Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
ӨСИ Биологиялык көп түрдүүлүктү сактоо боюнча Мамлекеттик программаны коомдук талкуулоонун тең уюштуруучусу болду
Артур САРКИСОВ, ӨСИнин коммуникациялар боюнча координатору
26-июнда Бишкекте 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасынын биологиялык көп түрдүүлүгүн сактоо боюнча Мамлекеттик программанын долбоорун жана чаралардын планын коомдук талкуулоо өттү. Талкууну КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги эл аралык жана улуттук өнөктөштөрдүн колдоосу менен уюштуруп, ал кызыкдар тараптардын кеңири чөйрөсүнүн катышуусунда өттү.
Өнүктүрүү саясат институтунун (ӨСИ) эксперттери Мампрограммага жана Чаралар планына сунуштарды даярдашты. Алардын комментарийлери ЖӨБдүн деңгээлинде программанын кандай милдеттери иш жүзүндө ишке ашырыла турганына, буга кандай укуктук жана ресурстук тоскоолдуктар бут тосушу мүмкүн экендигине, ошондой эле ЖӨБ органдары менен мамлекеттик органдардын ортосундагы жоопкерчилик чөйрөсүн так чектөө зарылдыгына тиешелүү болду. Мындай мамиле программаны жериндеги чыныгы кырдаалды эске алуу менен аткарууга боло тургандай жана туруктуу кылууга жардам берет.
“Программаны колдонуудагы мыйзамдардын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү жамааттардын ролун эске алуу менен жеткире иштеп чыгуу зарыл. Дал ушул нерсе программаны жергиликтүү деңгээлде жана адамдарга түшүнүктүү ишке ашырууга мүмкүндүк берет”, – деп белгиледи ӨСИнин улуттук деңгээлдеги иши боюнча координатору Нурдин КУМУШБЕКОВ.
Туруктуулук жана биологиялык көп түрдүүлүк документтерден гана башталбастан, жериндеги практикадан да башталышы үчүн ӨСИ жергиликтүү жамааттардын жана ЖӨБ органдарынын экологиялык саясатка катышуусунун күн тартибин сүрөп жатат.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Референдум тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Кыргызстандын шаарлары энергияны үнөмдөөчү жана “жашыл” чечимдерди өздөштүрүүдө
-
№9 (179) / 2026-09-26 Түшүнүүгө жана талкуулоого мүмкүндүк берген бюджет: Кыргызстандын муниципалитеттери 2027-жылга бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларга кантип даярданышты
-
№8 (178) / 2026-09-19 Душанбеде мамлекет, бизнес жана жарандык коомдун өнөктөштүгү аркылуу жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүнүн жолдору талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргызстанда EGED Программасынын жыйынтыгы чыгарылды: башкаруунун жаңы аспаптары аймактардын экономикасын өзгөртө баштады
-
№8 (178) / 2026-09-19 Ат-Башы районунда Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун орто аралыктагы жыйынтыктары талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Ташкентте жарандык коомдун Борбордук Азияны өнүктүрүүгө кошкон салымын биринчи регионалдык баалоонун жыйынтыктары менен тааныштырышты
-
№8 (178) / 2026-09-19 ӨСИ, БАЖБА жана Хунань башкаруу академиясы кесипкөй кызматташуунун келечегин талкуулашты

















