Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын Клубунун катышуучулары үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу комитеттеринин ишин уюштуруу тажрыйбасы менен бөлүштү

2022-09-19 / Аялдардын ЖӨБгө катышуусу

2022-жылдын 27-июль күнү Жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын клубу ZOOM платформасында айыл өкмөтүнө караштуу Үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу боюнча комитеттерди (ҮЗАК) түзүү маселелерине арналган онлайн-семинар өткөрдү.

Катышуучулар Жоош айыл өкмөтүнүн (Ош облусу) жана Москва районунун (Чүй облусу) Үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу боюнча комитетин түзүү жана натыйжалуу иштөө тажрыйбасы менен тааныша алышты. Презентациялар кызыктуу жана практикалык болуп, конкреттүү иш-чаралар жана жыйынтыктар жөнүндө баяндап берди. Презентациялардан кийин ҮЗАКты түзүү жана анын иши боюнча катышуучуларда баяндамачыларга практикалык мүнөздөгү көптөгөн суроолору жаралды. Иш-чара саат 20.00дөн 22.00гө чейин өттү.

ҮЗАКтын эки ийгиликтүү иш тажрыйбасы каралды: 

  • Жоош ААнын Үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу боюнча комитетин түзүү практикасы. ҮЗАКтын иши: көйгөйлөр, жыйынтыктар, пландар. Баяндамачы: Жоош айылдык кеңешинин депутаты, Аял депутаттар клубунун мүчөсү Авазкан ОРМОНОВА;
  • Беловодск ААнын Үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу боюнча комитетти түзүү практикасы. ҮЗАКтын иши: көйгөйлөр, жыйынтыктар, пландар. Баяндамачы: Беловодск айылдык кеңешинин депутаты, Аял депутаттар клубунун мүчөсү Элеонора СЫЙДАНОВА.

Презентациялар кызыктуу жана практикалык мүнөздө өтүп, конкреттүү иш-чаралар жана жыйынтыктар тууралуу сөз болду. Баяндамачылар ҮЗАКтын зомбулуктун курмандыктарына берген жардамынын конкреттүү мисалдарын келтиришти. Презентациялардан кийин ҮЗАКты түзүү жана анын иши боюнча катышуучуларда баяндамачыларга практикалык мүнөздөгү көптөгөн суроолору пайда болду. Атап айтканда, катышуучуларды зомбулуктун алдын алуу боюнча иштин төмөнкү өзгөчөлүктөрү кызыктырды: 

  • зордук-зомбулуктан жабыркагандардын бардыгында эле смартфон жана интернет боло бербейт, кээде алар телефон чалгандан да коркушат. Мына ушундай учурда аларга психологиялык жардам көрсөтүү процессин кантип уюштуруш керек?;
  • жергиликтүү бюджеттен каржылоону эске алуу менен социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду, мисалы, ҮЗАКтын ишмердүүлүгү боюнча сунуштарды киргизүү мөөнөттөрү кандай?;
  • ҮЗАКтын профилактикалык ишинин алкагында ийгиликтүү иш-чаралардын кандай мисалдары бар?;
  • ҮЗАКты жергиликтүү бюджеттен каржылоонун суммасы кандай? Мисалы, 150 000 сом өлчөмүндөгү сумма канчалык жетиштүү?

Катышуучулар жергиликтүү кеңештердин депутаттары өз ыйгарым укуктарынын алкагында ҮЗАКка кайрылган зомбулуктун курмандыктары юридикалык, психологиялык, социалдык жана колдоонун башка түрлөрүн алышы үчүн тиешелүү түзүмдөргө багыттай ала тургандыгын талкуулашты. ҮЗАКтын алдын алуу иштери айыл аймагында жашаган үй-бүлөлөргө туруктуу мониторинг жүргүзүүнү камтышы мүмкүн, мисалы, диний фундаментализм орун алган үй-бүлөлөрдө кыздардын билим алууга, татыктуу жашоо шарттарына, үй-бүлө курууга болгон укуктары көп учурда бузулат ж.б.

Мыйзамдарга ылайык СЭӨПкө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду 1-июнга чейин киргизсе болот, бирок бул улам өзгөрүп турган жандуу документ экендигин эске алып, жергиликтүү кеңештин депутаттары жергиликтүү маанидеги маселелерге тиешелүү жүйөлүү өзгөртүүлөрдү зарыл болгон убакта киргизе алышат. ҮЗАКтын иши үчүн жергиликтүү бюджетке киргизилүүгө тийиш болгон мыйзам менен аныкталган сумма жок. Бул сумма пландаштырылган иш-чараларды эске алуу менен ҮЗАКтын жылдык планынын негизинде түзүлүшү керек. Айыл өкмөттөрү дотацияда турган жана бюджети өтө аз болгон муниципалитеттердин мүмкүнчүлүктөрү ар башкача болот, жок дегенде ҮЗАКтын мүчөлөрүнүн жолго кеткен чыгымдарын жабууга каражат караштырса болот.

ҮЗАКтын ишин пландаштырып жатканда зомбулуктун курмандыктары жана комитеттердин өздөрү туш болгон негизги көйгөйлөрдү чечүүнү эске алуу керек, мисалы:

  • укук коргоо органдарынын аракетсиздиги,
  • медициналык кызматкерлердин Стамбул протоколу тууралуу билбегендиги,
  • коргоо ордерлери жөнүндө зомбулуктун курмандыктарынын өздөрүндө гана эмес, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринде да маалымат аз,
  • ҮЗАКта башка түзүмдөргө багыттоо жана башка маселелер боюнча тиешелүү көрсөтмөлөрдүн жоктугу.

Талкуу маалында айтылган сөздөргө жана чатка жазылган пикирлерге караганда, катышуучулар жолугушууга, айрыкча практикалык жана алгылыктуу мисалдарга ыраазы болушту. Модератор талкууну Телеграм-топто улантууну сунуш кылды. Өз аймагында ҮЗАКты түзүүнү же иштеп жаткан Комитетти “жандандырууну” пландаштырган катышуучулар үчүн баяндамачылар практикалык консультациялар менен жардам берүүгө даяр.

Клубдун ишине тиешелүү бардык маселелери боюнча Клубдун менеджери Салия АКУЛОВАга электрондук почта аркылуу кайрылсаңыз болот: akulovasaliya@gmail.com, ошондой эле БАЖБАнын жетекчиси Асель КУРМАНАЛИЕВАнын электрондук дарегине кат жаза аласыз: askurmanalieva@mail.ru

Окшош материалы: