Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Мыйзам жаӊылыктары
Кыргыз Республикасында кыртыштын бонитетин аныктоо тартиби тууралуу
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-февралындагы №87 Токтому менен Кыргыз Республикасында кыртыштын бонитетин аныктоо тартиби бекитилди.
Ушул Тартип жер-кадастрдык маалыматтардын тууралыгын камсыз кылуу, жерлердин кыртышынын (топурагынын) сапаттык курамындагы болгон өзгөрүүлөрдү аныктоо жана пландуу-картографиялык материалдарда көрсөтүү, кыртышты бонитировкалоо тартибинин укуктук мамилелерин жөнгө салуу, ошондой эле бирдиктүү технология боюнча кыртышты бонитировкалоо, республикалык деңгээлде алынган натыйжалардын салыштырыла тургандыгын камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. Тартипке ылайык, Кыртышты бонитировкалоо боюнча иштердин заказчыларынын бири болуп жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары эсептелинет. Кыртышты бонитировкалоо боюнча иштерди жүргүзүүнүн башкы долбоорчусу (аткаруучусу) болуп жерге жайгаштыруу, топографиялык, картографиялык, топурактык, агрохимиялык, геоботаникалык жана башка изилдөө иштерин, топуракка, сууга жана өсүмдүк үлгүлөрүнө анализ жүргүзүүчү тийиштүү институт эсептелет. Бул тартип жергиликтүү кеңешке Салык кодексинин 337-беренесинин 6-бөлүгүндө каралган өзүнүн ыйгарым укуктарын толук ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет. Бул беренеге ылайык, жергиликтүү кеңештер айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкасын кыртыштын бонитетин, ошондой эле айыл чарба жерлерин пайдаланбагандыгы үчүн ал жеткис күчтүн таасири болгон учурлардан сырткары, календардык жылдын ичинде бирден кем эмес көбөйтүүгө укугу бар.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Климаттык иш тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Коммуналдык кызматтардын тизмеги тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы №428 токтому менен Кыргыз Республикасында органикалык калдыктарды иштетүүнүн тартиби бекитилди
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргыз Республикасынын алыскы, жетүүгө оңой болбогон жана айрым бийик тоолуу калктуу конуштарында жашаган жана иштеген адамдарга кепилдиктерди жана компенсацияларды колдонуу маселелери жөнгө салынды
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинети бийик тоолуу жана алыскы аймактардын тургундарына мамлекеттик кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү маселеси боюнча жаңы токтомдорду кабыл алды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Бишкек шаарында коомдук транспорт менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу үчүн тарифтер өзгөрдү









