Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү өнүгүүнүн жаӊы стратегиялары – бул жарандардын убактысы, пландары жана ресурстары, ал эми жоопкерчилик –ЖӨБ органдарыныкы жана мамлекеттики

2013-12-30 / Өкмөттүн стратегиялары

«Муниципалитет»журналынын урматтуу окурмандары! Башкы редактордун ой толгоолору же маңызсыз сөз башы менен бөлүшүп,сиздин көңүлүңүздү кыянаттык менен пайдалануу редакцияга мүнөздүү көрүнүшэмес. Бирок азыр эрежени бузуу үчүн үч себеп бар: жергиликтүү өнүктүрүүнүн Жаңы стратегиялары, журналдын Жаңы форматы жана Жаңы жыл!

Биринчи жана негизги себеп: Жергиликтүү өнүктүрүүнүн жаӊы стратегиялары

Бул төрт сөздүн ичине биз журналдын ушул санынын өтмө идеясы болуп калган темалардын комплексин бириктирип, аны атайын чыгарылышка айландырдык.

Ал өлкө үчүн маанилүү, көпкө күтүлгөн жана жогорку деңгээлде зарыл болгон документтин текстинен башталат. Ал документ – 2013-жылдын 18-декабрында КР Өкмөтүнүн №678 Токтому менен бекитилген 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү Программасы. «2010-жылга чейин Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү» Улуттук стратегиясынын иш-аракет мөөнөтү 2010-жылы аяктагандан баштап, өлкөдө ЖӨБдү өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктаган стратегиялык документ жок болчу. Анын үстүнө башкаруунун регионалдык, аймактык,муниципалдык өңдүү эң маанилүү бөлүктөрүндө өлкөгө так багыттарды бере алчудай мурдагы документтин аткарылышы дайыма эле ырааттуу боло берген жок. 2010-жылдагы саясий окуялардын кесепеттери башкаруу органдарынын жана республикадагы элдин алдына өтө көп сандагы тапшырмаларды жана суроолорду койду. Ал суроолорго жоопторду ушул өңдүү программалык документ бериши керек болчу. Натыйжада 2013-жылдын декабрында бул ишке ашып, документти Өкмөт бекитти.

Аны түзүү жана талкуулоо процессинде бир канча концептуалдык көчүрмөлөр бузулуп, эксперттердин калемдери мокоду. Ошондой эле процесс олуттуу саясий дебаттар менен коштолуп, ал болсо Кыргыз Республикасы учурда куруп жаткан башкаруу моделине карата толук мунасага жеткире алганжок. Анткен менен документ аткарылууга тийиш,бул болсо дагы бир топ суроолорду жаратат. Бирок азыртадан эле маалым болгондой, иштердин көптөгөн практикалык багыттары анда туура аныкталган. Анткени алар чоочун теориялардан алынбастан, жергиликтүү жамаатар менен муниципалдык лидерлердин башынан өткөн.

Өнүктүрүү саясат институту документтин тегерегиндеги иштерге эң алгачкы күндөрдөн баштап эле катышкан жана жергиликтүү өз алдынча башкарууга арналган 2010-жылдын Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу тууралуу Улуттук докладдын көптөгөн тыянактары Программада эсепке алынганын кубаныч менен белгилейт. Аталган Улуттук докладдын автордук жамаатын ӨСИ түзгөн эле. Журналдын урматтуу окурмандары!Биз сизден Программага, ошондой эле аны ишке ашыруу боюнча пландарга жана практикалык чараларга тиешелүү пикирлериңизди күтөбүз.Журналдын беттеринде Программа тууралуу ар түрдүү талкууларды көргүбүз келет. Документтин электрондук версиясын төмөнкү шилтеме боюнча,жүктөй,аласыз:http://www.dpi.kg/upload/file/LSGKR_DevStrategy_2013-2017_RUS.pdf. Ошол эле жерде,ӨСИнин сайтында, пикирлериңизди электрондук кат менен жибере аласыз же журналдын негизги бетинде көрсөтүлгөн дарек боюнча бизге кат жазсаңыз болот.

Кийинки өтө маанилүү документ 2013-жылдын соңунда жарык көргөн. Бул – Кыргыз Республикасында административдик-аймактык,реформанын Концепциясы. Аны да 2017-жылга чейин ишке ашыруу керек. Документ сыртынан караганда жаңы эмес – биринчи жолу 2012-жылдын 23-мартында кабыл алынган. Анткен менен бир жарым жылдан кийин, 2013-жылдын 28-октябрында, радикалдуу өзгөрүүлөргө туш болгон. Ал арада токтомдун аталышы жана номуру мурдагы бойдон калган.Ошондуктан эксперттик жана муниципалдык жамааттар салыштырмалуу көп деле байкабай калды.Өкүнүчтүү. Концепциянын жаңы редакциясы башкаруу системасы кантип реформаланат жана ал эмнеге алып келет дегенге карата дагы да тагыраак түшүнүк берет. Негизгиси документ өлкөнүн аймактык түзүлүшүн эмес, башкаруу системасынын өзүн реформалоонун объектиси катары карайт. Мына ушундан башташ керек болчу.

Журналдын атайын чыгарылышынын маалыматынын экинчи блогу – бул жергиликтүү өнүктүрүүнүн стратегиялык пландоосунун өнүгүүсү тууралуу окуялар. Болгондо да муниципалитеттердин топтомдору көрүнүктүү жана ар түрдүү болду – биз муниципалитеттердин таптакыр ар кандай үч түрүндө стратегиялык пландоонун процессин тартуулайбыз: Нарын жана Ош облустарындагы алыскы тоолуу айылдык аймактарынын топторунда; Чүй өрөөнүндөгү ири элеттик муниципалитетте – Беловодск айылдык аймагында жана борбор шаар Бишкекте. Түрдүү көйгөйлөр жана ресурстар, бири-бирине таптакыр окшобогон жамааттар. Бирок булардын баарын эмне бириктирет? Азыркыдан жакшы жашоо каалоосу. Өз күчүнө таянуу. Жогору жактан төмөндү карай башкаруу органдарын жоопкерчиликке чакыруу. Башкача айтканда, өнүктүрүүнүн жаңы стратегиялары – бул жарандардын убактысы, пландары жана ресурстары. Алар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аракеттери менен коомдук жыргалчылыктарга топтоштурулуп, турмушка ашырылыш керек. Ал эми өнүктүрүүнүн жергиликтүү стратегияларын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн шарттарды жогоруда сүрөттөлгөн эки стратегиялык документте өз пландарын жарыялаган мамлекет түзө алат жана түзүп бериши керек.Иштөө гана керек.

Экинчи жана жагымдуу себеп: Журналдын жаӊы форматы

Журнал Өнүктүрүү саясат институту менен биргеликте өсүп жана өнүгүп жатат. Ал эми журналдын бул саны кандайдыр бир деңгээлде бир баскычты түшүндүрөт – 2011-жылдын декабрында журналдын алгачкы саны чыккан учурдан бери туура эки жыл өттү. Мезгил хроникасынан алганда такыр эле олуттуу дата эмес. Бирок биз ошол 24 сандын ар бир бетине көптөгөн эмгекти, билимди жана ошол билим менен бөлүшүү каалоосун коштук. Журнал улам жакшырып, ой жүгүртүү үчүн жем таштап, эмоциялар менен бөлүшүп, сизди кубандырып турушун каалайт элек. Андыктан «Муниципалитет» журналынын жашоосунун үчүнчү жылы сырткы келбетин жаңыртуу менен башталат.

Сиз – биздин аудитория – жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана муниципалитет – бул биздин өлкөгө ийгиликтүү өнүгүүгө жол ача турган Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүнүн эки негизги идеясы деген турумду тең бөлүшкөн биздин окурмандарыбыз жана авторлорубуз бойдон каласыз деп үмүттөнөбүз.

Үчүнчү жана маанилүү себеп: Жаӊы жыл!

Урматтуу кесиптештер! Кадырлуу достор!

Узап бараткан 2013-жыл менен коштошуп жатып, бул жыл бизди дагы да даанышман жана күчтүү кылды деп үмүттөнөбүз. Бул жылы ар бир адамдын, ар бир үй-бүлөнүн жана жалпысынан мамлекеттин жашоосу окуяларга жана турмуштук тажрыйбаларга бай болду. Мамлекеттин жана коомдун кандайдыр бир көзгө илинээрлик ийгиликтерин санап берүү кыйын болсо да, ар бир үй-бүлөдө 2013-жылдын жаркын элеси катары кала турган маанай көтөргөн күндөр жана кичинекей кубанычтар сөзсүз болгондур. Жыл сайын биз сиздер менен өз тарыхыбызды жазып келебиз жана сюжеттик бурулуштар адатта өзүбүздүн аракеттерибизден, кыйынчылыктарды жеңип чыгуу жөндөмдүүлүгүбүздөн жана чыгармачылыгыбыздан көз каранды.

Кыргызстан өнүгүүгө жетип, үй-бүлөлөр жакшы турмушта жашап, жарандар теңдикке жана жеке бакытка жетүүсү үчүн ар бирибиз дагы көп нерселерди жасашыбыз керек. Булардын баары күнүмдүк чоң эмгек менен жетишилет. Бирок бул мүмкүн. Биз бардык өнөктөштөрүбүзгө, пикирдештерибизге, досторубузга чыдамкайлык, сабырдуулук, турмуштук даанышмандык жана тырышчаактык каалайбыз. Ошону менен бирге үмүт, эргүү, кайрат жана адилеттүүлүк мурдагыдай эле Кыргызстан элинин мыкты мүнөздөрү бойдон калып, жеке жана коомдук максаттарга жетүүдө бизге жардамчы болот деп терең ишенебиз. Жаңы 2014-жыл биздин үмүттөрүбүздү актасын! Жаңы Жылыңыздар менен! Жаңы – биздин жашообузду жакшырткан жергиликтүү өнүгүүнүн ийгиликтүү стратегиялары менен!

Өнүктүрүү саясат институтунун командасынын атынан башкаруу төрайымы,«Муниципалитет» журналынын башкы редактору Надежда ДОБРЕЦОВА