Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Көк-Жар АА COVID-19га каршы: биз башаламан абалда, бирок терең ойлонуп, тең салмактап иштегенди үйрөндүк

2020-12-15 / COVID-19
Көк-Жар АА COVID-19га каршы: биз башаламан абалда, бирок терең ойлонуп, тең салмактап иштегенди үйрөндүк

Гуляим ШАМШИДИНОВА, ЖӨБ мыкты тажрыйбалар Порталынын администратору, myktyaimak.gov.kg //

2020-жылдын март айында эпидемия башталганда эле Кыргыз Республикасынын ЖӨБ органдары СOVID-19га каршы күрөштө дарыгерлер жана милиция кызматкерлери менен бир катарда иш алып барышты. Мында чоң жүк шаардык мэриялардын жана айыл өкмөттөрдүн жетекчилерине, кызматкерлерине түштү. Алар дээрлик суткалап үй бетин көрбөй иш ордунда болушту, болгон ресурсун вирустун жайылышын токтотууга жумшашты. Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Жар айылдык аймагынын ЖӨБ органдары да көзгө көрүнбөгөн коркунучтуу душманга каршы күрөштө алдыңкы катарда турушту. ЖӨБ органдары аймактагы 22 800 адам жашаган алты айылда коронавирустун жайылышын болтурбоо боюнча зарыл болгон кадамдарды так уюштура алышты.

Биринчи кезекте Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштарын карманып, айыл өкмөтүнүн буйругу менен чектөө чаралары киргизилди. Мунун натыйжасында Көк-Жар айылындагы негизги борбордук базар, сегиз мектеп жана жети бала бакча карантинге убактылуу жабылды. ЖӨБ органы бизнестин өкүлдөрү арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, алар менен макулдашуу боюнча бардык тамактануучу жайлар – кафелер жана чайканалар жабылды. Азык-түлүк саткан он дүкөндүн ичинен үчөөнү гана калтырышты, анын ичинде ун саткан соода түйүндөрү ачык калды. Төрт ФАП, стационардык оорукана жана Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу күнү-түнү иштөө режимине өттү. Аймактагы алты айылдын ар биринде санитардык-карантиндик өткөрмө бекеттер орнотулуп, бул жакта жергиликтүү бийлик органынын өкүлдөрү гана эмес, ошону менен катар Өзгөчө кырдаал, Ички иштер, Саламаттык сактоо министрликтеринин өкүлдөрү да нөөмөттө турушту. Эл көп чогулган бардык иш-чараларга убактылуу тыюу салынды. Адамдар үй шартындагы жана ооруканадагы карантинге “жабылышты”. Аймактын көчөлөрү ээнсиреп калды. Бирок буга карабастан жарандар обсервациянын талаптарын бекем сактады. 2020-жылдын март айынан ноябрга чейин вирусту 247 адам жуктурган. Алардын ичинен 100 адам үй шартында, 147 адам стационарда дарыланып чыкты. Бүгүнкү күндө 23 адам ооруканада, 10 адам үй шартында дарыланууда.

ЖӨБ органдары өз кезегинде талап кылынган иштердин баарын аткара алды. Пандемиянын биринчи толкунунда жергиликтүү бийлик күнү-түнү, дем алышсыз иштеди. Ар бир айылда өткөрмө бекеттер орнотулуп, ал жерлерде бирден депутат, лидер же активист, медкызматкер, патрулдук милиция кызматкери кезектешип нөөмөттө турушту. Мындан тышкары Ош шаарынан Улуттук гвардиянын жоокерлери да тартылды. Калк арасында түшүндүрүү иштери күн сайын жүргүзүлүп турду. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери айылды аралап, үн күчөткүчтөрдүн жардамы менен алдын алуу чаралары тууралуу жарыя берип турушту. Биринчи толкунга салыштырмалуу экинчи толкун маалында дүрбөлөңгө түшкөндөр болгон жок. Айыл өкмөтү жалпыга маалымдоо каражаттарын – райондук гезитти, ТВны, радиону, Интернетти мүмкүн болушунча колдонууда. “Вотсаптагы” топтор жана электрондук почта аркылуу лидерлерге, активисттерге, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерине зарыл болгон маалыматтар туруктуу жөнөтүлүп жатты. Мындан тышкары айыл өкмөтү жасалган иштер тууралуу отчетторду айылдык кеңештин депутаттарына өз убагында тапшырып турду.

Кеңештин кезектеги сессиясында бюджетке өзгөртүүлөр киргизилди. Мунун натыйжасында стационардык оорукананын жана ҮМТнын эки “Тез жардам” машинесин оңдоо үчүн 25 000 сом бөлүндү. Бул акчага 4 аккумулятор, сирена үчүн атайын сигнал сатып алынып, машиненин майы алмаштырылды. Ошондой эле 15 социалдык объектте дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, ички жолдордун 100 км ашыгы тазаланды. Бул иштер үчүн жергиликтүү бюджеттен 141 357 сом бөлүнгөн.

Өткөрмө бекеттеринде күнү-түнү нөөмөттө тургандарга жергиликтүү тургундар ысык тамак жасап берип турушту. Жалпысынан алганда 20 адам эки ай бою ысык тамак менен камсыз болду. Жергиликтүү бюджеттен 148 600 сом “Коргонуу” бөлүмүндөгү берене аркылуу сарпталды. ЖӨБ органы менен жергиликтүү жамааттын ишинин жана тыгыз кызматташтыгынын натыйжасы катары бир фактты келтирсе болот: өтө чоң салымды карапайым адамдар кошту, алар үйүндө кезектешип тамак жасап, нөөмөттө тургандарды өз эсебинен тамактандырып жатышты. Эмгек жана акчалай салым 120 000 сомду түздү.

Ошондой эле эффективдүү жана коопсуз иштөө максатында өткөрмө бекеттерде иштөөгө тартылган адамдар эпидемияга каршы атайын кийимдер, беткаптар, коргонуучу костюмдар, колкаптар, кол аарчы, антисептикалык каражаттар (суюк самын, гель) менен камсыз болду. Жалпысынан бул максаттарга жергиликтүү бюджеттен 102 000 сом бөлүнгөн. Айыл өкмөтүнүн, дарыгерлердин жана башка түзүмдөрдүн өкүлдөрүнүн камкордугун, ишке берилгендигин көргөн кайдыгер эмес адамдар да четте карап тура алышкан жок. Алар 457 900 сомго 19 000 беткап, атайын кийимдин 101 комплектисин, 35 литр антисептик алып беришти. Жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн 60 000 сомго “Тез жардам” кызматынын үч машинеси, атайын техниканын төрт кошумча бирдиги күйүүчү май менен үзгүлтүксүз камсыздалып турду.

Ушундай оор маалда ЖӨБ органдары азык-түлүккө зар болгон калктын аярлуу катмарларына да өзгөчө көңүл бурушту. Жалпысынан 2 524 900 сомго материалдык жана азык-түлүк жардамы берилди. Анын ичинде жергиликтүү бюджеттен 101 000 сом, мамлекеттик материалдык резерв фондунан 599 кап ун, 1 052 200 сомго 267 азык-түлүк баштыгы бөлүндү; жергиликтүү демөөрчүлөр – ишкерлер 1 371 700 сомго 368 кап ун жана 18 500 кило күрүч, 233 азык-түлүк баштыгын алып беришти. ЭҮЖӨБОЖ Долбоору да чоң жардам көрсөттү. Көк-Жар айылдык аймагы бул долбоор менен 2017-жылдан бери кызматташып келатат. Гранттык макулдашуунун негизинде гуманитардык жардам катары калктын аярлуу катмарынын 275 өкүлү жалпы суммасы 330 000 сомго азык-түлүк алышты. ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун кызматкерлери жана аймактын активисттери алты айылдын ар биринде чындап муктаж адамдарды аныктап чыгуу боюнча алдын ала иштерди жүргүзүштү. Гуманитардык жардамды таркатуу маалында сактык чараларын өздөрү да карманып, башкаларга да вирустан коргонуунун ыкмаларын, аралыкты сактоо эрежелерин, беткап тагынуунун зарылдыгын айтып берип турушту.

ЖӨБ органдары менен маморгандардын координацияланган иштеринин жана биргелешкен күч-аракетинин жыйынтыгында жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражаттан ички иштер бөлүмүнүн 15 кызматкери үчүн 5 күн бою үч маал тамак уюштурулду. Ошондой эле алардын транспорту күйүүчү май менен камсыз болду. Бул үчүн бюджеттен 68 000 сом бөлүнгөн.

Көк-Жар айылдык аймагындагы COVID-19 менен күрөшкө 3 677 757 сом сарпталды. Анын ичинде 645 957 сом жергиликтүү бюджеттен, 1 082 200 сом республикалык бюджеттен бөлүнсө, жергиликтүү жамааттын салымы 1 949 600 сомду түздү.

Гүлчинар МАМАТОВА, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары: “Бардык эле адамдар үчүн бул чоң сыноо болду. Биз 12 адамды жоготуп алдык. Абал мындан да начар болмок. Бирок биздин эл эстүүлүгүн көрсөтүп, бардык карантин чараларын жана обсервация режимин катуу сактап беришти, адамдар азык-түлүк дүкөнүнө чыкканы эле болбосо, бейчеки басып жүргөндөр болгон жок. Ар бир үй-бүлө жакындарынын иммунитетин бекемдөө үчүн мүмкүн болушунча күч-аракет жумшады: туура тамактанууга өтүп, витамин ичип, жер-жемиштерди жана жашылчаларды көбүрөөк жеп турушту. Мурда дене тарбия көнүгүүлөрүн жасабагандар эми аны калтырбай, дем алуу гинастикасын да өздөштүрүштү. Мында жергиликтүү бийликтин да салымы болду деп эсептеймин. Биз аймакта вирустун кеңири жайылышына жол бербөө үчүн колдон келгендин баарын жасадык. Биринчи толкундун тажрыйбасын эске алуу менен, бүгүн бир топ эле жеңил болуп калды. Анткени биз авралдык режимде иштегенди үйрөндүк, алдыга коюлган тапшырмаларды так жана өз убагында аткарып жатабыз. Эң негизгиси дүрбөлөңгө түшкөн жокпуз, баарын терең ойлонуп, салмактап жасап жатабыз”.

Ошентип, айыл өкмөтү менен жергиликтүү кеңештин депутаттарынын макулдашылган так иш-аракеттери, ошондой эле жергиликтүү жамааттын чоң жардамы менен өтө оор мезгилдерде жалпы жамаат социалдык биримдигинин чыныгы күчүн көрсөтө алды. Бул болсо эртеңки күнгө болгон ишенимди бекемдейт. Анткени ар бир муниципалитеттеги ушундай жамааттардын жардамы менен биздин өлкө азыркы заманда кандай гана коркунуч чыкпасын баарына каршы тура алат.