Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын мамлекетти бекемдөө жана өркүндөтүү бөлүгүндө ишке ашыруунун айрым жыйынтыктары тууралуу

2017-03-16 / ЖӨБ ресурстары

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы №11 Жарлыгы менен 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы (мындан ары – ТӨУС) чыккан. Стратегия бекитилген күндөн бери 4 жыл өтүп, аны ишке ашыруунун алдын ала жыйынтыктарын чыгарууга мезгил жетти. Сиздер билгендей, ТӨУС – өлкөнүн саясий, экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн негизги багыттарын аныктаган мамлекеттик документ. Бул стратегиянын негизги өбөлгөсү, беш жылдык мезгилге Кыргызстандын негизги максаты болуп мамлекет катары калыптануу жана ийгиликтүү өнүгүү негиздерин түптөө тапшырмасы коюлган.

Бул максатка жетүү үчүн биздин өлкө төмөнкүдөй тапшырмаларды аткарышы керек болчу:
 
  • Мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгүн жана айкындуулугун жогорулатуу жолу менен укук жана мыйзамдуулук үстөмдүгү камсыздала турган укуктук мамлекетти түптөө (2-глава). Бул болсо мамлекеттик бийлик бутактары, мамлекет, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жарандык коом ортосунда өз ара байланыштардын жакшы жөнгө салынган системасы бар мамлекеттик башкаруунун ишке жөндөмдүү моделин түзүү, мамлекеттик аппарат менен мамлекеттик кызматты модернизациялоо, жарандардын укуктук маданиятын жогорулатуу менен натыйжалуу коррупцияга каршы механизмдерди киргизүүнү кошкондо бүткүл укуктук системаны бекемдөө дегенди билдирет. Укуктук мамлекетти түзүү максатына жетүүнүн алкагында Стратегия сот реформаларын жана тартип коргоо органдарында реформаларды жүргүзүү, ошондой эле мамлекеттин улуттук жана аскердик коопсуздугун жогорулатуу өңдүү максаттарды алдына койгон. Элдин биримдигин бекемдөө, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты камсыздоо, жарандык коомдун ролун арттыруу жана маалымат эркиндиги чөйрөсүндө жигердүү, атүгүл чабуул койгон мамлекеттик саясатты жүргүзүү зарылдыгы да каралган (3-глава). Мунун баарын мүмкүн болушунча Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизбестен ченемдик укуктук базаны үндөштүрүү жолу менен жүзөгө ашыруу каралган.
  • Мамлекеттин структуралык-функционалдык эффективдүүлүгүн жогорулатуу менен бирге Стратегия өз алдына биздин мамлекеттин чыныгы суверенитетинин жана улуттук коопсуздугунун экономикалык базасын түзүү жана бекемдөө тапшырмасын койгон. Өлкөнүн финансы, инвестициялык, тышкы экономикалык жана элдик чарбалыктын башка чөйрөлөрүндө 2013-2017-жылдарга мамлекеттик саясаттын бир катар негизги багыттары каралган.
  • Жогоруда аталган эки максатты ишке ашыруу үй-бүлөнү, билим берүүнү, саламаттык сактоону колдоо жана социалдык камсыздоо чөйрөлөрүндө социалдык милдеттерди чечүүдө жакшы кол кабыш болот (4-глава).
2017-жылдын башына карата жетишкендиктер Биринчи жетишкендик – саясий системанын турукташуусу. Учурда саясий партиялардын жана жарандык коом уюмдарынын мурдагыдан да так чөйрөсү аныкталып калды. Алар өлкөнүн коомдуксаясий турмушуна активдүү катышып, коомдук процесстерге таасирин тийгизүүдө. Саясий системанын өзөгү катары мамлекет бекемделүүдө. Мурдагыдай митингдер жана пикеттер, мамлекеттик мекемелерди басып алуулар жана
жол тосуулар болбой калды. Жогорку Кеңеш менен Президент ортосунда мый-зам чыгаруу чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнүн жана өз ара түшүнүшүүнүн деңгээли көтөрүлдү (эгерде 2013-жылы Президент кол койбостон Жогорку Кенешке 33 мыйзамды кайтарса, ушу жылы болгону 12 мыйзам кайтарылды). Экинчи жетишкендик – буга чейин жаңылыштык менен мамлекеттин кызыкчылыгындагы чөйрөлөргө кошулбай келген турмуштун айрым чөйрөлөрүндө мамлекеттик саясаттын активдүүлүгү жогорулады. Биз акыры “төө куш” саясатынан четтедик. Биз “мамлекет – түнкү күзөтчү” концепциясынан баш тарттык. Мисалы, буга чейин дин чөйрөсүндө мамлекеттин ар кандай активдүүлүгүнө толук тыюу салынуу менен, мамлекет диний иштерге кийлигишпеш керек деп жаңылыш чечмеленип келген жободон алыстай баштадык. Бул болсо мамлекеттик органдардын ушул чөйрөдөгү кырдаалды жөнгө салуудан өзүн өзү оолак кармануусуна, руханий турмушка ачык эле экстремисттик, элдин улуттук көз карашын бузган агымдардын жана культтардын баш багуусуна жол ачты.
Бирок дин тутуу эркиндиги өз каалаганын жасоо дегенди билдирбейт. Ал эми демократия – бул биринчи кезекте мыйзамдарды сактоо жана жоопкерчилик. Өзгөчө сөз жарандардын коопсуздугу, экстремизм жана терроризм менен күрөшүү тууралуу жүрүп жатканда бул маанилүү. 2014-жылдан тарта мамлекет диний чөйрөнү жөнгө салууга жана бул жааттагы өз саясатын өркүндөтүүгө киришип, 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы бекитилген. Аталган Концепциянын ийгиликтүү ишке ашырылышы калктын адепахлактуулугун жогорулатуу, диний экстремизм менен күрөшүү ишинде мамлекет менен диний кыймылдар ортосундагы өз ара аракеттенүү бекемдеди. Мамлекеттин активдүүлүгү жогорулаган ушул өңдүү көрүнүш экономикада да байкалууда. Энергетика чөйрөсүндөгү дал ушундай активдүү мамлекеттик саясат энергетикалык көз карандысыздыкка жетүүгө жол ачты: эки ири подстанцияны жана “Датка-Кемин” ЛЭП куруу жолу менен өзүнүн электрэнергетикалык түйүнүн түзүп, Кыргызстан электр менен камсыздоодо дээрлик күчтүү болуп калды. Үчүнчүсү. Адамдардын мамлекетке, өзгөчө шайлоо институтуна ишеними бекемдеди. Мамлекеттин күчү – элдин ага болгон ишеними. Бул ишенимге түрдүү этаптарда жетүүгө болот.
Бийликке болгон алгачкы ишеним шайлоодо пайда болот. Эгерде шайлоо таза жана ачык-айкын өтсө, анда шайлоо жолу менен келген бийлик күчтүү болот. Эркин, демократиялык шайлоону камсыздоо маселесин Стратегия мамлекеттин маанилүү тапшырмасы, укуктук мамлекетти түптөөнүн өтө маанилүү элементи катары аныктады. ТӨУС талаптарын ишке ашыруу менен биз таза шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү үчүн жаңы ченемдик-укуктук жана уюштуруучулук-техникалык базаны түздүк. Бул база азырынча толук жыйынтыктала электигине карабастан, 2015-жылы Жогорку Кеңешке, 2016-жылы жергиликтүү кеңешке шайлоолорду буга чейин болуп көрбөгөндөй таза өткөрүүгө жана референдумду өтө жогору деңгээлде өткөрүүгө жол ачты. Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин жаңы курамынын Кыргызстан элинин көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган ачык, натыйжалуу жана жемиштүү иши менен элдин ишенимин бекемдөө зарыл. Эл ишенимине татыктуу Жогорку Кеңеш шайлаган Өкмөт жана жергиликтүү кеңештер шайлаган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчылары күчтүү жана көз карандысыз мамлекетти мындан ары да бекемдөө боюнча өз ишин жүзөгө ашыра бермекчи.
Алар Кыргызстанды адамдардын жашоосу үчүн ыңгайлуу, көп тилдүү жана достук маанайдагы ички чөйрөгө ээ, мыйзамдуулук өкүм сүргөн, билим берүү деңгээли жогору, айлана чөйрөсү ойдогудай, коомдук туруктуулукка ээ, бакубат өлкө деген эл аралык абройго ээ, экономикасы туруктуу өскөн, инвесторлор үчүн абдан жагымдуу өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирген мамлекетке айландыруунун үстүнөн иштешүүдө. Төртүнчүсү. Элдин аң-сезими, анын укуктук маданияты өстү. Мамлекеттин катышуусуз, жарандар өздөрү өткөргөн жүрүм-турум маданиятын жогорулатуу боюнча акциялардын саны барган сайын көбөйүүдө (“Түкүрбө” акциясы, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине арналган “Өлбөс полк” акциясы ж.б.). Өнүктүрүү саясат институту өңдүү түрдүү бейөкмөт уюмдардын аракети менен калктын укуктук, финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча өтө көп иш-чаралар өткөрүлүп келатат. Мындай көрүнүш калктын активдүүлүгү 2010-жылга чейинкиден айырмаланып, жаратмандык нукка багыттала баштады деп үмүт артууга негиз берүүдө.Укуктук мамлекетти түптөө чөйрөсүндү Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашырууда негизги көйгөйлөр 2012-2013-жылдары Стратегияны даярдап жатканда биздин өлкө 2010-жылы кабыл алынган Конституцияга “көнүү” баскычында турган.
Бул “көнүү” мезгили мыйзамдардын жаңы Конституциянын ченемдери менен толук үндөшө албаганы, парламенттик республиканын шарттарында бийлик бутактарынын өз ара мамилелеринде түптөлүп калган салттарынын жоктугу, Президент менен анын командасы ортосундагы тирешүү, Өкмөттүн өтө эле туруксуздугу, бардык сот корпусу кайра шайлана (кайра дайындала) баштаганынан улам сот бийлигинин дээрлик иштебей калышы менен мүнөздөлгөн. Өлкөдөгү мамлекеттик аткаруу бийлигинин вертикалын калыптандыруу процессин бир кыйла татаалдаштырган жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларын дайындоо тартиби жөнүндө Конституциядагы жоболор Өкмөттүн туруксуздугун күчөтүп жиберген. Буга карабастан Туруктуу өнүктүрүү стратегиясы Конституциянын туруктуулугун жана өзгөрбөстүгүн камсыздоо, «анын принциптерин жана ченемдерин турмуш чындыгынын керектөөлөрүнө карай ийкемдүү өнүктүрүү” (Стратегиянын 2.2-пунктун караңыз) жолуменен пайда болгон көйгөйлөрдү чечүү зарылчылыгын белгилеп турган. Стратегиянын жогоруда аталган жоболоруна ылайык, Президент, Жогорку Кеңеш жана Өкмөт мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө жана өз ара мамилелерде пайда болгон курч көйгөйлөрдү Конституцияга өзгөртүү киргизбестен чечүүгө дайыма умтулуп келишти.
Анткен менен мамлекеттин күнүмдүк жашоосунда пайда болуп жаткан көйгөйлөр жана аларды чечүү аракеттери мындай көйгөйлөр системалуу турдө болгонун, Конституциядагы айрым жоболордун өркүндөтүлбөгөнүнөн улам чыгып жатканын көрсөттү. Конституцияга карама-каршы келүүлөр улам пайда боло берүү тобокелдиги күчөгөндүктөн бул көйгөйлөрдү жөнөкөй же атүгүл конституциялык мыйзамдардын деңгээлинде чечүү мүмкүн болгон жок. Же Конституциянын ченемдерин түшүнүүнү (бул «бийликти бөлүштүрүү”, “ишмилдеттерди жана ыйгарым укуктарды ажыратуу” түшүнүктөрүнүн тыштан таңууланып чечмеленишинен алыстоодон көрүнүүдө), же Конституциянын өзүн өзгөртүш керек болду. Бийлик бутактарынын өз ара аракеттенүү деңгээлин жогорулатуу жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү механизмдерин издөө Конституцияны өзгөртүү зарылчылыгын жаратты. Конституцияны өзгөртүү – мамлекеттин натыйжалуулугун жогорулатуунун эң коопсуз ыкмасы болгону таанылды. 2016-жылдын 11-декабрындагы референдум менен Конституцияга киргизилген түзөтүүлөр “бийликти бөлүштүрүү”, “сот бийлигинин көз карандысыздыгы”, “адам укуктары” түшүнүктөрүнө мурдагыдан дагы терең ойлонуштурулган мамиленин негизинде жасалды.
Ошентип Конституциянын туруктуулугу идеясы, чыныгы укуктук жана эффективдүү мамлекетти түптөө, мыйзамдуулукту бекемдөө, сот реформасын жана тартип коргоо органдарында реформаларды жүргүзүү тапшырмасын Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизбестен аткаруу мүмкүн болгон эмес.Келечекте эмнени күтсөк болот Мамлекетти мындан ары да өркүндөтө берүү. Стратегияны ишке ашыруунун жыйынтыктары көрсөткөндөй, мамлекетти бекемдөө жана анын укуктук системасын өркүндөтүү, башкаруунун эффективдүүлүгүн арттыруу тапшырмасы Кыргызстанда бери дегенде орто мөөнөттүү мезгилде (3-5 жыл) өтө маанилүү бойдон кала берет. Эгерде Кыргызстан элинде жакшы күүлөнгөн жана эффективдүү аспап болбосо, анда келечекте жеткибиз келген бардык максаттар ак ниет каалоо бойдон кала берет. Бул аспап – мамлекет, Кыргызстан. Биз көптөгөн кылымдар бою кыргыз элинин кыялы өзүнүн улуттук мамлекетин түптөө болуп келгенин унутпашыбыз керек. Биздин ата-бабаларыбыз кудуреттүү күчтүн жардамы менен бул кыялга жетип, өз урпактарына Кыргыз Республикасын калтырып кетишти. Биздин муундун милдети – бул жетишкендикке аяр мамиле жасап сактап калуу, мамлекетибизди күчтүү, эффективдүү, бакубат жана суверендүү кылуу менен бекемдөө. 
Мамлекетибиздин жардамы менен биз жаңы стратегиялык документте алдыбызга коюлган бардык максаттарыбызга жете алабыз. Турукташтыруу жана бекемдөө ишинде белгилүү бир ийгиликтерге жеткенибизге карабастан заманбап кыргыз мамлекети түптөлүү баскычында турат. Коркунучтар (тышкы да, ички да) актуалдуу бойдон кала берүүдө. Ушундай шарттарда мамлекетти, анын институттарын мындан ары бекемдөө, башкаруучулук (ченем чыгаруучулук, тескөөчү жана контролдоочу) процесстерди оптималдаштыруу тапшырмасы биздин өлкөнүн бардык жарандарынын, өзгөчө анын саясий жана маданий элитасынын көңүл чордонунда болууда жана ошол бойдон калышы керек.Жакынкы мезгил ичинде жарандарда өз мамлекетине аяр мамилени тарбиялоо тапшырмасы чечилбеген бойдон кала берүүдө: биз ушуга чейин калктын активдүү бөлүгүнүн аң сезиминде мамлекетке жана анын кызматчыларына “эл душманы” катары мамилени жок кыла албай жатабыз. Ишенбестик, айрым бир учурларда мамлекетке жана анын кызматчыларына карата жек көрүүчүлүк, мамлекеттик бийликтин көптөгөн, атүгүл бардык демилгелерине карата кемсинткен мамиле телевизорлордун экранынан, гезит жана журналдардын беттеринен, интернеттен, атүгүл парламенттин трибунасынан коомго көрсөтүлүп жатат. Коомдун аң-сезиминде мамлекетке, анын институттарына жана демилгелерине карата мында конфронтациялык мамилеге чекит коюу зарыл.
Бул конфронтациялык мамиле (канчалык акыйкат нааразылык менен негизделбесин) – Кыргызстанды жок кылууга барабар! Кыргызстандык жарандардын өз мамлекетине болгон мындай конфронтациялык мамилесинде түрдүү тышкы “донорлордун” колу байкалат. Ооба, башкаруучу катмар, элита, айрым мамлекеттик кызматчылар өзүнүн кесипкөй эместиги, шашма жана ойлонуштурулбаган чечимдерди жана аракеттери менен сын пикир үчүн шарт түзүп берүүдө. Бирок балким адилеттүү каардануу менен биз, Кыргызстандын эли өтө эле шашкан баа берүүдөн, чукул чечимдерди кабыл алуудан алыс болушубуз керек. Биздин мамлекетибиз күчтүү жана эффективдүү болушу үчүн бүт эл, ар бир жаран бери дегенде төмөнкү осуяттарды баамдап, чындап карманышы керек:
 
  • “Эгерде сен өз мамлекетиңди сыйлабасаң, анда бөтөн мамлекетти сыйлоого мажбурлашат”. Адамдын жеке кызыкчылыктары менен мамлекетти сактап калуу зарылчылыгы ортосунда карама каршылыктар бар болсо, мамлекетти сактап калуу кызыкчылыгы биринчи орунга чыгышы керек. Өз пикирин билдирүү укугу мамлекетти, анын бүтүндүгүн жана суверенитетин талкалаган курал катары колдонулбоого тийиш;
  • Азыркы бийлик менен мамлекетти чаташтырбаш керек. Бийлик келет-кетет, ал эми мамлекет кала бериш керек. Өз мамлекети болбогон элди жоголуу коркунучу тооруп турат;3) “Зыян келтирбе”. Мамлекеттик институттардагы бардык өзгөрүүлөр дыкат сыноодон өткөрүлүүгө тийиш.
Ошентип, жаңы стратегия бизге мамлекетибиздин, анын институттарынын, кызматчылар аппаратынын, анда болуп жаткан бардык башкаруучулук процесстердин болочок элесин так бериши керек. 2016-жылы Кыргызстан конституциялык референдумда мамлекетти бекемдөөгө карай чоң кадам таштады. Аткаруучу бийлик чоң өз алдынчалуулукка ээ болууда. Учурдагы мыйзамдарда төмөнкүдөй талаптарды эске алуу менен бул конституциялык жоболорду өнүктүрүү керек:
 
  • Аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарытак белгиленген компетенцияга (ыйгарым укуктарга) ээ болушу керек;
  • Аткаруу бийлик органдарында аягы көрүнбөгөн кайра түзүүлөр, кайрадан куруулар практикасына (министрликтерди жана ведомстволорду бириктирүү, ажыратуу же аларды кайра атоо) чекит коюлуш керек. Эгерде жаңы Өкмөттү түзүүдө кайсы бир функцияны өткөрүп бериш керек болсо, анда бул функция өзүнчө министрликти түзүү жолу менен эмес, мүмкүн болушунча тийиштүү министрликтин (ведомствонун) штаттарын кеңейтүү, структуралык бөлүмдөрдү түзүү жолу менен жүзөгө ашырылыш керек;
  •  Тармактык башкаруу системасынан аймактык-тармактык башкаруу системасына өтүү зарыл.
  • Башкача айтканда, бул зарыл жана жетиштүү болгон жерде министрликтердин жана ведомстволордун аймактык бөлүмдөрүн (башкаруу, бөлүмдөр) бардык штаты жана ыйгарым укуктары менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын карамагына өткөрүп берүү зарыл;
  • Мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү үчүн оптималдуу системаны түзүш керек. Бул үчүн башкаруунун түрдүү чөйрөлөрүндө мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн тийиштүү регламенттерин иштеп чыгып, бекитүү керек;
  • Акыры мамлекеттик жалпы жарандык кызмат системасын өркүндөтүү зарыл: мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарды дагы да либералдуу эмгек мыйзамдарынан бөлүп; кызматчылардын моралдык жана кесиптик жүзүнө мындан дагы катаал талаптарды, өзүн өзү тазалоо механизмдерин орнотуп, аларды практикада ишке ашыруу зарыл.
Соттук, аскердик жана тартип коргоо кызматтрында башталып калган реформаларды улантуу керек. Жакынкы мезгилде өз мамлекетин бекемдөө чөйрөсүндө биздин элдин негизги тапшырмалары төмөнкүлөр:
 
  • мамлекеттик органдардын жана уюмдардын жыйнактуу, мобилдүү, жогорку деңгээлде кесипкөй жана патриоттук системасы;
  • мамлекеттин жарандык коом жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен так өз ара аракеттенүүсү, мында мамлекеттин ролу жарандык коомдун активдүүлүгү менен айкалыштыкта жигердүүлүк менен айырмаланат. Аны менен катар коомдук турмуштун көптөгөн чөйрөлөрүн жөнгө салуу ишиндемамлекеттин экономикадагы ролунан баштап, анын үй-бүлөдөгү жана балдарды тарбиялоодогу ролуна чейин кайра карап чыгуу керек.
Бул роль “басымдуу” боло албайт. Биз “баарын жана болгон нерсени мамлекеттештирүү” тууралуу айткан жокпуз. Биз жашоонун бардык тараптарын өнүктүрүүдө мамлекеттин катышуусу, жардамы тууралуу айтып жатабыз. Мисалы, бүгүнкү мыйзамдар коомдук же кайрымдуулук фонддорун, ошондой эле биргелешкен билим берүү мекемелерин, саламаттык сактоо жана маданият мекемелерин түзүүдө мамлекеттин катышуусун караштырбайт (иш жүзүндө тыюу салат). Ал арада бул чөйрөлөргө өз капиталы менен катышып, мамлекет бул чөйрөлөргө инвестицияларды тартуу үчүн чоң дем болуп бере алмак. Мындан тышкары мамлекет коомдук фонддорду түзүүгө катышып, алар кийин жарандык коом уюмдары үчүн демөөрчү боло алышмак.
 
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын өркүндөтүү Башкаруунун бул чөйрөсүндө буга чейинки беренелерде бир нече жолу көрсөтүлгөндөй, төмөнкүлөрдү жасоо зарыл:
 
  • принципти киргизүү – эгерде жергиликтүү жамааттын уставы менен түз шайлоо каралбаса, башчы кеңештин депутаттары тарабынан шайланат;
  • жергиликтүү кеңештин депутаттарынын санын көбөйтүү;
  • депутаттык кызмат ордун аткаруучу органдардагы кызматтар (мэр же айыл өкмөт башчысы) менен айкалыштырууга салынган тыюуну алып салуу.
  • Жогорку Кеңештин депутаты Премьер-министр болуп шайланган учурда ага өзүнүн депутаттык мандатын сактап калуу укугун берүү жолу менен бийликти бөлүштүрүү тууралуу маселеге акылга сыярлык мамиле үчүн Конституцияда мүмкүнчүлүк каралды.
  • жергиликтүү бюджеттердеги салыктык жана салыктык эмес булактардын санынын көбөйүшү.
  • мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү тартибин өзгөртүү жана аларды аткаруу үчүн финансылык жана башка ресурстардын чындап берилишин камсыздоо.
Мыйзамдардагы башка актыларга түзөтүүлөрдү киргизип (өкмөт, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, стратегиялык документтер ж.б. жөнүндө мыйзамдар), Конституцияга жакында эле киргизилген өзгөртүүлөр берген мүмкүнчүлүктөргө терең анализ жасамайынча бул иштерди аткаруу мүмкүн болбой турганы айкын. Конституцияга киргизилген соңку өзгөрүүлөрдөн улам жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасында болчу ыктымал өзгөрүүлөргө, ошондой эле Жогорку Кеңеште каралып жаткан мыйзам чыгаруу демилгелерине дагы да кеңири сереп жакын арада жарыяланат.

Окшош материалы: