Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
ЖӨБ Союзу Кыргызстандын муниципалдык ишканаларына практикалык жардам көрсөтүүнү улантууда
Нагима ОЗОКЕЕВА, ЖӨБ Союзунун коомдук байланыш боюнча адиси
2025-жылдын 16-20-июнь күндөрү Баткен облусунда жана 23-27-июнда Нарын облусунда Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун эксперттери 12 айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканаларынын өкүлдөрүнө практикалык жардам көрсөтүштү.
Жолугушуулардын жүрүшүндө катышуучуларга муниципалдык ишкананын уставын иштеп чыгуу, субсидияларды берүүнүн эрежелери, сатып алуулардын жол-жоболору боюнча актуалдуу маалыматтар берилип, ошондой эле бухгалтердик эсепти талаптагыдай жүргүзүү, муниципалдык менчиктин бирдиктүү реестрин жүргүзүү жана ишканалардын кызматкерлерине эмгек акы төлөө маселелери талкууланды.
Иш-чаралар Швейцария Өкмөтү каржылап, Helvetas жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында өткөрүлдү.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Референдум тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Кыргызстандын шаарлары энергияны үнөмдөөчү жана “жашыл” чечимдерди өздөштүрүүдө
-
№9 (179) / 2026-09-26 Түшүнүүгө жана талкуулоого мүмкүндүк берген бюджет: Кыргызстандын муниципалитеттери 2027-жылга бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларга кантип даярданышты
-
№8 (178) / 2026-09-19 Душанбеде мамлекет, бизнес жана жарандык коомдун өнөктөштүгү аркылуу жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүнүн жолдору талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргызстанда EGED Программасынын жыйынтыгы чыгарылды: башкаруунун жаңы аспаптары аймактардын экономикасын өзгөртө баштады
-
№8 (178) / 2026-09-19 Ат-Башы районунда Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун орто аралыктагы жыйынтыктары талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Ташкентте жарандык коомдун Борбордук Азияны өнүктүрүүгө кошкон салымын биринчи регионалдык баалоонун жыйынтыктары менен тааныштырышты
-
№8 (178) / 2026-09-19 ӨСИ, БАЖБА жана Хунань башкаруу академиясы кесипкөй кызматташуунун келечегин талкуулашты

















