Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Бюджет айкындуулугунун муниципалдык индексин колдонуу практикасы: муниципалитеттердеги орто аралыктагы жыйынтыктар

2016-10-19 / Коррупцияга каршы опция

Бюджет айкындуулугунун муниципалдык индекси (мындан ары – БАМИ) – бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (мындан ары – ЖӨБ) калк алдындагы айкындуулугунун жана отчеттуулугунун деңгээлин баалоочу аспап. БАМИ баалоосу үч багыт боюнча жүзөгө ашырылат: бюджеттик маалыматтардын/документтердин курамы, толуктугу жана көрсөтмөлүүлүгү, бюджеттик маалыматтын калк үчүн жеткиликтүүлүгү жана жарандардын бюджеттик процесске катышуусу.

Мындан тышкары БАМИ жарандык коомдун өнүгүүсүнө жана калктын укуктук жана финансылык сабаттуулук деңгээлинин жогорулашына көмөктөшөт. Индекс айкындуулук деңгээлин гана өлчөп, ага мониторинг гана жүргүзбөстөн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бюджет айкындуулугун күчөтүү үчүн кайсы багытта иш алып баруу керектигин көрсөтүп турат. Бюджет айкындуулугунун жана бюджеттик процесстин индексинин маңызы бюджеттик маалыматтын жөнөкөй жана ачык болушуна мониторинг гана жүргүзүүдө камтылган эмес. Индекс ошондой эле жарандардын бюджеттик процесске катышуу деңгээлин да чагылдырат. Демократияны өнүктүрүү аспабы катары индекс жамааттын бышып жетилүүсүнөн көз каранды болот.
Башкача айтканда, калктын жана жарандык коом институттарынын бюджеттик процесстин айкындуулугуна коомдук көзөмөлдү жүзөгө ашырууга жана бюджеттик саясат маселелери боюнча жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарын коргоо менен чечим кабыл алуу даярдыгына жана жөндөмдүүлүгүнө көз каранды болот.Ушул тапта БАМИ аспабы Чүй облусунун аймагында “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун (мындан ары – Долбоор) 12 максаттуу муниципалитетинде 2015-жылы Долбоордун алкагында иштелип чыккан жана жарыяланган окуу куралынын негизинде колдонулуп келатат. Долбоорду Швейцария өкмөтү каржылайт жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырат.Базалык баалоо 2015-жылдын ноябрь айында Долбоордун адистери БАМИнин базалык баасын жүргүзүшкөн. Баалоонун жыйынтыгы боюнча мүмкүн болгон 100 баллдын ичинен бир дагы муниципалитет 40 баллдан жогору алалбай койгон. Эң көп баллды Кемин шаарынын мэриясы алды – 38 балл. БАМИ боюнча төмөн баллдардын негизги себептери төмөнкүлөр:
 
  • 1-индикатор: бюджеттик маалыматтын курамы, толуктугу жана көрсөтмөлүүлүгү. Бир дагы муниципалитетте долбоордун адистери калк үчүн жеткиликтүү тилде бюджет тууралуу маалыматты таба алышкан эмес. Папканын ичинде сакталган бардык бюджеттик документтер жергиликтүү өз алдынча башкаруунун райондук финансы бөлүмүнө жиберген отчету болуп чыкты. Аны айылдын же шаардын карапайым жашоочусу эч түшүнбөйт.
  • 2-индикатор: бюджеттик маалыматтын калк үчүн жеткиликтүү болушу. Муниципалитеттин бир дагы маалымат тактасында жашоочулар инфографика менен даярдалган бюджет тууралуу маалыматты, маалыматка жеткиликтүүлүк жөнүндө мыйзамдын негизги жоболорун, мамлекеттик сатып алуулар пландары жана жыйынтыктары тууралуу маалыматты, бюджет боюнча инфографикасы бар буклетти, Эсеп палатасынын актысын жана жазма эскертүүсүн таба алышкан эмес. Маалымат такталарында негизинен элеттиктердин жарыялары, түрдүү банктардын насыя коюмдары, лизинг тууралуу маалымат жана башкалар илинип турган.
  •  3-индикатор: жарандардын бюджеттик процесске катышуусу. Процесс маалында коомдук бюджеттик угуулар туруктуу негизде өткөрүлбөгөнү белгилүү болду. Айыл өкмөттүн кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары чогулуш менен коомдук угууларды чаташтырып жатышты.
Окутуу 2016-жылдын март айында БАМИ боюнча тренингдер уюштурулду. Аларга айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана биргелешкен мониторинг жана баалоо топторунун мүчөлөрү катышты. Тренингдин башында БАМИнин базалык баалоосунун жыйынтыктары көрсөтүлдү. Бул маалымат ЖӨБ органдары үчүн күтүүсүз болду жана баары БАМИнин жыйынтыктарын жакшыртуунун үстүнөн иштөөгө макул болушту. Алар ошондой эле индекс жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын өзүнүн ишин өркүндөтүүгө багытталганын, ал эми индексти колдонуу алар тараптан эч кандай кошумча чыгымдарды же атайын күч аракетти, координацияны талап кылбай турганын мойнуна алышты.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар муниципалитет деңгээлинде БАМИни колдонуу менен таанышып чыгышты: эсептөө методикасы, ишти пландоо, маалымат алуу графиги, БАМИни баалоодо жергиликтүү кеңештин жана БМжБ тобунун мүчөлөрүнүн ролу тууралуу маалыматка ээ болушуп, кийинки баалоодо канткенде жогорку балл алса болору тууралуу нускаманы алышты. Тренингдин жардамы менен БМжБ тобу иш планын түзүп, БАМИни алдын ала түзүлгөн форма боюнча баалай баштады. Ал формада эмнелер бааланары, кантип, качан бааланары, ошондой эле тигил же бул кырдаалда кандай балл коюлушу керектиги көрсөтүлгөн. Жыйынтыктар Белгилей кетчү нерсе, БАМИнин соңку жыйынтыктары 2017-жылдын башында – БАМИнин бардык индикаторлору бааланып бүткөндөн кийин эсептелинет. Жергиликтүү жамааттар үчүн баалоонун жыйынтыктары конкреттүү багыттарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу жана өкүлчүлүктүү бутактарына таасир тийгизүү жагын көрсөтүп турат.
Анализдин жыйынтыгы боюнча бюджеттик процесстин айкындуулугунда жана жергиликтүү деңгээлде коомдук катышууда кандай өзгөрүүлөр болуп жатканы, оң тенденциялар болуп-болбогону ж.б. тууралуу тыянак чыгара берсе болот. Бирок азыртадан эле бир катар көрсөткүчтөр боюнча 2015-жылдагы жана 2016-жылдагы БАМИнин маанилерин салыштыра берсе болот. 1-диаграммадан көрүп турганыбыздай, бардык муниципалитеттер 2016-жылы БАМИ баллын 2015-жылга салыштырмалуу эки эсе, же 218% көбөйтө алышкан. 2015-жылы орточо балл 15,2 балл болсо, 2016-жылы 33,0 балл болду. 2-диаграммадан көрүнүп тургандай, 2015-жылы 1-индикатор “Бюджеттик документтердин толуктугу, курамы жана көрсөтмөлүүлүгү” боюнча муниципалитеттердин орточо баллы 51% өскөн жана 2015-жылы 10,6 балл болсо, 2016-жылы 16 баллды түзгөн. Ушул жерден белгилей кетиш керек, 2016-жылы муниципалитеттер бюджеттик маалыматты калк үчүн жеткиликтүү тилде даярдай башташты.
2016-жылдын январь айынан август айына чейинки мезгил аралыгында муниципалитеттер 2015-жыл үчүн бюджеттин аткарылышынын жана 2017-жылга бюджет долбоорун түзүү боюнча эки кыскача сүрөттөлүшүн даярдашкан. Ошондой эле 2016-жылга бекитилген бюджеттин жарандык форматы да таратылды. 2-диаграмма көрсөткөндөй, 2015-жылы “Бюджеттик документтердин толуктугу, курамы жана көрсөтмөлүүлүгү” индикатору боюнча орточо балл 165 пайызга өсүп, 2,9 түзсө, 2016-жылы 7,9 баллды түздү. 2016-жылы маалымат такталарында бюджет тууралуу маалымат инфографикасы менен чыкты. Ал жерде бюджеттин кыскача сүрөттөлүшү, жарандык бюджет, мамсатып алуулар боюнча маалымат, өнүгүү үчүн ресурстар тууралуу маалыматтар, Эсеп палатасынын текшерүүлөрү, бюджеттеги өзгөртүүлөр тууралуу маалымат, маалыматка жеткиликтүүлүк жөнүндө мыйзамдын негизги жоболору пайда болду. “Жарандардын бюджеттик процесске катышуусу” индикатору боюнча орточо балл 80% өсүп, 2015-жылы 12,5 баллды түзсө, 2016-жылы 22,5 балл болгонунан кабар берет.
2016-жылы муниципалитеттер туруктуу негизде коомдук бюджеттик угууларды өткөрүп, айылдык аймактын/шаардын бюджети тууралуу калкка маалымат берип, талкуулай баштаганынан улам да ушундай өсүш болду. 2016-жылы 12 муниципалитеттин аймагында бюджет боюнча 24 угуу өттү. 2016-жылдын январында – бюджеттин аткарылышы боюнча, ушул эле жылдын июнь айында – 2017-жылга бюджетти түзүү боюнча угуулар өттү. Жарандардан түшкөн сунуштар жана эскертүүлөр коомдук угуулардан кийин талкууланып, жарандардын жүйөлүү сунуштары кийинки жылдын бюджетинде эсепке алынып жатты. Мисалы, 2016-жылы 2017-жылга бюджет долбоору боюнча 109 сунуш түшсө, анын ичинен 42 сунуш бюджетте эсепке алынды. Муниципалитеттерде коомдук угуулардан тышкары башка дагы коомдук ишчаралар өткөрүлүп келет: долбоорлорду тандап алуу боюнча чогулуштар, кызмат көрсөтүүлөр жана тарифтер боюнча угуулар ж.б. Жалпысынан БАМИнин көрсөткүчүндөгү олуттуу өсүш ЖӨБ органдары калк алдындагы айкындуулугун жана отчеттуулугун өз адынча күчтөндүрүүгө жөндөмдүү болгонунан жана бул алардан көп деле чыгымды жана күчтү талап кылбай турганынан кабар берет.
Ал эми кайсы багыттарга көңүл буруш керектигин 2016-жылдын этегинде БАМИнин соңку жыйынтыгы көрсөтөт. Ал тууралуу 2017-жылы айтып беребиз. БАМИнин келечеги КРнын Бюджеттик кодексинин азыркы колдонуудагы редакциясында айкындуулукка карата жаңы талаптар коюлган жана мында 2017-жылга чейин айкындуулукту камсыздоонун жана өлчөөнүн түрдүү аспаптарын колдонуу сунушталат. Өлчөөнүн сунушталган аспаптарынын бири болуп БАМИ эсептелет. Жогоруда сүрөттөлгөн тажрыйба – бул БАМИни белгилүү бир муниципалитеттин аймагында туруктуу жашаган жарандардын демилгелүү топтору тарабынан колдонуу практикасы. ЭҮЖӨБОЖ Долбоору “Ачык-айкын бюджет үчүн” Альянсы” КЮЖ менен өнөктөштүктө бул аспапты колдонуучулардын дагы да кеңири чөйрөсү үчүн БАМИни
“алыстан” колдонууну сынай баштады.
Альянстын Бишкектеги адистери БАМИни Чүй облусунун бир катар элеттик муниципалитеттеринде өлчөшүүдө. Жыйынтыктар талкууланып, БАМИни эсептөөнүн методикасын иштеп чыгууда эсепке алуу үчүн кызыкдар жактарга берилет. Бул методиканы болсо Өкмөт кабыл алыш керек. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси. 129-берене. Бюджет айкындуулугун баалоонун көрсөткүчтөрү. 3. БАМИни коммерциялык эмес уюмдар (жарандардын демилгелүү топтору) Өкмөт кабыл алган методикага ылайык баалашат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджеттердин айкындуулугунун өсүшүн камсыздоо үчүн коомдук баалоонун жыйынтыктарын көңүлгө алышат.