Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргызстандын айылдарындагы жана шаарларындагы COVID-19 менен күрөштүн каармандары

2020-12-15 / COVID-19
Кыргызстандын айылдарындагы жана шаарларындагы COVID-19 менен күрөштүн каармандары

Кыргызстанда өзгөчө абал режимин алып салгандан кийин пневмония жана COVID-19 менен ооругандардын саны кескин көбөйдү. COVID-19 күчөп турган маалда 12-июлда оорулуулардын рекорддук саны катталган – бул күнү 719 жаңы учур чыккан. Ал арада ата мекендик медициналык мекемелер оорулуулардын мындай санына даяр эмес болуп чыгышты. Эпидемиологиялык курч кырдаал тууралуу эл арасында жайылып жаткан маалыматтар дүрбөлөңгө салды. Бир нече адам атайын медициналык жабдуу болбогондуктан оорукананын босогосунда эле көз жумушту. Мындай кыжырды келтирген фактылар акча чогултуу боюнча демилгелерге себеп болду. Чогулган акча негизги дарыларды жана кычкылтек жабдууларын сатып алууга, ошондой эле жеке менчикти убактылуу күндүзгү стационарларга айландырууга багытталган. Коронавирустун экинчи толкунунун очогу Бишкек шаары жана Чүй облусу болгону менен, илдетти жуктургандардын саны күн сайын башка региондордо да көбөйдү.

Көптөгөн кесиптердин ээлери бүгүнкү күнгө чейин вирус менен күрөшүүгө, аярлуу катмарга кирген адамдарга кризисти жеңүүгө жардам берип жатышат. Чоң тобокелдикке карабастан өз ишин аткара берүүнү уланткан мындай кайраттуу кызматкерлердин арасында негизги кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө (суу менен жабдуу, таштанды жыйноо жана чыгаруу) иштеген кызматкерлер да бар. Алардын ролу көз жаздымында калып, бааланбай жатат. Бул пандемиянын жүрүшүндө алар өзгөчө тобокелдиктерге туш болушту – вирус жуккан материалдар менен иштөөдөн баштап, күнүмдүк кирешесин жоготуп алганга чейин. Бирок алар ишин улантып, адамдардын саламаттыгы жана алардын жеке гигиенасы үчүн өтө маанилүү кызматтарды көрсөтүүдө. Алардын ичинен көбү – аялдар.

Макулбу РАХМАНОВА, жалгыз бой эне жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирген уюмдагы кызматкерлердин арасында саналуу аялдардын бири. Бул уюмда негизинен эркектер иштейт. 2014-жылдан бери ал “Ала-Бука Тазалык” муниципалдык ишканасында көчө шыпыргыч болуп иштеп келатат

“Биздин аймакта COVID-19ду жуктуруп алгандар биринчи жолу каттала баштаган учурдан тартып биз пандемия менен күрөшкөндөрдүн сап башында болдук. Биздин ишкана “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоорунун алкагында берилген атайын транспорттук каражатты колдонуп, айылда таштанды чыгаруу жана санитардык абал үчүн жооп берет. Мындан улам өзгөчө кырдаалдар боюнча райондук мамлекеттик башкармалык биздин объектке жана муниципалитеттин өрт өчүрүү бөлүмүнө кошумча дезинфекциялоочу иштерди жүргүзүүнү тапшырды. Мен жана кесиптештерим, негизинен аялдар атайын техниканы толтуруу үчүн бир тонна дезинфекциялоочу каражатты даярдап берүү үчүн жооптуу болдук. Ал эми калган эркек кесиптештерим күн сайын айылдын көчөлөрүн, инфраструктураларын жана негизги объекттерди тазалап турушту.

Биз жумушка таң атканда келип, үйгө түнгө маал кайтып жаттык. Коомдук транспорт токтотулгандыктан мен жумушума жетип алуу үчүн узак жолду жөө басып өтчүмүн. Пандемия башталган биринчи айда COVID-19дун жайылышын болтурбоого багытталган иш-аракеттер, мисалы, бизнести жабуу тууралуу чечим жана ары-бери каттоого киргизилген чектөөлөр элди дүрбөлөңгө салды. Мындай чаралардын кесепеттеринин бири – азык-түлүк дүкөндөрүндө баалар кескин кымбаттап кетти. Биз айлык албаганыбызга карабастан ишибизди уланта бердик. Себеби мындай оор күндөрү ролубуз канчалык чоң болгонун баамдап, өз салымыбызды кошуп жатканыбызга сыймыктанып турдук.

Бул пандемия бизди көп нерсеге үйрөттү. Бир жагынан биз абдан жакшы кызматташтык жана вирустун жайылышын токтотуу үчүн көп нерсени жасай алдык. Экинчи жагынан медициналык кызматкерлер бизге маалыматтарды берип, өзүбүздү кантип коргой аларыбызды, илдетти жуктуруп албаш үчүн эмнелерди жасашыбыз керектигин түшүндүрүп беришти. Гигиенаны сактоо боюнча нускамалар ишибизде гана эмес, үйдө – үй-бүлө мүчөлөрү арасындагы биздин күнүмдүк жашообуздун бир бөлүгүнө айланды.

Биздин күч-аракеттерибиз жакшы жыйынтык берди деп эсептейм. Себеби ооруну жуктуруп алгандардын саны азайып, биздин муниципалитетте жаңы учурлар катталган жок. Эми коронавирустун экинчи толкуну башталган чакта биз аны менен буга чейинкидей эле жоопкерчиликтүү күрөшөөрүбүздү сезип турабыз”.

Мээрим ТОКТОРОВА, таштанды тазалоочу “Ак-Суу Тазалык-Техсервис МТС” муниципалдык ишканасынын кызматкери

“Эпидемия маалында биз ишибизди штаттык режимде уланта бердик. Күн сайын кесиптештерим болуп атайын машинеге отуруп алып, муниципалитетибиздеги бардык айылдардан таштанды чыгарып турдук. Жарандар арасында тарифтер, кызмат көрсөтүү келишимдеринин маанилүүлүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ошондой эле көрсөтүлгөн кызмат үчүн эсептерди жеткирүү да менин милдетиме кирет. Адамдарга кызмат көрсөтүүнүн шарттары, жаңы тарифтерди жана таштанды чыгаруу үчүн кандай эрежелер сакталышы керектигин көрсөткөн нускамаларды түшүндүрүп берүү оңой болгон жок.

Бул оор иш, ал эми эпидемия маалында түйшүк эселеп көбөйдү. Себеби жарандар карантин чараларынан улам обочолонууга мажбур болуп, тиричилик таштанды көбөйгөнүн байкадык. Айылдардагы, жергиликтүү ооруканалардагы жана башка муниципалдык мекемелердеги таштандынын баарын чогултуп чыгуу үчүн жумушта көбүрөөк кармалып калууга мажбур болдук. Тилекке каршы, жеке коргонуучу каражаттар – беткаптар, бир жолу кийилчү колкаптар жана жеке гигиенанын башка буюмдары тартыш болду.

Катаал карантин чараларынан улам стресс болгон адамдарга таштанды чогултуу графигин мурдагыдай эле сактап, кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөп турушу керектигин түшүндүрүү оңой болгон жок. Кризис көп адамдардын экономикалык абалына зыян келтирди, ошондуктан адамдар көп учурда акы төлөй албай калып жатышты. Менин маянам кызмат көрсөтүү үчүн чогултулган жалпы суммадан көз каранды. Бирок пандемия маалында тарифтерди чогултуу бир кыйла азайып кеткендиктен дээрлик бардык кызматкерлер айлыгын албай калышты. Үч айдан бери акысыз иштеп жатабыз. Анын үстүнө биз гуманитардык жардам да ала албайбыз, себеби расмий түрдө ишибиз бар болчу.

Буга карабастан биз дагы көпкө чейин, пандемия бүтмөйүнчө “белди бекем бууп” жашашыбыз керектигин жакшы түшүнүп турдук. Биздин ишибиз өкмөткө вирустун жайылышын токтотууга жардам берет деп үмүттөнөбүз. Мындай оор күндөрү баарыбыз колдон келген нерсени жасай беришибиз керек деп ойлойм”.

Эльвира АЛСЕИТОВА, “Кумбел Булагы” ичүүчү суу менен жабдуу системасынын бухгалтери

“Акыркы үч жылдан бери ТСКАКБда бухгалтер болуп иштеп келатам, ичүүчү суу менен жабдуу кызматын көрсөтүүгө жардам берем. Эпидемия маалында кыйынчылыктарга карабастан биз кызмат көрсөтүү системабызды орнотуп, айыл тургундарынан кызмат көрсөтүү үчүн акы чогултуу ишин сактап кала алдык. Бирок пандемия жана карантин чаралары иштин көлөмүн кескин көбөйттү. Биз аптасына 7 күн иштеп, ошонун өзүндө да иштин аягы көрүнбөс болду. Мурдагыдан да көп иштегенибизге карабастан тарифтердин чогултулушу кескин түрдө түшүп кетти. Айдын соңунда эгерде ушундай финансылык кырдаалда кала берсек, биздин ТСКАКБ чыгашаларын (электр жарыгы, отун, кызматкерлердин акысы ж.б. үчүн чыгымдарды) жаба албай каларын түшүндүк.

Мындан тышкары биз муниципалдык аймакта жайгашкан конок үйлөрү жана санаторийлер төлөгөн эсептерден абдан көз каранды болчубуз. Бирок азыр алар да карантиндин айынан, андан кийин туристтик сезондун начардыгынан кирешеси жок калышты. Ушундан улам тарифтерди төлөө жөнүндө, кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдүн туруктуулугун камсыздоодо жашоочулардын ролу тууралуу элдин маалымдуулугун жогорулатуу боюнча өнөктүк баштадык.

Менин өтө оор иш графигим кызымдын онлайн окуусуна да туш келди, үй жумуштары да бар эмеспи. Айтор, бул чындап эле жеке мен үчүн оор күндөр болду. Бирок азыр кошуналарым ыраазычылыгын билдирген сайын жасап жаткан ишибиз үчүн сыймыктанам”.