Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

БАЖБА жергиликтүү өнүгүү үчүн лидерлерди даярдап жатат

2023-10-02 / ЖӨБ Коалициясынын жаңылыктары
БАЖБА жергиликтүү өнүгүү үчүн лидерлерди даярдап жатат

Жаңылыктар түрмөгүн даярдагандар: Асел АКМАТАЛИЕВА жана Нургүл ЖАМАНКУЛОВА

“Башкаруу органдарына, жарандарга жана алардын бирикмелерине жергиликтүү өнүгүү боюнча актуалдуу жана практикалык билимдерди берүү” – Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясынын (БАЖБА) вазыйпасы. Бул академия Кыргыз Республикасынын жана Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү жана өркүндөтүү, муниципалдык кызматчылардын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын потенциалын күчөтүү максатында түзүлгөн.

2023-жылы да БАЖБА Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматчыларынын жана жергиликтүү кеңештеринин өкүлдөрүнүн квалификациясын жогорулатуу чөйрөсүндөгү ишин улантууда. Окутуу аудиториянын каалоосуна жараша онлайн да, офлайн да форматтарында жүргүзүлөт.

БАЖБА 2023-жылдын жаз жана жай айларында квалификацияны жогорулатуу курстарын жана программаларын уюштуруп, өткөргөн, ага Кыргызстандын жети облусунун ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүнөн 700гө жакын адам катышкан.

“Жергиликтүү кеңештин ишинин уюштуруучулук жана укуктук маселелери”, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы эмгек акы”, “Муниципалдык кызмат”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык- экономикалык негиздери”, “Жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана аткаруу”, “Бюджеттен тышкаркы каражаттарды (инвестицияларды) тартуу”, “Натыйжалуу муниципалдык башкаруу” темаларында квалификацияны жогорулатуу курстары өзгөчө популярдуулукка ээ.

“2023-жылы жергиликтүү кеңештин депутаттарынан окутууга суроо-талап пайда болду, алар бизге “Жергиликтүү кеңештин ишинин уюштуруучулук жана укуктук маселелери” темасында окутуу курсун өткөрүү өтүнүчү менен кайрылып, өз эсебинен төлөштү. Окуу Ысык-Көлдө өткөрүлөт, бардык чыгымдарды (жол акысы, тамактануу, жаткан жери үчүн) депутаттар өздөрү төлөшөт.

Академиядан билим алганга муниципалдык кызматчылар да келишет. Мисалы, Чүй облусунун Новопавловка айылдык аймагынын ЖӨБ органдары 25 адамга (айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине, жергиликтүү кеңештин депутаттарына жана жооптуу катчысына) “Натыйжалуу муниципалдык башкаруу” деген темада квалификацияны жогорулатуунун эки күндүк программасын өткөрүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Бул программа “Муниципалдык кызмат” жана “Жергиликтүү кеңештин ишинин уюштуруучулук жана укуктук маселелери” деген эки теманы камтыйт. 2021-жылдын 27-октябрындагы №125 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КР Мыйзамынын (2022-жылдын 18-январындагы №4, 2022-жылдын 6-июнундагы №41, 2023-жылдын 25-январындагы №14 КР Мыйзамынын редакциясына ылайык) 19-беренесине ылайык муниципалитет бардык чыгымдарды жергиликтүү бюджеттен төлөп берген”1– деди БАЖБАнын долбоорлор менеджери Айнура ЧАНДЫБАЕВА.

Кыргызстанда ЖӨБдүн муниципалдык кызматчыларынын квалификациясын жогорулатуу маселеси кыйла курч турат. Билимдин өсүш ыргагы ЖӨБ органдарынын кызматкерлеринин дээрлик 90% натыйжалуу иштөө үчүн жетиштүү билимге ээ болбогонун көрсөттү. Депутаттардын көпчүлүгү жергиликтүү кеңештердин чечимдерин кабыл алууда жана тариздөөдө, төраганын жана туруктуу комиссиялардын иш планын түзүүдө кыйынчылыктарга туш болуп жатышканын, жергиликтүү бюджеттен максаттуу акча бөлүү ченемдерин билбей бузуп алаарын белгилешти.

“БАЖБАнын курстарынан өтүп, биз бир нече максаттарга жете алдык. Биринчиден, өз функцияларыбызды жана ыйгарым укуктарыбызды жакшыраак түшүнө баштадык. Экинчиден, биз башка аймактардан келген депутаттар менен тааныштык. Окуу менен катар көл жээгинде эс алууга да болот. Мен мындай окуулар зарыл деп ишенем. Эгерде депутаттар билимин жогорулатса, анда аткаруу бийлиги менен иштөө натыйжалуу болот”, – деди Баткен облусунун Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы Куштарбек МАШРАПОВ.

БАЖБАнын курстарынын окуу модулдары теориялык бөлүктөн гана эмес, практикалык бөлүктөн да турат: окуу учурунда катышуучулар тажрыйба, маалымат алмашышат, чакан топтордо иштөө менен ар кандай тапшырмаларды аткарышат, ар кандай көйгөйлөрдү талкуулашат жана аларды чечүү жолдорун табышат, ошону менен алынган билимдерди бекемдешет. Ошондой эле көпчүлүк учурларда алар үйүнө өз иши үчүн зарыл болгон иш-аракеттер пландарынын жана программаларынын долбоорлору менен кетишет.

БАЖБА мындан ары да “Жергиликтүү кеңештин ишинин уюштуруучулук жана укуктук маселелери” курсун өткөрүүнү пландаштырууда. 2023-жылдын августунда эле 30дан ашык өтүнмө түштү. Жергиликтүү кеңештин депутаттары жана ЖӨБдүн кызматкерлери өз алдынча билим алуунун пайдасын көрүшөт жана өз квалификациясынын деңгээлин жогорулатууну каалашат.

1 19-берененин 9-пункту: “Кызматчыларды окутуу үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин каржылоо үчүн каралган каражаттардын бир пайызынан кем эмес эсепте бюджеттен финансылык каражаттар бөлүнөт. Окутуу мыйзамдарда тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен жүргүзүлүшү мүмкүн”.

 

Окшош материалы: