Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Балдарга карата ырайымсыз мамилени жана зомбулукту болтурбоо тууралуу

2019-06-17 / Мыйзам жаӊылыктары

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы №82-б Буйругу менен балдарга карата ырайымсыз мамиленин жана зомбулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, 2019-2020-жылдары Балдарга карата ырайымсыз мамиленин жана зомбулуктун алдын алуу боюнча чукул чаралардын Планы бекитилди.

Буйрукка ылайык, министрликтерге, администрациялык ведомстволорго, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына (макулдашуу боюнча) Планды белгиленген мөөнөттө милдеттүү түрдө аткарылышын камсыз кылуу тапшырмасы берилди. План бардык ЖӨБ органдарынан ырайымсыз мамилеге кабылган жана зомбулук көргөн балдарга социалдык кызматтарды көрсөткөн борборлорду түзүүгө муктаждыкты аныктоону жана зарыл болгон учурда мындай борборлорду мамлекеттик социалдык заказдын алкагында түзүүнү талап кылат. Бишкек жана Ошко карата План башка ишчараларды да өткөрүүнү караштырат. Алар:

• балдар, ата-энелер, мугалимдер, балдар менен иштеген жана алардын кызыкчылыгында иш алып барган адистер үчүн адаптацияланган, балдар укуктары тууралуу радиотелеберүүлөрдү уюштуруу;

• балдарга карата ырайымсыз мамиле жана зомбулуктун эч бир түрү жасалбашы керектиги тууралуу, ушундай окуяларга күбө болгон учурда тартип коргоо органдарына жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө кабарлоо керектиги жөнүндө калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

• адеп-ахлактык тарбиялоо, үй-бүлөлүк баалуулуктар, балдарды коргоо жана ата-энелердин балдарды тарбиялоодон жана окутуудан качуусуна, балдарга карата ырайымсыз мамилеге жана зомбулукка болгон жоопкерчилик маселелери боюнча жаштар жана жаш үй-бүлөлөрдүн катышуусу менен ишчараларды өткөрүү;

• «Зомбулукка жол жок», «Сен укуктуусуң», «Жаңы кылымдагы баланын укуктары» темасында иш-чараларды өткөрүүнү уюштуруу;

• балдарга карата катаал мамилени жана зомбулукту болтурбоого багытталган маалыматты жарнама такталарына жана баннерлерге жайгаштыруу;

• интернат тибиндеги балдар мекемелеринде жашаган балдарды маалыматтык-аналитикалык базага киргизүүнү автоматташтыруу;

• “Балдар үчүн ишеним телефону – 111” Борбору күнү-түнү иштеп жатканы, балдарга карата ырайымсыз мамиле жана зомбулук болгон учурда маалымат берүү үчүн кайрылса болоору тууралуу балдарга жана улууларга маалымат берүү;

• оор турмуштук кырдаалда калган, анын ичинде ата-энеси жок үй-бүлөлөрдө тарбияланган балдардын дайындар базасын түзүү;

• балдарга карата ырайымсыз мамилелер жана зомбулук көрсөтүлгөн учурларды аныктоо максатында менчигинин түрүнө карабастан балдардын интернат мекемелеринин ишине мониторинг жүргүзүү.

Түрмөктү ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун юристи Нуржан МАМЫРАЛИЕВА даярдады