Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Мамлекеттик органдар жана КЭУлар биргелешип санариптик медиа-контентти түзгөндү үйрөнүштү. Rana Labs’тан коммуникация боюнча практикалык семинар

2023-07-18 / ЖӨБ Коалициясынын жаңылыктары
Мамлекеттик органдар жана КЭУлар биргелешип санариптик медиа-контентти түзгөндү үйрөнүштү. Rana Labs’тан коммуникация боюнча практикалык семинар

Турар БЕКБОЛОТОВ, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору, байланыш боюнча адис Сүрөттүн автору: Ахмад АЛАМИ, Rana Labs

Заманбап массал ык коммуникация каражаттары – социалдык тармактар жана мессенжерлер – жүз миллиондогон адамдар үчүн маалыматты түзүүнүн жана жайылтуунун жеткиликтүү жолуна айланды. Бул чөйрөдө байланыш адистери өз иши тууралуу маалымдап, өнөктөштөрдү тартуу үчүн таң каларлык жыйынтыктарга жете алышат, ал эми блогерлер жана карапайым адамдар ал тургай коммерциялык киреше да таба алышат. Бирок бул санариптик мейкиндикте ийгиликке жетүү үчүн сапаттуу мазмунду же азыр айтыла жүргөндөй, контентти жасай билүү керек. Контент – бул көңүлдү буруп, кызыктыра турган, аудиторияңызды сиздин окуяларыңызга жана жаңылыктарыңызга көз салып турууга түрткөн видео, аудио, фото жана текст түрүндөгү продукция. Жашоонун жана иштин көптөгөн чөйрөлөрүндө болуп келгендей эле, бизнес, жеке адамдар мейкиндикти тездик менен өздөштүрүп, санариптик аспаптарды өз пайдасына ийгиликтүү колдонуп жатышат. Ал эми коммерциялык эмес уюмдар жана мамлекеттик органдар кайрадан эле бир аз артта калышууда – бул үчүн аларда убакыт да жок, каражат да тартыш, эң башкысы – тиешелүү билимдер жана көндүмдөр жетпей жатат. Бул боштукту толтуруу үчүн өнөктөштөргө мультимедиалык контентти түзүүдө ийгиликтүү болууга жардам берүү максатында USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору зарыл болгон техникалык көндүмдөрдү өздөштүрүү боюнча беш күндүк марафон уюштурду. Алсак, 2023-жылдын 22-майынан 26-майына чейинки апта айрым өнүктүрүү уюмдарынын жана мамлекеттик органдардын байланыш боюнча адистери үчүн медиа-контентти түзүү технологиялары боюнча пайдалуу окуу туруна айланды. Окутуу колдонмо, практикалык мүнөздө болуп, аны Rana Labs эл аралык компаниясынын байланыш жана контентти түзүү боюнча тажрыйбалуу адистери камсыз кылышты. Тренингди USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институтунун өнөктөшү East West Management Institute уюштурду.

Тренингге өнөктөш уюмдардын 14 өкүлү катышты, анын ичинде Өнүктүрүү саясат институту; Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы (БАЖБА); КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу (КР ЖӨБ Союзу); КР Финансы министрлиги; КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик; КР Улуттук статистика комитети; “Ирбис” коммуникация агенттиги; “Интернет саясатынын жарандык демилгеси” жана “Жарандык катышуу” коомдук фонддору бар.

Фото-видеотехниканы колдонуу, видеоматериалдарды түзүү, сүрөткө тартуу, интервью даярдоо, социалдык медиа үчүн контент түзүү жана башкалар боюнча техникалык көндүмдөрдү өркүндөтүү тренингдин милдеттерине кирди. Тренинг практикалык сабактар аркылуу катышуучулардын чыгармачылык жана техникалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жардам берди. Презентациялардын жүрүшүндө биргелешип окутуу үчүн катышуучуларга санарип мультимедиалык жабдууларды – камераларды, микрофондорду жана ноутбуктарды колдонуу сунушталды. Ошондой эле Rana Labs тренинг учурунда колдонуп, практикада үйрөнүшү үчүн коммуникация боюнча адистердин топторуна мультимедиалык өндүрүш үчүн топтомдорду (штативдерди, микрофон комплекттерин, светодиоддук чырактарды) берди.

Биринчи күнү техникалык көндүмдөрдү иш жүзүндө өздөштүрүү максатында видео үчүн маек алуунун негиздери үйрөтүлдү. Бул сессияга маектешүүнү кадрлоо, үндүн жана жарыктын сапатынын өңүттөрү камтылган. Катышуучулар ошондой эле маектешүүлөрү жана видеолору үчүн натыйжалуу “экинчи пландагы” кадрларды сүрөткө тартканды үйрөнүштү.

Экинчи күнү катышуучулар видео, аудио жана графикалык программаларда контентти редакциялоо боюнча практикалык тажрыйбага ээ болушту. Күндүн башында катышуучулар биринчи күнү түзүлгөн кыска клиптерди көрүп чыгышып, андан кийин Adobe Premiere Rush программасынын жардамы менен видеого монтаж жасаганды үйрөнө башташты. Түштөн кийин катышуучулар сапаттуу графиканы түзүү үчүн Canva платформасы менен тааныша алышты. Катышуучулар ошондой эле үн монтаждоо үчүн Adobe Premiere Rush программасын, Android жана iOS үчүн Spotify акысыз тиркемесин колдонуп подкасттарды1

Тренингдин үчүнчү жана төртүнчү күндөрүндө командалар өздөрүнүн видеопродукциясын жана бүтүндөй өнөктүктү (графикалык/ санариптик продуктыларды, кыска кулактандыруу видеолорун жана подкасттарды) жасоого киришти. Чыгармачыл процесс жүрүп жаткан маалда жана ар бир команда маек алып, сценарий жазып, өз окуясын түзүү үчүн зарыл болгон башка элементтерди даярдап жатканда, Rana Labs компаниясынын тренерлери ар бир командага жекече колдоо көрсөтүп турушту.

Бешинчи жана акыркы күн окуяларга бай болуп, кызыктуу өттү. Күндүн биринчи жарымында катышуучулар видеолорун бүтүрүп жатканда, тренерлер социалдык тармактар үчүн контентти даярдаганды, вертикалдуу видеону колдонгонду, баалоо жана пландоо үчүн ыңгайлуу болгон тиркелген аналитиканы көрсөтүп беришти.

Күндүн экинчи жарымында көптөн күткөн видеопродукциялар көрсөтүлдү. Бул катышуучуларга өздөрү жараткан видеолор жана аларды жасоо тажрыйбасы менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк берди. Бул инструкторлордун жана чакырылган коноктордун, өнөктөш уюмдардын жетекчилеринин жана менеджерлеринин, донордун кайтарым байланышы менен өткөн абдан жандуу талкуу болду. Жарыктандырууну тууралоо, видеонун узактыгы жана маңызды жеткирүү үчүн сценарийди жакшыртуу тууралуу пикирлер айтылды.

Ар бир видеопродукция жана презентация бардык катышуучулардын жетишкендиктери жөнүндө түшүнүк берип, ар бир команда мыкты контент даярдай алды. Андан ары колдоо катары өзүн өзгөчө көрсөтө алган катышуучуларга уюштуруучулар жабдууларды жана кесиптик программалык камсыздоону беришти. Мындай колдоо мамлекеттик органдарга жана коомдук уюмдарга, КЭУларга өз ишинин жыйынтыктарын кеңири катмарга жеткирүүгө, мамлекетте кабыл алынып жаткан маанилүү чечимдер жөнүндө калкка маалымдоого, маанилүү маселени жөнөкөй жана түшүнүктүү түрдө жеткирүүгө жардам берет. Алсак, КР Финансы министрлигинин басма сөз катчысы Назик АТАМБЕКОВА эми стабилизатору бар DJI Osmo камерасы менен министрликтин иши, коомдук финансы, жарандык бюджет жана башкалар тууралуу видеолорду тарта алат: “Мен үчүн абдан керектүү жана маанилүү тренинг болду. Мен видеолорду жасоонун техникалык бөлүгүн үйрөндүм, эми аларды өзүм редакциялап, даярдай алам. Мурда мындай маселелерди чечүүдө мен башка адамдардан көз каранды болчумун”.

КР ЖӨБ Союзунун жана “Интернет саясатынын жарандык демилгеси” коомдук фондунун байланыш боюнча адистери Adobe Creative Suite менен бир жыл бою акысыз иштей алышат. БАЖБАнын жана ӨСИнин өкүлдөрү да жыл бою акысыз негизде Adobe Premiere Rush Pro программасын колдонуу менен маанилүү контентти даярдай алышат, ал эми USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун PR- адиси долбоордун ишин чагылдыруу үчүн Canva Pro программасын колдонуу мүмкүнчүлүгүн алды.

Тренингдин PR-адистери алган техникалык көндүмдөр өнөктөш уюмдардын жана мамлекеттик органдардын иши жөнүндө кеңири аудитория сапаттуу маалымат алышы үчүн контенттин сапатын жакшыртып, мыкты чагылдырууга жардам берет деген ишенимде. Семинарда мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын адистеринин, бизнес өкүлдөрүнүн биргелешип иштөөсүнүн баа жеткис тажрыйбасы бардык катышуучуларга ар башка аудиториянын муктаждыктарын жакшыраак түшүнүүгө жана татаал, бирок маанилүү темаларды жалпак тил менен жеткирүүгө жардам берет.

1 Подкаст – бул бир же бир нече алып баруучу ар кандай темаларды талкуулаган аудио- жана видеопродукциянын бир түрү. Адатта, подкасттын өзүнүн аудиториясы, форматы жана белгилүү бир тематикалык багыты болот.

 

Окшош материалы: