Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргыз Республикасында административдик-аймактык реформанын концепциясы

2013-12-30 / Өкмөттүн стратегиялары

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтому Бишкек шаары, 2012-жылдын 23-марты, N 198

Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын концепциясы жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-октябрындагы N 581 токтомунун редакциясына ылайык) 

Мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу институттарынын потенциалын өстүрүүгө, вертикалдык жана горизонталдык башкарууну жогорулатууга багытталган аткаруучу бийликтин натыйжалуу, бүтүн жана ачык тутумун өлкөдө калыптандыруу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы N11 «2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында аныкталган мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадрдык потенциалын чыңдоо,толук кандуу жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү маселелерин чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-октябрындагы N 581 токтомунун редакциясына ылайык)

1 Бекитилсин:

  • тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык,реформанын концепциясы (мындан ары - Концепция);
  • тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын концепциясын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңеш жөнүндө жобо.

2 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик бир айлык мөөнөттө Концепцияны ишке ашыруу боюнча пландын долбоорун Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын концепциясын ишке ашыруу боюнча координациялык кеңештин бекитүүсүнө белгиленген тартипте киргизсин.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-октябрындагы N 581 токтомунун редакциясына ылайык)

3 Министрликтер жана ведомстволор,жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, мамлекеттик бийликтин башка органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

  • Концепцияны ишке ашырууга ар тараптуу жардам көрсөтүшсүн;
  • (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-октябрындагы N 581 токтомуна ылайык күчүн жоготту)(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-октябрындагы N 581 токтомунун редакциясына ылайык)

4 (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-октябрындагы N 581 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5 Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө, мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнө тапшырылсын.(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-октябрындагы N 581 токтомунун редакциясына ылайык)

6 Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.«Эркин Тоо» газетасынын 2012-жылдын 20-апрелинде N 33-34 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

Ө.Бабанов