Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ынтымактуу жашоо: Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарындагы чыр-чатактарды башкаруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн практикалык колдонмо

2023-02-28 / Чыр-чатактарды башкаруу
Ынтымактуу жашоо: Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарындагы чыр-чатактарды башкаруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн практикалык колдонмо

Чыр-чатактарды башкара билүү – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБ) ар бир жетекчиси жана кызматкери үчүн милдеттүү көндүм. Бул жетекчилер жана кызматкерлер дайыма чыр-чатактуу чөйрөдө иш алып барууга аргасыз болушат жана бийликтин биринчи линиясында тургандыктан, чыр-чатактын катышуучулары адегенде ушуларга кайрылышат. Коммерциялык эмес уюмдар (КЭУ) чыр-чатактарды башкаруу процессинин негизги катышуучусу болуп саналат, себеби алар чыр-чатактын кесепеттеринен жапа чеккен топтордун кызыкчылыктарын көздөшөт. “Ынтымактуу жашоо” колдонмосу ЖӨБ органдарына жана КЭУларга чыр-чатактарды башкаруу боюнча негизги билимдерге жетүүгө мүмкүндүк берет, чыр-чатактарды башкаруу боюнча процесстин катышуучуларынын ишинин ролун жана укуктук негиздерин, чыр-чатактын потенциалын талдоо процесстерин, өнөктөштөрдүн механизмдерин жана чөйрөсүн ачып берет.

Бүгүнкү күндө чыр-чатактарды жөнгө салуу жана талаш-тартыштарды чечүү процессинде натыйжалуу өнөктөш болууга жөндөмдүү медиаторлор институту жөнүндө маалымат ЖӨБ үчүн да, КЭУ үчүн да салыштырмалуу жаңы көрүнүш болууда. Колдонмо практикалык мүнөзгө ээ жана чыр-чатакты башкаруу боюнча иш-аракеттерди пландаштыруу боюнча сунуштамаларды; көп кездешүүчү суроолорго жоопторду; реалдуу пландардын мисалдарын, глоссарийди; маалыматтын кошумча булактары катары интернет-шилтемелерди жана QR-коддорду камтыйт. Бул шилтемелер окурмандарды пайдалуу документтердин толук тексттерине, анын ичинде ченемдик укуктук актыларга жана окуу материалдарына багыттайт.

Колдонмо муниципалдык кызматчыларга, жергиликтүү кеңештердин депутаттарына, КЭУ өкүлдөрүнө, жергиликтүү жамааттардын активисттерине, ошондой эле башка кызыкдар жактарга даректелет. Колдонмо “Ынтымактуу жашоо” долбоорун ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча иштелип чыкты (долбоор 2021-жылдын апрель айынан 2022-жылдын декабрь айына чейин ишке ашырылган). Долбоорду Европа Биримдиги каржылап, International Alert уюмунун Кыргыз Республикасындагы Жергиликтүү өкүлчүлүгү “Өнүктүрүү саясат институту” Коомдук бирикмеси жана “Улуттук медиация борбору” Коомдук бирикмеси менен консорциумда ишке ашырды. Европа Биримдиги каржылаган “Ынтымактуу жашоо” долбоору чыр-чатактардын алдын алуу, шайлоодон кийинки процессте укук тартибин колдоо боюнча жигердүү жаштарды, жарандык коомду жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын колдоого, ошондой эле Кыргызстандын тандалган 25 жеринде чыр-чатактардын алдын алуу үчүн медиация көндүмдөрүнө окутууга жана жергиликтүү демилгелерди колдоого багытталган. Долбоордун максаты – тынчтыкка багыт алган күчтүү жарандык коомду түптөө жана чыр-чатактарды болтурбоо боюнча жергиликтүү бийлик органдарынын ыйгарым укуктарын натыйжалуу ишке ашыруу.

Чыр-чатак – бул күнүмдүк көрүнүш

“Ынтымактуу жашоо” колдонмосунун негизги идеясы – чыр-чатакты күтүлбөгөн жана өзгөчө нерсе катары терс көз караш менен гана карабаш керек. Тескерисинче, чыр-чатак – бул өнүгүп келе жаткан коомго мүнөздүү болгон кадыресе жана күнүмдүк көрүнүш. Адамдар өзүнө, жакындарына жана алар жашаган коомго карата ар кандай көз караштарды, кызыкчылыктарды жана позицияларды кармангандыктан чыр-чатактар пайда болот. Ошентип, чыр-чатак коомдун өнүгүүсүнүн негизги шарттарынын жана факторлорунун бири болуп саналат, ал ар кандай жагдайларда жаратман да, кыйратуучу да, жок кылуучу да ролду ойной алат. Ар бир коомдо, ар кандай жана көбүнчө бири-бирине карама-каршы келген мамилелердин жана көз караштардын кагылышуусу туруктуу негизде болуп турат, бул коомдун өнүгүшүнө жана алдыга жылышына шарт түзөт.

Бул колдонмонун актуалдуулугу жергиликтүү жамааттардын таасиринин чегинде турган көптөгөн чакырыктарга жана көйгөйлөргө таянат жана коомдо тынчсыздандырган жана чыңалган маанайды жаратып, эски чырлардын жанданышына жана жаңыларынын пайда болушуна өбөлгө түзөт. Ар кандай процесстер адамдардын жашоосуна терс таасирин тийгизет: пандемия жана анын кесепеттери, чек аралардын жабылышы; климаттын жана айлана-чөйрөнүн өзгөрүшү; саясий туруксуздук жана коомдун саясатташуусу; жакырчылыктын өсүшү жана байлар менен жакырлардын ортосундагы ажырымдын көбөйүшү, турукташтыруучу чараларга бюджеттик каражаттардын тартыштыгы. Мунун баары чыр-чатактарга алып келиши мүмкүн жана жарандарды да, жалпысынан жамаатты да тынчсыздандырат. Ошону менен катар тынчтыкты сактоо процессинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары – ЖӨБ органдары) маанилүү ролду ойной алат жана ойноого тийиш, алардын милдети жаңжалдашкан тараптарды ынтымакка чакыргандан тышкары, тынчтыктын жана ынтымактын тарапкерлерин табуу. ЖӨБ органдары бул иштерди координацияланган биргелешкен аракеттер менен жаңжалдардын себептерине мониторинг жүргүзүп, аларды болтурбоо жана чечүү боюнча өз убагында чараларды көрүү аркылуу жасай алышат. Бул ишти натыйжалуу жүргүзүү үчүн чыр-чатактар кандай факторлордун таасири астында, кандай көйгөйлөрдүн негизинде пайда болоорун жана кырдаалды башкаруу үчүн кандай билим керек экендигин түшүнүү зарыл.

Чыр-чатакты башкарыш керек

Чыр-чатак кыйратуучу таасирин тийгизгенге караганда өнүгүүгө көбүрөөк жардам бериши үчүн чыр-чатак менен туруктуу жана мазмундуу иш алып баруу керек, башкача айтканда жаңжалдашкан тараптар тил табышып, чырды чече тургандай кылып, кризистен тынчтык жана ырааттуу жол менен чыгууну камсыз кылып, чыр-чатакты башкара билүүгө тийиш. Чыр-чатакка карата терс, радикалдуу жана натыйжасыз мамиле болгон учурда, ал зордук-зомбулук жана көзөмөлсүз мүнөзгө ээ болуп, коомду кыйратуучу жана узакка созулган тирешүүгө, жапырт башаламандыкка жана зомбулукка алып келиши мүмкүн. Бул көз караштан алганда, зомбулук колдонулган чыр-чатактардын көбү жаңжалдашкан тараптар да, ортомчулар да колдонгон туура эмес чечимдердин жана башкаруу ыкмаларынын натыйжасы болуп саналат.

Көйгөйлөр, суроолор жана чыр-чатактуу кырдаалдар пайда болгондо тургундар дал ушул ЖӨБ органдарына биринчи кезекте кайрылышат. Алар адатта жарандардын нааразычылыгынын объектиси болуп, чыр-чатактын тарабы да болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан чыр-чатактарды башкара билүү – ЖӨБ органдарынын ар бир жетекчиси жана кызматкери үчүн милдеттүү көндүм. Ички туюму менен муниципалдык жетекчилер жана кызматчылар күнүмдүк ишинде чыр-чатактын факторлорун дайыма эске алышат. Жергиликтүү бюджетти бөлүштүрүп, тургундар менен чогулуштарды өткөрүп, коммуналдык кызмат көрсөтүүчүлөрдү көзөмөлдөө менен ЖӨБ органдары дайыма нааразылыктын деңгээлин төмөндөтүүгө, талаш-тартыштарды жана агрессияны болтурбоого умтулушат. Бирок жыйынтык ЖӨБ органдарын дайыма эле канааттандыра бербейт, себеби чыр-чатакты натыйжалуу башкаруу билимди, ыкмаларды жана аспаптарды колдоно билүү көндүмдөрүн, ошондой эле кырдаалды үзгүлтүксүз пландаштырууну жана мониторинг жүргүзүүнү талап кылат. Коммерциялык эмес уюмдар (мындан ары – КЭУ) да чыр-чатактарды башкаруу процесстеринин негизги катышуучулары болуп саналат, себеби алар адатта эң аярлуу топтордун кызыкчылыктарын көздөгөндөн тышкары, чыр-чатактарды башкаруу боюнча ишке инновациялык ыкмаларды жана идеяларды киргизүүгө, натыйжалуу долбоордук мамилелерди колдонууга, ресурстарды мобилизациялоого жана жамаатты бириктирүүгө жөндөмдүү. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттары үчүн өзгөчө актуалдуу болгон жаштардын чыр-чатактарын жөнгө салууда КЭУлар, анын ичинде жаштар уюмдары зор роль ойношот.

“Ынтымактуу жашоо” колдонмосу эмне үчүн керек?

Кыргыз Республикасынын 25 жергиликтүү жамааты жана ЖӨБ органдары менен ишти баштап жатып, “Ынтымактуу жашоо” долбоору жана ушул колдонмонун авторлору ЖӨБ органдары, КЭУлар жана жергиликтүү өнүгүү боюнча башка өнөктөштөр кандай билимге муктаж экендигин иликтеп чыгышты. Бул муктаждыктарды канааттандырып, ЖӨБ органдарына жана КЭУларга чыр-чатактарды башкаруу боюнча базалык билимдерге жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча ушул колдонмо иштелип чыккан. Колдонмодо жергиликтүү жамаатта чыр-чатактарды башкаруу боюнча процесстин катышуучуларынын ишинин ролу жана укуктук негиздери, чыр-чатактын потенциалын талдоо жана пландаштыруу процесстери аныкталган, ошондой эле чыр-чатактарды башкаруу процессиндеги механизмдер жана өнөктөштөрдүн чөйрөсү сүрөттөлгөн. Бүгүнкү күндө чыр-чатактарды жөнгө салуу жана талаш-тартыштарды чечүү процессинде натыйжалуу өнөктөш болууга жөндөмдүү медиаторлор институту жөнүндө маалымат ЖӨБ үчүн да, КЭУлар үчүн да салыштырмалуу жаңы көрүнүш болууда.

Колдонмо практикалык мүнөзгө ээ, ЖӨБ органдары жана КЭУлар үчүн чыр-чатакты башкарууда оперативдүү “жардамчы” болуп бере алат. Колдонмо чыр-чатакты башкаруу планы, жаңжал ыктымалдуулугун баалоо матрицасы сыяктуу чыр-чатактарды башкаруунун практикалык аспаптарын берет; чыр-чатактарды башкаруу боюнча ЖӨБ органдарынын иш-аракеттер пландарынын практикалык мисалдарын; чыр-чатакты башкаруу боюнча ишти пландаштыруунун формасын тандоо боюнча сунуштарды камтыйт. Бул ишти пландаштырууга жана каржылоого арналган бөлүм өзгөчө маанилүү болуп саналат, ал иш-чаралардын тизмесин иштеп чыгууга, каржылоо булактарын аныктоого жардам берет, ошондой эле бюджеттик классификациялоонун талаптарын эске алуу менен планды бюджетте кантип чагылдырса болоорун көрсөтүп берет. Чыр-чатактарды башкаруу боюнча иштерди пландаштыруу процессинде пайда болгон суроолорго жооптор, реалдуу пландардын мисалдары практикалык мааниге ээ. Процесстерди жакшыраак түшүнүү үчүн колдонмо чыр-чатактарды башкаруу чөйрөсүндөгү негизги терминдердин жана аныктамалардын тизмесин камтыйт (глоссарий). 

Колдонмо өтө жөнөкөй түзүлгөн, себеби бөлүмдөрдүн аталыштары суроолор түрүндө түзүлгөн жана окурман аны кызыктырган суроого жооп катары керектүү маалыматты оңой эле таба алат. Колдонмо кошумча маалымат булактарына жол көрсөтүп берет, себеби анда активдүү Интернет-шилтемелери бар (колдонмонун электрондук версиясынын пайдалануучулары үчүн) жана QR-коддор (колдонмонун кагаз версиясынын пайдалануучулары үчүн), алар окурмандарды пайдалуу документтердин толук тексттерине, анын ичинде ченемдик укуктук актыларга жана кошумча окуу материалдарына даректейт. 

Колдонмо толук эмес жана конфликтология боюнча окуу китеби болуп саналбайт. Бул ЖӨБ органдарына жана КЭУларга чыр-чатак темасы боюнча баштапкы маалыматтарды алууга жана чыр-чатакты башкаруу боюнча өз ишин жакшыраак уюштурууга, ошондой эле өнөктөштөр менен натыйжалуу байланыш түзүүгө мүмкүндүк берген практикалык документ. Мындан ары ушул чөйрөдө билимди тереңдетип, көндүмдөрдү өркүндөтүү талап кылынат, ал ар кандай жолдор менен уюштурулушу мүмкүн, анын ичинде кошумча билим берүү, квалификацияны жогорулатуу, тажрыйба алмашуу да бар. Ошондой эле чыр-чатакты натыйжалуу башкаруу үчүн тиешелүү чектеш билим жана көндүмдөр, анын ичинде натыйжалуу коммуникация жана көп тараптуу өнөктөштүктү түзүү көндүмдөрү керек экендигин түшүнүү зарыл; жаңылыктарды түзө билүү, жамаатка сабаттуу маалымат берүү жана маалыматты манипуляциялоо тобокелдигин башкаруу; презентация көндүмдөрү жана жаңжал учурунда чырдашкан тараптар менен байланыш түзө билүү ж.б. керек.

Корутундунун ордуна

“Ынтымактуу жашоо” долбоорунун жетекчилери жана колдонмонун авторлору бул документ ЖӨБ органдарына, КЭУларга жана башка кызыкдар тараптарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарында тынчтыкты курууда, ынтымакка жетүүдө жана чыр-чатакты башкарууга жардам берет деген үмүтүн билдиришет. Ар бир жергиликтүү жамаат уникалдуу, социомаданий жана тарыхый кайталангыс өзгөчөлүктөргө, өзүнүн элементтерине, каада-салттардын, баалуулуктардын, адамдардын жашоо образынын өзгөчөлүгүнө ээ. Бүткүл дүйнө сыяктуу эле, жергиликтүү жамааттар да көйгөйлөрдүн жана чакырыктардын алдында алсыз болушу мүмкүн. Бирок жергиликтүү жамааттын ар бир мүчөсү тынч, чыр-чатаксыз чөйрөдө, толук моралдык жана физикалык коопсуздукту сезип жашоону каалайт, буга биз чогуу салым кошо алабыз.