Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Эмне үчүн ЖӨБ органы чыр-чатактардын алдын алуу менен алектенүүгө тийиш? Макул жана каршы пикирлер

2023-02-28 / Чыр-чатактарды башкаруу
Эмне үчүн ЖӨБ органы чыр-чатактардын алдын алуу менен алектенүүгө тийиш? Макул жана каршы пикирлер

Алтынай БУЗУРМАНКУЛОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун долбоорлорунун менеджери

Чыр-чатак түшүнүгү эки же андан көп адамдын таламдары кагылышкан жерде чыр-чатак сөзсүз боло турганын билдирет. Бул чыр-чатактардын бардыгы тигил же бул муниципалитеттин аймагында болуп жаткандыктан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, мэрияга, шаардык кеңешке же айыл өкмөтүнө же жергиликтүү кеңешке түздөн-түз тиешелүү болот. Бир караганда, ЖӨБ органдарынын тиешеси болбогондой сезилиши мүмкүн. Мэриянын коңшулар, кызматкерлер, жаштар жана улуу муундар, бизнес жана жергиликтүү тургундардын ортосундагы чыр-чатакка кандай тиешеси бар? Бирок, негизги катышуучулардын ортосунда чыр-чатак, түшүнбөстүк жана ачык тирешүү пайда болгондо, алар кайрылган биринчи расмий жак – бул ЖӨБ органы. 

Мисалы, сугат суусун бөлүштүрүүдөн улам келип чыккан чыр-чатактар, аймакты көрктөндүрүү жана коомдук мүлктү бузуу, эки башка айылдын жаштарынын ортосундагы чыр-чатактар – мунун баары ЖӨБ органдарынын күнүмдүк иши. Талаш-тартыштарды өз ара таарынычсыз, жемелебестен жана ачык тирешүүсүз, башында эле токтотуп калса жакшы болмок. Бирок суунун жетишсиздиги жана аз түшүм калктын нааразылыгын жаратып, ал эми кызматкерлер менен кесиптештердин пикир келишпестиги ишке бут тосуп жатса, эмне кылуу керек? Пайда болгон көйгөйлөрдү кантип чечсе болот жана негизги суроо, аларды алдын алууга болобу?

ЖӨБ органы чыр-чатак менен иштөөдө бул башкаруучулук принцип экенин эстен чыгарбашы керек. Ачык-айкындуулук жана адилеттүүлүк менен катар, коом бийликке чыр-чатактын келип чыгуу мүмкүнчүлүгүн эске алып, анын ыктымалдуулугун азайтып, башкача айтканда, чыр-чатакка аяр мамиле жасаган башкарууну жүзөгө ашыруу талабын коет. Жөнөкөй сөз менен айтканда, ЖӨБ органынын ар бир жетекчиси же кызматкери өз ишинин ар бир этабында чыр-чатактын ыктымалдуулугун эстен чыгарбашы керек – бул иш жүзүндө компетенттүү жана жооптуу ЖӨБ органдарынын ишинде байкалып турат.

Чыр-чатактарды башкаруу карама-каршы жыйынтыктарга алып келиши мүмкүн: бул чыр-чатактын алдын алат же чече алат, ошол эле маалда күчөшүнө алып келип, тутандырышы ыктымал. ЖӨБ органдары чыр-чатакты башкаруунун биринчи жыйынтыгына кызыкдар экени айкын. 

Жергиликтүү маанидеги маселелердин алкактарында ЖӨБ органдарынын ыйгарым укуктары тигил же бул даражада талаш-тартыштардын пайда болуу же токтотуп калуу мүмкүнчүлүгүнө тикелей же кыйыр түрдө таасир этет, себеби жергиликтүү жамааттагы жашоо шарттары – чыр-чатактарга алып келүүчү себептердин көпчүлүгү пайда болгон чөйрө менен түздөн-түз байланышта болот. Бирок, ЖӨБ органында тигил же бул чыр-чатакка таасир этүү мүмкүнчүлүктөрү мыйзамдарда белгиленген укуктарга жана мүмкүнчүлүктөргө жараша ар кандай болушу мүмкүн. Мисалы, үй-бүлөлүк чыр-чатак болгон учурда ЖӨБ органы чырдашкан жубайларды ажырата албайт же балдар менен чыр-чатакта ата-энесинин ордун алмаштыра албайт, бирок ЖӨБ органы эс алуу жана маданият чөйрөсүндө иш-чараларды уюштуруу менен үй-бүлөнү бекемдөө үчүн шарттарды түзө алат, үй-бүлөлөрдүн ичиндеги жеке өз ара мамилелерди жакшыртуу менен чыр-чатактардын алдын алат.

Чыр-чатактын кесепеттерин чечкенден көрө, анын алдын алган жакшы. Ошондуктан ЖӨБ органдарына чыр-чатактын алдын ала таанып, аны башкара билүү абдан маанилүү.

Чыр-чатактарды болтурбоо, талаш-тартыш кырдаалдарды чечүү ЖӨБ органынын жергиликтүү маанидеги иштерине түздөн-түз кирбегендигине карабастан, бул алардын мамлекеттик ыйгарым укуктары болбогонун эске алсак да, муниципалитеттерде бул иш үзгүлтүксүз, атүгүл күн сайын жүргүзүлүп турат. Ресурстарга байланышкан талаш-тартыштарды чечүү аракетинде жер маселелери боюнча адис тургундар менен жолугушат, ТСКАКБ жана СПАнын өкүлдөрү ичүүчү жана сугат суусун берүү маселесин жөнгө салууга аракет кылышат. Айыл өкмөтүнүн башчысы жергиликтүү кеңештин депутаттарына пайдаланылган бюджеттик каражаттар жөнүндө отчет тапшырып, тургундарга маалымат берет. 

ЖӨБ органдары чыр-чатактарды чечүү үчүн көп күч-аракет жумшаганы менен, көп учурда алардын аракеттери жаралган көйгөйлөрдү чечүү принцибине ылайык кесепеттерди жоюуга багытталган. Бирок бул канчалык туура жана натыйжалуу? ЖӨБ органынын чыр-чатакты башкаруу боюнча иши туруктуу жана аң-сезимдүү болуп, ал ЖӨБ органынын ишинин туруктуу элементи, темасы болуп калуусу маанилүү.

Бул иш-чараларды бардык эле ЖӨБ органдары пландуу негизде туруктуу өткөрүп турушпайт. Көбүнчө алардын аракеттери чыр-чатактын кесепеттерин жоюуга багытталат, түшүнбөстүктөр жана талаш-тартыштар пайда болгондо чаралар өзүнөн-өзү кабыл алынат. Мисалы, улуттук негизде жаштар арасында жаңжал чыкты дейли. Айыл өкмөтү элдердин достугунун фестивалын, диаспоралардын көргөзмөлөрүн өткөрө баштайт. Же дагы бир мисал, “депутаттар шайлоочулардын кызыкчылыктарын коргобойт, өз айылынын маселелерин көтөрбөйт жана ишенимди актабайт” деген дооматтар коюлуп, талаш-тартыштар жана нааразычылыктар башталды дейли. Ошондо жергиликтүү кеңеш кезексиз сессияны чакырып, жарыяларды таратып, депутаттар жыйналыштарда эмнени талкуулап жатканын өздөрү көрүп жана угушу үчүн тургундарды катышып кетүүгө чакыра баштайт. Албетте, жергиликтүү бийлик нааразылыктын учкуну тутана баштаганын көрүп, талашты мүмкүн болушунча чечүүгө аракет кылганы жакшы. Бирок муну алдын алууга болот беле? Кийинки жылга план түзүп койсо туура болоор беле? Иш-чараларды көрсөтүп, мөөнөттөрдү белгилеп, кимдер жооптуу болгонун, качан жана эмнелерди жасай турганын айтса болот беле? Албетте, болмок. Чыр-чатакты башкаруу боюнча иш пландуу, туруктуу болушу керек. ЖӨБ органынын ар кандай иш-аракетин пландаштырууда чыр-чатактын болушу мүмкүндүгүн эске алуу зарыл. 

“Укук коргоо органдары жарым-жартылай аткарып жаткан ишти эмне үчүн ЖӨБ органдары өзүнө кошумча алышы керек?” деген суроо пайда болот. Жергиликтүү бийликтин түйшүгү ансыз деле жетиштүү: айыл өкмөтүнүн имаратынын абалы кейиштүү, бала бакча жылытылбай турат, таза суу тартыш – мына ушундай күнүмдүк түйшүктөр өтө көп. Бирок, калктын мындай күнүмдүк муктаждыктары эртеби-кечпи чыр-чатактарга алып келет: бери дегенде тургундар дооматтарын айтып кала беришет, ал эми кырдаал курчуп кетсе, митингдер, акциялар башталып, адамдар менен бийлик органдарынын ачык тирешүүсүнө алып келет. 

Эмне үчүн ЖӨБ органдары чыр-чатактар менен иштеши керектигин түшүндүрүп бергенге аракет кылалы.

Ошол эле учурда чыр-чатак биротоло жок кылууга боло турган жана муну жасаш керек болгон көрүнүш деп айтууга болбойт. Тескерисинче, чыр-чатак өнүгүүнүн жана прогресстин кыймылдаткычы. Ооба, бул күн сайын туш болгуң келген нерсе эмес, бирок талаш-тартыштар жана нааразычылыктар пайда болгондо бийлик органдары жана тургундар көтөрүлүп жаткан маселеге көңүл бура башташат. Сугат суунун тартыштыгына байланыштуу коңшулар ортосундагы чыр-чатактын келип чыгышынан улам тургундар ишембиликтерди өткөрүп, арыктарды тазалай башташат, ата-энелер эмне үчүн балдар аянтчалары жана коомдук эс алуу жайлары жок экенин талкуулашат, бул маселеге бийликтин көңүлүн буруп, инвесторлорду издей башташат, марафондорду өткөрүп, жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышат.  

Чыр-чатак – бул көйгөй тууралуу берилген белги гана эмес, бул аны чечүү мүмкүнчүлүгү. Ошондуктан ЖӨБ органынын башкы милдети – чыр-чатакты адамдардын энергиясын жок кылууга эмес, жаратууга багыттай тургандай башкаруу.

1-таблица. ЖӨБ органынын чыр-чатактарды башкаруу боюнча ишине “МАКУЛ” жана “КАРШЫ” жүйөлөр

ЖӨБ органдарында чыр-чатактарды башкаруу боюнча пландуу иштин жоктугунун кесепеттери ЖӨБ органдарынын чыр-чатактарды башкаруу боюнча жөнгө салынган пландуу иштин артыкчылыктары
Экономика
Экономиканын төмөндөшү – чыр-чатактар көп болгон жамааттарда экономиканы өнүктүрүү үчүн шарттар да болбойт. Бийлик менен жашоочулардын, бийликтин жана бизнестин тынымсыз тирешүүсү инвесторлорду кооптондуруп, жагымсыз климатты жаратат жана иштеп жаткан бизнести жабууга же жер которууга мажбурлайт.  Экономикалык өсүш. Жагымдуу инвестициялык чөйрө, чыр-чатактарды ыкчам чечүү жана жамааттардагы позитивдүү маанай ишкерлерди жана инвесторлорду өзүнө тартып, муниципалитетте өзүн ишенимдүү сезүүгө, мындан улам узак мөөнөттүү бизнес курууга жардам берет.
Коом
Социалдык көйгөйлөр – коммерциялык ишканалар-дын жана чакан-орто бизнес субъекттеринин жабылышы жумушсуздукту жаратат, калктын жашоо деңгээли төмөндөйт, нааразычылык күчөйт, мунун натыйжасында кылмыштуулуктун деңгээли да өсөт. Өнүгүп келе жаткан бизнес жаңы жумуш орундарын камсыздайт жана жашоочулардын келечекке болгон ишенимин арттырат, бул болсо тынчсыздануу сезимин азайтат.
Айлана-чөйрө
Экологиялык көйгөйлөр жана начар турмуш шарттары – жамааттын тургундарынын арасында, калктын жана бийликтин ортосунда көп пикир келишпестикти жаратып, чыр-чатактар көбүнчө жапырт демонстрацияларга, митингдерге, кээде ачык кагылышууларга өтүп кетет. Бул болсо коомдук мүлктүн бузулушуна, көрктөндүрүү объекттеринин – отургучтардын, көчө чырактарынын, гүлзарлардын бузулушуна, ошондой эле таштандылардын жана калдыктардын топтолушуна алып келет. Айылды көрктөндүрүү, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча биргелешкен аракеттерди көрүүгө мүмкүн болбой калат. Бийлик органдарынын өз убагында жасаган реакциясы жана чыр-чатактуу кырдаалды башкара билүүсү мындай кагылышуулардын жана жапырт башаламандыктардын алдын алат. Муниципалитеттин мүлкү бүтүн калат. Мындан тышкары, ишеним жогорку деңгээлде болуп, бийлик менен калк бир пикирге келсе, коомдук пайдалуу иш-чараларды – ишембиликтерди, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин жасаса болот, тургундардын жашоосун оңдоого багытталган көптөгөн башка долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүн болот.