Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБ Союзу COVID-19дун жайылышына байланыштуу жарандардын жана ЖӨБ органдарынын суроолоруна жооп берет

2020-12-15 / COVID-19
ЖӨБ Союзу COVID-19дун жайылышына байланыштуу жарандардын жана ЖӨБ органдарынын суроолоруна жооп берет

COVID-19 эпидемиясы менен күрөштө дарыгерлер жана милиция кызматкерлери менен кошо алдыңкы катарда ЖӨБ органдары да болду. Алар көп учурда кырдаалды көзөмөлдөп, илдеттин андан ары жайылышына жол бербөө боюнча чараларды көрүштү. Башкалардай эле муниципалдык кызматчылар да бул тапшырманы аткарууга даяр эмес болчу. Көп нерсени жеринде жөнгө салып, “нөлдөн” баштоого туура келди.

ЖӨБ Союзу[1] ЖӨБ органдары кырдаалды кантип жөнгө салып жатканына, кандай кыйынчылыктарга туш болуп, кандай чараларды көрүп жатканына туруктуу мониторинг жүргүзүп келатат. Бирок мониторингдин максаты – кырдаалдан чыгуу үчүн жардам берип гана тим болбостон, ошону менен бирге ЖӨБ органдарына эң татаал суроолорго жооп табууга жардам берүү.

Өзгөчө кырдаал маалында өзгөчө кырдаалдын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу үчүн зарыл болгон товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби барбы?

Ооба, бар, бирок Мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу ишке ашырылат. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР Мыйзамынын 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пункту өзгөчө кырдаал режими күчүндө болгон маалда ЖӨБ органдарына түздөн-түз келишим түзүү усулу аркылуу сатып алууларды өз алдынча жүргүзүүгө укук берет. Бул беренеге ылайык, өзгөчө кырдаалдын алдын алуу жана (же) өзгөчө кырдаалдын, өзгөчө абалдын кесепеттерин жоюуда, токтоосуз калыбына келтирүүнү талап кылган форс-мажордук жагдайлардын, авариянын кесепеттерин локалдаштыруу үчүн, ошондой эле тез медициналык кийлигишүү зарыл болгон учурда товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга болот. Бирок түздөн-түз келишим түзүү баары бир Мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу жүзөгө ашырыла турганын эсепке алуу зарыл.

КР мыйзамдары өзгөчө кырдаал шарттарында жергиликтүү кеңештердин сессияларын онлайн форматта өткөрүүгө уруксат береби?

Мыйзамдарда бул маселе боюнча эч нерсе айтылган эмес. Мындан улам конкреттүү жергиликтүү кеңештин регламентинде бул формат каралса, жергиликтүү кеңештердин сессияларын онлайн форматта өткөрүүгө тыюу салынган эмес. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 28-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, жергиликтүү кеңештердин сессиялары алардын ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп эсептелет. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат. Буга жараша жергиликтүү кеңештин онлайн форматтагы сессиясын уюштуруунун, өткөрүүнүн, жыйынтыгын эсепке алуунун жол-жоболору регламентте толук сүрөттөлүшү керек. Жергиликтүү кеңештердин регламенттерин даярдап жатканда КР ЖӨБ органдары ЖӨБЭММА бекиткен Жергиликтүү кеңештин Типтүү регламентине таянышат. Бирок анда да жергиликтүү кеңештин сессиясын (кезексиз) онлайн форматта өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтылган эмес. Ошондуктан ЖӨБ органы кеңештердин иш тартибине карата мыйзамдарда коюлган бардык талаптарды эсепке алуу менен сессияны онлайн форматта өткөрүүнүн тартибин өз алдынча иштеп чыгышы керек, же Жергиликтүү кеңештин Типтүү регламентине түзөтүүлөр киргизилишин күтүшү керек, бул түзөтүүлөрдө өзгөчө кырдаал шартында жергиликтүү кеңештин иш тартиби (ишинин форматы) баяндалат.

ЖӨБ органдары жарандык коргонуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашып, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иштерди өз алдынча жүргүзө алышабы?

“Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, ЖӨБ органдары КР калкын, материалдык жана маданий баалуулуктары менен аймактарын тынчтык жана согуш мезгилинде өзгөчө кырдаалдардан коргонууга даярдоо боюнча жана коргонуу боюнча мамлекеттик жалпы иш-чаралар тутумунда милдеттери бар (айрым ыйгарым укуктарды ЖӨБ органдары өз алдынча аткарат, айрым ыйгарым укуктарды жарандык коргонуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашып алууга тийиш):

1) Жарандык коргонуу боюнча комиссияларды түзөт жана алардын ишин координациялайт;

2) Жарандык коргонууну уюштуруу жана жүргүзүү боюнча жооптуу кызматкерлерди дайындайт;

3) өз компетенцияларынын чектеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Жарандык коргонуу жаатындагы чечимдерди кабыл алат;

4) Жарандык коргонуу пландарын иштеп чыгат жана ишке ашырат, аларды Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашат;

5) ведомствого караштуу аймакта кырсыктардын тобокелдиктерин божомолдоо, баалоо жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзөт;

6) кооптуу жаратылыш процесстер зонасында жер участокторунун бөлүп берилишинин алдын алуу максатында турак үйлөрдү, администрациялык жана өндүрүштүк имараттарды жана курулмаларды курууга жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө чечимдерди Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашат;

7) Жарандык коргонууну жүргүзүү үчүн зарыл күчтөрдү жана каражаттарды даярдоону жана даярдыкта кармоону жүзөгө ашырат;

8) Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракетте калкка өзгөчө кырдаалдарда коргоо жана аракеттенүү ыкмаларын маалымдоону жана үйрөтүүнү жүзөгө ашырат;

9) өзгөчө кырдаалдар коркунучунда жана ал келип чыкканда эвакуациялоо иш-чараларын жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алат жана алардын аткарылышын уюштурат;

10) калкты түпкүлүгү кооптуу участоктордон көчүрүү боюнча комплекстүү чараларды күн мурунтан көрөт;

11) өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучу жөнүндө же келип чыгышы жөнүндө калкка өз убагында кабарлоону Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте камсыз кылат;

12) ведомствого караштуу объекттерде жана аймактарда келип чыккан өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча чараларды көрөт;

13) Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө финансылык каражаттарды жергиликтүү бюджетте караштырат жана бөлүп берет;

14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазма буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн аткарууну камсыз кылат.

 


[1] Жумуштар “COVID-19 маалында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, аткаруу бийлигинин аймактык жана борбордук органдары жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү ортосундагы маалыматтык-укуктук өз ара байланышты жакшыртуунун” жана “Кыргыз Республикасындагы FHI 360 филиалы” менен КР ЖӨБ Союзу ортосунда түзүлгөн Макулдашуунун алкагында жүрүп жатат. Бул иштерди USAIDдин “Жигердүү жарандар” Долбоору каржылайт.