Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

1 (111) 7 Февраль 2021

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Албания – өнүгүү боюнча реформалар уланууда

2016-07-05 / ЖӨБдүн эл аралык тажрыйбасы
Албания – өнүгүү боюнча реформалар уланууда

Децентралдаштыруу боюнча реформалар башталган мезгилде Кыргызстандын өкүлдөрү чакан Албан өлкөсүнө назарын көбүрөөк бурушкан эле.Албанияда 1992-жылдан тарта чарба жүргүзүүнүн социалисттик системасынан рынок мамилелерине өтүүгө байланышкан өзгөрүүлөр башталган. Ошону менен бирге жергиликтүү өз алдынча башкарууну, жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүдө жасалган реформалар өзгөчө кызыгууну жараткан. Албания көптөгөн параметрлери боюнча Кыргызстанга окшошуп кетет: тоолуу келип, аймагы 28,7 миң кв.км түзөт (Кыргызстанда 200 миң кв.км), калктын жыштыгы – 96 киши/кв. км (Кыргызстанда 30 киши/кв.км).

2015-жылга чейин, б.а., административдик-аймактык реформалар башталганга чейин Албанияда 12 регион (облус), 36 округ (район) жана 373 муниципалитет болгон. Бул жагынан да Албания Кыргыз Республикасына окшошуп кетчү. Биздин өлкөлөр ортосундагы өнүгүүдөгү башталгыч шарттардын окшоштугу, реформаларды жүргүзүү тажрыйбасын үйрөнүү, мыкты практиканы Кыргызстанда колдонуу мүмкүнчүлүгү “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоорунун командасынын Албанияга жасаган сапарында башкы максат болду. Аталган Долбоорду ХЕЛВЕТАС “Свисс Интеркооперейшн” Ассоциациясынын Кыргыз Республикасындагы филиалы жана Өнүктүрүү саясат институту уюмдарынан турган консорциум ишке ашырып келет.
 
Албания Республикасынын 1998-жылдагы Конституциясына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийликти децентралдаштыруу жана жергиликтүү автономия принциптеринин негизинде түптөлгөн. Жергиликтүү өз алдынча башкарууга тиешелүү жалпы жоболор “Жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруу жана анын иштеши жөнүндө” Мыйзамда сүрөттөлгөн.Албанияда жергиликтүү өз алдынча башкаруу 2015-жылга чейин регионалдык, округдук деңгээлдерде, шаардык муниципалитеттерде жана айылдык коммуналарда жүзөгө ашырылып келген. Аны менен бирге регионалдык деңгээлдеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасы көп жеринен формалдуу болчу. Мисалы, регионалдык парламенттин депутаттарынын катарына автоматтык түрдө облустун аймагында жайгашкан шаарлардын бардык мэрлери кирчү. Иш жүзүндө префект (өкмөттүн региондогу өкүлү) регионалдык Кеңешке салыштырмалуу регион деңгээлинде көбүрөөк реалдуу бийликке ээ болчу.
 
Бюджеттик система ашкере борборлоштурулуп, дээрлик бардык ЖӨБ органдарында финансыны башкаруу боюнча өз алдынчалуулук болгон эмес. Көптөгөн муниципалитеттерде калктын саны аз болгону менен, мамлекеттин карамагында аткаминерлердин чоң армиясы турган. Мына ушунун баары Албанияны 2014-жылы административдик-аймактык реформаны баштоого түрттү. Реформанын натыйжасында 3 регион калып, алар өзүнө 61 муниципалитетти бириктирген.Мында шаарлар борбор болуп калган. 2015-жылы жаңы административдик-аймактык бирдиктердин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо өткөн. Ошондой эле мэрлерди шайлоо да болгон. Мэрлерди түз шайлоо жолу менен калк тандайт. Реформалар жаңыдан гана башталып жатат жана азырынча кандайдыр бир тыянактарды чыгаруу эрте. Бирок Кыргызстан үчүн айрым пайдалуу тыянактарды азыртадан эле чыгара берсе болот. 
 
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү  системасы Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын, мамлекеттик органдардын жарандар алдындагы жоопкерчилигин жогорулатуу максатында 2016- жылы “Албания Республикасында фронт-кеңселе аркылуу коомдук кызмат көрсөтүүлөрдүн тартиби жөнүндө” Мыйзам кабыл алынган. Мыйзам коомдук кызмат көрсөтүү административдик тоскоолдуктарды кыйгап өтүп, жогорку сапатта жарандарга жете тургандай эрежелерди белгилейт. Мыйзамдагы аныктамага ылайык, коомдук кызмат көрсөтүү – мамлекеттик, көз карандысыз мекемелер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берген кызмат көрсөтүү. Кызмат көрсөтүү жарандардын суроо-талабы боюнча берилет жана анын продуктулары – маалым каттар, сертификаттар, лицензиялар, уруксат берүүчү документтер ж.б. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө” Мыйзамынан айырмаланып, Албанияда азырынча “муниципалдык кызмат көрсөтүү” термини колдонула электигине, мунун ордуна “коомдук кызмат көрсөтүүнү” аныктоо боюнча жалпы критерийлер тандалып алынганына көңүл буруш керек.
 
Бул критерийлер жалпысынан кыргызстандык Мыйзамдын критерийлерине окшошуп кетет. Албаниянын өкмөтү коомдук кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү реформаларды ишке ашырууга чоң көңүл буруп жатат. Ошондуктан кеңири административдик ыйгарым укуктарга ээ болгон Коомдук кызмат көрсөтүүлөр боюнча атайын мамлекеттик агенттик түзүлгөн. Агенттик кызмат көрсөтүүлөр системасын “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча координациялайт. Ал кызмат көрсөтүүгө арыздар кабыл алынчу “фронт-кеңседен” жана бул кызмат көрсөтүүлөр аткарылган “бэк-кеңседен” турат. “Бэккеңсе” (мамлекеттик орган) кызмат көрсөтүүнү сапатсыз жеткирген күндө да фронт-кеңсеге кайрылган жарандын алдында кызмат көрсөтүүнү аткаруу боюнча милдеттенмени Агенттик алат. Мындай мамлекеттик орган менен териштирүүнү жаран эмес, Агенттик жүргүзөт. Атүгүл сотко кайрылууга чейин жетиши мүмкүн. Мыйзамдар менен жаранга кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн мамлекеттик органга түз кайрылууга тыюу салынган.
 
Реформалар эми гана ишке ашырыла баштады жана албетте чечилиш керек болгон суроолор кала берүүдө. Ошондой эле Коомдук кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө Мыйзамдын өзүн да өркүндөтүү талап кылынат. Аны менен катар бул Мыйзамдын ишке ашырылышын “Децентралдаштыруу жана жергиликтүү өнүгүү программасы” Долбоору жана “Бирдиктүү терезе” иштей баштаган Шкодра шаардык мэриясы талкуулады. Талкуунун жүрүшүндө Албаниянын адистери Мыйзамга “административдик муниципалдык кызмат көрсөтүү” терминин кошуу демилгесин көтөрүп чыгышты. Анткени практикада ЖӨБ органдарынын компетенциясында гана болгон жана колдонуудагы Мыйзамда толук камтылбай калган коомдук кызмат көрсөтүүлөрдүн 63 түрү аныкталган. 
 
Биздин делегациянын өкүлдөрү жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн (жарыктандыруу,КТК чыгаруу, таза суу жеткирүү, канализация ж.б.) алкагындагы кызмат көрсөтүүлөрдү структурага кошууга карата пикирлерине кызыгышты. Албан кесиптештердин пикири боюнча жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, бул кызматтарды көрсөтүү тартиби тармактык мыйзамдарда (таштанды, таза суу ж.б. боюнча), ал эми бул маселелер боюнча ЖӨБ органдарынын милдеттенмелери “Жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруу жана анын иштеши жөнүндө” Мыйзамда сүрөттөлгөн. Ошондуктан кызмат көрсөтүүлөрдүн бул түрлөрүн “административдик муниципалдык кызмат көрсөтүү” түшүнүгүнө кошуу маселеси каралган жок. Коомдук кызмат көрсөтүүнү уюштуруу боюнча Албания тандап алган жол Кыргызстан үчүн өтө пайдалуу болчудай. Анткени дал ушул тапта “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” КР Мыйзамын ишке ашыруу боюнча жигердүү иштер жүрүп жатат.
 
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде бюджеттик система Албаниянын Конституциясы жана мыйзамдары боюнча ЖӨБ органдары финансылык жактан көз карандысыз болуп, финансылык децентралдаштырууну өнүктүрүү зарылдыгы каралган. Жергиликтүүдеңгээлде бюджеттик процесстин өзөктүк жоболору жана бюджеттер аралык мамилелер боюнча ченемдик-укуктук база Кыргыз Республикасындагы бюджеттик мыйзамдардын жоболоруна окшош. Бирок практикада финансылык децентралдаштыруу боюнча реформалар көп жакшы илгерилебей жатат. Киреше булактарынын узун тизмегине карабастан (15тен ашык) алардын баары жергиликтүү локалдык мүнөзгө ээ жана жергиликтүү бюджеттин кирешелер бөлүгүндө анчалык деле орунду ээлебейт.
 
Ошону менен бирге мыйзамдарда жалпы мамлекеттик салыктарды бөлүштүрүү мүмкүнчүлүгү каралган. Бирок иш жүзүндө бул салыктар жергиликтүү бюджеттин кирешелерине айлана албай койду. 2014-жылдын жыйынтыктары боюнча республикалык бюджеттен трансферттердин көлөмү жергиликтүү бюджеттердин жалпы көлөмүнөн 94% түздү. Өлкөдөгү дээрлик бардык муниципалитеттер дотациялык болуп эсептелет. Бизди курорттук, сыртынан караганда бакубат көрүнгөн Шкодра шаарынын мисалы таң калтырды. Шаарда кызмат көрсөтүүлөр системасы өнүккөнүнө карабастан дотациялык болуп эсептелет.
 
Мындай шарттарда шаар бийлиги атүгүл таштанды полигонун өз алдынча күтө албайт жана ал ушул тапта дээрлик кароосуз калган.Административдик-аймактык реформа 2014-2015-жылдар аралыгында Албанияда административдик-аймактык реформа башталган. Макаланын кириш бөлүгүндө реформанын айрым бир сандык көрсөткүчтөрү келтирилген. Реформанын оң өңүттөрүнөн төмөнкүлөрдү белгилесе болот:
 
  • Мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгү жогорулады. Башкаруунун регионалдык деңгээли алып салынып, жергиликтүү өз алдынча башкарууга көбүрөөк ыйгарым укуктар берилди. Ал муниципалитеттердин жаңы чек араларында топтоштурулуп, округдар менен региондор ортосунда “секиргенин” токтотту.
  • Аткаминерлердин аппаратына кеткен чыгымдар бир кыйла азайды, анткени жаңы ЖӨБ органдарынын штаты көп деле көбөйгөн жок.
  • Реформа мамлекетти кызмат көрсөтүүлөр, жергиликтүү бюджеттерди, жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү жаатында реформаларды тездетүүгө түрттү.
Ошол эле маалда кыйынчылыктар да белгиленди, аларды Кыргызстан административдик-аймактык реформаны ишке ашырууда эске алышы керек:
 
  • Жаран кызмат көрсөткөн жаңы борбордон алыстап калды. Анткени мурдагы муниципалдык борборлорго альтернатива берилген эмес. Реформалардын баштапкы этаптарында жаңы ЖӨБ органдарына бул маселени өз алдынча чечүү сунушталган.
  • Реформалар кошумча бюджеттик каражаттар менен камсыздалган эмес. Бул болсо аймак боюнча жаңы муниципалдык борборлордун кирешелери “чачырап” кетет деген кооптонууну жаратты.
  • Буга чейин жер-жерлерде кызмат көрсөткөн муниципалдык ишканалар жоюлду, ал эми техника эски абалында жаңы муниципалдык борборго берилди. Алыскы айылдарга кызмат көрсөтүү көйгөйү пайда болду. Бул айылдарда кызмат көрсөтүүнү аутсорсингге берүү мүмкүнчүлүгү жок.
Ошону менен бирге Албанияда бул көйгөйлөрдү көрүп, баамдап турушат жана административдикаймактык реформа ушул маселелерди чечүү үчүн түрткү болот деп үмүт артышат. Жалпысынан регионалдык өнүгүүдө жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүдө реформаларды ишке ашыруу тажрыйбасы Кыргыз Республикасы үчүн өтө кызыктуу жана пайдалуу болмок. Балким кээде тажрыйба менен бөлүшүп туруу зарылчылыгы бар чыгаар. Анткени Кыргызстан да башка өлкөлөрдөгү кесиптештерине көп нерсени көрсөтүп, тажрыйбасы менен бөлүшө алат.
 
Административдик-аймактык реформа 2014-2015-жылдар аралыгында Албанияда административдик-аймактык реформа башталган. Макаланын кириш бөлүгүндө реформанын айрым бир сандык көрсөткүчтөрү келтирилген. Реформанын оң өңүттөрүнөн төмөнкүлөрдү белгилесе болот:
 
  • Мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгү жогорулады. Башкаруунун регионалдык деңгээли алып салынып, жергиликтүү өз алдынча башкарууга көбүрөөк ыйгарым укуктар берилди. Ал муниципалитеттердин жаңы чек араларында топтоштурулуп, округдар менен региондор ортосунда “секиргенин” токтотту.
  • Аткаминерлердин аппаратына кеткен чыгымдар бир кыйла азайды, анткени жаңы ЖӨБ органдарынын штаты көп деле көбөйгөн жок.
  • Реформа мамлекетти кызмат көрсөтүүлөр,жергиликтүү бюджеттерди, жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү жаатында реформаларды тездетүүгө түрттү.
Ошол эле маалда кыйынчылыктар да белгиленди, аларды Кыргызстан административдик-аймактык реформаны ишке ашырууда эске алышы керек:
 
  • Жаран кызмат көрсөткөн жаңы борбордон алыстап калды. Анткени мурдагы муниципалдык борборлорго альтернатива берилген эмес. Реформалардын баштапкы этаптарында жаңы ЖӨБ органдарына бул маселени өз алдынча чечүү сунушталган.
  • Реформалар кошумча бюджеттик каражаттар менен камсыздалган эмес. Бул болсо аймак боюнча жаңы муниципалдык борборлордун кирешелери “чачырап” кетет деген кооптонууну жаратты.
  • Буга чейин жер-жерлерде кызмат көрсөткөн муниципалдык ишканалар жоюлду, ал эми техника эски абалында жаңы муниципалдык борборго берилди. Алыскы айылдарга кызмат көрсөтүү көйгөйү пайда болду. Бул айылдарда кызмат көрсөтүүнү аутсорсингге берүү мүмкүнчүлүгү жок.
Ошону менен бирге Албанияда бул көйгөйлөрдү көрүп, баамдап турушат жана административдикаймактык реформа ушул маселелерди чечүү үчүн түрткү болот деп үмүт артышат. Жалпысынан регионалдык өнүгүүдө жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүдө реформаларды ишке ашыруу тажрыйбасы Кыргыз Республикасы үчүн өтө кызыктуу жана пайдалуу болмок. Балким кээде тажрыйба менен бөлүшүп туруу зарылчылыгы бар чыгаар. Анткени Кыргызстанда башка өлкөлөрдөгү кесиптештерине көп нерсени көрсөтүп, тажрыйбасы менен бөлүшө алат.