Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Интернетте илгерилетүү

2014-05-06 / Коррупцияга каршы опция
Интернетте илгерилетүү

Ведомстволордо өнөктүктү интернетте илгерилетүү боюнча тренинг-семинар...

Тренингге Кыргыз Республикасындагы 22 министрликтен жана ведомстводон 22 өкүл катышты. Иш-чара маанилүү болчу, бирок анын натыйжалуулугу катышуучуларды тандап алуу усулуна таасирин тийгизди. Өзү иштеген жерде коррупциянын деңгээлин көзөмөлдөө анын милдетине кирген ведомстволордун өкүлдөрүнүн (мындайча айтканда комплаенс-офицерлер) – тренингдин негизги катышуучуларынын – мындай ишти аткарууда кызыгуусу төмөн болду. Алардын негизги дооматтары төмөнкүлөр: биринчиден, алардын кызмат орду интернетте жарандар менен автономдуу, көз карандысыз жана ачык диалог жүргүзүүгө жол бербейт; экинчиден, комплаенс-офицерлердин арасында улуу муундун бир топ өкүлдөрү бар, алар интернет түйүнүндө иштөөдө психологиялык кыйынчылыктарга дуушар болот. Анткен менен бардык катышуучулар тренер Айбек Баратовдун жогорку кесипкөй сапаттарын белгилешти. Айбек аудиторияны кармаганды билет, ал бир күндүн ичинде аткаминерлерге көп нерсени үйрөттү. Жалпысынан тренинг оң натыйжа алып келди. Анткени анын катышуучуларына жаңы билимдерди жана көндүмдөрдү берип, контент жана аудитория менен иштөөнү үйрөттү. Тренингдин алкагында катышуучулар орус тилдүү платформаларга салыштырмалуу Facebook жана Twitter социалдык түйүндөрүн пайдалануунун негиздерин үйрөнүштү.Тренингдин катышуучулары – комплаенстер – баарлашуу жана маалымат алмашуу үчүн социалдык түйүндөрдүн биринде аянтчаларды түзүп, аны менен иштөөнүн көндүмдөрүнө ээ болушту. Тренингдин катышуучулары биргелешкен документтерди түзүү жана маалымат менен тез алмашуунун аспаптары тууралуу билимге жана көндүмдөргө ээ болушту. Тренердин өзү – Баратов Айбек, Кыргызстанда белгилүү блоггер жана МАИдеги коррупция менен күрөшкөн активист, өткөн тренинг боюнча төмөнкүдөй тыянак жасады: “Бул тренинг бардык катышуучуларга базалык билимге жана көндүмдөрг ээ болуу мүмкүнчүлүгүн берди, ар бири кандай болгон күндө да жаңы бир нерсени үйрөнүп, мындан пайда көрдү. Айрым катышуучулар ушундай тренингди өткөргөнүбүз үчүн ыраазычылыгын билдирди. Анткени алар чындап эле көп нерсени үйрөнүп,алардын кийинки ишине таасирин тийгизчү баалуу кеңештерди алышты”. Ошону менен бирге тренер комплаенс-офицерлер менен мындан ары иш алып барууда эсепке алуу керек болгон бир катар тыянактарды да жасады.
  • Тренингдин катышуучуларынын чоң бөлүгү тема менен тааныш эмес жана эмне жөнүндө сөз болуп жатканын түшүнгөн жок. Алар обочодо калып, кызыгуусу жок болгону сезилип турду.
  • Катышуучулардын негизги массасын тренингге жетекчилик жиберген. Мындай тренингдер- ге кызыккан, күн мурдатан эмне жөнүндө сөз болоорунан кабары бар, талкууга активдүү катышкан адамдар келиш керек.
  • Улуу муун (тилекке каршы) окутууну, анын үстүнө өздөрүнөн бир топ жаш болгон тренерди кабыл албайт. Бул жеке пикир.
  • Келечекте мамлекеттик структураларда сурамжылоо жүргүзүп, тренингге катышууга сынак жолу менен тандап алуу предметине жөнөтмө жасаш керек. Көбүрөөк кызыкдар жана активдүү аудиторияны топтоо зарыл.
  • Кызыкдар эмес, же жетекчиликтин каалоосу (талабы) боюнча катышкандардын тренингге катышуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу керек.
  • Ушул өңдүү окутуучу иш-чараларга системалык мүнөз берүү керек. Бир тренинг үстүрт жана базалык гана билим берет.
  • Кийин катышуучулар менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берип, социалдык медианы пайдалануу боюнча ишмердигин талкуулоо керек.
Өзүнөн өзү кайра өндүрүлгөн контент. Айбек Баратов долбоордун тапшырыгы боюнча “Өз укуктарыңды кантип коргоп, интернет түйүнүн пайдалануу менен аткаминерлердин жүрүмтурумундагы коррупциялык көрүнүштөр тууралуу кантип жар салса болот” аттуу колдонмону иштеп чыкты (Интернетте жарандардын жүрүмтурумундагы антикоррупциялык стереотиптерди түзүү жана илгерилетүүнүн (өзүнөн өзү кайра өндүрүлгөн контент) алгоритми катары). Бул колдонмонун өзгөчөлүктөрү:
  • Мамлекеттик жол инспекциясы менен антикоррупциялык күрөштүн чыныгы мисалына негизделген.
  • Интернетте антикоррупциялык аянтчаларды түзүүнүн жана илгерилетүүнүн сунуштарын жана кадам-кадам алгоритмин камтыйт.
  • Коррупцияланган адамдарга жана аткаминерлерге жолуккан кезде өзүңдү кантип алып жүрүү керектиги, мамлекеттик кызматчы тарабынан опузалоо жана коррупциялык көрүнүш фактыларын кантип туура белгилеп, аны натыйжалуу жарыялаш керектиги тууралуу нускаманы жана эрежелер жыйнагын камтыйт.

​Фактылардагы коррупцияга каршы маалымат өнүктүгү

  • Коррупциялык тобокелчиликтер тууралуу калкка маалымат берүү жана жарандарда коррупцияга карата чыдагыс мамилени, айыптоону калыптандыруу.
  • Массалык маалымат каражаттары аркылуу калкка коррупцияга жана анын адамга тийгизген терс таасирине карата формасы жана мазмуну боюнча түрдүү 570ке жакын маалымат жолдонгон. Калкты агартуу үчүн 10го жакын каналдар тартылган (басма, эфирдик жана интернет массалык маалымат коммуникациялары). Өнөктүктүн алкагында түзүлгөн коррупцияга каршы https://www.facebook. com/CorruptionKG интерактивдүү аянтча бул темага карата болжол менен 45 миң жарандын көңүлүн бурган. Бүгүнкү күндө ага 877 адам жазылган. Долбоордун ишчаралары (семинарлар, пресс-сессиялар,көрсөтмө берүүчү сессиялар, электрондук жолдонмолор) менен 700гө жакын жаран камтылган. Тапшырма аткарылды.
  • Жарандык коомду коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ишке кеңири тартуу; жарандык активисттерге коррупция менен күрөш мүмкүн деген ишенимди берүү.
  •  Өнөктүктүн алкагында антикоррупциялык контентти жаратууга бери дегенде 16 көз карандысыз эксперт жана жарандык коомдун өкүлдөрү тартылды. Алар Консультант сунуштаган коммуникациялык аянтчалар (пресс-сессиялар) аркылуу мамлекетке жана анын антикоррупциялык саясатына таасир этүүнүн кошумча мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушту. Алардын кыйыр түрдө катышуусунун ийгилиги төм. менен тастыкталууда: долбоордун коммуникациялык иш-чараларына биринчи жолу катышкандан кийин айрым эксперттер кайрадан Консультантка кайрылып, ММК менен иштешүүнүн кошумча мүмкүнчүлүктөрүн берүүнү өтүнүштү. Алмаз Насыров, эксперт: “ММК менен баарлашуунун, маанилүү темаларды талкуулоонун формасы катары пресс-сессиялар өтө ыңгайлуу. Алар демократиялык,ачык жана жеткиликтүү. Бизде бейөкмөт уюмдар, мамструктуралар, донорлор ар кайсы көйгөйлөр жана аспекттер боюнча түрдүү тармактарда өткөргөн ар кандай изилдөөлөр көп. Алар тууралуу пресс-сессиялардын аудиториясы менен сүйлөшүү абдан ыңгайлуу. Бул жакка адамдар кокустан эле келип калбайт”. Тапшырма аткарылды.
Коррупцияны алдын алуу көйгөйүнө карата коомдук кызыгууну көтөрүп чыгуу, ошондой эле бул кызыгууну андан ары да сактап калуу.Өнөктүктүн алкагында түзүлгөн коррупцияга каршы https://www.facebook.com/CorruptionKG интерактивдүү аянтчакоомдук кызыгууну күчтөндүрүүгө көмөктөштү. Муну аянтчага баш баккандар тууралуу маалыматтар жана ресурстагы билдирүүлөргө карата катышуучулардын пикирлери тастыктап турат: бул баракчада 45 миң контакт бар. Asanaliev Adilet: «Мыкты болуптур! Мындай идея ушинтип уланат деп ойлогон эмесмин” “Силер мыктысыңар! Калыбыңардан жазбагыла” Denis Berdakov: “Укмуш! Азаматтар” Talaigul Shadykanova: “Абдан туура. Эгерде мен таза болсом, сен таза болсоң,анда коом да таза болот” (И. Раззаков).Тапшырма аткарылды.
 
  • Мамлекеттик органдар жана жарандык коом жүзөгө ашырган антикоррупциялык чаралардын төмөн натыйжалуулугуна карата калыптанып калган стереотиптерди бузуу.
  • Антикоррупциялык контентти жаратуу боюнча ишке мамлекеттик органдардын бери дегенде 11 өкүлү, анын ичинде министрлер, ведомство башчылары өңдүү жогорку кызматтарды ээлеген адамдар тартылды. Алар ММКга жана коомго мамлекеттик органдардын коррупциялык жүрүмтурум көрүнүштөрү менен күрөштүн жана коррупция үчүн жагымдуу чөйрө түзүп жаткан шарттарды бузуунун натыйжалары тууралуу айтып беришти. Анткен менен бул тапшырма жарым-жартылай гана аткарылды. Аны толугу менен аткаруу коррупция менен күрөштүн алкагында мамлекет кандай чыныгы кадамдарды көрсөтүүгө даяр болгонунан көз каранды.
Антикоррупциялык чаралардын мыкты практикасын жана антикоррупциялык жүрүм-турумдун мисалдарын максаттуу топтордун арасында жайылтуу. ММК жана жарандык коом уюмдарынын чөйрөсүндө өзүнөн өзү кайра өндүрүлгөн антикоррупциялык контенттин пайда болушу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жаратуу.– Негизги аспап долбоордун алкагында иштелип чыккан “Өз укуктарыңды кантип коргоп, интернет түйүнүн пайдалануу менен аткаминерлердин жүрүм турумундагы коррупциялык көрүнүштөр тууралуу кантип жар салса болот” аттуу окуу куралы (нускама) (жумушчу версиясын төмөнкү шилтемеден көрө аласыз: http://dpi.kg/ru/ news/full/788.html), ошондой эле коррупцияга каршы вирустук тасмалар (жумушчу версиясын төмөнкү шилтемеден көрүңүз:https://www.facebook.com/photo.php v=1430402120554389) болуп калды.Бул тапшырманы аткаруунун ийгилигин тастыктаган маанилүү белги – коррупцияга каршы күрөш боюнча жарандык демилгелерди колдоого интернет аркылуу ишкерлер ниетин билдиришти:
  • Массалык коммуникациялык каналдар аркылуу коомдук пикирге таасир этүүнүн түрдүү усулдарын апробациялоо, пилоттоо.Долбоордун алкагында коммуникациялык иштердин түрдүү усулдары пайдаланылды: Кыргызстан боюнча авторлордон 300дөн ашуун иштерди чогулта алган плакаттар сынагы; 85 катышуучунун башын бириктирген студенттер үчүн “чагымчыл дарстар”; 8 пресс-сессия; 40 катышуучудан 200дөн ашуун макаланы чогулткан журналисттер үчүн сынак; 10 телевизиондук жана радио берүүлөр;интернет аркылуу антикоррупциялык үгүттү илгерилетүү боюнча комплаенс-офицерлер үчүн тренинг; мамлекеттик кызматчылар үчүн антикоррупциялык мектептин семинарларына катышуу;жана башкалар. Жалпысынан долбоордун иш-чараларына 500дөн ашык киши катышты. Тапшырма аткарылды.М