорду талаптагыдай сапатта өткөрүп, жергиликтүү бюджеттерди бир кыйла олуттуу толтурууга мүмкүн экени белгилүү болду. Ачык-айкын жол-жоболор жана кеңири маалымат өнөктүгү атаандаштыктын күчөшүнө алып келет. Бул болсо өз кезегинде бир гектар жердин ижара акысына да сөзсүз түрдө таасирин тийгизип, баштапкы баасына салыштырмалуу бир кыйла жогору болот. Айталы, тогуз өнөктөш ЖӨБ боюнча алынган маалыматтарга жасалган анализ көрсөткөндөй, айрым учурларда жерге байланышкан бүтүмдүн баасы баштапкы баасынан үч эсе ашып кеткен. Орточо алганда, мындай өсүш 100 пайыздан кем болбойт. Изилдөө жүргүзүлгөн тогуз муниципалитетте ижарага берилген АЖМФ жерлеринин жалпы аянты 600 гектардан көп болгонун эсепке алганда, жергиликтүү бюджеттерге түшчү жалпы акча жылына 1,5 миллион сомду түзөт, же ар бир муниципалитетке орточо 170 миң сомдон туура келет.

1-диаграмма. Баштапкы баасына салыштырмалуу АЖМФ жеринин 1 гектары үчүн аукциондогу ижара акысынын суммасынын өсүшүнө жасалган божомол, сом менен

Таблицадагы маалыматтарга таянуу менен бир тыянакты чыгарууга болот: 2020-жылы АЖМФ жер тилкелерине өткөрүлгөн ачык-айкын аукциондордун натыйжасында пилоттук муниципалитеттер жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 3 миллион сомго толукталат деп күтүп жатышат. Бул каражат жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө өнөктөш ЖӨБ органдарына финансы жагынан чоң жардам болоору шексиз.

Буга чейин, 2019-жылы USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору ушундай эле техникалык жардамды башка 18 ЖӨБ органына да берген эле. Окуулардын жана консультациялардын натыйжасы боюнча өзгөрүүлөргө жасалган мониторингдин жыйынтыктары бир нерсени көрсөттү: аукциондор ачык-айкын, атаандаштык мүнөзүндө өткөн шартта АЖМФ жерлерин ижарага берүүдөн жергиликтүү бюджеттерге түшкөн кирешелер орточо 80 пайызга өскөн. Ал эми муниципалитеттер кошумча алган жалпы сумма дээрлик 107 миллион сомду түздү. Бул демек ар бир муниципалитет болжол менен 6 миллион сомду алды дегенди билдирет.

Башка ЖӨБ органдары да ушундай жыйынтыкка кантип жете алышат? Бул мүмкүнбү? Эгерде көйгөйлөрдү терең талдап чыгып, АЖМФ жерлерин башкаруу процессин ачык, атаандаштыкка жөндөмдүү жана натыйжалуу кылууга жардам бере турган сунуштарды аткарсаңыз, сиз да мындай ийгиликке жете аласыз.

АЖМФ жерлерин башкарууда ачык-айкындуулук маселеси

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” Долбоорунун өнөктөш элеттик муниципалитеттеринде АЖМФ жер тилкелерин башкаруу боюнча практикалык консультациялардын жыйынтыгында изилденген азыркы кырдаал төмөнкүдөй болду.

Бардык өнөктөш муниципалитеттердин карамагында жана башкаруусунда АЖМФ жер тилкелери бар. Бирок муниципалитеттердин басымдуу бөлүгүндө бул жерлерди башкаруу боюнча стратегиялык документти – АЖМФ жерлерин пайдалануунун Келечектүү планын даярдоо тажрыйбасы жок. Бирок мурда мындай документтер бар болчу. Айталы, өнөктөш муниципалитеттердин көбүндө 2000-жылдары USAIDдин “Кыргызстандагы жер реформасы жана жер рыногун өнүктүрүү” долбоорунун техникалык колдоосу менен АЖМФ жерлерин пайдалануунун Келечектүү пландары даярдалган эле. Учурда ошол Келечектүү пландардын көбү эскирди, алардын колдонуу мөөнөтү бүткөн. Себеби алар негизинен беш жылга эсептелип даярдалган болчу. Көпчүлүк ЖӨБ органдарында жер комиссияларынын курамы жаңырып, жерди түзүү боюнча жаңы адистер ишке келди. Бирок аларда талаптарга толук жооп берген ижара укугун сатуу боюнча ачык-айкын тооруктар – аукциондор жана инвестициялык конкурстар акыркы жылдары көп деле өткөрүлгөн жок. Өткөрүлгөн күндө деле процедуралык жол-жоболору бузулган же формалдуу гана бүткөрүлгөн. Айрым муниципалитеттерде АЖМФ жерлери түз усул менен гана берилип, муну менен жер мыйзамдарынын нормалары одоно түрдө бузулууда.

Мамфонддун жерлерин эффективдүү башкаруу чөйрөсүндө башка да көйгөйлөр бар экен. Аларды окуулардын жана консультациялардын катышуучулары айтып беришти. Мисалы, АЖМФ жерлерине ачык, айкын аукциондорду жана конкурстарды өткөрүү маселесинде көйгөйлөр көп.

Айталы, айрым ЖӨБ органдарында үрөн өстүрүүчү, мал тукумун байытуучу, эксперименталдык чарбалар “жашыл” зонадагы экономикалык жактан жагымдуу жерлерди эч кандай ачык тооруктарды өткөрбөй, узак мөөнөткө жеңилдетилген шарттарда бөлүп берүүнү талап кылышат. Жолжоболор бузулуп өткөрүлгөн аукциондордун натыйжасында башка терс кесепеттер пайда болууда: тооруктардын нааразы катышуучулары тартип коргоо органдарына кайрылып, мунун айынан кезексиз текшерүүлөр жана соттук териштирүүлөр башталат.

Ошондой эле тооруктун ыктымал катышуучуларына толук маалымат берүү зарылчылыгы тууралуу Типтүү жобонун талаптары сакталбаган учурлар да сейрек эмес. Тагыраак айтканда, маалыматтык кабарламада жана лоттордун таблицаларында толук маалымат көрсөтүлбөй калат. Тооруктарга катышууга документтерди жана арыздарды кабыл алуу мөөнөттөрүнүн сакталбаганы, документтердин талаптагыдай жолжоболоштурулбаганы да ЖӨБ органдарына кедергесин тийгизип жатат.

Ачык тооруктардын катышуучулары кепилдик салымдарын төлөбөгөнү, жер салыгы же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр өңдүү төлөмдөр боюнча карыздар да бир кыйла көйгөйлөрдү жаратып жатат.

Аукциондорду өткөрүп жаткан маалда жана бир лотко бир өтүнмө алганда ижара акысын жасалма түрдө көбөйтүп койгон учурлар да сейрек эмес.

Бул көйгөйлөр негизинен мыйзамдардын талаптарын сактабоонун, жол-жоболордун ачык-айкындуулугуна жетиштүү көңүл бурбаганынын же маалыматты билип туруп жашыруунун кесепетинен улам пайда болууда.

АЖМФ жерлерине өткөрүлгөн аукциондордун жана конкурстардын ачык-айкындуулугун жогорулатуу боюнча сунуштар

Жер мыйзамдарын жана АЖМФ жерлерин берүү тартиби жөнүндө Типтүү жобонун талаптарын бузбаш үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары АЖМФ жерлерин пайдалануунун Келечектүү планын жаңыртып, даярдап чыгып, макулдашып, бекитиши керек.

Айыл өкмөт башчынын чечими менен түзүлгөн жер комиссиялары Келечектүү пландын жер пландоо зоналарына ылайык жерлерди ижарага берүүгө милдеттүү. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоо максатында экономикалык жактан жагымдуу жерлердин “жашыл” зонасына караган жана инвестицияларды талап кылган жерлердин “сары” зонасына кирген жерлер ижара укугун сатуу боюнча ачык-айкын тооруктарды өткөрүү жолу менен берилиши керек. Келечектүү пландагы талап кылынбаган “күрөң” зонадагы жерлер түз берүү жолу менен өткөрүлүп берилсе болот.

Мөөнөттөрдү сактоого, маалыматты ачык жарыялап, жайылтууга карата төмөнкүлөрдү жасаш керек:

  • маалыматтык кабарламанын жана лоттордун таблицаларын кеңири сүрөттөлүшү менен кошо жайгаштыруу тууралуу талаптар сакталышы керек, булар ачык аукцион өтөөрүнө бери дегенде 30 күн калганда илиниши керек;
  • ачык тоорукка чыгарылып жаткан лоттор боюнча толук, ишенимдүү жана өз убагында маалыматтарды берүүгө байланышкан талаптар сакталышы керек;
  • аукционго катышуу үчүн документтерди жана арыздарды кабыл алуу мөөнөттөрү так сакталып, аукцион өтчү күнгө 5 жумушчу күн калганда аларды кабыл алуу токтошу керек;
  • аукцион өткөрүлгөн күнү анын жыйынтыктары тууралуу протоколго кол коюлушу керек;
  • ачык-айкын аукцион өткөрүлгөндөн кийин 10 күндүн ичинде келишим түзүлүшү керек.

АЖМФ жерлерине карата ЖӨБ органдарынын укуктарын коргоону күчөтүүдөгү көйгөйлөр: эмнелерди жасабаш керек?

Окуу иш-чараларына катышкандар Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин колдонуу боюнча Келечектүү пландарды даярдоо, карап чыгуу, коомдук талкууга коюу, бекитүү жана ишке ашыруу темасы боюнча бир топ маселелерди көтөрүштү. Алардын ичинде ижара келишимин каттоо темасы да актуалдуу болуп турат. Төмөндөгү сунуштарды сактаган ЖӨБ органдарында текшерүүчү органдар менен келишпестиктер болбойт. Айталы, айрым ЖӨБ органдарда айыл өкмөтүнүн карамагында турган АЖМФ жерлери тууралуу маалыматтар менен жергиликтүү каттоо органы берген маалыматтын ортосунда дал келбестик жана карамкаршылыктар бар. Ошондой эле түзүлгөн келишимдерде колдонуудагы жер мыйзамдарынын шарттарына карама-каршы келген шарттар да кезигет (ижара мөөнөттөрүнүн бузулушу, ижара келишимдеринин мамлекеттик каттоосунун жоктугу). АЖМФ жерлерин максатсыз пайдаланууга байланышкан кырдаалдар да түзүлүп калат. Мисалы, айрым айыл өкмөттөрүндө жер тилкелери турак үй курулган жерди трансформациялоо жол-жобосун өткөрбөстөн эле жеке менчикке берилген учурлар кездешет. Айрым ЖӨБ органдарында жер пайдалануучулар тууралуу маалымат, ал эми башкаларында АЖМФ жер тилкелерине ижара келишимдери жок. Кадрдык потенциалга, эсепке алууга жана отчет тапшырууга байланышкан көйгөйлөр да аз эмес: адистердин квалификациялык деңгээли талаптагыдай эмес; жер мыйзамдарынын, анын ичинде Типтүү жобонун талаптарын билишпейт; айыл өкмөтүнө караган жерлер тууралуу билишпейт (ЖӨБ органдары АЖМФ жерлери кайда орун алганы, аянты, жер тилкелеринин контурларынын номурларын, жердин кыртышын, жердин күрдүүлүгүн жакшыртуу, сугатты жөнгө салуу үчүн зарыл иштер тууралуу маалыматка ээ эмес). Жерлерге инвентаризация жүргүзүп жаткан учурда жер түзүү боюнча адистер жеке адамдар АЖМФ жерлерине тиешелүү тилкелерди мөөнөтсүз колдонуп келатканын аныктаган учурлар да болду.

АЖМФ жерлерин колдонуу боюнча Келечектүү пландарды иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарып, бекитип, ишке ашыруу боюнча сунуштар

  • Жогоруда айтылгандай, ЖӨБ органдарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоонун, жергиликтүү бюджеттин кирешесин жогорулатуунун эң эле эффективдүү ыкмасы – АЖМФ жерлерин пайдалануунун Келечектүү планын даярдоо. План менен иштөө процессин жеңилдетүү үчүн төмөнкү сунуштамаларды сакташ керек:
  • АЖМФ жер тилкелерин инвентаризациялоо жана топографиялык сүрөткө түшүрүүдө картага так белгилеш керек (жер үлүштөрү жана АЖМФ жерлерине кирбеген, турак жай үчүн бөлүнгөн жерлер);
  • Келечектүү пландын текст түрүндөгү бөлүгү картографиялык бөлүккө (жер- пландоочу зоналардын аянтына) шайкеш келиши керек;
  • ижарага алгандардын тизмесинде көрсөтүлгөн маалымат (АЖМФ жерлерин ижарага алгандардын аты-жөнү, ижарада турган жерлердин контурлары, аянты) Келечектүү пландын текст түрүндөгү да, картографиялык түрүндөгү да бөлүктөрүндө жазылган маалыматка шайкеш келүүгө тийиш;
  • Келечектүү планда инвестицияны талап кылган “сары” зоналардын жана талап кылынбаган жерлердин “күрөң” зоналарынын кеңири сүрөттөлүшү болууга тийиш. Ошондой эле бул жерлерди жакшыртуу боюнча жасалчу иштерди сүрөттөп берүү өтө маанилүү маселе.

 

 

 

Окшош материалы: