Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

10 (108) 13 Ноябрь 2020

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

КОҢШУҢ ЖАКШЫ НЕРСЕ ЖАСАСА - ӨЗҮҢ ҮЧҮН АНДАН ДА МЫКТЫ ЖАСА

2012-11-29 / Практиктен практикке: P2P

2012-жылдын 25-сентябрынан 27-сентябрына чейин Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы 15 элеттик муниципалитеттин өкүлдөрү Чүйдүн эки– Ивановка жана Логвиненко айылдык аймактарын кыдырып чыгышты.

 

2012-жылдын 25-сентябрынан 27-сентябрына чейин Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы 15 элеттик муниципалитеттин өкүлдөрү Чүйдүн эки – Ивановка жана Логвиненко айылдык аймактарын кыдырып чыгышты. Сапардын негизги максаты – жарандарды бюджеттик процесске жана Чүй облусундагы айылдык аймактардын жергиликтүү маанидеги маселелерин чечүүгө тартуу практикасын үйрөнүү. Сапарга 40 адам катышты, алардын ичинде айылдык аймактардын 29 өкүлү, ММК, Борбор Азиядагы Евразия фондунун жана Курулуш жана аймактык өнүктүрүү мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү, ошондой эле Швейцариянын Консулдук агенттигинин КРда Кызматташтык боюнча Швейцариялык Бюронун директорунун орун басары Реми Дуивен жана ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жетекчиси Бекболот Бекиев бар.
 
Сапар Швейцария Өкмөтү каржылаган, Өнүктүрүү саясат институтунун “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында ишке ашты.
 
Эмне үчүн Ивановка жана Логвиненко АА тандалып алынды? Бүгүнкү күндө бул экөө Чүй облусунда ЖӨБ органдарынын кесипкөй башкаруусунан жана жамаат менен тыгыз кызматташтыктан улам бир топ маселелерде ийгиликтүү деп эсептелген айрым элеттик муниципалитеттин катарына кирет. Алмашуу сапарынын катышуучулары инвестицияларды тартуу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жамааттын катышуусу жаатында эки айылдык аймактын практикалык жетишкендиктери, ошондой эле Ивановка АА ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун ийгиликтери менен жакындан тааныша алышты. Катышуучулар муниципалдык менчикти башкаруу жана калк менен маалымат алмашуу маселелери боюнча айыл өкмөтүнүн реалдуу иштерин көрүп, жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алууга кандайча активдүү катышаарын, муниципалитеттин турмушуна жалпысынан кантип таасир эте алышаарын үйрөнүштү.
 
ИВАНОВКА АА: бар нерседен болушунча алуу
 
Алмашуу сапарынын алгачкы күнүндө катышуучулар Ивановка АА болушту. Бул аймактын маанилүү айырмачылыгынын бири – бул калкынын көп улуттуу болгону. Аймакта жашаган 16 миң тургундун ичинде кыргыздардын, дунгандардын, орустардын жана өзбектердин чоң топтору бар. Муниципалитеттин бюджети 40 миллион сомду түзөт, алардын ичинен өз кирешеси 14 миллиондон ашат. Жарандардын активдүүлүгүнүн негизги көрсөткүчү – аймакта алты бейөкмөт уюм бар. Муну менен Ивановка абдан сыймыктанат.
 
ЭҮЖӨБОЖ Долбооруна катышып, айылдык аймак төмөнкүдөй бир катар маселелерин чечип алды: ЖӨБ органдары менен калк ортосундагы тыгыз байланыш түзүлдү, биргелешкен аракеттер менен айылдын артыкчылыктуу көйгөйлөрү аныкталды, 2011-2012-ж.ж. артыкчылыктуу маселелерди чечүү боюнча иш-чаралардын планы иштелип чыкты. 2012-жылдын соңуна карай ушул маселелердин айрымдары чечилип калды. Мисалы, көчөнү жарыктандыруу, таштанды чыгаруу жана бюджеттин айкындуулугу өңдүү маселелер. Ивановка АА башчысынын орун басары Канат Алиевдин жана жамааттын лидери – демилгелүү топтун өкүлү Замира Бакуеванын ““Элдин үнү жана ЖӨБ органдары” Долбоору менен кызматташтык – жаңы мүмкүнчүлүктөр” темасы боюнча бет ачары өзгөчө жарык жана эсте калаарлык болду. Сапардын катышуучуларына долбоордун алкагында 7 айдын ичинде баскыч-баскычы менен жана жыйынтыктоочу иш сунушталды. Ошол мезгил аралыгында жарандардын жергиликтүү маанидеги иштерге жана бюджеттик процесске катышуусун күчөтүүгө багытталган 35 ишчара өткөрүлдү. Алмашуу сапарынын катышуучуларына ушул долбоордун өнүгүүсүнүн ар бир факты кызыктуу болду. Анткени алар эми ушул өңдүү жолду басып өтүп, Ивановка АА жыйынтыгын алышы керек. Ал эми Ивановка АА долбоордун алкагында алган жыйынтык катышуучулар үчүн баалуу тажрыйба болуп калды. Бул биринчи кезекте ЭКБА-сессиялардын негизинде аныкталган артыкчылыктуу маселелерди чечүү:
 
• таштанды жана канализациялык түйүндөрдү тазалоо боюнча маселени чечүү;
 
• жарыктандыруу маселесин чечүү;
 
• бюджеттик айкындуулук маселесин чечүү. 
 
Ивановка АӨ алмашуу сапарынын катышуучулары үч топко бөлүнүп алышып, айыл өкмөттүн бардык бөлүмдөрүнүн иштери менен таанышып чыгышты. Кирешелер бөлүмүндө кызуу талкуу жүрдү. Ал жерде бөлүмдүн адиси 2008-2012-жылдар аралыгындагы кирешелер беренеси тууралуу кеңири маалымат берди. Катышуучуларды негизинен АЖКБФ жерлери боюнча (АЖКБФ жерлери канча жана кандай суммага келишимдер түзүлдү) кирешелер кызыктырды, алар өз ара салыктардан түшкөн жалпы кирешелер тууралуу маалымат менен бөлүштү, дыйкан чарбалыгы үчүн банктык эсептер кантип ачылаарын жана короо-короо жыйымдар кантип ишке ашырылаарын талкуулашты. Катышуучулар менен Ивановка АӨ жооптуу катчысы ортосунда абдан кызуу диалог жүрдү. Анда “Беркут” жана “Айыл” автоматташтырылган системалар ортосундагы айырма тууралуу сөз жүрдү. Ак-Чий АӨ долбоордун координатору буларды айтты: «“Беркут” автоматташтырылган системасы – мурдагы колдонууга татаал болгон “Айыл” программасына салыштырмалуу гениалдуу программа. “Айылды” айыл өкмөттүн ишине эмес, “хакерлерге” даярдагандай элес калат. Эмне үчүн өлкөнүн өкмөтү биз менен кеңешпестен чоң көлөмдөгү акча сарптап, ушул программаны ишке ашырууга мындай сабатсыз жана жоопкерчиликсиз мамиле жасады болду экен...».
 
Сөзүнүн соңунда жамааттын лидери, демилгелүү топтун өкүлү Замира Бакуева сапардын катышуучуларына буларды айтты: “Урматтуу коноктор, мен карапайым тургун, жамааттын өкүлү катары буга чейин дайыма оппозицияда болчумун жана ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жардамы менен, демилгелүү топто иштеп жүрүп, калк менен иштешүүдө эбегейсиз чоң тажрыйбага ээ болуп, ЖӨБ органдарынын ишмердүүлүгүндө өзүм үчүн көп нерсени ачтым жана түшүндүм, алардын иши канчалык оор жана убайлуу болгонун баамдадым. Бул долбоордо эң баалуусу – ЖӨБ органы өз жамааты менен тил табышып кетти жана биргелешкен аракеттер менен гана айылдын көйгөйлөрүн чечсе болоорун түшүндү. Андыктан биздин силерге, ЖӨБ органдарынын жетекчилерине кааларыбыз: биринчи кезекте өз элиңердин үнүн тыңшагыла, алардын көйгөйлөрүн угуп, айылдын жалпы маселелерин чечүүгө өздөрүн тарткыла. Ар бириңер кийинки муундарда өз изиңерди таштасаңар деп тилейт элек”.
 
Категориалдык грант – элеттик өзүнө тың ЖӨБнын жергиликтүү бюджетинин “дарты”
 
Алмашуу сапарынын катышуучуларын жергиликтүү бюджеттин категориалдык грантка туура келген үлүшүнө, ошондой эле жергиликтүү бюджет тарабынан билим берүүгө чыгашаларды кошо каржылоого байланыштуу суроолор абдан кызыктырды. Ивановка АА башчысы Марат Байдылдаев 2012-жылдын июль айында, бюджеттик угуулардан кийин райондогу бир нече муниципалитеттердин демилгеси боюнча Ивановка АА катышуусу менен биргеликте Каржы министрлигинин алдына 2011-жылдын 20-сентябрында кабыл алынган “Кыргыз Республикасындагы жалпы билим берүү уюмдарын киши башына каржылоо принциптерине өткөрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Токтомунун мугалимдердин маянасын төлөө үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүү деген жерин кайра карап чыгуу маселеси коюлганын айтып берди. Бул маселе жарым-жартылай канааттандырылып, бүгүнкү күндө жергиликтүү бюджеттен маянаны каржылоого жумшалган каражаттын үлүшү бир топ азайды. Ошондой эле Каржы министрлиги менен Билим берүү министрлигинин өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлдү. Бул топ билим берүүнү каржылоону толук өлчөмдө республи-калык бюджеттин эсебинен жүргүзүү маселесин чечет. “Биз үчүн бул чоң жетишкендик болуп калды. Биз өз бюджетибизде айылыбыздын башка курч көйгөйлөрүн чечүү үчүн жетиштүү каражатты сактап калуудабыз”, - деди башчы. Бостери АА башчысы Жеңишбек Молдоканов ушул өңдүү маселе тууралуу айтып берди: “2012-жылга Бостеринин бюджетинде билим берүүгө категориалдык гранттын суммасы 6 млн. 126 миң сомду түздү. Бирок биз ушул кезге чейин бул акчаны ала элекпиз. Биз Каржы министрлигине үч жолу кат менен кайрылдык, үч жолу министрдин (мурдагы) өзү менен жолуктук. Мындан тышкары элеттик муниципалитеттердин бир нече башчысы ушул маселеге байланыштуу мурдагы премьер-министр менен жолугушкан. Натыйжада бул маселе чечилбей келатат. Андыктан мугалимдердин маянасына жана соцтөлөмдөргө кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттен жаап келатабыз. Биздин муниципалитеттин бюджети болжол менен Ивановканыкындай, акча азырынча жетүүдө. Бирок ушунун айынан биз башка социалдык маселелерди чече албай калдык. Мисалы, таза суу менен жабдуу, таштанды чыгаруу жана башка маселелер кала берүүдө”.
 
Билим берүү системасын каржылоо боюнча талкууну ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жетекчиси Бекболот Бекиев корутундулады: “Билим берүү – бул мамлекеттик функция, андыктан мектептерди каржылоо Билим берүү министрлигине өткөрүлүп берилиши керектиги тууралуу ЖК депутаттары, Каржы министрлиги, Билим берүү министрлиги менен бир катар алдын ала макулдашууларга жетише алдык. Чындыгында силерге категориалдык грант керек деле эмес жана биз азыр бул чөйрөдө чоң иштерди жасап жатабыз. Биз жакын арада бул маселе чечилип калат деген үмүттөбүз”.
 
Таштанды жана суу
 
Сапардын катышуучуларынан Ивановканын бюджетинен таштанды тазалоо боюнча коммуналдык кызматтарга 1 млн. сом өлчөмүндө чыгаша тууралуу суроо түштү. Ивановка АА башчысы таштанды тазалоо үчүн 500 литр күйүүчү май жана бир тракторго 3 адам үчүн маяна төлөнөөрүн, бул чыгашалар жергиликтүү бюджеттен каржыланаарын айтты. Коноктор алардын аймактары дотацияда болгонун, мынчалык өлчөмдөгү сумманы бир гана көйгөйдү чечүүгө сарптай алышпай турганын, бул үчүн ички ресурстарды мобилдештирүү жана инвестицияларды тартуу жолу менен көйгөйдү чечүү керектигин айтышты.
 
Таза суу менен жабдууга карата катышуучуларды мындай суроо кызыктырды – таза суу кызматы боюнча ишти ким камсыздайт жана чыгашалар кайдан келет? Бул суроого үч ТСКЭКБнын биринин жетекчиси, жергиликтүү кеңештин депутаты Эркин Усупов жооп берди: “Ар бир адамдан таза суу үчүн айына 25 сом акы алынат. 11 миң кишинин 2,5 миңи гана Сууканалынын кызматын колдонот, калгандары болсо өз кудуктарын иштетишет. Актабаган үчүн биз 1 ТСКЭКБ жаап, АӨ балансына өткөрүүгө мажбур болдук. Бизде болгону 6 жылчык бар жана ар бирине айына 30 миң сом жумшалат”. Өзгөчө кызыгууну таза суу үчүн тарифти орнотуу маселеси жаратты. Бул суроого ТСКЭКБ жетекчиси мындай деп жооп берди: “Муздак сууга тариф керектөө нормаларына жараша монополияга каршы комитет менен макулдашылды. Андыктан тариф жүргүзүлгөн так эсептөөлөрдүн негизинде орнотулду жана бүгүнкү күндө бардык керектөөлөр боюнча жооп берет. Бирок жалгыз маселе – бардык эле тургундар ушул акчаны убагында төлөбөйт”.
 
Катышуучулар үчүн кызыктуу темалардын бири – СКА темасы болуп калды. Бул теманы ачып берүү үчүн Ивановка жана Кен-Булак айылдык аймактардын гидроучастогунун жетекчиси Халмурзаев атайын чакырылган. Халмурзаев Дүйнөлүк өнүктүрүү банкынын гранттык каражаттарынын жардамы менен орнотулган “Бел-Булак” СКА сугат сууну эсептөө боюнча автоматташтырылган системаны орнотуу тууралуу кеңири айтып берди. Бүгүнкү күндө Чүй облусу боюнча бул биринчи жана азырынча акыркы жана ийгиликтүү практика. Анткени бул системаны орнотконго чейин РСЧБ (райондук суу чарбалыгын башкаруу) менен СКА ортосунда сууну колдонууга байланыштуу талаш-тартыштар көп болуп келген, сугат суу коромжу болгон. Автоматташтырылган системаны орнотоор замат баары калыбына келди: суу так эсептелүүдө (б.а. ар бир саатта сууну колдонуунун так аныктамасы), сугат суу бир топ үнөмдөлүп, аны рационалдуу колдонулуп, дыйкан чарбалыгы сууну колдонгондо ага толук көз салуу ишке ашырылып, сугат сууну берүү боюнча талаштуу маселелер жоголот. Бул система бардык каналдар жана колдонуучулар боюнча суунун берилишин толугу менен көзөмөлдөөгө жол ачат. Алмашуу сапарынын катышуучулары СКА каржылоо маселесине кызыгышты. Баяндамачы буларды айтты: “Биз чарбалык эсепте турабыз. Бирок жергиликтүү кеңештин чечими менен бизге жазгы талаа иштери кызып турган учурда жергиликтүү бюджеттен жардам бөлүнөт”. Бул тажрыйба 15 АА бардык өкүлдөрүн ушунчалык кызыктыргандыктан бул маселени талкуулоо бир топ убакытты алып, дем алуу учурларында дана уланды.
 
Муниципалдык менчикти башкару: жоктон бар кылуу
 
Муниципалдык менчик жаатындагы эксперт катары мага жана алмашуу сапарынын бир топ катышуучуларына Ивановка АА ири мамлекеттик объектти муниципалдык кылып өткөрүп алуу жана аны тоорукта сатуу, ошондой эле хирургиялык корпусту куруу тажрыйбасы өзгөчө кызык болду. Ивановка АӨ жетекчилигинин эмгегин бааласа болот: алар бир нече жолудан 8 министрликти тегеренип чыгып, натыйжада Өкмөттүн токтому менен РМА мурдагы имаратын муниципалдыкка өткөрүп алышты. Эң негизгиси – муниципалитет өзүнүн жаңы объектисин ачык тоорукта сатып, муну менен жергиликтүү бюджетке 6 млн. 856 миң сом өлчөмүндө киреше алып келүү менен өз мүлкүн туура колдоно алды. Өзгөчө ушул тапта дээрлик бардык айылдык аймактар жаңы объектке ээ болмок тургай, эч кимге керексиз, ээн жаткан, жергиликтүү бюджетке кошумча киреше алып келе турган объекттер эмес, атүгүл өздөрүнө мыйзамдуу түрдө таандык болгон менчик жана анын саны тууралуу маалыматка ээ болбой турган чакта бул чындап эле баа жеткис тажрыйба. Ал эми Ивановка АА муну жасай алды. Мындан тышкары белгилей кетчү жагдай, имаратты жеке жак сатып алып, калыбына келтиргенине карабастан мындан түз же кыйыр пайданы бардык муниципалитет алды. Потенциалды көрүп, билим берүү мекемесинин (KEIN университети) шарттары жана мугалимдер курамы менен таанышып чыгып, атүгүл тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучулары да ушул окуу жайга тапшыруу шарттарына кызыгышты: сынактар, мугалимдердин саны жана квалификациясы, иштөө шарттары жана окутуу узактыгы ж.б. тууралуу суроолорду узатышты.
 
Экинчи дагы бир маанилүү жана керектүү тажрыйба Ивановка айылында хирургиялык-травматологиялык корпус катары жаңы муниципалдык объекттин курулушу болду. Мында инвесторлордун эсебинен АӨ жамаат үчүн зарыл болгон, жаңы социалдык объектти курганы бир жагынан кызык болсо, экинчи жагынан 13,6 млн. сом өлчөмүндө бул инвестиция алгач мечиттин курулушу үчүн (араб инвесторлорунун миссионердик ишмердүүлүгүнүн алкагында) жумшалмак болгону андан да кызыктуу болду. Бардыгы кудум жомоктогудай болду: бай адам келип, өз каражатын руханий мечит борборунун курулушуна сарптайын десе, Ивановка АА буга чейин эле 9 мечит курулуп калган. Андыктан Ивановка АӨ мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбайын деп чечип, “бийик сепилди чабуул менен алайын” дейт. Б.а. оңой эмес сүйлөшүүлөрдөн/ көндүрүүлөрдөн кийин жана аймактын территориясындагы араң жан турган бардык эски медициналык объекттерди көрсөтүп чыккан соң АӨ жетекчилиги диниятчыны каражатын медицина өңдүү дагы да артыкчылыктуу жана актуалдуу чөйрөгө салууга көндүрдү. Мындан тышкары инвестор 5 млн. сом өлчөмүндө медициналык жабдуу түрүндө демөөрчүлүк жардамды көрсөтүп, №4 башталгыч мектепти жана ТОФ (территориалдык оорукананын филиалы) таза суу менен камсыздоо үчүн суу мунарасынын курулушуна 400 миң сом бөлүп, жалпы көлөмү 910 миң сом өлчөмүндө азык-түлүк/ири мүйүздүү мал түрүндө жана акчалай каражат бөлүү жолу менен калктын аярлуу катмарына материалдык жардам көрсөттү. Эмне үчүн бул тажрыйба элеттик муниципалитеттер үчүн өзгөчө ба-алуу жана пайдалуу? Биринчиден, АӨ жетекчилиги жаңы социалдык объекттин курулушу боюнча негизги тапшырманы аткарууга гана жетишпестен, ошону менен катар инвесторго айылдын көйгөйлөрүн дагы да терең ачып көрсөтө алды, аны менен катар башка да көйгөйлөрдү да чечти: медициналык жабдуу, суу мунарасынын курулушу жана колунда жокторго материалдык жардам. Экинчиден, акыркы жылдары миссионердик ишмердүүлүктүн алкагында КРнын дээрлик бардык айылдарынын аймактарында руханий мечит борборлору курулуп жатат. Мында курулуштун аягын деле көрүнбөй калат жана бул айылда канча мечит бар болгону маанилүү эмес. Маанилүүсү – муниципалитет жер участогун гана бөлүп бериш керек. Мечиттердин саны боюнча Жалал-Абад облусунун элеттик муниципалитеттеринин бири – Сузак АА эсептелет. Бул жерде 50 мечит бар. Албетте мындай тандоону ЖӨБ органдары жана жалпы жамаат чечет деңизчи. Бирок маселе башкада – бүгүнкү күндө айылдарда билим берүү (мектептер, бала бакчалар), билим берүү жана коммуналдык кызматтар (суу, таштанды ж.б.) чөйрөсүндөгү социалдык объекттер канчалык талапка жооп берет? Б.а. калкка жашоого маанилүү ишмердүүлүк чөйрөсүндө кызматтар канчалык сапаттуу көрсөтүлөт? Бул суроого жооп берип жатып, ЖӨБ органдарынын жетекчилери адегенде өз жамаатынын артыкчылыктарын ойлошу керек, ал эми биз – ЖӨБ иштөө жана жамааттар менен тыгыз кызматташуу жаатында практикпиз. Ар бир жаран мейли ал шаарда, же айылда жашасын, адегенде сапаттуу, билим берүүчү жана коммуналдык кызматтар керектигин ишенимдүү тастыктап бере алабыз. Бул кырдаалда Ивановка АА тажрыйбасы баалуу, уникалдуу, ар бир эле элеттик муниципалитетте колдонулган тажрыйба болуп калды. Анткени мындай диниятчылар биздин кичинекей өлкөбүздө барган сайын көбөйүүдө.
 
ЛОГВИНЕНКО АА: жамаат – күч, технологиялар – ыкма, жакшы турмуш - натыйжа
 
Сапардын экинчи күнү Логвиненко АА арналды. Ал жерде да негизги критерий – калктын этникалык курамы болду. Бул айыл өкмөтүндө орустар, кыргыздар, украиндер, немистер эриш-аркак жашайт. АӨ бюджетинин ушул жылга бюджети 19 млн. 512,5 миң сомду (гранттар менен чогуу) түздү. Алардын ичинен жергиликтүү бюджет – 5 млн. 712,6 миң сом. Бул айылдык аймактын өзгөчөлүгү – 2004-2012-жылдар аралыгында жамааттын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө кошкон салымы 1 млн. 530,4 миң сом түздү (алардын ичинен эмгек салымы 670 миң, акча каражаты 364 миң сомду түзөт). Б.а., бүгүнкү күндө бул жамааттар менен ЖӨБ органдарынын тыгыз кызматташуусу боюнча Кыргызстандагы мыкты тажрыйбалардын бири десек болот. Бул аймактын тургундары бардык жүктү АӨ мойнуна артып койбостон, кеңешип алып айылдын маселелерин бирге чечишет. Алмашуу сапарынын катышуучулары Логвиненко айылындагы балдар аянтчасына барганда мына ушуга ынанышты. Бул аянтча жеке жактын – жергиликтүү тургундун 400 миң сом өлчөмүндөгү салымынын эсебинен курулган. Пенсионер А.Вайнбендер кварталчылар жана кошуналар менен бирге катышуучуларды ошол аянтчада жакшы маанайда тосуп алышты. Кожоюндар конокторго жасалган иш тууралуу маалымат берип, айылдын бардык көчөлөрү өз участогунда көйгөйлөрдү кантип биргелешип чечээрин, түрдүү улуттун өкүлдөрү кантип ынтымактуу жашаарын айтып беришти. АӨ башчысы катышуучуларга Логвиненко АА ТОО кварталдык комитетинин ишиндеги мыкты тажрыйба башка кошуна муниципалитеттерден кантип алынганы тууралуу кеңири маалымат берди. Мындан тышкары айыл тургундары жеке үйлөрдүн биринде курулган теплицаны көрсөтүштү. Ал БИОМ долбоорунун эсебинен инновациялык технологиялар боюнча курулган. Катышуучулар түрдүү жашылчалардын көчөттөрүн кызыгуу менен көрүп чыгышты.
 
Мындан тышкары Логвиненко АӨ алмашуу сапарынын катышуучуларына жерлерди башкаруу боюнча иштин натыйжаларын көрсөтүштү. Бул багытта айыл аймагы сыймыктанчу жагдайлар бар. Мисалы, 2008-2010-жылдары АӨ АЖКБФ жерлерин (56 гектар) жеке турак жай курулушуна (ЖТК) трансформациялоо демилгесин көтөрүп чыккан. 2010-жылы айыл өкмөтү топосүрөт даярдап, жалпы көлөмү 1 млн.250 миң сомго Башкы планды иштеп чыкты. Алардын ичинен жамааттын салымы 250 миң сомду түздү. Ошол эле жылы АӨ 498 жер участогун ЖТКга бөлүштүрүп берди – 56 гектар жана жаңы конуш негизделди. Муниципалдык жерлер боюнча чоң иштер жасалды: Өнүктүрүү саясат институтунун долбоорунун алкагында Логвиненко АА муниципалдык жерлерди эсепке алуу жана инвентаризациялоо жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө жалпы аянты 3,2 гектар болгон 15 бош жер участогу табылды. Андан ары АӨ Муниципалдык жерлерди башкаруу стратегиясын/планын иштеп чыкты жана аны коомдук угуу өткөрүү жолу менен калктын талкуусуна койду. Бул теманы талкуулап жатып, алмашуу сапарынын катышуучуларында бул чөйрөдө суроолору топтолуп калганы маалым болду. Негизинен суроолор “артык баш” короо алдындагы участокторго жана “басылып алынгандарга” байланыштуу болду. Аларды эмне кылыш керек деген маселе көтөрүлдү. Бул жерде сөз тургундар расмий каттап берүүнү суранып жаткан 10-20 сотик тууралуу жүрүүдө. Бул суроого ӨСИ эксперти жооп берди: “Эгерде бул участоктор 2004-жылы системалык каттоодон өткөн болсо, анда териштирүүгө убакыт коротпой деле коюуга жана аларды өздөрүндө калтырууга кеңеш беребиз. Эми албетте аны талашып көрсө деле болот, анткени системалык каттоо бир топ бузуулар менен жүргүзүлгөн, бирок буга байланыштуу соттук териштирүүлөрдөн майнап чыккан эмес. Бирок эгерде бул “артык баштар” жана “басып алынгандар” системалык каттоодон кийин орун алса, анда аларды муниципалдык жерлерге алуу боюнча кескин чаралар көрүлүш керек. Анткен менен кандай болгондо да, ар бир окуяны өз өзүнчө караш керек. Андыктан биринчи кезекте укук орнотуучу документтер боюнча юридикалык экспертиза жүргүзүш керек жана ар бир окуя боюнча тең салмактуу чечим кабыл алыш керек. Жалпы колдонуудагы жерлерди сатууга байланыштуу айта турган болсок, бул мыйзамга каршы келет жана сөзсүз түрдө соттук териштирүүлөрдү талап кылат”. Андан ары бул тематикага байланыштуу суроолор көбөйдү. Ал боюнча катышуучулар ортосунда бир топ эле кызуу талкуулар жүрдү. Бул болсо муниципалдык менчикти, анын ичинде жерлерди башкаруу жаатында бир топ муниципалитеттерде иштер жүрбөй жатканынан, бул болсо ушул багытта комплекстүү иш жүргүзүлүш керектигинен кабар берет.
 
Бардыгы жөнөкөйбү?
 
Алмашуунун практикалык бөлүгү – айылдык аймактын территориясындагы социалдык жана коммерциялык объекттер менен таанышуу тууралуу айта турган болсок, ар бир объектте катышуучулар өзү үчүн жаңы-жаңы нерселерди ачып жатышты. Бул таң калычтуу эмес. Анткени көргөн нерсенин көбү чындап эле таң калууну гана эмес, ошону менен бире ЖӨБ органдары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө экономикалык чарбалык кадамдар жана келечекке жаңыча көз караш менен, иш жүзүндө инновациялык технологияларды колдонуу менен кандай мыкты иштей аларын көрсөтүп, суктанууну да пайда кылат. Тилекке каршы бүгүн бир топ муниципалитеттер жаңы нерселерден коркуп аны түшүнбөйт жана кабыл албайт. Логвиненко АА мисалында алмашуу сапарынын катышуучуларына практикада колдонулуп келаткан энергиянын кайтадан башталган булактары боюнча инновациялык технологияларды көрсөтүп беришти: №2 орто мектебинде орнотулган күндүн энергиясынан суу жылыткан идиштер, ФАП имаратында жана жеке үйдо орнотулган энергияны үнөмдөөчү күн мештери, жеке үйлөрдө курулган теплицалар. Алмашуу сапарынын катышуучулары күн мештеринде кагаз күйүп, чайник кайнаганын, жылуулукту көп убакытка сактаган суу жылыткан идиштер кантип бир заматта кайнаганын өз көздөрү менен көрүштү. Мунун баары чындап эле катышуучуларда жакшы таасир калтырды. Алар өз айылдарында ушундай жаңы технологияларды иш жүзүндө колдонуу тууралуу кызуу талкуулашып, бул үчүн күн энергиясынын альтернативалык булактарынын иши тууралуу кеңирип маалымат берип, иш жүзүндө көрсөтүп берген экологиялык БИОМ коомдук бирикмесинин өкүлдөрүнүн дайын-даректерин жазып алышты. Логвиненко АА №2 мектебинде орнотулган “Экосан” биоажаткана алмашуу сапарынын катышуучуларынын өзгөчө кызыгуусун жаратты. Бул суу колдонулбастан кургак тазаланчу ажатканаларда эч кандай жыт да жок, ал эми анын тазалыгы ажаткана чындап эле иштейби деген шектенүүлөрдү да пайда кылып, катышуучуларды таң калтырды. Көптөгөн катышуучулардын айтымында, бул биоажатканалар айылдарга өтө керек. Анткени бардык жерде эле суу тартыштыгы бар, анын үстүнө аны практикада колдонуу да жеңил экен. Катышуучулардын көбү ушундай ажатканаларды соцобъекттер имаратында гана эмес, өз үйлөрүндө да орнотууну чечишти.
 
Логвиненко АА №2 мектеп-лицейине болгон сапар да катышуучулар үчүн чоң ачылыш болду. Мектеп директору Низамудинова Фарида Ахметовна мектептин жетишкендиктери, кошумча профессионалдык окутуу жана коомдук угуунун жыйынтыктары тууралуу айтып берди. Мектептин өзгөчөлүгү – мында окуучулар негизги аттестаттан тышкары кошумча профессионалдык даярдык тууралуу сертификат да алышат. Алар: жыгач уста, чачтарач, тигүүчү/дизайнер, ашпозчу, кичи медкызматкер. Катышуучулар кошумча билим берүүнүн бардык сабактарына катышты, мында окуучулар өз мугалимдери менен бирге эмгегинин жыйынтыктары менен бөлүштү: ашпозчулар даамдуу тамактар менен тойгузса, жыгач усталар өз мектеби үчүн даярдалган эмеректерди көрсөтүштү. Мындан тышкары мектеп директору коомдук угууларды өткөрүүнүн пайдасы жана зарылчыгы менен бөлүштү. Директор мурда бюджет чыгашалары ата-энелердин бир топ суроосун жана нааразычылыгын жаратып келгенин, ал эми 2011-жылдын апрель айында мектепте “Ачык-айкын бюджет” деген аталыштагы коомдук угуу өткөндөн кийин бир топ суроолор ошол замат жоголгонун, эми ата-энелер мектептин бардык башталыштарын түшүнүү менен колдоого алып калганын айтып берди. Алмашуу сапарынын бир топ катышуучулары өз мектептери менен салыштыра келип, кошумча билим берүү, мектеп бюджетинин айкындуулугу жана коомдук угууларды өткөрүү зарылчылыгы тууралуу ойлонуп калышты.
 
ӨЗҮБҮЗ КӨРДҮК!
 
- Маалымат бүт дүйнөнү алмаштыраалат. Андыктан ЖӨБ органдары калкты канчалык көбүрөөк маалымат менен камсыздаса, ошончолук ишеним да болот.
Бактыкан Ажымаматова, “Акыйкат”, Жалал-Абад облустук гезитинин журналисти
 
- Биз Ивановка жана Логвиненко АА ишинин эбегейсиз чоң тажрыйбасын үйрөндүк.Бул эки АА ушундай сандагы инвесторлор/демөөрчүлөр менен тил табышып, эң негизгиси бир топ жылдардан бери туруктуу иштешип келишти, ЖӨБ органдары өз калкы менен өтө тыгыз жана айкын иштешет экен. Бул муниципалитеттер социалдык объекттердин ийгиликтүү иши үчүн ички ресурстарды мобилдештирүү боюнча чоң тажрыйба топтой алганы, мисалы, өз көчөлөрүн жашылдандыруу жана балдар аянтчаларын түзүү боюнча Логвиненко АА кварталдык комитеттеринин иши таасир калтырды. Бул муниципалитеттердин бюджеттин айкындуулугу боюнча чоң иш жасаганы, алар боюнча калк менен талкуулардын жүргөнү маанилүү. ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун өзгөчө маанилүүлүгү – ал калк менен жергиликтүү бийликтин ортосундагы ажырымды азайтууга, ошондой эле жергиликтүү көйгөйлөрдү биргелешип чечүүгө багытталган.
Женишбек Молдоканов, Бостери АӨ башчысы
 
- Биз өзүбүз үчүн жаңы ыкманы өздөштүрдүк – бул ЭКБА-сессиялары. Ал болсо өндүрүштө жаңы, пайдалуу жана зарыл болгон продукцияны чыгарганга барабар. Бир нече жылдан бери жергиликтүү бийлик менен өз калкынын ортосундагы байланыш үзүлүп келатат. Эми болсо калк менен кантип сүйлөшүү керектигин, кантип көйгөйлөрдү аныктап, аларды биргелешип кантип чечүү керектигин так билебиз. Биз баарыбыз олуттуу түрдө ойлонуп, жаңыча иштей башташыбыз керек.
Ахматжан Тойчиев, Бешик-Жон АА жамаат лидери