Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Түптө муниципалдык кызматчыларды велосипеддерге отургузушту

2014-03-07 / Практиктен практикке: P2P
Түптө муниципалдык кызматчыларды велосипеддерге отургузушту

ИНТЕРНЕТ түйүнүнөн алынган материал боюнча

 

Түптө муниципалдык кызматчыларды велосипеддерге отургузушту. Бул тууралуу аталган айылдын жаштар банкынын лидери Алмаз АБДЫМАМБЕТОВ кабарлады. Анын айтымында, Түптүн тургунунан кызыктуу долбоор түшүп, аны жаштар банкы жактырып, «Кумтөрдүн» каржылык колдоосу менен ишке ашты.
 
Долбоордун наркы – 120 миң сом. Бир ай мурда 13 велосипед муниципалдык кызматкерлерге – квартал башчыларына, салыкчыларга, элеттик администрациянын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.«Айылдын аралыгы чоң – 6 километр. Кызматына байланыштуу муниципалдык кызматкерлер ар бир короону кыдырып чыгыш керек. Велосипеддер алардын ишин жеңилдетип, убактысын үнөмдөөгө жардам берди. Биз ошондой эле жаштарга активдүү жашоо образынын үлгүсүн көрсөтүп, экологияны сактоого да салым кошуп жатабыз. Учурда 22 кызматкерге 12 велосипед бар. Бул жетиштүү, анткени
калган 10 кызматкердин иши негизинен кеңседе эле бүтөт. Мен өзүм азырынча велосипедге отура элекмин, бирок жакынкы убакытта муну пландап жатам», – деди Түп айылдык аймагынын башчысы Советбек ИСМАИЛОВ. М