Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Пробация жөнүндө

2019-06-17 / Мыйзам жаӊылыктары

2019-жылдын 24-апрелиндеги №56 “Пробация институтун киргизүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамы кабыл алынды. Мыйзам менен «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР Мыйзамынын 20-беренесинин 6-бөлүгүндөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилиши мүмкүн болгон негизги мамлекеттик ыйгарым укуктар 17-2-пункту менен толукталат.

Ал: “пробация органдарына учурдагы милдеттерди чечүүгө жана пробациянын конкреттүү ишчараларын аткарууга көмөктөшүү”. Белгилей кетсек, буга чейин жогоруда айтылган Мыйзамдын долбоорун талкуулоо баскычында “пробация органдарына учурдагы милдеттерди чечүүгө жана пробациянын конкреттүү иш-чараларын аткарууга көмөктөшүү” маселеси жергиликтүү маанидеги жаңы маселе катары киргизүү сунушталган. Бул үчүн “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 18-беренесине тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилмек. Мамлекеттик органдардын компетенциясына тиешелүү болгон мындай түрдөгү иш-чаралар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына да тиешелүү болот. Бул болсо жалпысынан КР Конституциясынын 3-беренесинин 4-пунктунда каралган мамлекеттик органдар менен ЖӨБ органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү тууралуу конституциялык ченемге карама-каршы келет. Мындан тышкары КР Конституциясы жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамы “жергиликтүү маанидеги маселелер” түшүнүгүн тиешелүү аймактын калкынын тумуш тиричилигин камсыз кылган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары чечкен, ошондой эле жарандар өз эркин түз билдирүү жолу менен чечилген маселелер катары аныктаган. Жергиликтүү маанидеги маселелердин тизмесин жүйөсүз жана кайра-кайра өзгөртө берүү аларды формалдуу түрдө эле бекитип коюп, бирок иш жүзүндө аткарылбай калуусуна же натыйжасыз аткарууга алып келмек. Атүгүл КР Бюджеттик кодексинин 49-беренесинин 3-бөлүгү мамлекеттик органдарга билип туруп тиешелүү компенсацияны камсыз кылбастан жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын көбөйтүүгө алып келүүчү ишчараларды жүзөгө ашыруу боюнча чечимдерди кабыл алууга тыюу салат.

Жогоруда айтылгандарды эсепке алуу менен, Швейцариянын Өнүгүү жана Кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору Жогорку Кеңешке өзүнүн сунуштарын жиберди. Мыйзамдын долбооруна КР Конституциясынын талаптарын эсепке алган сунуштар Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу менен бирге даярдалды. Мындан тышкары КР Жогорку Кеңешинин депутаты К.БОКОЕВ ушул мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар жана көз карандысыз эксперттер менен жолушууну уюштурду. Өз кезегинде депутат К.БОКОЕВ “пробация органдарына учурдагы милдеттерди чечүүгө жана пробациянын конкреттүү иш-чараларын аткарууга көмөктөшүү” маселесин жергиликтүү маанидеги маселеден ЖӨБ органдарына өткөрүлүп берилсе боло турган мамлекеттик ыйгарым укуктарга өткөрүү тууралуу Жогорку Кеңештин Профилдик комитетинин жыйынында сунуш кылды. Ошентип, бул маселе жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аны аткаруу үчүн материалдык, финансылык жана башка ресурстарды кошо берүү менен өткөрүлүп берилсе боло турган мамлекеттик ыйгарым укуктардын тизмегине кошулду.

Түрмөктү ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун юристи Нуржан МАМЫРАЛИЕВА даярдады