Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Бардыгы үчүн түшүнүктүү экономика” журналисттер үчүн ишемби мектеби: ЖМКдагы аялдардын ишкердиги жана санариптик экономика темасы

2023-07-18 / ЖӨБ Коалициясынын жаңылыктары
“Бардыгы үчүн түшүнүктүү экономика” журналисттер үчүн ишемби мектеби: ЖМКдагы аялдардын ишкердиги жана санариптик экономика темасы

Турар БЕКБОЛОТОВ, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору, байланыш боюнча адис Сүрөттүн автору: Ахмад АЛАМИ, Rana Labs

Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсы Өнүктүрүү саясат институту менен биргеликте “Бардыгы үчүн түшүнүктүү экономика” аттуу журналисттер үчүн ишемби мектебин өткөрүп келүүдө. Муну менен Альянс ЖМКнын өкүлдөрүнө, анын ичинде Интернет-басылмаларга татаал экономикалык процесстерди түшүнүүгө жардам берип келатат. Июнь айында төмөнкү темаларга арналган 4 сабак өттү: Салыктык текшерүүлөргө мораторий – эмне үчүн жыйынтыгы болбой жатат? Аялдардын ишкердиги – аярлуу жерлери кайсылар? Кыргызстан санариптик хаб боло алабы? Туризм аймактардын экономикасы үчүн куткаруучу ролун аткара алабы?

Мектептин ар бир сабагына 20-25 адам, анын ичинде ЖМКнын өкүлдөрү, журналистика факультеттеринин окутуучулары жана студент- тери, ошондой эле бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү катышып турушат.

Ишкер аялдар экономиканын секторубу?

Аялдардын ишкердиги темасы чоң кызыгууну жаратты. “Курак” Аялдар форумунун командасы эсте каларлык материалдарды даярдады, ал эми тажрыйбалуу тренер Айнура САГЫНБАЕВА аялдардын ишкердүүлүгүнүн максаттарын, милдеттерин, тоскоолдуктарын, келечегин мыкты чагылдырып, төмөнкүдөй негизги суроого жооп берди: Эмне үчүн аялдар ишкердиги бизнесте өзүнчө багыт статусун алды? Журналисттер көптөгөн жандуу мисалдарды, ишкер айымдардын жеке окуяларын, анын ичинде бизнестин бир нече түрүн өнүктүрүүнүн узак жана татаал жолун басып өткөн Айнуранын өзүнүн да окуясын уга алышты. 2021-жылдын декабрында кабыл алынган Аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа көптөгөн талкууларды жаратты. Бул Программаны ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жооп берет. Экинчи жылга аяк басканы менен, министрлик программаны аткаруунун жүрүшү тууралуу азырынча маалымат бере элек. Министрликтин сайтында 2026-жылы жыйынтыктала турган Мамлекеттик программа тууралуу маалымат жок. Мындай көрүнүш коомдо бир катар суроолорду жаратууда: негизи эле жылыш барбы? Кыргызстандык аялдар кайсы чөйрөлөрдө бизнесин өнүктүрүп жатышат? Кайсы тармакта иш жакшы жүрүп жатат? Бүгүнкү күндө бул планда олуттуу изилдөөлөр, талдоолор жана статистика жокко эсе. Өз кезегинде “Курак” Аялдар форуму журналисттерге өз бизнесин уюштурган аймактардагы кыз-келиндер менен таанышуу, статистиканы, аткаминерлер менен эксперттердин керектүү байланыштарын берүү жаатында материалдарды даярдоого көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Жалпысынан алганда, ишемби жемиштүү күнгө айланып калды: эксперттер өз милдеттерин “мыкты” деген баага аткарышса, катышуучулар суроолорду тынбай узатып, өз пикирлерин айтып турушту. Талкуу маалында маанай бир жагынан жандуу, ошол эле маалда эркин болду. Катышуучу Асыл ОСМОНАЛИЕВАнын айтымында, мектеп журналисттер үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатат: “Бул жерден биз бизнес өкүлдөрүнөн материалдар үчүн ресурстарды, булактарды, темаларды алып жатабыз. Андан да маанилүүсү – булардын баарын теоретиктерден эмес, практиктерден алуудабыз. Дайындар менен иштөө жана өз ара окутуу боюнча мастер-класстардын элементтерин кошсо да жакшы болоор беле дейм”.

Кыргызстан санариптик хабга айланчудайбы?

Мектептеги дагы бир сабактын темасы “Кыргызстан санариптик хаб болобу?” деп аталып, электрондук соода, логистика, тобокелдиктер жана чакырыктар, төлөм системасын өнүктүрүү, киберкоопсуздук жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдү коргоо ыкмалары талкуу үчүн негизги суроолорго айланды. Кыргыз Республикасынын Электрондук коммерция ассоциациясынын жетекчиси Айбек КУРЕНКЕЕВ жана мобилдик “капчыктарды” иштеп чыгуучу, финансы чөйрөсүндөгү адис Тимур САРЫБАЕВ баяндамачы болушту. Бул тандем абдан ийгиликтүү болду. Талкуулардын жана дискуссиялардын жүрүшүндө эки баяндамачы бири-бирин толуктап, катышуучулар менен өз тажрыйбасынан – ар бири өз тармагында болгон окуяларды бөлүшүштү.

Эйфорияга алдырбоонун айланасындагы кепти Өнүктүрүү саясат институтунун башкаруу төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА козгоп, талкууга жем таштады. ДОБРЕЦОВА санариптештирүү адамзатка пайда менен кошо глобалдык коркунучтарды жана тобокелдиктерди алып келип жатканы тууралуу кызыктуу баяндаманы сунуштады. Айбек КУРЕНКЕЕВ менен Тимур САРЫБАЕВ Кыргызстанда санариптештирүүнү өнүктүрүү тууралуу сөз кылып, коопсуздук маселесине да токтолушту. Муну менен ар кандай техникалык прогресс жакшы иштерге да, зыян келтирүү үчүн да колдонулушу мүмкүн экенин эскертишти. Лекторлордун материалдарынан Кыргызстан глобалдык процесс жолунун башында гана турганы, техникалык жабдуунун жоктугу, калктын санариптик жана финансылык сабатсыздыгы электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүүгө тоскоолдук жаратып жатканы белгилүү болду. Республикада интернет жетпеген ондогон айылдар бар. Санариптештирүүнү өнүктүрүү жана илгерилетүү үчүн жаңы технологияларды киргизүүнүн, жогорку технологиялар парктарын түзүүнүн, бизнеске салык жеңилдиктерин берүүнүн маанилүүлүгүн кеч түшүнгөн мамлекетке караганда, бул этапта IT-коомчулугу көбүрөөк иштерди жасоодо. Ошого карабастан, кандайдыр бир статистиканын жоктугу, ээленген орундардын саны, сооданын жана накталай эмес төлөмдөрдүн көлөмү ойго салат: Кыргызстанда санариптик экономика ачык-айкындуулуктун ордуна көмүскө мүнөзгө ээ болуп калбаса экен...

Жалпысынан алганда, мектептин үчүнчү сабагы жаңы билимге бай, маалыматка көп, пайдалуу жана жандуу болду. Сабак учурунда чыгармачыл маанай өкүм сүрүп турду. “Вести.kg” маалымат агенттигинин кабарчысы Ислам ЖОЛДОШЕВ иш- чара тууралуу мындайча ой бөлүштү: “Санариптик экономика – бул качып кутулгус көрүнүш, биз ушул багытта баратабыз. Ошондуктан мен бул тренингге чын дилимден катыштым. Мага терминдерди түшүнүүгө жардам беришти, чакырыктар жана коркунучтар, ошондой эле мүмкүнчүлүктөр жана перспективалар тууралуу маалымат алдым. Баяндамачылар бардык маалыматтарды кеңири жана түшүнүктүү түрдө жеткире алышты.

Мындан тышкары, биз суроолорду узатып, аларга жоопторду алдык”.

Анткен менен, жалпысынан санариптеш- тирүүдө ЖМКнын ролуна токтолуп, сабактын уюштуруучулары бүгүнкү күндө ушул эң маанилүү жана заманбап тема ЖМКларда начар чагылдырылып жатат деген тыянакка келишти. Мунун бир нече себеби бар: санариптик экономика журналисттер үчүн “чытырман токой” сыяктуу. Бул багытта эч ким адистешпейт, себеби санариптештирүү деген эмне экенин, анын экономикадагы ролун көп жакшы түшүнө беришпейт. Кимдир бирөө бул багытта жол баштоочунун вазыйпасын өзүнө алып, санариптик экономикада болуп жаткан процесстерди талдай ала турган журналисттердин пулун түзүшү керек, алды-артын карабастан бизнестин же мамлекеттин кызыкчылыктарын сүрөй бербей, материалдарды өз алдынча даярдай алышы керек. ЖМКны санариптик экономикага окутуу чөйрөсү азырынча бош турат.

Ишемби мектебинин материалдарын бул жерден тапса болот:

Окшош материалы: