Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Ынтымактуу жашоо” долбоорунун жыйынтыктары: Кыргызстандын 25 муниципалитетинде чыр-чатактар азайып, жамааттардын ынтымагы жакшырды

2023-02-28 / Чыр-чатактарды башкаруу
“Ынтымактуу жашоо” долбоорунун жыйынтыктары: Кыргызстандын 25 муниципалитетинде чыр-чатактар азайып, жамааттардын ынтымагы жакшырды

13-декабрда Бишкекте 25 жарандык коом уюмунун жана 25 муниципалитеттин арасында тынчтык демилгелерин ишке ашыруунун жыйынтыктары чыгарылды. Өлкө боюнча 25 райондогу тынчтык демилгелерин “Ынтымактуу жашоо” долбоору каржылаган. Бул долбоорду Европа Биримдигинин колдоосу алдында Өнүктүрүү саясат институту жана Улуттук медиация борбору менен биргеликте International Alert уюму ишке ашырып келет.

Иш-чарага ЖӨБ органдарынын, Европа Биримдигинин, КР БШКнын, КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин, КР Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комитеттин, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер жана жергиликтүү жамааттардын активисттери катышты.

Кыргыз Республикасынын 25 муниципалитетинде КЭУ жана ЖӨБ органдары тарабынан ишке ашырылган 25 уникалдуу тынчтык демилгеси чыр-чатактардын алдын алууга, ЖӨБдүн кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүктү жакшыртууга, этностор аралык толеранттуулукту жана социалдык биримдикти чыңдоого көмөк көрсөттү. Бул жарандык коом менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ийгиликтүү биргелешкен ишинин натыйжасы болду. Жолугушуунун жүрүшүндө долбоордун катышуучулары чыр-чатак потенциалын азайтуу боюнча өз ишинен алынган пайдалуу сабактар жана тажрыйба менен бөлүшүштү.

“Биздин долбоордун маанилүү жетишкендиги – бул Кыргызстандын булуң-бурчунда жарандык коом уюмдары менен ЖӨБ органдарынын тыгыз байланышы. Айрым уюмдар, мисалы, альянстарга биригип, аймактык деңгээлде кызматташтык жөнүндө меморандумдарга кол кое башташты. Биз ар кайсы аймактардагы жарандык коомдун өкүлдөрү бири-биринен билим алышы үчүн, ошол эле учурда өздөрүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен байланышта болушу үчүн ушундай жолугушууларды уюштуруп турабыз”, – деп белгиледи International Alert уюмунун Борбордук Азия боюнча директору Шакират ТОКТОСУНОВА.

«“Ынтымактуу жашоо” долбооруна катышкан муниципалитеттер чыр-чатактарды башкаруу чөйрөсүндө таасирдүү жыйынтыктарга жете алышты, себеби бул маселенин табияты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жакын жана түшүнүктүү. Алар күн сайын бир эле маалда ар кандай топтордун маселелерин жана көйгөйлөрүн чечүүгө аракет кылып, чыр чыгышы ыктымал болгон шарттарда иштейт. Долбоор ишке ашырылгандан кийин эмнелер калаары, жыйынтыктардын туруктуулугу кантип жана эмнелерде билинээри биз үчүн абдан маанилүү. Чыр-чатактарды башкаруунун муниципалдык пландарын; жергиликтүү бюджеттен каржыланган жергиликтүү демилгенин механизмин киргизүү; чыр-чатактарды башкаруу боюнча маалыматтык борборлор аркылуу биз ЖӨБ органдарына чыр-чатакты башкаруу үчүн адамдык, институционалдык жана физикалык ресурстар түрүндө “инфраструктураны” түзүүгө жардам бердик. Ошондой эле ЖӨБ органдары чыр-чатактар менен иштөөнүн жаңы формаларын улантып же киргизе баштаганы да маанилүү», – деди Өнүктүрүү саясат институтунун башкаруу төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА.

“Биз чыр-чатактарды жана алардын курчтугун азайтууга олуттуу таасир көрсөтүүгө жөндөмдүү медиаторлор институтун жергиликтүү жамааттардын жашоосуна тереңирээк киргизе алдык. Долбоор медиация кызматын колдоду, ал эми медиаторлор 25 жергиликтүү жамаатта бир топ чыр-чатакты чечүүгө жетишип, жергиликтүү жамаатты колдошту. Ошондой эле ЖӨБ органдары жана КЭУлар медиаторлордун мүмкүнчүлүктөрү жана алар менен биргелешип иштөөнүн артыкчылыктары жөнүндө көбүрөөк билип калганы да абдан маанилүү”, – деп эсептейт Кыргыз Республикасынын Улуттук медиация борборунун программалык директору Гулсина КОЖОЯРОВА.