Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

1 (171) 6 Февраль 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

1700 жаран өз муниципалитеттеринин мыкты тажрыйбасы үчүн добуш берди: “ЖӨБдүн мыкты тажрыйбасы-2025” конкурсунун жыйынтыктары чыгарылды

2025-11-29 / ЖӨБ тажрыйбасы
1700 жаран өз муниципалитеттеринин мыкты тажрыйбасы үчүн добуш берди: “ЖӨБдүн мыкты тажрыйбасы-2025” конкурсунун жыйынтыктары чыгарылды

Нургуль ЖАМАНКУЛОВА, ӨСИнин жана БАЖБАнын байланыш боюнча консультанты

2025-жылдын 23-октябрында Бишкекте Жергиликтүү жамааттардын күнүнө арналган иш-чара өттү. Бул иш-чараны Швейцария Өкмөтү каржылаган “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгүнүн колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик (МКЖӨБМА) уюштурган. Конкурстун жеңүүчүлөрүнө байгелерди алууга сертификаттар, дипломдор жана ардак грамоталары тапшырылды. 

Конкурс 2025-жылдын июль айында жарыяланган. 

“Жобого ылайык, 2025-жылы онлайн-добуш берүү 2025-жылдын 1-октябрынан 14-октябрына чейин (кошо алганда) ЖӨБдүн мыкты тажрыйбалар порталынын аянтчасында пландаштырылган, ал эми практика порталга 2024-жылдын 1-ноябрынан 2025-жылдын 2-сентябрына чейин порталга жайгаштырылышы керек болчу. Бирок ар кандай себептерден улам (Административдик-аймактык реформанын кесепеттеринен, тез-тез ротациялардан, кадрлардын алмашуусунан жана тартыштыгынан улам) көрсөтүлгөн мөөнөттө аз гана практика түшкөн. Ушуга байланыштуу БАЖБАнын директорунун буйругунун негизинде практикаларды кабыл алуу мөөнөтү 7-октябрга чейин узартылды, ал эми онлайн-добуш берүү 2025-жылдын 10-октябрынан 19-октябрына чейин өттү. Ар кандай ресурстар (электрондук почта, WhatsApp мессенжери жана СЭД) аркылуу алынган практикалардын жалпы саны 21 болду. Алардын ичинен: толукталып редакцияланган жана порталга жайгаштырылган тажрыйбалар – 14; администратордун пикирлери менен бирге кайра кароого жиберилип, бирок кайра алынбаган тажрыйбалар – 4; катышуудан баш тарткан тажрыйбалар – 2; ишке ашпай калганы – 1. 
2025-жылы өз тажрыйбасын тапшырган муниципалитеттердин дээрлик 95% жаңы катышкандар, башкача айтканда, алар мурда бул конкурска катыша электиги мени кубандырды. Ушуга байланыштуу алар алдынкы тажрыйбанын атайын формасын толтуруу процессинде да, текшерүү процессинде коомдук мобилизациялоодо да белгилүү бир кыйынчылыктарга дуушар болушту. БАЖБАнын юристинин корутундусунун жана комиссиянын чечиминин негизинде 1 практика автордукка шайкеш келбегендигине байланыштуу чыгарылды (практиканын автору ЖӨБ органдарынын өкүлү болгон эмес). Ошентип, онлайн-добуш берүүгө ЖӨБ органдарынын 13 мыкты тажрыйбасы катышып, ага текшерүү процессинен өткөн 1700 адам өз добушун беришти”,
– деп комментарий берди ЖӨБдүн мыкты тажрыйбалар порталынын контент-администратору Нургуль ЖАМАНКУЛОВА. 

2025-жылдын 20-октябрында Конкурстун Катчылыгы 2025-жылдын 10-октябрынан 19-октябрына чейин өткөрүлгөн онлайн-добуш берүүнүн жыйынтыгы менен тааныштырды. Онлайн-добуш берүү шайлоочунун өздүгүн тактоо процесси аркылуу, дем алыш күндөрүн кошкондо, саат 09:00дөн 18:00гө чейин тынымсыз өткөрүлдү.

Ошондой эле колдонуучуларга жардам берүү максатында 9-октябрда онлайн консультация өтүп, анын жазуусу кийинчерээк YouTube каналына жайгаштырылды, ал эми конкурска катышкан практикалардын авторлору үчүн “Вотсапта” атайын түзүлгөн тайпада шилтеме (https://youtu.be/_ vT9K3cG9Y0) таратылган.

2025-жылдын 19-октябрында саат 18:00гө кара-та 1700 адам добуш берип, онлайн-добуш берүүнүн жыйынтыктары алынды (маанилүү гана жыйынтык-тар келтирилген төм. таблицаны караңыз).

Муниципалитет Тажрыйба Упай
1 Кара-Кулжа Жергиликтүү демилге аркылуу коопсуз жана өнүккөн аймакты курабыз 462
2 Багыш Аялдардын ден соолугун чыңдоо борбору 350
3 Тогуз-Торо Таза суу – жашоонун булагы 327
4 Ала-Тоо Таза суу – таза коом 235
5 А. Мирмахмудов Беш-Тал жана Үч-Кемпир айылдарын бириктирүүчү көпүрөнүн курулушу 116
6 Кызыл-Октябрь Кызыл-Октябрь айылдык аймагын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу 104
7 Кемин ш. Ден соолук марафону 77
8 Оргочор Алыскы айылдарды таза суу менен камсыз кылуу 24

Конкурстук комиссиянын чечими менен байгелер төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

  • Биринчи орунду “Жергиликтүү демилге аркылуу коопсуз жана өнүккөн аймакты курабыз” аттуу практикасы үчүн Ош облусунун Кара-Кулжа айыл өкмөтү ээледи, байге: МКЖӨБМАнын грамотасы, “Муниципалитет” журналына 1 акысыз жазылуу жана 80 000 сомго чейинки товардык байге. 
  • Экинчи орунду “Аялдардын ден соолугун чыңдоо борбору” аттуу практикасы үчүн Жалал-Абад облусунун Багыш айыл өкмөтү ээледи, байге: МКЖӨБМАнын Ардак грамотасы, “Муниципалитет” журналына 1 акысыз жазылуу жана 60 000 сомго чейинки товардык байге. 
  • Үчүнчү орунду “Таза суу – жашоо булагы” практикасы үчүн Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо айыл өкмөтү ээледи, байге: МКЖӨБМАнын Ардак грамотасы, “Муниципалитет” журналына 1 акысыз жазылуу жана 50 000 сомго чейинки товардык байге.   

Жеңүүчү деп табылган ЖӨБ органдарына Жобого ылайык товардык байгелердин тизмесин алуу үчүн суроо-талаптар жөнөтүлдү. Ушул тапта суралган байгелерди сатып алуу иштери жүрүп жатат жана алар айыл өкмөттүн балансына өткөрүлөт.

“Муниципалитет” журналы окурмандарын 2025-жылдагы конкурска катышкан мыкты тажрыйбалар менен тааныштырат. Журналдын бул чыгарылышында эң көп добуш алган жана конкурстун жеңүүчүсү болгон алгачкы үч практиканы сунуштайбыз.

 

Окшош материалы: