Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ тажрыйбасы
Биринчи орун Кара-Кулжа айыл өкмөтүндө: "Зомбулукка каршы "маданий иммунитетти" тарбиялоо – жалпы жамааттын иши"
Айсулуу МОЙДУНОВА, Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн инвестицияларды тартуу боюнча адиси
Көйгөй
2025-жылы Кара-Кулжа айылдык аймагында зордук-зомбулуктун алдын алуу эң курч көйгөй болуп калды. Бул окуя Кара-Кулжа айылындагы орто мектептин мугалими К. өз окуучусу А.ны зордуктады деп шектелген окуядан улам келип чыккан. Бул окуя зордук-зомбулукка каршы иш-чараларды өткөрүүгө жана анын алдын алуу иштерин күчөтүүгө себеп болду.
Тергөө иштеринин жыйынтыгы менен мугалим күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылды. Ал эми жабыркаган кыздын тагдыры талкаланды. Албетте, ага медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүлүп, башка мектепке которулууга көмөк көрсөтүлдү. Бирок бул окуя коомдо кыздарга, аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулук, ыдык көрсөтүү көрүнүштөрү дагы эле бар экенин, бул багытта мындан ары да жигердүү иш алып баруу зарылдыгын дагы бир жолу көрсөттү.
Көйгөй кантип чечилди?
Бул окуядан кийин Кара-Кулжа муниципалитетинин ЖӨБ органдары аймактагы жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп чыгышты. Мындан тышкары, жергиликтүү тургундар чогулган коомдук жайларда жашы жете электерге карата зордук-зомбулуктун жана ыдык көрсөтүүнүн алдын алуу боюнча баарлашуулар өттү.
Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 27-апрелиндеги №63 “Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жөнүндө” мыйзамынын негизинде 2025-жылдын 6-августунда Кара-Кулжа айылдык аймагынын жыйындар залында райондук семинар өтүп, ага 123 адам катышты.
Семинардын негизги баяндамачылары Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–аким Замирбек СЫДЫКОВ, Кара-Кулжа РИИБдин жетекчиси, райондук прокуратуранын өкүлү, Ош облусу боюнча аялдардын демократиялык тармагынын жетекчиси, айылдык имамдар, мектеп директорлору жана бала бакча башчылары, Аялдар кеңешинин төрайымы, ошондой эле айыл тургундары, мектеп окуучулары жана ар кандай уюмдардын өкүлдөрү болушту. Семинардын жыйынтыгы боюнча зомбулукка каршы өнөктүк өтүп, ага төмөнкү иш-чаралар кирди:
- мектептерде жана айыл өкмөттүн жыйындар залында зомбулукка каршы акциялар, семинарлар жана форумдар өткөрүлдү;
- зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү;
- улуу муун салттар жана адеп-ахлактык баалуулуктар аркылуу жаштарга үлгү көрсөтүштү;
- зордук-зомбулук көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн буруу жана биримдикти чыңдоо боюнча иш-чаралар өттү;
- мектеп окуучуларына зордук-зомбулуктун кесепеттери тууралуу тасмалар көрсөтүлдү;
- жаштар спорттук, маданий жана тарбиялык иш-чараларга тартылды;
- коомдук акциялар жана тынч жүрүштөр өттү.
Өткөрүлгөн иш-чаралар “Кара-Кулжа ТВнын” YouTube каналында жана Facebook социалдык тармагында чагылдырылды.
Практиканын социалдык таасири
- Коомчулукта жана үй-бүлөдө чыр-чатактар азайды, натыйжада тартип коргоо органдарына, саламаттыкты сактоого жана социалдык кызматтарга кеткен чыгымдар кыскарды.
- Жарандардын укуктук аң-сезими жогорулады, бул оор кесепеттерди алдын алууга мүмкүндүк берди. Ошол эле учурда иш-чараларды өткөрүү үчүн жергиликтүү ресурстар (мектеп имараттары, маданий борборлор, жамааттардын аксакалдарынын катышуусу) пайдаланылып, бул кошумча чыгымдарды жойду.
- Иш-чараларга жаштар, улгайган адамдар жана майыптыгы бар жарандар жигердүү катышып, ар түрдүү муундардын ортосундагы ынтымакты чыңдоого салым кошту. Каада-салтты, адеп-ахлакты жана маданий баалуулуктарды жайылтуу аркылуу зордук-зомбулукка каршы кандайдыр бир маданий иммунитет калыптана баштады.
- Жарандардын укуктук сабаттуулугунун деңгээли жогорулады, өз ара жардамдашуу, бири-бирин урматтоо маданияты жакшыртылды.
- Айылда зордук-зомбулук темасын ачык талкуулап, мындай учурларды жашырбай, коомдук талкууга алып чыгууну сунуш кылышты. Социалдык педагог, айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери жана атайын көзөмөлдөө органдарынын өкүлдөрү турмуштук оор кырдаалда турган балдарды, ошондой эле мигранттардын балдарын табуу боюнча ишти биргелешип жүргүзүп келишет.
Башкаруучулук (административдик) таасири
- Кара-Кулжа айыл өкмөтү менен мектептин, коомдук уюмдардын жана жергиликтүү тургундардын ортосунда тыгыз байланыш түзүлүп, мунун натыйжасында иш-чаралар ачык, айкын, уюшкандыкта өткөрүлүп турду.
- Чечимдерди кабыл алуу процессинде коомдук пикир эске алынып, ар бир тарап жоопкерчиликти бөлүштүрдү. Натыйжада башкарууда координациялоо күчөп, ресурстар сарамжалдуу пайдаланылып, жергиликтүү бийликтин ишине элдин ишеними артты.
Жандуу үндөр
Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Замирбек СЫДЫКОВ: «“Зордук-зомбулукка бирге каршыбыз” деген темада өткөрүлгөн иш-чаралар өз максатына жетти деп эсептейм. Алар абдан мазмундуу жана максаттуу болду. Бирок биз муну менен эле токтоп калбайбыз – мындай акцияларды жаштар арасында жана коомдо үзгүлтүксүз өткөрүп туруу зарыл».
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн жаштар комитетинин төрайымы Паризат КУРБАНАЛИЕВА: “Бул иш-чара мага зордук-зомбулуктан сактануунун жолдорун үйрөтүп, адеп-ахлактык баалуулуктарды жакшыраак түшүнүүгө жардам берди”.
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн Аксакалдар кеңешинин төрагасы Райимберди САМИДИНОВ: “Биз өзүбүздүн тажрыйбабызды жаштар менен бөлүшө алганыбызга кубанычтабыз, аларга үлгү болушубуз керек жана мындан ары да болууга аракет кылабыз”.
Дүлөйлөр, дудуктар жана I топтогу майыптар коомунун жетекчиси Талип АЛИМОВ: “Бул иш-чарага катышуу менен мени баалай турганын сезип, көрүп, коомдун жашоосуна жигердүү катышууга мүмкүнчүлүк алдым”.
“Шайыр апалар” тобунун мүчөсү Урматкан МУРЗАКМАТОВА: “Мындай иш-чаралар айылдагы ынтымакты чыңдоого, маданий баалуулуктарды сактоого чоң салымын кошуп жатканына дагы бир жолу ынандым. Чогуу аракет кылып, кыздарыбызды, жаштарыбызды сактап калалы”.
Каталар жана алынган сабактар
Иш-чараларды уюштуруу процессинде катышуучулардын убактысын туура эмес пландаштыруусу, керектүү материалдардын жетишсиздиги сыяктуу кемчиликтер болду. Уюштуруучулар бул каталардан сабак алышып, мындан ары иш-аракеттердин толук планын, ресурстарды алдын ала даярдап, катышуучулар менен координацияны күчөтүү маанилүү экенин түшүнүштү. Мындан тышкары, уюштуруучулар коомчулук менен байланышты жакшыртууну, майыптыгы бар адамдарды жигердүү тартууну жана улуу муундун тажрыйбасын жаштарга өткөрүп берүүнү маанилүү практикалык сабак катары баалашты.
Окшош материалы:
-
№11 (169) / 2025-11-29 1700 жаран өз муниципалитеттеринин мыкты тажрыйбасы үчүн добуш берди: “ЖӨБдүн мыкты тажрыйбасы-2025” конкурсунун жыйынтыктары чыгарылды
-
№3-4 (149-150) / 2024-04-20 Нарындыктар достук зонасын жашылдандырышты: Нарын шаардык мэриясынын практикасы
-
№3-4 (149-150) / 2024-04-20 Жамаат жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүдө: Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамаат менен кызматташтыгынын практикасы
-
№3-4 (149-150) / 2024-04-20 Бойго жеткен жарандар өсүп келе жаткан муундун саламаттыгы үчүн моралдык жактан жооптуу: Масы айыл өкмөтүнүн практикасы
-
№3-4 (149-150) / 2024-04-20 Суу – бардык нерсенин башаты: Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн практикасы
-
№3-4 (149-150) / 2024-04-20 Сизге сунуш менен келген уюмдардын алдында эшигиңизди жаппаңыз: Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн практикасы
-
№3-4 (149-150) / 2024-04-20 Бишкекте “ЖӨБдүн мыкты тажрыйбасы-2023” конкурсунун жеңүүчүлөрү сыйланды
-
№10-11 (144-145) / 2023-11-07 ЖДКЖ Долбоорунун колдоосу менен БАЖБА Талас жана Чүй облустарынын ЖӨБ органдарынын квалификациясын жогорулатуунун үстүндө иштеп жатат
















