Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү демилгелерди ишке ашыруу үчүн чакан гранттарды кимдер алды?

2023-10-02 / ЖӨБ Коалициясынын жаңылыктары
Жергиликтүү демилгелерди ишке ашыруу үчүн чакан гранттарды кимдер алды?

Жаңылыктар түрмөгүн даярдагандар: Асел АКМАТАЛИЕВА жана Нургүл ЖАМАНКУЛОВА

2023-жылдын 30-июнунда EGAP METAKETA V “Аялдардын коомдук турмушка жамааттык катышуусун активдештирүү” долбоорунун алкагында Чакан гранттар программасынын конкурсуна өтүнмөлөрдү кабыл алуу аяктады. Бул долбоорду Мамлекеттик башкаруу жана саясат маселелерин изилдөө боюнча глобалдык тармак (EGAP)1 каржылайт.

Конкурс ушул жылдын январь айында Жалал- Абад, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын аймактарында жарыяланган.

 

Чакан гранттар программасынын конкурсу жарандардын, анын ичинде аялдар топторунун чечимдерди кабыл алуу жана жергиликтүү демилгелерди көтөрүп чыгуу процессине жигердүү катышуусуна дем берүү максатында жарыяланган. Долбоордун чакан гранттар программасынын каражаттары жергиликтүү деңгээлдеги демилгелерди чечүүгө багытталган долбоорлорду каржылоого жумшалат. Программага Жалал- Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын элеттик муниципалитеттеринин демилгелүү топтору өтүнмөлөрүн жибере алышат”, – деди долбоордун гранттар боюнча менеджери Султан МАЙРАМБЕКОВ.

Конкурска жалпысынан 160 өтүнмө түштү, анын ичинен 67си Жалал-Абад облусунан, 52си Ысык- Көл облусунан, 41и Нарын облусунан.

Конкурска түшкөн өтүнмөлөрдүн көпчүлүгү айылда аялдар үчүн фитнес-залдарды ачууга, чакан тигүү цехин ачуу аркылуу жумуш орундарын түзүүгө, балдар аянтчаларын көрктөндүрүүгө, аялдарды өнүктүрүү борборлорун ачууга, элеттик мектептерде жана бала бакчаларда шарттарды жакшыртууга багытталган.

Буга чейин аялдар инфраструктурага (айылда таза суу маселесине, таштандыларды чогултууну жана чыгарууну уюштуруу көйгөйлөрүнө) көп көңүл буруп келишсе, азыр алар өздөрүнүн керектөөлөрүнө, ден соолугуна, өнүгүүсүнө, социалдашуусуна, баарлашуусуна көбүрөөк көңүл буруп жатышат, – деди Султан МАЙРАМБЕКОВ. Конкурска жиберилген өтүнмөлөрдүн көбүн Айылдык ден соолук комитеттери (АДК), ошондой эле Аялдар кеңештери жигердүү болгон муниципалитеттердин демилгелүү топтору беришкен. Өтүнмөлөрдүн арасында кесипкөй жазылгандары да, мындай документтерди жазуу тажрыйбасы жана көндүмдөрү болбогон аялдар топторунан да өтүнмөлөр болгонун белгилей кетүү керек”.

Конкурстук өтүнмөлөрдү комиссия карап чыгып, баалады. Бул комиссия Жалал-Абад, Ысык- Көл жана Нарын облустарынын башкаруунун облустук деңгээлинде түзүлгөн. Комиссиянын курамына КР Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын өкүлдөрү, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, социалдык коргоо башкармалыгынын башчысы, облустагы райондордун биринин айыл өкмөтүнүн башчысы жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирди. Комиссиянын мүчөлөрү өз алдынча аралыктан иштешти, ар бир өтүнмөгө код коюлуп, анонимдүү түрдө каралды. Комиссия ар бир өтүнмөнү тогуз критерий боюнча баалап, 2023-жылдын 17-июлунда мыкты жергиликтүү демилгелерди колдоо боюнча Чакан гранттар программасынын конкурсунун жыйынтыгы чыгарылды. Жалпысынан каржылоону 28 өтүнмө алды.

 

2023-жылдагы Чакан гранттар программасы жөнүндө Жобого ылайык, гранттардын саны облустар боюнча төмөнкүчө бөлүштүрүлдү:

  • Жалал-Абад облусу – 12 грант;
  • Ысык-Көл облусу – 9 грант;
  • Нарын облусу – 7 грант.

Түшкөн өтүнмөлөрдү карап чыгып, конкурстук комиссия каржылоону төмөнкү долбоордук өтүнмөлөргө ыйгарды:

  • Жалал-Абад облусу, Ноокен району, Арал АӨ, Чертек-Сай айылы, “Жаңы конуштарга түнкү жарык” долбоору, лидери Болотбек МАМАДАЛИЕВ.
  • Жалал-Абад облусу, Аксы району, Кара- Жыгач АӨ, Кара-Жыгач айылы, “Айыл өкмөтүнө проектор сатып алуу” долбоору, лидери Шайыргүл ТАШКУЛОВА.
  • Жалал-Абад облусу, Тогуз-Торо району, Сары-Булуң АӨ, Кара-Суу айылы, “Көчөгө жарык берүүчү прожекторлорду сатып алуу” долбоору, лидери Таттыгүл АРЗЫМАТОВА.
  • Жалал-Абад облусу, Тогуз-Торо району, Тогуз-Торо АӨ, Тогуз-Торо айылы, “Жарык көчө – жарык аймак” долбоору, лидери Иманбек БОРБОЛДОЕВ.
  • Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, Сайдыкум АӨ, Дүкүр айылы, “Башталгыч класстар – билимдин башаты” долбоору, лидери Марзия ЧОЙБЕКОВА.
  • Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Ничке- Сай АӨ, Чоргочу айылы, “Тигүү цехин ачуу” долбоору, лидери Рая КУЛЖАЧАРОВА.
  • Жалал-Абад облусу, Сузак району, Багыш АӨ, Октябрь айылы, “Дени сак аял – коом үчүн бакыт” долбоору, лидери Анаркүл МАШАЕВА.
  • Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Чолпон-Ата АӨ, Актектир айылы, “Көбөйтүү үчүн кулпунай өнүмдөрүн сатып алуу” долбоору, лидери Акмат ЧАЛОВ.
  • Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, Сайдыкум АӨ, Жаңы-Абад айылы, “Балдар – жердин гүлдөрү” долбоору, лидери Нуриля САТВАЛДИЕВА.
  • Жалал-Абад облусу, Ноокен району, Сакалды АӨ, Чоң-Багыш айылы, “Балдар биздин келечегибиз” долбоору, лидери Мендигулова ШУКУРУНСА.
  • Жалал-Абад облусу, Ноокен району, Арал АӨ, Интернационал айылы, “Аялдар үчүн маалымат борбору” долбоору, лидери Гүлшайыр АКМАТОВА.
  • Жалал-Абад облусу, Ноокен району, Ноокен АӨ, Рахманжан айылы, “Бычуу жана тигүү окуу борбору” долбоору, лидери Гүлжамал КАДЫБАЕВА.
  • Ысык-Көл облусу, Түп району, Каркыра АӨ, Талды-Суу айылы, “Элеттиктер үчүн фитнес клуб ачуу” долбоору, лидери Анаркан ОСМОНБАЕВА.
  • Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Ананьево АӨ, Ананьево айылы, “Жашылча- жемиштерди кургатуу жана кайра иштетүү” долбоору, лидери Бурулуш КУДОЯРОВА.
  • Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Челпек АӨ, Челпек айылы, “Бала бакча үчүн видеобайкоо камералары” долбоору, лидери Евгения МИРОШНИЧЕНКО.
  • Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Ананьево АӨ, Ананьево айылы, “Жүндү үй шартында кайра иштетүү” долбоору, лидери Айзада АЙДАРКАНОВА.
  • Ысык-Көл облусу, Тоң району, Төрткүл АӨ, Төрткүл айылы, “Балдар аянтчасын көрктөндүрүү” долбоору, лидери Шайыгүл БЕКТУРОВА.
  • Ысык-Көл облусу, Тоң району, Төрткүл АӨ, Төрткүл айылы, “Аялдар үчүн машыгуу залы” долбоору, лидери Зоя УСУПОВА.
  • Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Бостери АӨ, Бостери айылы, “Жакшы жашоо үчүн тиккенди үйрөнөлү”, лидери Роза ОКТОБАЕВА.
  • Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Ак-Чий АӨ, Качыбек айылы, “Балдардын сергек эс алуусу” долбоору, лидери Эльмира СУЛТАНБАЕВА.
  • Ысык-Көл облусу, Түп району, Михайловка АӨ, Михайловка айылы, “Мектептеги эмгек сабагы үчүн фурнитурасы бар тигүү жабдууларын сатып алуу” долбоору, лидери Бактыгүл КОНУРБАЕВА.
  • Нарын облусу, Ат-Башы району, Казыбек АӨ, Кара-Булуң айылы, “Спорт аялдардын укуктарын жергиликтүү деңгээлде илгерилетүү жаатында прогрессти камсыз кылуучу каражат катары” долбоору, лидери Айчүрөк АБДАЛИЕВА.
  • Нарын облусу, Нарын району, Миң-Булак АӨ, Миң-Булак айылы, “Парктагы балдардын оюн аянтчасы” долбоору, лидери Ильяс ҮСӨНОВ.
  • Нарын облусу, Кочкор району, Кочкор АӨ, Большевик айылы, “Аялдарды колдоо борбору” долбоору, лидери Жумагүл КУРМАНБАЕВА.
  • Нарын облусу, Ак-Талаа району, Тоголок Молдо АӨ, Тоголок Молдо айылы, “Акылдуу ашкана” долбоору, лидери Сайрагүл СУЛТАНАЛИЕВА.
  • Нарын облусу, Ат-Башы району, Казыбек АӨ, Казыбек айылы, “Дени сак эне – күчтүү улут (фитнес-зал)” долбоору, лидери Сабийра ЖАПАРОВА.
  • Нарын облусу, Ак-Талаа району, Жаңы- Талап АӨ, Жаңы-Талап айылы, “Бала бакчага жабдууларды сатып алуу” долбоору, лидери Жеңишкүл МУРСАЛИЕВА.
  • Нарын облусу, Нарын району, Жерге-Тал АӨ, Кызыл-Жылдыз айылы, «“Мүрөк” ден соолукту чыңдоо клубун ачуу» долбоору, лидери Салыйка ТУРДАКУНОВА.

1 EGAP (Evidence in Governance and Politics) METAKETA V’нын “Аялдардын коомдук турмушка жамааттык катышуусун активдештирүү” долбоорун Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарында Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырууда. Долбоор чечим кабыл алуу процессине жарандардын, анын ичинде аялдар топторунун катышуусун кеңейтүүгө, өздөрү жашаган жамааттарды жакшыртуу аракетинде аялдар туш болгон шарттарды изилдөөгө багытталган.

Окшош материалы: