Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Бешик-Жон айылдык аймагында көзгө көрүнбөгөн душман менен күрөш

2021-04-05 / COVID-19
Бешик-Жон айылдык аймагында көзгө көрүнбөгөн душман менен күрөш

Гүлмайрам МИРКАМИЛОВА, Жалал-Абад облусунун Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары

Кыргызстан коронавирус менен бир жылдан бери алышып келатат. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, ушул күнгө чейин оорудан каза болгондордун саны 1494 адамга жетти. Кыргыз эли орду толгус жоготууларга учурады: илдет көрүнүктүү кыргыз илимпоздорун, маданият кызматкерлерин, диниятчыларды, дарыгерлерди жана укук коргоо кызматкерлерин алып кетти.

2020-жылдын июль айынан бери Бешик-Жон айыл аймагында COVID-19 илдети күч алып, оорулардын көбөйүшүнө алып келди. Пневмония Баймундуз жана Карача айылдарынын ар бир экинчи үй-бүлөсүндө катталып турду. Белгилүү диниятчы Чубак ажы Жалилов, райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан МАНАПОВ жана Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери Алмаз Мадишов дүйнө салышты. Жергиликтүү бийлик жана жергиликтүү үй-бүлөлүк дарыгерлер оору менен күрөшүүдө кыйынчылыктарга туш болушту. Себеби оорулуу үй-бүлөлөрдүн саны өсө баштагандыктан, Бешик-Жон айылдык аймагынын борборундагы стадиондо жайгашкан спорттук комплексте күндүзгү стационарды уюштуруу зарылчылыгы келип чыкты. Стационарды ачуу үчүн жергиликтүү бийлик спорт комплекстин айланасын тазалап, бейтаптарды кабыл алуу үчүн бардык шарттарды түзүп берди: калктан керебеттер чогултуп, жергиликтүү бюджеттин эсебинен суу менен камсыз кылышты, жуунучу жайды орнотуп, жууркан-төшөктөрдү жана шейшептерди чогултушту, тамчылатма үчүн штативдерди жасатышты, бейтаптардын ортосундагы аралыкты сактоо үчүн тирөөчтөрдү коюп чыгышты. 

Бир дарыгерден, эки медайымдан жана санитардык кызматкерден турган, чакан топторго бөлүнгөн Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу (ҮДТ) ар бир 14 күндө нөөмөт менен иштеп жатышты. Дарыгерлердин тартыштыгынан улам дарыгер Апал СОЯТОЛОКОВА жана ҮДТнын улук медайымы Акылай СЕИТОВА үй бетин көрбөй күндүзгү стационарда күнү-түнү иштешти.  

Апал СОЯТОЛОКОВА, ҮДТнын дарыгери: “Башында коркунучка анчалык деле маани берген эмесмин. Мен оору Кыргызстанда мынчалык кулачын жайып, элибиз ушундай жоготууларга учурайт деп күткөн эмесмин. Бирок кырдаал курчуп баратканы тез эле белгилүү болду: бизге кайрылган жарандардын, ошондой эле мобилдик бригадаларды үйгө чакырган адамдардын саны көбөйө баштады. Ошондо жергиликтүү бийликке кайрылып, күндүзгү стационарды ачууга уруксат алып, бул максатта спорт комплексин пайдаландык. Оору күчөп турган маалда келип түшкөн буйруктун негизинде 50 жаштан улуу кызматкерлерди ишке жолоткон жокпуз. Ошол эле учурда биздин ҮДТда иштеген үч дарыгердин экөө – 50 жаштан ашкан, өнөкөт оорулары бар, ошондуктан жалгыз иштөөгө туура келди. Стационарга ишке чыгардын алдында өтө корктум. Ошондо гана илдет канчалык кооптуу болгонун түшүндүм окшойт. 

Күнүнө 17-18 бейтап кайрылып жатты. Өтө оор абалдагы бейтаптарды райондук обсервацияга жиберип турдук. 

Үй бетин көрбөй иштедим, себеби оорулуулар эч кароосуз калмак. Бирок үйүмдө да кичинекей балдарым – эки уулум, бир кызым күтүп отурушкан. Балдарымдын улуусу 6 жашта, кичүүсү 2 жашта. Мындай куракта балдар эненин мээримине муктаж болушат эмеспи. Алгач жолдошум стационарда калганыма каршы болгон, бирок адамдардын ден соолугу менин колумда болгондуктан, мен ант бергендиктен, ал мени колдоду. Жолдошум балдарды өзү багып, атүгүл стационарга мага тамак алып келип турду. Ал менин ден соолугума тынчсызданып жатканы айдан ачык эле. 

Райондон бизге дарылоонун алгоритмдерин жөнөтүп жатышты, биз ар дайым онлайн тренингдерден өтүп турдук. Бирок бул алгоритм-дерге ылайык дарылоо көп учурда бейтаптарга жардам бербегенин, адамдардын психологиялык абалы ооруну күчөткөнүн көрдүк. Ушундан кийин бейтаптарга “оору жеңил формасында өтүп жатат, суук тийгизип алгандай эле, мындай көп адамдарда эле болот” деп айтып, соорото баштадык. “Бүгүн дем алууңуз кечээгиге караганда жакшы экен” деп көңүлүн алагды кылып турдук.

Рентгенден өтүп, анализ тапшыруу үчүн бейтаптарды районго жиберүү биз үчүн кыйын болду, анткени адамдар өтө алсыз болчу. Биздин бөлүмдө УЗИ жана рентген аппараттарынын жана анализ алуу үчүн жабдуулардын жетишсиздиги көйгөйгө айланды. Ошол учурда дарыканаларда зарыл болгон дары-дармектердин жоктугу да бейтаптарды дүрбөлөңгө салды.  

Бешик-Жон айылдык аймагынын чет өлкөлөрдө жана Бишкекте иштеп жүргөн жаштары 300 000 сом чогултушуп, күндүзгү стационарда жаткан бейтаптар жана калктын аялуу катмарлары үчүн кымбат баалуу дары-дармектерди, ийнелерди жана дем алдыруучу аппараттарды сатып беришти. Дары-дармек түрүндөгү посылкалардын келгенин көргөн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да четте калышкан жок, алар биздин ишибизге жана элибизди дарылоого чоң жардам көрсөтүштү. Ошондой эле демөөрчүлөргө да терең ыраазычылыгымды билдиремин.

Стационарда иштеген биринчи күнүмдө Жон айылынан 1951-жылы туулган бейтап кайрылды. Ал бизге түшкөндө дене табы өтө жогору эле, дем жетпей, кыйналып келди. Мен аны райондук обсервацияга жиберүүгө багыттама даярдай баштадым. Бирок ал обсервацияга түшкөн адамдар көз жумуп жатканын айтып, аны райондук ооруканага жибербөөнү суранды. Ал “сен гана дарылачы, берген көрсөтмөлөрүңдүн баарын кынтыксыз аткарам” деп сөз берди. Эмне кыларымды билбей дарылай баштадым. Мен аны үч күн дарыладым, бирок абалы оңолуп кеткен жок. Анын үй-бүлөсү ал тамактан баш тартканын айтышты. Эгерде тамак ичпесе, анда обсервацияга жибереримди айтып, коркутууга туура келди. Мен ага “сиз өзүңүзгө жаккан тамакты жешиңиз керек” деп айттым. Ал туугандарынан кафеден тамак алып келүүнү өтүндү. Ошол күндөн баштап жакшы тамактанып, өз убагында ийне сайдыра баштады. Башында бул адамды жоготуп алабыз го деп коркчумун, бирок 10 күндөн кийин ал өзүн жакшы сезип калды.

Акылай СЕИТОВА, ҮДТнын медайымы: “Бешик-Жон айылындагы күндүзгү стационар 2020-жылдын 6-июлунан 26-августуна чейин иштеди. Ушул айларда стационарга болжол менен 130 бейтап түшүп, баары айыгып чыгышты. Көбүнчө 30 жаштан 75 жашка чейинки курактагы адамдар кайрылышты. Бейтаптар эртең менен келип, бир күн бою медициналык кароодон өтүп, кечки саат 7-8де үйлөрүнө кайтып жатышты.

Атайын кийимди күнүнө эки жолу алмаштырып, дезинфекциялап, медициналык таштандыларды жок кылуу үчүн облустук бөлүмгө өткөрүп берип турдук. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен күтүлүп жаткан каражат убагында берилбегендиктен, тамак менен жакындарыбыз камсыз кылып жатышты. Мындан тышкары, айыл тургундары да ысык тамак ташып турушту. Биз бейтаптарга дарыгерлер берген алгоритмге ылайык дары берип, укол сайып турдук. Биз жону жука жана аялуу катмардагы жарандарды демөөрчүлөр берген дары-дармектер менен толук камсыздай алдык.

Бир жолу 65 жаштагы бейтап мага кайрылып: “Кызым, мен жашаймбы же ушул оорудан өлүп каламбы? Сен билесиң го, мага ачык айтчы” деди. Мен аябай корккондуктан анын суроосуна жооп бере албай койдум. Ал кезде мен өмүр менен өлүмдүн ортосунда кандайдыр бир ортомчудай болдум, сыналгыдан жана “Вотсаптан” күн сайын алган маалыматтардан улам стресс абалында жүргөм. Бирок дээрлик бардыгыбыз аман калдык. Ар бир үй-бүлөдө тынчтык, бакубатчылык жана ден соолук болсун”.