Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Социалдык коргоо – болгариялык муниципалитеттин жана БӨУнун миссиясы

2015-04-07 / ЖӨБ тажрыйбасы
Социалдык коргоо – болгариялык муниципалитеттин жана БӨУнун миссиясы

Мамлекеттин ролу – саясат Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги кээде боорду оорутат – милдеттердин жана ыйгарым укуктардын аягы көрүнбөгөн көлөмү министрликте иштеген адистерге социалдык өнүгүү саясатына толук өлчөмдө көңүл бурууга жол бербейт. Мунун ордуна алар калктан, өкмөттөн жана башка башкаруу структураларынан түшкөн өтүнүчтөргө, кайрылууларга көмүлүп, күнүмдүк суроо-талаптарды чечүү менен гана алектенип калышкан. Жарандар министрликти кызмат көрсөткөн оператор катары көрүүгө көнүп калды. Бул туура эмес. Ошондуктан сапардын катышуучуларына Болгария Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мисалында министрлик өзүнүн саясий функцияларын майнаптуу аткаруусу үчүн кандай шарттар түзүлгөнүн көрүү кызык болду. Министрдин орун басары Лазар ЛАЗАРОВ 2003-жылга чейин бардык социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекет ишке ашырып келгенин, системанын алкагында социалдык мекемелер жабылганын айтып берди. Социалисттик өлкөлөрдө болуп келгендей, жардамга муктаж адамдарды башкалардан айырмалуу резервацияларга – майыптар үйлөрүнө, балдар үйлөрүнө, карылар үйлөрүнө ж.б. жашатып келишкен. Жети жылдын ичинде, 2010-жылдан тарта Болгария системаны реформалады – социалдык жардамды жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү деинституционалдаштырды, мүмкүн болгон бардык жабык типтеги мекемелерди жаап, ыйгарым укуктарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү муниципалдык деңгээлге өткөрүп берди.

Бүгүнкү күндө мамлекет критерийлер, методикалар, стандарттар жана мониторинг үчүн гана жооптуу. Социалдык кызмат көрсөтүүгө муктаждык жана жардам берүү менен муниципалитеттер, бейөкмөт уюмдар жана бизнес-структуралар түздөн-түз алектенет. Кызмат көрсөтүү жана аны пландоо да муниципалитеттер деңгээлинде жүзөгө ашырылат. Алар муктаж болгондордун санын, кызмат көрсөтүүлөрдүн түрүн, финансыны жана каржылоонун булактарын аныктаган социалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча өз стратегияларын иштеп чыгат. Муниципалдык стратегиялар облустук деңгээлде бириктирилет жана улуттук пландоого кошулат (2015-жылы пландоонун алгачкы беш жылдык мезгили соңуна чыгат).
Министрликке караштуу Социалдык жардам агенттиги (СЖА) түзүлгөн – бул кызматчылардын саны 5 миңге жеткен, 147 аймактык бөлүмчөсү бар (ар бир бөлүмчө бирден төрткө чейин муниципалитетти көзөмөлдөйт) кубаттуу мамлекеттик структура. СЖАнын аткаруучу директору Янита МАНОЛОВА социалдык жардам системасында муниципалитеттердин алдыңкы ролун баса белгилеп өттү: “Болгариянын мыйзамдарында социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн эки негизги тобу бар – эски типтеги кызмат көрсөтүүлөр – интернаттык мекемелер.Булардан биз бара-бара таптакыр баш тартып жатабыз жана муниципалдык деңгээлге өткөрүлүп берилген кызмат көрсөтүүлөр. СЖАнын ролу тууралуу айта турган болсом, ал төрт негизги эреже (милдет) менен чектелет – кызмат көрсөтүүлөрдү ачууга жана жабууга байланыштуу талашсыз укук, кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүнүн санын аныктоо (таап чыгуу эмес, белгилөө; муниципалдык социалдык стратегияларды иштеп чыгууга катышуу; стандарттарды аныктоо; мониторинг жүргүзүү. Дагы биз социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдү каттайбыз (балдар үчүн кызмат көрсөтүүгө келгенде Балдар укугун коргоо боюнча агенттиктен лицензия талап кылынат). Бирок социалдык кызмат көрсөтүүнү “ачуу” демилгесин адатта муниципалитет көтөрөт”.
Муниципалитет социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү “ачат” Долна Баня аттуу чакан элеттик муниципалитеттин социалдык кызматынын жетекчиси Милена МАЧКАНОВА социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана жардамды үч моделге бөлдү: “Биринчи модель социалдык кызмат көрсөтүүнү мамлекеттик субсидиянын эсебинен өткөрүп берүү механизми аркылуу ишке ашырууну караштырат. Экинчи модель – бул өзүбүздүн муниципалдык социалдык кызмат көрсөтүүлөрүбүз, алар жергиликтүү бюджеттин эсебинен ишке ашырылат. Бирок биз кийин мамлекеттен компенсация сурай алабыз. Үчүнчү модель – бул атайын фонддордун жана долбоорлордун эсебинен кошумча кызмат көрсөтүүлөр”.
Экинчи модель жамааттын көз карашынан алганда чоң кызыгууну пайда кылат. Анын маңызы – муниципалитет өзүндө жаңы социалдык кызмат көрсөтүүнү “ача алат”. Бул мындайча ишке ашат: аткаруучу органдын социалдык кызматы керектөөлөрдү изилдеп чыгып, жаңы керектөөнү же максаттуу топту таап чыгат, жаңы кызмат көрсөтүүгө зарылчылык бар болгонун тастыктап берет жана бул сунушту жергиликтүү кеңештин кароосуна алып чыгат. Албетте социалдык кызмат келтирген жүйөдө бардык зарыл болгон финансылык маалымат, анын ичинде кызмат көрсөтүүнү каржылоонун булактары камтылат. Жергиликтүү кеңеш аткаруучу органдын сунушун карап чыгат жана кызмат көрсөтүүнү “ачуу” тууралуу чечим кабыл алат. Ошону менен бирге зарыл болгон тиешелүү өзгөрүүлөр жергиликтүү бюджеттин долбооруна киргизилет. Ошол эле маалда жаңы кызмат көрсөтүү тууралуу сунуш Социалдык жардам агенттигинин жергиликтүү аймактык бөлүмчөсүнө багытталат. Мына ушул жерден кызыктын баары башталат.
Жергиликтүү кеңеш кызмат көрсөтүүнү өз эсебинен каржылап берүүгө укуктуу жана адатта ушундай эле болот. Себеби бийлик структураларынын графиктери жана иш календарлары дайыма эле туура келе бербейт. Ал эми СЖА муниципалитеттин кызмат көрсөтүүнү “ачуу” тууралуу сунушун карап чыгып, өз чечимин чыгарат. Эгерде чечим оң жагына кабыл алынса, башка айтканда Агенттик кызмат көрсөтүүнү “ачууну” жактырса,анда ал мамлекеттик каржылоого ээ болот жана жалпы теңдештирүүчү субсидияга кошулат. Ал эми мамлекет чечим кабыл алганга чейин муниципалитеттин кызмат көрсөтүү үчүн кетирген чыгашалардын орду мамлекеттик бюджеттен толукталат. Ошентип муниципалитет кандайдыр бир тобокелчиликке барат, бирок көп учурда Агенттик жамааттын сунушун жактырып берет. Себеби жаңы кызмат көрсөтүүлөр асмандан эле алынбайт, алар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жамааттын реалдуу жана актуалдуу керектөөлөрүнө жообу катары болот. Мындан тышкары Агенттик тарабынан оң жооп алуунун өтө маанилүү шарты – кызмат көрсөтүүнүн туруктуулугун камсыздоого кепилдик болуш керек. Анын өзөктүү фактору катары кызмат көрсөтүлө турган имаратка менчик документи эсептелет. Мындай документти муниципалитет жаңы кызмат көрсөтүү тууралуу сунуш менен чогуу берүүгө милдеттүү.
Мисалы, эгерде муниципалитетте жаш энелер көп болуп, аларга балдарын калтыра турган күндүзгү борбор зарыл болсо, анда муниципалитет имарат бөлүп берип, тобокелчиликке салып борбор ачып берет. Ал эми мамлекет кийинчирээк кызмат көрсөтүүнү каржылайт. Мына ушул нерсе социалдык отчеттуулук кантип иштерин көрсөтөт. Милена МАЧКАНОВА: “Биз дайыма кырдаалга байкоо салып турабыз, калктын керектөөлөрүнө талдоо жүргүзөбүз, жаңы, инновациялык социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүүгө умтулуп келебиз.Бул муниципалитеттин ишинин өзөктүк багыты болуп эсептелет!”.
Шаарды жана 27 айылды бириктирген Мездра муниципалитети өз жашоочуларына кызмат көрсөтүүлөрдүн узун тизмесин сунуштайт. Мездранын Социалдык кызмат көрсөтүүлөр дирекциясынын директору Елена НАНОВА сапардын катышуучуларына жарандар муниципалитеттен кандай жардам ала аларын көпкө сүрөттөп берди: “Мездрада Муниципалдык социалдык кызмат көрсөтүү борбору бар. Ал борборго жарандар ар түрдүү маселелер боюнча кайрыла алышат; Социалдык патронаж үйү бар – өзүнө кам көрө албагандар үчүн тамак берип, кызмат көрсөтөт; Карылар үйү бар, ал карыларды коомдон бөлүп койбостон, аларды социалдаштыруу максатын көздөйт; жакырлар үчүн социалдык ашкана бар; психикалык саламаттыгы жайында болбогон адамдар үчүн коргоого алынган турак жай бар; жүрүм-туруму начар жаштарүчүн өткөөл жай бар, бул жерде жаштар эмгек көндүмдөрүнө ээ болуу менен жаңы жашоо баштай алышат; жетимдер жана мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн үй-бүлөлүк типтеги борборлор иштейт;эмгек-терапиялык устакана бар, бул жерден социалдык жактан аярлуу жарандар тигүүчүлүккө, тамак жасоого, карапа ишке жана колдонмо искусствого үйрөнүшөт. Бул чоң чарбалык түрдүү булактардан каржыланат. Бирок негизинен мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен каржыланып келет. Ал эми эмгек-терапия устаканасын биз Жапония өкмөтү бөлгөн гранттын жардамы менен ачтык. Негизи эле биз дайыма каржылоонун жаңы формаларын, булактарын издеп турабыз. Статусуна жана мүмкүнчүлүктөрүнө карабастан адамдар үчүн жашоонун татыктуу шарттарын түзүп берүү биздин максатыбыз”.Төмөндөн жогору карай пландоо Жогоруда айтылгандай, Болгарияда социалдык жардамды жана кызмат көрсөтүүнү пландоо төмөндөн жогору карай ишке ашат. Ал эми социалдык саясаттын пайдубалы муниципалдык стратегия болуп эсептелет. Анткен менен бул муниципалитеттер жалгыз гана социалдык өнүгүү стратегиясына ээ дегенди түшүндүрбөйт.Мисалы, Болгариядагы чоңдугу жагынан үчүнчү шаар – Велико Тырновонун Социалдык кызмат көрсөтүүлөр жана саламаттык дирекциясынын директору Росица ДИМИТРОВАнын айтымында, муниципалитет бир нече социалдык стратегияга ээ. Алар: балдардын укугун коргоо стратегиясы,азчылыктардын интеграциясы, психикалык саламаттык стратегиясы. Алар социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүнүн шаардык стратегиясы менен макулдашылган. Директор психикалык саламаттык стратегиясы Болгария үчүн уникалдуу тажрыйба болгонун белгиледи. Росица ДИМИТРОВА мамлекет учурда бул стратегияны мындан ары жайылтуу үчүн үлгү катары карап жатканын сыймыктануу менен айтып берди.Негизи эле Болгарияда стратегиялык пландоо процесстери системалык негизге ээ – мына ушуну Кыргызстан өздөштүрсө ашыкча болмок эмес.
Бардык деңгээлдерде стратегиялоо регионалдык өнүгүү тууралуу атайын мыйзамда ийне-жибине чейин сүрөттөлгөн. Ал мыйзамда эки глава пландоо процессин сүрөттөөгө арналган жана пландоо деңгээлдеринин жана документтердин өздөрүнүн өз ара мамилелерин жөнгө салат. Айталы, мыйзамдын 3-главасынын 9-беренеси регионалдык өнүгүүнү стратегиялык пландоо документтер системасын сүрөттөйт. Ал өзүнө Өнүгүүнүн улуттук планын; Улуттук стратегиялык алкакты; Европа биримдигинен бөлүнгөн каражаттан биргелешип каржыланган ыкчам программаларды; өнүгүүнүн регионалдык пландарын;өнүгүүнүн регионалдык стратегияларын; өнүгүүнүн муниципалдык пландарын камтыйт. Болгарлар мыйзам чыгаруу деңгээлинде стратегияларды өнүгүү пландарынан бөлүп караганы жана чоң практикалык маанини дал ошол пландарга берери, ал эми стратегиялар чанда гана иштелип чыгары, аларга принциптер менен багыттарды гана киргизери көрүнүп турат. Болгарияда “План болгон жерде гана акча бар” деген макал бар.
Болгарияда пландоонун негизги принциби түрдүү деңгээлдерде макулдашылган пландоо – катуу сакталат. Балким ошондон улам Кыргызстанда акыркы жылдары өтө эле байкалып жаткан мамлекеттик стратегияларды жана программаларды аткарууга байланышкан олуттуу көйгөй жокко эсе.Пландоо процессинин катышуучулары – башкаруунун бардык структуралары болуп эсептелет. Мисалы, тармактык министрликтер ар бир муниципалитет үчүн божомол даярдап берет, анын негизинде муниципалитеттер өзүнүн стратегиясын түзөт. Облустук стратегиялар мамлекеттин артыкчылыктарын эсепке алат жана муниципалдык менен байланышкан. Процесстин өзү бери дегенде эки жолу айланат – документти дагы бир жолу карап чыгуу жана процесстин бардык катышуучуларынын ойпикирлерин эске алуу үчүн кайтарышат. Мыйзамдын ошол эле 3-главасынын 13-беренеси өнүгүүнүн муниципалдык планынын структурасын сүрөттөйт. Ал төмөнкүдөй бөлүмдөрдөн турат:
 
  • муниципалдык билим берүүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө талдоо жүргүзүү;
  • белгилүү бир мезгилге муниципалитеттин өнүгүү максаттары жана артыкчылыктары;
  • планды аткаруу үчүн зарыл болгон ресурстардын жыйынтыкталган финансы таблицасы;
  • пландын аткарылышына мониторинг жана баалоо жүргүзүү үчүн көрсөткүчтөр;
  • планга мониторинг, баалоо жүргүзүү жана жаңылоо үчүн зарыл болгон аракеттер;
  • өнөктөштүк, коммуникациялар жана маалыматты жайылтуу принциптерин ишке ашыруу механизми;
  • өнүгүүнүн муниципалдык планын ишке ашыруу боюнча программа, ага конкреттүү долбоорлор, тиешелүү финансы ресурстары жана долбоорлорду аткаруу үчүн жооптуу бөлүмчөлөр камтылат;
  • планды алдын ала баалоо;
  • климаттын өзгөрүүсүндөгү кесепеттерди жумшартуу жана орун алган өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу боюнча чаралар.
Болгариянын пландоого карата прагматикалык мамилесине көңүл буруу зарыл. Анын жардамы менен финансы план да көңүл чордонунда турат. Бул мамиле өнүгүү пландарын үгүт жана демагогия катары эмес, чыныгы аспап катары колдонууга жол берет.Социалдык кызмат көрсөтүлөрдүкаржылоо Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана жардамды каржылоо мамлекеттин эсебинен да,жергиликтүү бюджеттин эсебинен да ишке ашат.Мамлекеттик бюджет жөнүндө жылдык мыйзам кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын санын белгилейт жана каржылоонун стандарттарына ылайык муниципалитеттер ала турган субсидиялардын көлөмүн аныктайт.
Ошону менен бирге бул жерде өзөктүк сөз – каржылоонун стандарты. Болгарияда социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өткөрүп берүүнүн ийгилиги мына ошол стандарттарга негизделген. Муниципалитет конкреттүү кызмат көрсөтүү мамлекеттен кандай көлөмдөгү каражат аларын так билет, ошол каражатты толугу менен алат жана андан ары бул кызмат көрсөтүүнү кантип жакшырак уюштуруш керектигин – өз күчү мененби же социалдык тапшырык аркылуу бейөкмөт уюмдардын жардамы мененби – муну өзү чечет.
Болгария республикасынын Муниципалитеттердин улуттук ассоциациясынын аткаруучу директору Гинка ЧАВДАРОВА социалдык жардамды жана кызмат к ө р с ө т ү ү л ө р д ү берүүнү уюштуруу жана каржылоо схемасын көрсөттү (диаграмманы караңыз). Бул диаграммадагы кара жана боз тик жебелер акча каражаттарынын кыймылынын багытын билдирет. Биринчи жебе (оңдон солду карай) мамлекет жергиликтүү бюджетке жалпы теңдөөчү субсидиянын багыттарын көрсөтүп турат. Анын көлөмү кызмат көрсөтүүнүн жана башка стандартташтырылган параметрлердин стандарттарынын базасында эсептелет (керектөө бирдигине же алуучуга). Кийинки эки жебе (оңдон солду карай) муниципалитет берилген тапшырмаларды аткарууну кошо каржылай аларын көрсөтөт. Мисалы, орто мектептер мамлекет тарабынан 80% көлөмүндө гана каржыланат. Калган 20% өз каражаттарынын эсебинен муниципалитет кошо каржылайт. Анткен менен кырдаал муниципалитетке, анын киреше дараметине жараша өзгөрүп турат.
Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн физикалык инфраструктурасы Кыргызстанда муниципалдык социалдык тапшырык механизмин пилоттук жайылтуу процессинде Өнүктүрүү саясат институту жана пилоттук муниципалитеттер чоң көйгөйгө туш болду – муниципалитеттерде социалдык кызмат көрсөтүү үчүн физикалык инфраструктуралар жокко эмес экен.Ушундай эле көйгөй Болгарияда да жакынкы мезгилге чейин актуалдуу болуп келген – айылдарда жана шаарларда заманбап социалдык кызмат көрсөтүү үчүн имараттар жок болчу, бардык нерсе чуулгандуу интернатка келип такалган. Анткен менен болгар мамлекети социалдык чөйрө үчүн инфраструктураны түзүү ишин жарым-жартылай каржылап берген.
Мисалы, “Кооз Болгария” программасынын алкагында социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө арналган инфраструктуралардын объекттерин түзүү боюнча муниципалдык долбоорлорду ишке ашырууга сынак өткөрүлгөн. Муниципалитеттер – гранттарды алуучулар курулуш аяктаган соң кызмат көрсөтүү улана берерин, анын туруктуулугун камсыздай турганын далилдеп бериш керек болчу. “Кооз Болгария” программасынын жардамы менен көптөгөн муниципалитеттер социалдык кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыздай алышты. Анткен менен Болгарияга бул маселеде олуттуу жардамды Европа биримдиги көрсөткөнүн жана көрсөтүп келатканын унутпаш керек.

 

Окшош материалы: