Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

№1 МАБдын короолорунда видеокөзөмөл камераларын орнотуу уурулукту 80 пайызга кыскартууга жардам берди

2023-02-28 / Чыр-чатактарды башкаруу
№1 МАБдын короолорунда видеокөзөмөл камераларын орнотуу уурулукту 80 пайызга кыскартууга жардам берди

Нургуль ЖАМАНКУЛОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун байланыш боюнча адиси

Бишкек шаарындагы Ош базарынын жанында жайгашкан №1 муниципалдык аймактык башкармалыгынын (МАБ) чегинде уурулуктун деңгээли жогору болчу – ай сайын батирлерден тиричилик техникасы, мобилдик телефондор, короодо токтоп турган унаалардын дөңгөлөктөрү, жайылган шейшептер, килемдер жана паластар уурдалган фактылар катталып турган. Баары бири-биринен шектенип отуруп, мунун натыйжасында тургундардын ортосунда чыр-чатак да көп чыкчу. Бул аймакта тынчтык жана ынтымак, андан да жакшы коңшулук мамилелер кыял бойдон калчудай сезилээр эле. 

№1 МАБдын Турак жай ээлеринин шериктештигинин (ТЭШ) төрагасы ОРОЗАЛИЕВ Жумалы ага ишенип берилген аймак үчүн жооптуу болуп, бул маселени кантип чечээрин билбей жүргөн. Дал ушул мезгилде ал “Ынтымактуу жашоо” деген символикалуу аталыштагы жаңы долбоор башталып жатканын угуп калат. 

“Ынтымактуу жашоо” долбоорунун Кыргызстандагы 25 пилоттук муниципалитетинин бири болуу менен  Бишкектен жалгыз биздин МАБ долбоорго киргенине абдан сыймыктанабыз! Себеби, дал ушул “Ынтымактуу жашоо” долбоорунун жардамы менен биз өз көйгөйүбүздү чече алдык жана буга чейин кыялыбызда гана болгон тынч жашоого жеттик”, - дейт ОРОЗАЛИЕВ Жумалы.

ОРОЗАЛИЕВдин жетекчилиги астында демилгелүү топ “Коопсуз короо” долбоордук өтүнмөнү даярдап чыккан, көп кабаттуу үйлөрдүн короолоруна видеокөзөмөл камераларын орнотуу долбоордун өзөгүн түзгөн. 

Долбоор колдоого алынгандан кийин, 2022-жылдын март айынын башында Бишкек шаарынын №1 МАБдын тургундары “Коопсуз короо” чакан долбоорунун күбөлөрү жана негизги бенефициарлары болуп калышты1

Ал “Ынтымактуу жашоо” долбоорунун алкагында бөлүнгөн гранттык каражаттардын эсебинен ишке ашырылган. Ошондо 2 көп кабаттуу турак үйдүн подъезддеринде 8 видеокамера орнотулган.

“Видеокөзөмөл камералары орнотулгандан кийинки үчүнчү күнү эле уурулуктун саны сезилээрлик азайганын көрдүк. Жада калса жашоочулар да өзүн башкача алып жүрө башташты, себеби баары алаканга салгандай эле көрүнүп калганын түшүнүштү. Ушул күнгө чейин биздин тургундардын жеке буюмдары уурдалган учурлар дээрлик 80 пайызга азайды. Мындан тышкары, ар кайсы жерлерге (короолордо) таштанды ыргыткандардын саны да кескин азайды! Биз “Ынтымактуу жашоо” долбоорунун Бишкектеги пилоттук “аралчасы” болгонубузга сыймыктанам – азырынча бир дагы ТЭШте видеокөзөмөл камералары жок. Бирок мен аларды орнотууну сунуштайм, себеби бул кылмыштуулуктун деңгээлин азайтууга, уурулукту болтурбоого жана жергиликтүү жамааттын арасында чыр-чатактын алдын алууга жардам берет”, - деди чакан долбоордун жетекчиси ОРОЗАЛИЕВ Жумалы.

Азыр ар бир подъезддин жанында жана ичинде камералар орнотулуп, негизги монитор үй башчынын батиринде жайгашкан.

Жетишилген жыйынтыктарды бекемдеп, бул багыттагы ишти андан ары улантуу максатында демилгелүү топ уурулукту алдын алууга, жергиликтүү тургундар арасында чыр-чатактарды болтурбоого багытталган бир катар иш-чараларды уюштуруп, өткөрдү. Биргелешкен аракеттер менен тургундардын жалпы чогулушу өткөрүлүп, жаштар арасында ыктыярдуу элдик кошуун (ЫЭК) уюштурулуп, анын курамы жана графиги бекитилди.

“Коопсуз короо” чакан долбоорунун жалпы суммасы 159 миң сомду түздү, анын ичинен 144 миң сому – “Ынтымактуу жашоо” долбоорунун гранттык каражаттары, 15 миң сому – жергиликтүү жамааттын салымы. Түз бенефициарлардын жалпы саны 600 адамды түздү.

____________ 

1  №1 МАБ – калкынын жалпы саны 36 003 адамды түзгөн (алардын ичинен аялдар – 47%, эркектер – 53%), Бишкек шаарынын түштүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан Ленин районунун 6 аймактык башкармалыгынын бири. №1 МАБдын базасында 12 кварталдык комитет, 49 үй комитети, 81 ТЭШ,  2 аксакалдар соту, 1 ардагерлер кеңеши бар.