Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Пилоттук муниципалитеттерде муниципалдык менчиктин абалына диагностика жүргүзүү

2023-09-07 / ЖӨБ ресурстары
Пилоттук муниципалитеттерде муниципалдык менчиктин абалына диагностика жүргүзүү

Болотбек АСАНАКУНОВ, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун эксперти

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун натыйжалуулугу биринчи кезекте аларда материалдык-финансылык ресурстардын бар болгону менен аныкталат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык ишинен түшкөн кирешелер муниципалдык мүлк канчалык пайдалуу пайдаланылып жаткандыгына тикелей көз каранды. Жергиликтүү калктын жашоо сапаты көп жагынан муниципалдык менчикти өнүктүрүү деңгээлине, ошондой эле аны пайдалануунун натыйжалуулугуна көз каранды.

Муниципалдык менчиктин түптөлүшү, эреже катары, Кыргызстандагы калктуу конуштардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу принциптерине өтүшү менен бир мезгилде жүргөн. Шаарлар жана айылдык аймактар муну этап-этабы менен жасашкан: 1995-жылы – Бишкек шаары, 1996-жылы – айылдык аймактар, 1998- жылы – райондук маанидеги шаарлар жана 2001-жылы – облустук маанидеги шаарлар. Шаарлар жана айылдык аймактар жергиликтүү өз алдынча башкаруу принциптерине өткөнүнө жараша, дээрлик бир эле мезгилде КР Өкмөтүнүн тиешелүү токтомдору менен мамлекеттик менчик объекттери муниципалдык менчикке өткөрүлүп турган. 1995-жылдан 2001-жылга чейинки мезгилде бардыгы болуп жалпы суммасы 8,4 млрд сомду түзгөн 10,5 миңден ашык объект муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилген.

2020-жылдын декабрына карата ошол кездеги ЖӨБ иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына ылайык, муниципалдык менчик объекттерин инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансында 13 072 объект болгон, алардын ичинен 9499 (73%) объект мамлекеттик каттоодон өткөн. Бюджеттердин чектелгендигине байланыштуу 3573 (27%) объект мамлекеттик каттоодон өтпөй калган.

Муниципалитеттердеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинде башкаруунун ресурсу жана объектиси катары муниципалдык менчиктин азыркы учурдагы катышуусу кандай, ал канчалык натыйжалуу пайдаланылууда?

Бул суроолорго жооп алуу үчүн USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун алкагында изилдөө жүргүзүлгөн. Бул изилдөөнүн натыйжасында муниципалдык менчикти башкаруу маселелеринде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинде кемчиликтер жана каталар табылган.

Кароосуз калган мүлк – башкаруучу орган же аткаруучу жок

“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” КР Мыйзамынын 20-беренесине ылайык мүлккө муниципалдык менчик объекттерин башкарууну жана тескөөнү аткаруу органы же ЖӨБдүн аткаруучу органынын түзүмүндө турган адам жүзөгө ашырат. Бул адамдын компетенциясы жергиликтүү кеңеш бекиткен Жобо менен белгиленет.

“Айыл өкмөтүнүн адистеринин ичинен кимиси конкреттүү түрдө муниципалдык менчикти башкарууга жоопкерчилик алат?” деген эксперттин суроосуна ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүнүн жооптору бир беткей болгон жок. Көпчүлүк жер иштери боюнча адистин ролу жөнүндө версияга ыкташса, башкалары финансы-экономикалык бөлүмдүн бухгалтерин аташкан.

Эреже катары, айыл өкмөтүндөгү жер маселелери боюнча адис өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу катары Кадастрдын (Мамкаттоонун) жергиликтүү органына отчет берет жана айыл өкмөт башчысы юридикалык жактан муниципалдык менчикти башкаруу боюнча милдеттерди берген эмес. Кызматтык нускамаларда да буга тиешелүү эч нерсе жазылган эмес.

Финансы-экономикалык бөлүм (ашып кетсе) муниципалдык менчиктеги объектилерди жана мүлктөрдү эсепке алуу маселелери менен алектенет.

Демек, бул маселе боюнча ЖӨБ органдарында так аныкталган жооптуу адам жок болуп калат.

Муниципалдык менчиктин курамы: жаңы объектилердин баары эле мыйзамдуу эмес

Изилдөөгө камтылган шаарлардын жана айылдык аймактардын мамлекеттик менчиктен муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилген объекттердин тизмегин талдоо бир нерсени көрсөттү: жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жана калкка кызмат көрсөтүүдө бул объекттерди пайдалануу кыйла шайкеш келбейт, ошондой эле алар сандык жагынан чектелүү. Мисалы, Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамааттарынын коммуналдык менчигине эки орто мектеп, AFG жана китепкана өткөрүлүп берилген. Ал эми Михайловка айыл өкмөтүнүн менчигинде мектеп, бала бакча, оорукана, амбулатория жана маданият үйү болгон. Өткөрүлүп берилген объекттердин бул чакан тизмесинен көрүнүп тургандай, ичүүчү суу менен жабдуу системасы, инженердик структура жана көрктөндүрүү объекттери (жолдор, таштанды полигону ж.б.) сыяктуу турмуш-тиричиликти камсыз кылуучу объекттер жок.

Мындан тышкары, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” КР Мыйзамынын 2-беренесине ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон муниципалдык менчикти өз каалоосу боюнча сатып алат, ээлик кылат, пайдаланат жана тескей алышат. Ушуга байланыштуу ЖӨБдүн аткаруу органдары муниципалдык менчик объекттеринин тизмесин көбөйтүү багытында айрым кадамдарды жасашты. Бирок кабыл алынган бардык муниципалдык объекттер эле өз максатына (жергиликтүү маанидеги маселелерге) шайкеш келе бербейт, мисалы, мечит, намазкана, кургак учук санаторийи, сауна ж.б. менчикке кабыл алынган же айтыла жүргөндөй “баланска өткөрүлгөн”. Бул чаралар жергиликтүү бюджетке түздөн-түз таасирин тийгизип, чыгаша бөлүгүнүн мыйзамсыз көбөйүшүнө алып келиши ыктымал.

Муниципалдык менчикти түзүүнүн принциптери бузулгандыктан муниципалдык менчиктин курамына киргизилген айрым объекттер маңызы боюнча мыйзамсыз деп эсептелет. Бул учурда укук белгилөөчү документ катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими же мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү же башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими берилүүгө тийиш (“Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 42-беренеси). Экинчи жагынан, бардык объекттер мамлекеттик менчиктен муниципалдык менчикке объекттерди кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы жок өткөрүлүп берилген. ЖӨБдүн аткаруучу органдарынын демилгеси боюнча кабыл алынган объекттерге карата да кабыл алуу-өткөрүп берүү актылары жок.

“Көк китеп” ЖӨБ органдарын муниципалдык объектилердин жана жерлердин менчик ээси кылбайт

“Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 42-беренесине ылайык мамлекеттик жана муниципалдык менчик укуктары, ошондой эле аларды түйшүккө салуулар (чектөөлөр) милдеттүү түрдө катталууга тийиш. Укуктарды мамлекеттик каттоо үчүн ЖӨБ органдары тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга кайрылышат. Укук белгилөөчү документ катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими же башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими берилүүгө тийиш.

Бирок Кадастрдын (Мамкаттоонун) аймактык органы каттоо жөнүндө кайрылууга жооп катары айыл өкмөтүнө жана шаарга жерге болгон өзүнүн муниципалдык менчигин тескөө укугун, б.а., менчик укугун берген эмес. Ал тургай КР Өкмөтүнүн 1996-жылдын 11-ноябрындагы №531 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын коммуналдык менчигине объекттерди өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндө” токтомунун негизинде объектилери мамлекеттик менчиктен муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилген чектеш жерлерге да менчик укугу эмес (“кызыл китеп”), жер участокторун пайдалануу укугу (“көк китеп”) гана катталган.

Эгерде мамлекет же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жеке же юридикалык жакка мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган кыймылсыз мүлктү пайдалануу укугун берсе, каттоо карточкасынын тиешелүү бөлүктөрүндө пайдалануу укугун кармоочунун аты-жөнү көрсөтүлөт, ал эми мамлекет же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менчик ээси катары катталат (“Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү, укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 42-беренеси). Ал эми укуктук көз караштан алганда, мындай эмес, себеби ЖӨБ органдары “көк китепти” гана алып, менчик ээси болуп саналбайт.

Муниципалдык менчиктеги объекттерди сапатсыз эсепке алуу жана толук эмес реестрлер

Муниципалдык мүлктү эсепке алуу аны башкалардан айырмалоого мүмкүндүк берген жеке өзгөчөлүктөрүн көрсөтүү менен объектинин сыпаттамасын камтыйт. Объекттерди мүнөздөгөн маалыматтар (жайгашкан жери, наркы, чектөөлөр ж.б.), ошондой эле имараттар, курулуштар, курулмалар жайгашкан жер ресурстарынын эсеби – бул эсепке алуу объекттери жөнүндө маалыматтар болуп эсептелет. Мында жер участокторуна аларда жайгашкан имараттардын жана курулмалардын жеке номерлери менен тикелей байланышкан уникалдуу кадастрдык номерлер ыйгарылат.

Пилоттук шаарларда жана айылдык аймактарда муниципалдык мүлктү эсепке алуу жүргүзүлбөйт, ал эми реестр белгиленген үлгүгө шайкеш келбеген эркин формада болот (КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-сентябрындагы №608 токтомуна ылайык), объекттин жеке өзгөчөлүктөрүн чагылдырбайт жана анын мүнөздөмөлөрүн ачып бербейт.

Муниципалдык мүлктү жана жерди инвентаризациялоо жөнүндө

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык мүлктү инвентаризациялоосу муниципалдык менчикти башкаруунун маанилүү аспаптарынын бири болуп саналат. Мамлекеттик органдар кабыл алган ченемдик укуктук актылар (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-октябрындагы №580 “Муниципалдык менчик объекттерине инвентаризациялоо жүргүзүү жана мамлекеттик каттоону аяктоо жөнүндө” токтому), мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатындагы концептуалдык жана программалык документтер (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы №513 “Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2018-2023-жылдарга карата программасы жөнүндө” токтому), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын муниципалдык мүлккө жана жерге мезгил- мезгили менен инвентаризациялоо жүргүзүп турууга милдеттендирет. Бирок, иш жүзүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары муниципалдык менчикке мезгил-мезгили менен инвентаризациялоо жүргүзүшпөйт жана реестрлерди жаңылашпайт. Ошондой эле муниципалдык менчик объекттеринин реестрлеринде муниципалдык мүлктүн иш жүзүндөгү курамы жөнүндө толук абал чагылдырылбагандыгын белгилей кетүү керек.

Чабал келишимдик мамилелер жана колдон чыгарылган пайдалар

Муниципалдык мүлктүн менчик ээси менен пайдалануучусунун ортосундагы келишимдик мамилелердин принциби жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн жүгүн оптималдаштыруу үчүн колдонулат. Алсак, бюджеттик мекеме объекттерди оперативдүү башкаруу укугунда өткөрүп берет, бул объектти күтүүгө кеткен күнүмдүк чыгымдарды бюджеттик мекеме көтөрөт дегенди билдирет. Ошондой эле келишимдик мамилелер объектти пайдалануудан түшкөн кирешени максималдаштырууга алып келиши керек. Ошондуктан объектилерди ижарага алган учурда муниципалдык ишканалардын пайдасынан чегерүүлөрдү (чарба жүргүзүү укугу), чарба жүргүзүүчү коомдордун (акционердик коомдор, биргелешкен ишканалар) капиталына катышуудан дивиденддерди алууну болжолдоону ж.б. келишимдерде белгилөө зарыл.

Ошентип, муниципалдык менчикте турган мүлк муниципалдык ишканаларга чарба жүргүзүү укугунда, ал эми мекемелерге – оперативдүү башкаруу укугунда бекитилсе болот. Мүлк чарба жүргүзүү жана оперативдүү башкаруу укугунда берилген муниципалдык мекемелер жана ишканалар бул мүлккө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган чектерде ээлик кылышат, пайдаланышат жана тескешет.

Көпчүлүк ЖӨБ органдарында бир дагы ишкана жана мекеме менен, анын ичинде “Тазалык” жана “Сууканал” сыяктуу муниципалдык ишканалар менен чарба жүргүзүү жана оперативдүү башкаруу келишимдери түзүлгөн эмес.

Келишимдик мамилелерде ижара келишимдери басымдуулук кылат. Ижара мамилелеринин олуттуу үлүшүн жерди ижарага берүү келишим ээлейт.

Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна аукциондорду электрондук форматта өткөрүүнүн тартиби жөнүндө ЖӨБ органдарынын адистери уккан, бирок аны кантип өткөрүш керектигин билишпейт.

Муниципалдык менчиктеги объекттерди мыйзамсыз менчиктештирүү

Муниципалдык менчиктеги объекттерди менчиктештирүүгө келсек, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” КР Мыйзамынын 12-беренесине ылайык муниципалдык мүлктү менчиктештирүү төмөнкү усулдар менен жүзөгө ашырылат:

  • электрондук форматта өткөрүлүшү мүмкүн болгон аукциондо сатуу;
  • конкурста сатуу;
  • кийин сатып алуучу башкарууга берүү;
  • кийин сатып алуучу ижарага өткөрүп берүү;
  • чарбалык шериктердин жана коомдордун уставдык капиталдарына салым катары кошуу.

Белгилей кетсек, кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратууда түз сатуу усулу мыйзамда каралган эмес. “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” КР Мыйзамынын 11-беренесине ылайык муниципалдык менчиктеги объект эки жолу ачык тоорукка коюлуп, бирок сатылбаса, түз сатуу усулу колдонулса болот. Мындай муниципалдык менчик объектисин менчиктештирүү жергиликтүү кеңештин чечими боюнча түз сатуу жолу менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Алсак, Базар-Коргон шаарынын мэриясы 2021-жылы 24 жер участогун менчиктештирген, анын ичинен эки жер участогу гана аукциондо сатылган, калган 22 объект түз сатуу усулу менен менчиктештирилген.

Муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү Муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү программасынын негизинде жүргүзүлүүгө тийиш экендигин да эстен чыгарбоо керек. Менчиктештирүү программасын ЖӨБдүн аткаруучу органы иштеп чыгат жана жергиликтүү кеңеш бекитет. Бирок ЖӨБ органдарында Менчиктештирүү программасы жок.

Муниципалдык менчикти башкаруу процессин жакшыртуу боюнча ЖӨБ органдарына сунуштамалар

  • Мэрия киргизген Мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин реестрин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартибин иштеп чыгуу жана бекитүү керек.
  • Чарба жүргүзүү, оперативдүү башкаруу жана пайдалануу келишимдеринин формаларын иштеп чыгуу жана бекитүү зарыл.
  • Муниципалдык менчиктеги объекттердин реестрлеринин жаңы формаларынын долбоорлорун иштеп чыгып, аларды бекитүү үчүн шаардык кеңешке киргизүү керек. Муниципалдык менчиктин бекитилген реестрине муниципалдык менчиктин бардык объекттерин кошуп чыгуу керек.
  • Муниципалдык менчик объекттеринин реестрлеринин толтурулган формаларын электрондук форматка өткөрүү зарыл.
  • Имараттар, курулуштар, курулмалар жайгашкан жер ресурстарынын эсебин түзүш керек.
  • Муниципалдык менчиктеги объекттерге инвентаризациялоо жүргүзүү зарыл.
  • Муниципалдык менчиктеги объекттерди менчиктештирүү программасын иштеп чыгып, бекитүү үчүн шаардык кеңешке киргизүү керек.
  • Муниципалдык жерлерди түз сатуу усулдарын колдонууну чектөө зарыл, себеби шаардык комиссиянын жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө чечимдери сунуш мүнөзүндө гана болот.
  • КР Өкмөтүнүн бекитилген токтомунун негизинде муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна аукциондорду электрондук форматта өткөрүүнү киргизүү керек.

Окшош материалы: