Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Саясий партиялардын шаардык кеӊештин депутаттарын чакыртып алуусу Конституцияга ылайык келбейт деп табылды. Бирок партиялардын депутаттардын тагдырын өз алдынча чечүү каалоосу кала берүүдө

2015-03-16 / Мыйзам жаӊылыктары
Саясий партиялардын шаардык кеӊештин депутаттарын чакыртып алуусу Конституцияга ылайык келбейт деп табылды. Бирок партиялардын депутаттардын тагдырын өз алдынча чечүү  каалоосу кала берүүдө

2015-жылдын 17-февралында президент “КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Мыйзамга кол койду. Ага ылайык, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамдарына түзөтүүлөр киргизилди. Мындай түзөтүүлөр аталган мыйзамдардагы Конституциялык палата1 Баш мыйзамга туура келбейт деп тааныган айрым нормаларын чыгарып салуу үчүн киргизилди. Бул депутаттык фракциянын сунушунун негизинде саясий партиянын жетекчи органынын чакыртып алуусу боюнча шаардык кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу нормалар.

 
 
Мындан ары саясий партиялар депутаттык фракциялардын сунуштарынын негизинде шаардык кеӊештин депутаттарын чакыртып алалбайт
 
Мындан ары саясий партиялар депутаттык фракциялардын сунуштарынын негизинде шаардык кеңештин депутаттарын чакыртып алалбайт КР Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» 2013-жылдын 16-октябрында кабыл алынган № 192 КР Мыйзамынын 1-беренесинин 5-бөлүгүнүн сегизинчи абзацын, 2-беренесинин 2-бөлүгүн, 3-беренесинин 1-бөлүгүн Конституцияга карама-каршы келет деп тапты. Дал ушул мыйзамдын негизинде саясий партиялардын жетекчи органдары депутаттык фракциялардын сунушунун негизинде шаардык кеңештин депутаттарын чакыртып алууга ыйгарым укуктуу болчу. Белгилей кетчү жагдай, айылдык кеңештерде партияга таандыктуулугу боюнча депутаттык фракциялар түзүлбөгөндүктөн бул норма айылдык кеңештердин депутаттарына жайылтылган эмес.
 
Бул маселени Конституциялык палатада кароого А.Ш. ОСМОНОВА менен А.А.ТАГАЕВ аттуу жарандардын арызы негиз болгон. Алар 2012-жылдын 25-ноябрында жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча “Өнүгүү” саясий партиясынын бирдиктүү тизмесинен Жалал-Абад шаардык кеңешине депутат болуп шайланышкан. Бирок көп өтпөй, 2013-жылдын 16-октябрындагы №192 мыйзам күчүнө киргенден кийин шаардык кеңештин депутаттарынын “Өнүгүү” фракциясынын курамынан чыгышына байланыштуу аталган партиянын жетекчи органы чакыртып алганынын негизинде алардын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган.
 
Өз чечимин КР Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы төмөнкүчө түшүндүрүп берди: Конституциянын ченемдерине ылайык жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү административдик-аймактык бирдиктин аймагында жашаган жарандар тарабынан Мыйзамда белгиленген бирдей мүмкүнчүлүктөрдү сактоо менен шайланат (112-берене 1-бөлүк).
 
Жергиликтүү кеңешке депутаттыкка койгон талапкерлерди шайлоо – жарандардын эркинин билдирүүсүнүн түздөн-түз аракети болуп саналат. Артыкчылыктык түрдө жергиликтүү деңгээлде өздөрүнүн өкүлдөрүн шайлоого мүмкүнчүлүгү бар жалгыз субъект катары жергиликтүү жамаат эсептелинет. Шайлоонун негизинде жана шайлоонун жыйынтыгы боюнча гана талапкер жергиликтүү кеңештин депутаты деген кызматты ээлейт. Буга байланыштуу депутаттар элдин өкүлчүлүктүү органы аркылуу элдик суверенитет принцибине ылайык жергиликтүү жамааттын бийлигин алып баруучулар болуп эсептелинет.
 
Конституциялык укук тармагында депутатты чакыртып алуу – бул депутаттык мандатты берүүгө ыйгарым укуктуу адамдын мандатты мөөнөтүнөн мурда кайра алынгандыгы болуп саналат. Депутатты чакыртып алуу шайлоочулардын эркин билдирүүсү менен тыгыз байланышкан, түздөн-түз демократиянын таризи катары эсептелет, анын негиздери жана жүзөгө ашыруу процедурасы мыйзамдар менен бекитилет. Чакыртып алуу институту менен депутаттык мандаттын өз ара байланыштардан мандаттын императивдүү же эркин мүнөзү келип чыгат.
 
Эркин депутаттык мандат бул депутатка жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн өзүнүн жеке ишенимдеринин негизинде аракет кылууга мүмкүндүк берген мандаттын мүнөзү, депутат шайлоочулардын суроо-талаптарына байланбагандыкты, ошондуктан аны чакыртып алууга жол берилбестигин билдирет.Императивдик мандат - шайлоочулардын алдында депутаттын жоопкерчилигин аныктаган, депутатты мөөнөтүнөн мурда кайра чакыртып алууга жол берген депутаттык мандат.
 
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3 беренесинин 3-бөлүгүндө катары менен төрт жолкудан ашык жергиликтүү кеңештин сессияларына жүйөлүү себепсиз такай катышпагандыгы үчүн, ошондой эле жергиликтүү кеңештин чечимдерин жана тапшырмаларын аткарбагандыгы үчүн жергиликтүү кеңештин депутаттары алардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен тиешелүү кеңештин депутатын чакыртып алуу жөнүндө маселени козгоого укуктуу. Депутатты чакыртып алуу тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат деп көрсөтүлгөн.Демек жергиликтүү кеңештин депутатынын мандаты императивдик мандат болуп эсептелет.
 
Кандай гана болбосун, депутатты чакыртып алуу шайлоочулардын эрки менен аныкталып, шайлоого жакындаштырылган жол-жоболордо ишке ашырылышы зарыл
 
Ошону менен катар саясий партиянын жетекчи органы тарабынан депутатты чакыртып алуу,жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотуунун негизи катары бекитилген шайлоочулар тарабынан чакыртып алуу мүмкүнчүлүгү менен бир катарда караганда партиялык императивдик мандаттын пайда болушуна алып келет.Депутатты мөөнөтүнөн мурда чакыртып алуу бул мандаттын тагдырын партиялык жетекчи орган тарабынан чечилишине алып келет. Мындай көрүнүш партиянын өз билемдүүлүгүнө жана мандатты чакыртып алууда субъективдүү чечимге жол берет.
 
Ошону менен бирге, депутаттын үстүнөн чектелбеген партиялык жана фракциялык көзөмөлдү орнотууга өбөлгө түзөт. Тиешелүү депутаттык фракциянын сунушунун негизинде саясий партиянын жетекчи органы тарабынан шаардык кеңештин депутатын чакыртып алуу жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкарууга эмес, партиялык башкарууга алып келет. Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракетине саясий партиялардын кийлигишүүсүнө шарт түзөт. Ал эми Конституциянын 4-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасында мамлекеттик, муниципалдык жана партиялык институттардын кошулушуна тыюу салынат.
 
Демек тиешелүү депутаттык фракциянын сунушунун негизинде саясий партиянын жетекчи органы тарабынан шаардык кеңештин депутатын чакыртып алуу каралган мыйзам ченеми, Конституцияда бекитилген демократиялык принциптерди, ошонун ичинде элдик суверенитет жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун көз карандысыздык принциптерин бузууга алып келет (2-берененин 1-, 2-бөлүктөрү, 110-берененин 1-бөлүгү)...”. Ошону менен бирге саясий партиянын жетекчи органынын шаардык кеңештин депутатын чакыртып алуусун жокко чыгарган Президент кол койгон мыйзам бир эле учурда депутаттык мандатты мөөнөтүнөн мурда токтотуу учурларынын тизмесин жаңы жобо менен – шаардык кеңештин депутаты фракциядан чыккан учурда анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу мүмкүнчүлүгү менен толуктайт.
 
Бул толуктоо “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 21-беренесинин 5-бөлүгүнүн талаптарын толук ишке ашыруу үчүн киргизилген шекилдүү. Ал жерде шаардык кеңештердин шайланган депутаттары партияга таандыктуулугуна ылайык депутаттык фракцияларга биригишет деп белгиленген. Бирок турмуш көрсөткөндөй, шаардык кеңештердин айрым депутаттары фракциянын курамынан түрдүү себептер менен чыгып, эркин депутат бойдон калып, жергиликтүү кеңеште өз депутаттык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыра баштады.Мисалы, “Өнүгүү” саясий партиясынын бирдиктүү тизмеси боюнча шайланган Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары А.Ш.ОСМОНОВАны жана А.А.ТАГАЕВди чакыртып алууга алардын фракциянын курамынан чыгуу жана шаардык кеңеште эркин депутат катары иштөө тууралуу арыздары негиз болгон.
 
Балким ошондон улам мыйзам чыгаруучулар мыйзамдагы ушул өңдүү карама-каршылыктарды жоюу максатында депутаттын мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуунун кошумча учурун - фракциядан чыгууну сунушташкан чыгаар. Анткен менен эксперттердин тыянагына ылайык, мыйзам чыгаруучулар кошумча нормада “оюндун шарттарын” так аныкташкан эмес, депутат фракциядан чыкканда анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу учурларын конкреттүү көрсөтүшкөн эмес. Иш жүзүндө бул норма колдонулган чакта талаш жараткан кырдаал пайда болушу ыктымал.
 
Тактай кетүү керек – кандай учурда депутаттын фракциядан чыгышы мыйзамдуу болуп эсептелет: эгерде депутат фракциядан өз эрки менен чыкканы тууралуу арыз жазгандабы, бул болсо депутаттын өзүнүн ыйгарым укуктарын өз эрки менен токтотуу тууралуу арызына барабар болот, же эгерде фракция көпчүлүктүн добушу менен өз ыктыярына жараша депутатты фракциянын курамынан күч менен чыгаргандабы? Же жаңы жобо эки кырдаалды тең камтыйбы?Эгерде депутаттык фракция көпчүлүктүн добушу менен депутатты фракциядан күч менен чыгарса, анда Конституцияга шайкеш келбейт деп таанылган процесс кайра кайталанып калышы ыктымал. Эгерде депутат анын мандатынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушунун кесепеттери тууралуу билип туруп өз эрки менен фракциядан чыккысы келсе, анда депутатка фракциядан чыгуунун кандай мааниси болот? Ал мындай учурда өз ыйгарым укуктарын өз эрки менен токтотуу тууралуу арыз деле жаза алат да.Ошондуктан жогоруда айтылган норма так формулировкалоону, конкреттештирүүнү талап кылат.Болбосо практикада талаш жараткан кырдаал пайда болбой койбойт.