Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

1 (111) 7 Февраль 2021

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Цюрихте таштанды чогултуу жана жок кылуу системасы

2016-07-15 / ЖӨБдүн эл аралык тажрыйбасы

Швейцарияга жол тартканга чейин “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоорунун командасы бул өлкөдө таштанды чыгарууну уюштуруу жана жок кылуу тууралуу болгон макалаларды окуп чыкты. Анткени Швейцариянын бул системасы дүйнөдөгү эң эффективдүүлөрдүн бири катары таанылган. Ошондуктан бул системага тикелей тиешеси бар адамдардан – Цюрихтеги таштанды өрттөөчү заводдун директорунан жана таштанды чыгаруу боюнча муниципалдык ишкананын жетекчилеринин биринен маалымат алуу өтө кызыктуу болду.

Тарыхка кылчаялы. Өткөн кылымдын 80-жылдары Швейцарияда таштанды полигондорунун системасыз иштешинен улам топурактын, суунун, абанын булгануусуна байланышкан өтө оор экологиялык кырдаал түзүлгөн. Калктын жогорку жыштыгы шарттарында жарандардын түрдүү продуктыларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү колдонуусу, мындан улам таштандынын көбөйүүсү кырдаалды ого бетер курчуткан. Белгилүү бир мыйзам ченемдүүлүк бар – ИДП өсүш динамикасы таштанды көлөмүнүн өсүш динамикасы менен коштолот. “Таштанды маселесине” карата саясатты түп тамырынан бери өзгөртүү зарылчылыгы пайда болду. Ошондуктан Швейцарияда таштандыны чыгаруунун жана жок кылуунун эффективдүү системасын түзүүгө комплекстүү мамиле жасашты. Таштанды чогултуу жана жок кылуу маселеси боюнча план түзүлүп, стратегиялык максаттар аныкталды.
 
Швейцария экология жана айлана-чөйрөнү сактоо маселелери өнүгүүнүн артыкчылыктары болуп кала турган өлкөгө айланыш керек болчу. Таштанды чогултуу жана жок кылуу маселелеринде таштандыны экинчи жолу кайра иштетүүнүн максималдуу деңгээлине жетүү жана таштанды полигондорун колдонууну азайтуу чечими кабыл алынган.2000-жылы таштанды жөнүндө Мыйзам кабыл алынып, ал жарандардын, мамлекеттик органдардын, ЖӨБ органдарынын жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдүн таштандыны чогултуу жана жок кылуу маселелеринде жүрүмтурум эрежелерин аныктаган. “Таштанды” көйгөйүн чечүү боюнча жаңы схеманын негизин төмөнкү жоболор түзгөн:
 
  • Жарандарды таштандыны сорттоого жана таштандыны экинчи жолу кайра иштетүүнү камсыздоого түртүү.
  • Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын көзөмөлү алдында жеке секторду “таштанды” саясатын ишке ашырууга мүмкүн болушунча көбүрөөк тартуу.
  • Таштанды чыгаруу жана жок кылуу эрежелерин бузгандарга административдик чара көрүүнүн катаал системасын түзүү.
Технологиялык жактан көйгөй төмөнкү усулдар менен чечилиш керек болчу: (1) таштандыны максималдуу сорттоо жана экинчи жолу кайра иштетип чыгаруу, (2) кайра иштетилбей турган таштандыны өрттөө, (3) таштанды полигонуна катаал административдик эрежелердин негизинде жана мамлекеттик, муниципалдык органдардын көзөмөлү алдында көмүү. Практикада Цюрих шаарында бул система төмөнкүдөй иштейт: Таштандыны чогултуу жана чыгаруу менен жеке да, муниципалдык да ишканалар алектенет. Болгондо да жеке компаниялар бул ишмердик үчүн лицензия алыш керек. Жеке ишканалар кызматкерлердин саны 250гө чейин жеткен уюмдар менен иштешет. Таштанды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын жеке компаниялар шаар бийлиги менен макулдашпастан келишимдик негизде өздөрү белгилешет. Жеке компаниялар атайын контейнерлерди орнотуу менен, таштандыны сорттоо боюнча кардарларга шарт
коюшат. Бардык эле компаниялар таштандыны контейнерлерге талаптагыдай сорттобой турганын моюнга алуу керек.
 
Ошондуктан жеке компаниялар бул иштерди өз алдынча аягына чыгарып, таштандыны кайра иштетүү заводдорго алынган экинчи сырьену жеткиришет. Ошентип жеке компанияларда киреше алуунун эки булагы бар: кардардан кызмат көрсөтүү үчүн акы алуу жана сырьену заводго сатуу. Сорттолбой турган таштанды муниципалдык ишкана статусуна ээ болгон таштанды өрттөөчү заводго жеткирилет. Таштанды алып келгени үчүн жеке компания таштандыны өрттөө боюнча кызмат көрсөтүү үчүн заводго акы төлөйт: тоннасы үчүн 140 франк (1 франк 70 сомго барабар). Калкка жана чакан ишканаларга (250 кишиден аз сандагы) таштанды чыгарууну заводдун структурасына кирген муниципалдык ишкана камсыздайт. Ошону менен бирге калкка варианттар да сунушталат: же таштандыны сорттоочу контейнерлерге акысыз чогултуу, же болбосо сорттолбогон таштандыны акыга берилген таштанды каптар менен чыгаруу.
 
Таштанды каптарынын баасы көлөмүнө жараша 0,75 франктан 2,6 франкка чейин болот (52 сомдон 182 сомго чейин). Иш жүзүндө бул таштанды чыгаруу үчүн акы алуунун кыйыр системасы болуп эсептелет.Ошентип жарандарда таштандыны мумкүн болушунча сорттоо каалоосу пайда болот. Кызыгы, мүшөк сатуу менен таштандыны жок кылуучу муниципалдык ишкана өзү алектенет, муну менен ал фискалдык органдын ролун да аткаргандай болот. Мындан улам суроо пайда болот: эгерде мен атайын мүшөк сатып албай, кадимки эле баштыкты, же башка бир буюмду колдонсом эмне болот? Бул мүмкүн эмес. Анткени Швейцарияда атайын таштанды полициясы бар, ал мындай фактыларды текшерип, тергөө жүргүзүп, мыйзам бузган адамга ири суммадагы айып салынат. Айыптын көлөмү 10 000 франкка чейин жетиши мүмкүн. “Таштанды” мыйзамдарын бузганы үчүн административдик айып салуу системасынын өзү өтө катаал, ал эми айыптар олуттуу – 30 франктан (уруксат берилбеген жерге тамеки таштоо үчүн) 20 000 франкка чейин (уруксат берилбеген жерде ири көлөмдөгү жүктү таштаганы үчүн).
 
Атүгүл таштанды өрттөөчү заводдун жетекчилеринин өздөрү үчүн да кызмат көрсөтүүнүн баасы тууралуу талкуу өтө кызыктуу болду. Белгилей кетүүчү жагдай, муниципалдык жана жеке ишканаларга атаандаштык маселелери боюнча көп деле тең шарттар түзүлгөн эмес. Муниципалдык ишкананын киреше булагынын 50 пайызын мүшөк сатуу түзөт. Бул болсо жарандын милдеттенмеси жана азыраак даражада рынок механизми болуп эсептелет. Кирешенин экинчи бир булагы – таштандыны жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн жеке компанияларга акы төлөө. Бул бааны муниципалдык бийлик белгилейт, муну да рыноктук механизм катары кароого болбойт. Таштандыны сорттогондон кийин муниципалдык ишкананын экинчи сырьену сатуусу үчүнчү булак (20% чейин) болуп эсептелет. Муниципалдык ишканалардын жетекчилеринин өздөрү бул рынокто жеке компаниялардын үлүшү чоң болгонуна карабастан (60% чейин) алардын иши муниципалдык органдар тарабынан координациясы жана көзөмөлү алдында жүзөгө ашырыла турганын мойнуна алышты. Муниципалдык ишканалардын тобокелдиги мүшөктөрдүн баасы менен компенсацияланышы мүмкүн (б.а. жыйымдардын). Муну болсо жеке компания көтөрө албайт. Атүгүл муниципалдык ишкана өз кирешесинин жарымын Цюрихтин шаардык бюджетине жиберет (200 млн. франкка чейин) жана бул акча кызмат көрсөтүүнүн баасына да кошулат. Белгилей кетчү дагы бир жагдай, таштанды өрттөөчү заводдо таштандыны өрттөгөндөн алынган электр энергиясынын өздүк баасын өзүнчө эсептешпейт.
 
Бул чыгашаны заводдун жана таштанды чыгаруу боюнча муниципалдык ишкананын жалпы суммасында кызмат көрсөтүүнүн наркына кошушат. Иш жүзүндө бул чыгашаларды салык төлөөчүлөр өздөрү жабат. Ошону менен бирге муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин маянасы жеке компаниянын кызматкерлеринин маянасынан жогору болот жана бул чыгымдар да кызмат көрсөтүүнүн баасы менен жөнгө салынат (анын ичинде мүшөктөрдүн баасы менен). Кесиптештерибиз мойнуна алгандай, реформанын алгачкы жылдарында мүшөктөрдүн баасы кескин өскөн, анткени жаңы заводдордун курулушуна байланышкан чыгашаларды жабыш керек болчу. Акыркы жылдары гана анын баасы бир калыпка түшүп калды. Жолугушуунун соңунда муниципалдык ишканалардын жетекчилери жеке “таштанды” компаниялар менен өз ара мамилелерде коррупциялык тобокелдиктер бар болгонун айтышты. Анткени дал ушул муниципалдык ишканалар таштандыны кабыл алыш керекпи же жокпу деген чечимди кабыл алат, ал эми жеке компанияда башка альтернатива жокко эсе. Сорттолбогон таштандыны полигонго чыгаруу монополиясына муниципалдык ишканага гана ээ.
 
Бул мисал сыртынан бакубат көрүнгөнү менен, анын артында өз көйгөйлөрү жана кыйынчылыктары бар кылдаат иш турганын көрсөтүүдө. Бирок адамдар өтө жогору акы төлөөгө даяр. Анткени бул акча үчүн сапаттуу кызмат көрсөтүүгө ээ болоорун билишет. Албетте өз шаарына аяр мамиле жасап, тазалыкты сактаган шаардыктардын менталитети да мында чоң ролду ойнойт. “Таштанды” көйгөйүн чечүүдө Швейцариянын ийгилиги даанышман башкаруучулук чечимдерге жана шаардыктардын өздөрүнүн жоопкерчилигине негизделет. Жалпысынан система өз эффективдүүлүгүн көрсөтө алды. Бул болсо Швейцарияны табиятты сактоо жаатында дүйнөлүк лидерлердин катарына кошууда. Кыргызстан да бардык кыйынчылыктарды эске алуу менен, мына ушул өлкөнүн тажрыйбасын сөзсүз үйрөнүшү керек.