Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Журналисттер менен иш алып баруу

2014-07-31 / Коррупцияга каршы опция

Долбоордогу ири блокту пресс-сессияларды уюштуруу ээледи. Үч айдын ичинде эле ММК үчүн маалымат берүүчү-окутуучу 8 иш-чара өткөрүлдү. Эксперттик жамааттар, бизнес, мамструктуралар, бейөкмөт уюмдар жана “төртүнчү бийлик” – журна- листтер ортосунда пикир жана ой-толгоолор менен маалымат алмашуунун, изилдөөлөргө анализ жасоонун формасы катары пресс-сессия өтө натыйжалуу.Мындай аянтча түрдүү чөйрөлөрдө компетенттүү болгон адистерге сөз берип, сындаган тараптан нааразылык болушу ыктымал дегенге карабастан биринчи кезектеги маанилүү маселелерди көтөрөт. Бул тууралуу пресс-сессиялардын аталышы өзү эле айтып турат, алардын баары конкреттүү көйгөйлөрдөн жана тапшырмалардан куралган.

 
Пресс-сессиялар ММК арасында популярдуу болуп калды. Анткени алар атүгүл каршы тараптан да комментарий алуу, көптөн бери “карматпай” жүргөн аткаминер менен маектешүү мүмкүнчүлүгүн берет. Мындай жолугушуулар маалымат арттыруучу мүнөзгө ээ болуп, көптөгөн жаңы жана пайдалуу маалымат бере алгандыктан да журналисттер үчүн кызыктуу болуп турат. Эрежеге ылайык, аткаминерлер жана эксперттер ушундай жолугушуулардан кийин журналисттерге көбүрөөк ишене баштагандыктан байланышка оңой чыгышат, өз телефон номурларын беришет. Анткени чоо-жайын түшүнүп алмайынча аларды эч ким үстөкөбосток сындап,абийирин ачууга умтулбаганына көздөрү жетет. Биз дайыма пресс-сессияларга көп катышкандарга бул иш-чара пиар, же чуулгандуу окуялар үчүн уюштурулбаганын эскертип келебиз. Алар фактыларга,окуяларга жана анын каармандарына карата анализ жүргүзүп, терең ойлонулган мамиле жасоого арналган. Эмнени жакшыртса болот? Мамлекеттик сатып алуулардагы коррупция темасы ММК тарабынан көбүрөөк кылдат даярдыкты талап кылат.Анткени аткаминерлер жооптон “качып” кетпеши үчүн алар так суроолорду узатканды үйрөнүш керек. Сыртка чыгып өткөрүлгөн пресс-сессияларды да журналисттердин убактысын эсепке алуу менен өз учурунда уюштуруш керек. Эксперттерди жергиликтүү материалдарды жана конкреттүү мисалдарды пайдаланууга түртүү зарыл.
“КРда КОРРУПЦИЯ: биз күрөшүп жатабызбы, же ордубузда эле турабызбы?” пресс-сессиясы.
Бул пресс-сессия маалымат берүүчү-агартуучу мүнөзгө ээ болду. Журналисттер жакындан тааныша келгенде коррупция кубулуш катары эл аралык,континенттер аралык, көп тепкичтүү ж.б. болгонун баамдашты. Кыргызстанда коррупция системалык көйгөйгө айланды. Аны чечмейинче өлкөнүн мындан кийинки өнүгүүсү мүмкүн эмес. Бул социалдык көрүнүштүн салыштырмасы да көп болгону бекеринен болбосо керек. Коррупцияны муруттары бар спрут балыгына, рактын метастазаларына, коррозияга, чирип бузулуу процессине окшоштурушат.Бул көрүнүшкө кайдыгер мамиле жасаган жерде экономикалык жана саясий гана эмес, моралдык түркүктөрдүн да деградациясы жана бузулуусу башталат. Коррупция эмнеси менен коркунучтуу, ал кандай түрлөргө бөлүнө турганы, өлкөгө кандай зыян тийгизип жатканы тууралуу өз баяндамасында КР Экономика министрлигинин Коррупцияны алдын алуу боюнча саясат бөлүмүнүн башчысы Тилек САЯКБАЕВ айтып берди. Мамструктураларда коррупцияны аныктоо боюнча жарандык коом аткарып жаткан иштер тууралуу Антикоррупциялык ишкерлер кеңешинин башкы катчысы Нурипа МУКАНОВА, эл аралык уюмдардын ролу тууралуу Дүйнөлүк банктын эксперти Эркаим МАМБЕТАЛИЕВА баяндап беришти. Бирок баарынан көп суроолор жана комментарий берүү өтүнүчтөрү экономика министри Темир САРИЕВге жолдонду. Ал аудиториянын көңүлүн дээрлик бир сатка жакын кармап турду. Жогорку даражадагы аткаминерге баа бериш керек, бир дагы курч жана ыңгайсыз суроо жопсуз калган жок.
“Жарыктын тутулуусу, же Эмне үчүн чуку арада энергетиканы коррупциядан сактап калыш керек?” аттуу пресс-сессия чындап эле курч жана мындан улам өтө кызыктуу болду. Бул стратегиялык тармак көптөн бери эле өнөкөт ооруга кабылып келатканы баарына белгилүү. Кадимки көрүнүшкө айланып калган жарыкты маал-маалы менен өчүрүүлөр, кымбат баалуу электрониканы талкалап жаткан түйүндөрдө чыңалуудагы секириктер, шамдын күңүрт жарыгы – бул диагнозду ырастайт. Энергетика жана өнөр жай министрлиги станциялардагы жабдуулардын эскилиги жеткенине шилтеме жасап, дартка даба катары тарифтерди жогорулатуу керек деген пикирди карманып келет. Ошентип бир нече жылдан бери бааларды жогорулатуу аркылуу тармакты сактап калуу боюнча өз планын өкмөткө жана парламентке түртүп келатат. Мына ушул көйгөйлөр жана күңүрт схемаларды изилдөөлөр тууралуу,ошондой эле бул балекет менен күрөштө бийлик көрүп жаткан чаралар жана аракеттер жөнүндө ММК менен Антикоррупциялык саясаттын мамлекеттик
стратегияларын ишке ашырууну көзөмөлдөө боюнча Коргоо кеңешинин жумушчу тобунун мүчөсү Алмаз НАСЫРОВ, эксперт Николай КРАВЦОВ жана Антикоррупциялык ишкерлер кеңешинин башчысы Нурипа МУКАНОВА айтып беришти.
М