Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

6 (92) 20 Август 2019

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Тажрыйба алмашуу: айкындуулук, административдик чара, бала бакчалар жана муниципалдык ишканалар

2014-03-07 / Практиктен практикке: P2P
Тажрыйба алмашуу: айкындуулук, административдик чара, бала бакчалар жана муниципалдык ишканалар

Гуляим ШАМШИДИНОВА, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун адиси, ӨСИ

 

«Тажрыйба – бул билим берүүсү кымбатка турган мектеп, бирок бул – көп нерсени үйрөнө ала турган жалгыз мектеп».
Бенджамин ФРАНКЛИН
 
2013-жылы күзүндө Бөкөнбаев айылына Ысык-Көл облусундагы 22 айылдык аймактан айыл өкмөт башчылары, орун басарлары жана адистери келген. ЭҮЖӨБОЖ Долбоору уюштурган, тажрыйба алмашуу максатын көздөгөн сапар жарандарды бюджеттик процесске тартуу жана элеттик муниципалитеттерде жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катыштыруу практикасына арналды. Муниципалитеттердин өкүлдөрү жарандардын катышуусу менен ачык-айкын башкаруу аркылуу жергиликтүү маанидеги маселелерди практика жүзүндө чечүү маселелери боюнча тажрыйба алмашып, өз кесиптештеринин жеткишкендиктери менен таанышып чыгышты. Ошондой эле алар натыйжалуу муниципалдык башкаруунун актуалдуу маселелери боюнча окуудан өтүштү. Тажрыйба алмашуу сапарына мамлекеттик органдардын өкүлдөрү – ЖӨБЭММАнын аймактагы өкүлү жана райондук мамлекеттик администрациянын кызматкери да катышты.
 
Катышуучулар ЖӨБ органдарынын, бейөкмөт уюмдардын, жеке бизнестин ишмердүүлүгүнүн практикалык жагы менен гана таанышпастан, ошону менен бирге АА үчүн өтө актуалдуу болгон темалар боюнча да интерактивдүү тренингге катыша алышты.
 
Айкындуулук ишенимди жаратат
 
Долбоордун Ак-Чий АА (Ак-Суу району) координатору Максат ДОРБАЕВ 2014-жылга бюджет долбоору боюнча коомдук угуулардын жыйынтыгын көрсөттү. Аны даярдоодо ЖӨБ органдары маалымат өнөктүгүндө угууларга «Чейин», угуулар «Учурунда» жана угуулардан «Кийин» өңдүү стандарттык эмес ыкмаларды колдонушкан. Муниципалитет чогулуштан кийин угуулардын натыйжалары тууралуу маалымат жеткирүүгө өзгөчө көңүл бурган. Мындан улам жарандар бюджет долбоору боюнча алардын сунуштарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу кабыл алып-албаганын биле алды. Жарандардын бюджетке карата көз-карашы жана мамилеси өзгөрөбү деген суроосуна Максат ДОРБАЕВ мындай деп жооп кайтарды: «Коомдук угуулар бизге бюджет же жамааттын жашоосуна тиешелүү башка маселелер тууралуу маалыматты толугу менен ачып берүү мүмкүнчүлүгүн берет. Калк менен жандуу баарлашуу адамдарды «ойготууга», аларды көбүрөөк демилге көтөрүп чыгууга түрткөнгө жардам берет. Калктан түшкөн сунуштар боюнча бюджет долбооруна өзгөртүүлөр киргизилди. Мурда бул жөнүндө сөз да болчу эмес». Бостери АА (Ысык-Көл району) башчысы Тимур АЙЫЛЧИЕВ жолдорду оңдоодо жана 50 чакан көпүрөнү калыбына келтирүүдө айыл өкмөтүнүн,калктын жана демөөрчүлөрдүн биргелешкен салымы тууралуу айтып берди. Демилгелүү топтун сунушу боюнча, айылдык кеңеш жергиликтүү бюджеттен 300 000 сом бөлүп берүүнү жана айылдын ичиндеги 5 километрден ашуун жолду толугу менен оңдоп чыгууну чечти. Башчынын айтымында,ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун колдоосу менен айылдагы көйгөйлүү маселелерди ЖӨБ органдары менен тыгыз кызматташтыкта чечүүгө калктын кызыгуусу артып баратат. Бул болсо айыл өкмөтүн аймактагы дагы да маанилүү жана актуалдуу маселелерди чечүүдө кийинки кадамдарга түртүүдө.
 
Кызматташуу менен эӊ татаал маселелерди да чечсе болот
 
Арал АА (Түп району) башчысы Султанбек КАСЫМБАЕВ сугат суу көйгөйүн чечүүдө биргелешкен салым жаатында жетишкендиктердин натыйжаларын айтып берди. Жергиликтүү тургундардын демилгеси менен каналдарды тазалоо боюнча ремонт иштерин жүргүзүү үчүн дээрлик 85 миң сом чогултулуп, жергиликтүү бюджеттен 30 миң сом бөлүндү.Ал эми эки айылда узундугу 11 километр болгон жаңы каналдар салынып, 6 суу бөлүштүргүч калкан орнотулуп, 2 көпүрө курулуп, тазалоо иштерине 112 жергиликтүү тургун тартылды. Натыйжада сугат суу менен 520 гектар жер камсыздалды, ал эми дан өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү бир гектар жерден 25-30 центнерге өстү. Липенка АА (Жети-Өгүз району) көкөйгө тийген сугат суу маселеси масштабдуу деңгээлде чечилди. Инвестицияларды тартуу жолу менен (облустук өнүктүрүү фонду 2,7 миллион сом, USAID долбоору 3 миллион сом бөлдү), жергиликтүү бюджеттин (10 миллион сом) жана жамааттын (300 миң сом) жардамы менен 4 насос станциясы курулду. Бул станциялар жалпы жонунан 83 дыйкан чарбачылыгы үчүн 1356 гектар жерди сугат суу менен камсыздады. Липенка айылдык аймагынын мисалы жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча инвестицияларды тартуу үчүн кызматташуунун натыйжалуулугун ырастап турат.
 
Бала бакчалар: ачыш керек, бирок мыйзамды бузбастан!
 
Улахол ААнын (Тоң району) мурдагы башчысы Эдилбек СЕЙИТКАЗИЕВ бугүнкү күндө 35 бала тарбияланып жаткан бала бакчаны калыбына келтирүү боюнча иштер кантип уюшулганы тууралуу айтып берди. Бул балдардын ата-энелери өнүктүрүү фондунун жардамы менен 400 миң сом бөлүп, жергиликтүү кеңештин чечими менен бул максатта бөлүнгөн эски мектептин муниципалдык имаратын ремонттоп чыгып, зарыл болгон жабдууларды сатып беришти.Адегенде мектепке чейинки мекеменин ишин уюштуруу кызыгууну жаратты – ар бир бала үчүн 200 сом өлчөмүндө акы алынат. Чогулган акча толугу менен тамактанууга жана оюнчуктарга сарпталат, ал эми 4 тарбиячы акы албастан, өз ыктыяры менен иштешүүдө. Анткени өздөрүнүн да балдары бала бакчага барат. Бул мисал чоң талкууну жаратты. Анын жүрүшүндө катышуучулар көптөгөн эл аралык уюмдар ушул өңдүү бала бакчаларды, реабилитациялык борборлорду, жетимдер үйүн ачууга жардам берип, белгилүү бир мезгил ичинде (мисалы, 1 жыл) кызматкерлердин маянасына байланышкан чыгымды өзүнө алышаарын айтышты. Ал эми долбоордун мөөнөтү аяктагандан кийин бул чыгашалардын баары жергиликтүү бюджеттин мойнуна жүктөлөт. Дотациядагы муниципалитеттер мындай чыгашаларды көтөрө алышпайт жана андан ары эмне кылаары, каражатты кайдан табаары белгисиз.
 
Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жоктугу өңдүү көйгөй өлкөнүн дээрлик бардык айылдарында өтө курч турат жана бул маселенин чечилиши да ачык бойдон кала берүүдө. Анткени мыйзамдар жашоонун реалдуулугунан артта калууда. Бардык жерде жамааттык бала бакчалардын альтернативалык түрлөрү ачылып жатат, алардын расмий статусу ушул кезге чейин көпчүлүк аймактарда чечиле элек жана ошого жараша ал жактагы иштер да жөнгө салынбай келет. Мындай бала бакчаларга өзгөчө элет жеринде талап күчтүү. Бул маселени колдонуудагы мыйзамдарга таянуу менен кантип чечсе болоорун өз баяндамасында ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун укуктук маселелер боюнча адиси Бектур ОРОЗБАЕВ кенен айтып берди. Тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучулары бүгүнкү күндө республика боюнча үч жүзгө жакын деп саналган элеттик жамааттык (кыска мөөнөттүү) бала бакчалардын жаңы моделдери тууралуу биле алышты. Алардын бир бөлүгүн республикалык, ал эми дагы бир бөлүгүн жергиликтүү бюджет каржылайт; алардын ичинде лицензия менен да, ансыз да иштегендер бар. «Лицензиялоо жөнүндө» КР Мыйзамынын 9-беренесинин жана «Билим берүү жөнүндө» КР Мыйзамынын 40-беренесинин негизинде, мамлекеттик бала бакчаларды кошпогондо, мектепке чейинки билим берүү мекемесинин (анын 12 түрү бар) формасына жана түрүнө карабастан лицензиялоо милдеттүү деп эсептелет («Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө» КР Мыйзамынын 7-беренеси).
 
Башында альтернативалык бала бакчаларды ачып жатканда көптөгөн донордук уюмдар ЖӨБ органдары менен бирге лицензиясыз жана башка зарыл болгон документтерсиз иштеп, ката кетирип алышкан. Мындан улам бала бакчанын кызматкерлерине маяна төлөөгө байланыштуу маселелер жаралган. Аны билим берүүнүн райондук башкармалыгы өңдүү маморгандар менен жөнгө салыш керек болчу. Ошону менен бирге фискалдык органдарга байланыштуу да маселе жаралды.

 

Административдик жаза: жергиликтүү  өз алдынча башкаруунун ролу

ЖӨБдүн көптөгөн башчылары алардын административдик укук бузуулар боюнча административдик жаза берүү боюнча ыйгарым укуктары өздөрү ойлогондон да кеңири болгонун билишкен эмес.Бул тема катышуучуларда чоң кызыгууну жаратты, алардын ар бири өз практикасында орун алган окуялар менен бөлүшүп,адатта алар административдик укук бузуулардын кандай түрлөрүн кезиктирерин жана бул маселени чечүүнүн жолдору кандай болгонун айтып беришти. Көптөр бардык жаза санкциялары жергиликтүү кеңештин чечими менен, же болбосо жергиликтүү жамааттын Уставына ылайык жүргүзүлүп келгенин белгилешти. Бирок чындыгында ЖӨБ органдарынын мындай аракеттери мыйзамсыз. Кызуу талкуулардын натыйжасында катышуучулар «ЖӨБ органдарынын административдик комиссиялары тууралуу» жобону иштеп чыгуу, ошондой эле бул маселени жеринде муниципалитеттердин катышуусу менен изилдөө зарыл деген бир пикирге келишти. Мындан тышкары жергиликтүү тургундар тарабынан көбүрөөк жасалган административдик укук бузууларга да анализ жасоо керек. Ошол анализдин негизинде гана ЖӨБдүн административдик комиссияларына жазага тартуу, бул маселелерди ыкчам жана объективдүү чечүү боюнча кошумча ыйгарым укуктарды берүү үчүн Административдик жоопкерчилик тууралуу кодекске өзгөртүүлөрдү даярдаса болот.

ТКЧ боюнча муниципалдык ишканаларды кантип түзсө болот?

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун адиси Танат ОСМОНКУЛОВ катышуучуларга «Катуу тиричилик калдыктарын (КТК) жыйноо жана чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун негиздери» деген темада баяндама жасады. Ал баяндамада Чүй облусундагы муниципалитеттердеги тийиштүү практика тууралуу кенен айтып берди. Бул маселе Кыргызстандын дээрлик бардык ЖӨБ органдарынын жетекчилерин тынчсыздандырып келет. Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар төмөнкүдөй тыянакка келишти:
 
  • ТКЧ маселелери боюнча муниципалдык ишкана жергиликтүү кеңештин чечиминин негизинде айыл өкмөтүнүн демилгеси боюнча түзүлөт;
  • юстиция органдарында юридикалык статусту алганда менчик формасы муниципалдык болуш керек;
  • муниципалдык ишканалардын негиздөөчү документтеринде ЖӨБ органы менен муниципалдык ишкананын өз ара мамилелеринин тартибин, ошондой эле ЖӨБ органынын ишкананы түзүү, предметти жана анын ишмердүүлүгүнүн максаттарын аныктоо, аны кайра уюштуруу жана жок кылуу, ишкананын жетекчисин дайындоо, ишканага тиешелүү мүлктү максатына ылайык колдонууга жана сактоого көзөмөл жүргүзүү өңдүү маселелерди чечүү укугун караштыруу зарыл.
Өз тажрыйбасы менен бөлүшкөн Кара-Ой ААнын мурдагы башчысы, азыркы убакта Ысык-Көл районунун акиминин орун басары Данияр ИМАНАЛИЕВ ТКЧ боюнча муниципалдык ишкананы түзүү жана уюштуруу тууралуу, анын артыкчылыктары жана жетишкендиктери жөнүндө кенен айтып берди. Кызматкерлердин штаттык саны 4 адамды түзөт, алардын маянасы айыл өкмөтүнүн алдыңкы адисинин айлыгына теңештирилген; жергиликтүү кеңештин токтомунун негизинде антимонополиялык комитет менен маселелер жөнгө салынды; аймактагы 650 короонун ар бири менен келишим түзүлгөн, ал эми акыны дүмүрчөк боюнча төлөшөт. Пансионаттарга келе турган болсок, ар бир контейнерден 200 сом, машинеден 500 сом өлчөмүндө акы алынат. Натыйжада 2012-жылы жергиликтүү бюджет 700 080 сом өлчөмүндө таза киреше алган.
 
Бирок бир маселе бар. ЖӨБ органы өзүнө өзү (ТКЧ аркылуу) кызмат көрсөтүп, ошону менен бирге 3% түзгөн сатуудан түшкөн салык төлөп жатат. Мисалы, айыл өкмөтүнүн атынан буйрутмачы мектептин же бала бакчанын аймагынан таштанды чогултканы жана чыгарганы үчүн 30 миң сом өлчөмүндө акчаны муниципалдык ишкананын эсебине которот.Ошону менен бирге 3% салык төлөп жатат. Бул салык кайда кетип жатат жана эмне үчүн ЖӨБ органдары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечкени үчүн ТКЧ атынан салык төлөөдө деген суроо туулат. Иш жүзүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу өзүнүн коомдук жактан мааниге ээ иш-милдетин аткарганы үчүн өзүнүн ишканасы аркылуу мамлекетке салып төлөп жатат. Айыл өкмөт башчынын баамында, категориялар боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү так бөлүштүрүү үчүн мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизиш керек. Ошону менен бирге жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө, анын ичинде калктын аз камсыздалган катмарына кызмат көрсөтүүлөргө салык салынбаш керек, ал эми жеке кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык түрлөрүнө үч пайыздык салык кала бериш керек.
 
Дээрлик бардык таштандыны (желим бөтөлкөлөрдү, целлофан баштыктарды, кагаздарды) тургундар өрттөп жаткандыктан айрым катышуучулар ТКЧ маселелери боюнча атайын кызмат түзүүгө зарылчылык деле жок болгонун айтышты. Бул пикирге Танат ОСМОНКУЛОВ кошулган жок: «Үй чарбаларынан чыккан тиричилик таштандыдан тышкары коомдук жайлар, сейил бактар, аянттар, көрүстөндөр да бар. Тазалык маселесин гана эмес, көрктөндүрүү, жашылдандыруу маселелерин да чечиш керек. Мунун баары менен өзүнчө адистешкен кызмат алектениш керек».
 
Кайрадан муниципалдык жерлер тууралуу …
 
 
Муниципалдык жерлерди башкаруу маселеси көптөгөн жылдар бою актуалдуу бойдон жана көп убакыт бою да ушундай кала бермекчи. Муниципалдык жерлерди каттоо жана инвентаризациялоо жаатында Күн-Чыгыш АА (Тоң району) тажрыйбасын талкуулоодо көптөгөн муниципалитеттер мындай иштерди жүргүзбөгөнү белгилүү болду. Жергиликтүү каттоо органдарында (ЖКО) муниципалдык менчиктеги объекттерди толук каттоодон өткөргөндөр өтө чанда кездешет; муниципалдык жерлерди ижарага берүү боюнча практика аз. Анткен менен Бостери АА башчысы жол боюндагы жалпы колдонуудагы жерлерди коммерциялык соода түйүндөрү үчүн ижарага берүү тажрыйбасы менен бөлүштү. Мындан жергиликтүү бюджетке эки миллион сомдон ашык акча түшөт. Кесиптештердин ийгилиги Ак-Чий айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Максат ДОРБАЕВди шыктандырып, ал үйүнө кайтып келген соң кесиптештери менен бирге алган тажрыйбаны иш жүзүндө колдоно баштады: муниципалдык менчиктеги объекттердин реестри иштелип чыкты; айылдык кеңештин депутаттары демилгени колдоп, муниципалдык жерлерди каттоо жана инвентаризациялоо тууралуу чечим кабыл алышты; жумушчу топ түзүп, талаа иштерине архитектурадан кураторду тартышты; топографиялык картаны алып, жардам сурап ККМУКД ЖКБ (Мамкаттоо) кайрылышты. Учурда талаа иштери жүрүүдө, алгачкы натыйжалар да бар: Качыбек айылында аянты 11,57 гектарды түзгөн 45 курулуш иштери жүрбөгөн эркин жер участоктору табылды. Белгилей кетчү жагдай, муниципалдык жерлерди эсепке алуу жана инвентаризациялоо боюнча өзүнүн көп жылдык практикасында ӨСИ эксперттери элеттик муниципалитет донорлордун жана бейөкмөт уюмдардын жардамысыз, мындай оор ишти өз алдынча аткарууга киришкенин биринчи жолу көрүп жатышат. ЖӨБ органынын бул демилгеси Ак-Чий АА өзү үчүн чоң жетишкендик болуп калды.
 
 
«Кургак» калдык жана ЖӨБ башчыларына кайрылуу
 
Сапардын соңунда уюштуруучулар катышуучулар менен бирге топтордо иштөө менен тажрыйба алмашуу сапарынын жыйынтыгын чыгарышты. Катышуучулар эки күндүк практикалык окууда жана мазмундуу талкууда көптөгөн маселелер боюнча чыныгы жардам алышканын белгилешти. Маанилүү тыянак жасалды: көптөгөн мисалдарды башка муниципалитеттерде да колдонсо болот, бул үчүн ар биринде мүмкүнчүлүк бар. Каалоо гана болсо болду! Ысык-Көл облусунун Тоң районуна болгон окуу сапары тууралуу баянын аяктап жатып, ЭҮЖӨБОЖ Долбоору ушул өңдүү иш-чараларга катышпай, же өзүнүн ордуна башка адистерди жиберип, буга көп деле олуттуу маани бербеген ЖӨБ органдарынын жетекчилерине кайрылат.
 
Урматтуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жетекчиси!
 
Сиз башкаруу системасынын өтө маанилүү тогоосунун жетекчиси болуп саналасыз. Сиздин артыңызда жамаатыңыз турат. Сиз ар бир жердешиңиздин жашоосун жакшыртууга кудуреттүүсүз. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө көп натыйжаларга жетишкен өз кесиптештериңиз менен тажрыйба алмашуу – бул үйрөтүү жана үйрөнүү, мыкты башкаруунун практикалык ыкмаларын алуу, бейформал жагдайда эркин пикир алмашуу, квалификацияны жогорулатуу, өз ишиңизге четтен байкоо салуу жана тийиштүү тыянактарды жасоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз! М