Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүктүрүнүн 2013-2017-жылдарга карата программасы

2013-12-30 / Өкмөттүн стратегиялары

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-декабрындагы N 678 токтомуна 1-тиркеме

Киришүү

Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга карата программасы (мындан ары Программа) туруктуу жана натыйжалуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун (ЖӨБ) негизги багыттарын аныктоо,жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга болгон конституциялык укуктарын ишке ашырууга шарттарды түзүү жана ЖӨБ органдарынын жарандардын алдындагы жоопкерчилигин көтөрүү максатында иштелип чыкты.

Программа Кыргыз Республикасынын Конституциясына, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына,башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы N11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилинде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашырууга багытталган, ошондой эле аны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн негизги иштери да эске алынган.

Программа ЖӨБ жаатындагы ишке ашырылуучу максаттарды жана милдеттерди коет, ЖӨБ тутумунун борборунда жергиликтүү коомчулуктардын кызыкчылыктары турат деген багыт менен ишчаралардын комплексин сунуш кылат. Ошондуктан Программаны ишке ашыруунун негизги жыйынтыгы жарандарга жеткиликтүү жана сапаттуу муниципалдык кызмат көрсөтүүнү камсыз кылган, жергиликтүү бийликтин ишенимине жана урматтоосуна ээ болгон натыйжалуу муниципалдык башкаруу болмокчу. Программада жергиликтүү өз алдынча башкаруунун уюштурулушун өркүндөтүү боюнча мамлекеттик саясатка (функцияларын, башкаруу формаларын жана түзүмүн оптималдаштырууга) өзгөчө көңүл бурулган. Бул маселелерди чечүүчү ыкманын негизинде ЖӨБ органдарынын ишке ашырыла турган, өз мүмкүнчүлүктөрү жана бөлүнгөн ресурстар менен бекемделген ыйгарым укуктары үчүн гана жоопкерчилиги жатат.

Программада ЖӨБ органдарынын ресурстарды башкаруудагы ишинин ачыктыгына жана отчеттуулугуна, жергиликтүү коомчулуктардын мүчөлөрүнүн демилгелеринин ачык-айкындыгына олуттуу көңүл бурулган.

Программа аналитикалык изилдөөлөрдүн натыйжаларына, Кыргыз Республикасындагы Адамдык өнүктүрүү жөнүндө 2012-жылдагы улуттук баяндамага негизделген.

Программаны ишке ашыруунун башкы жыйынтыгы натыйжалуу жана отчеттуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, шаарлардын жана айылдардын туруктуу өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү,жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатуу болот.

I. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун учурдагыабалы, негизги Көйгөйлөрү  жана мындан ары өнүктүрүү  багыттары

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 17-декабрындагы N381 Жарлыгы менен бекитилген «Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү» Улуттук стратегиясын ишке ашыруу Кыргыз Республикасында мамлекеттик органдар менен ЖӨБ органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын чектеп бөлүүгө негизделген жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын курууга мүмкүнчүлүк түздү. Өзүнүн бюджеттик саясатын түзүүгө, муниципалдык менчикти түзүүгө жана муниципалдык кызматты уюштурууга багытталган ЖӨБ органдарынын ченемдик жана мыйзамдык базасынын негиздери түптөлдү. Бүгүнкү күндө республиканын бардык баштапкы администрациялык аймактык бирдиктери - 31 шаар жана 453 айылдык аймак ЖӨБ принциптеринде иштеп жатат.

«Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү»Улуттук стратегиясында белгиленген чаралардын айрымдары иш жүзүндө учурдагы абалдын талдоосун эске алуу менен өз учурунда түзөтүлгөн эмес жана турмушка ашырылган жок.

Мамлекеттик бийликтин жана ЖӨБ органдарынын функцияларын так бөлүштүрүү, туруктуу экономикалык базасын түзүү жана муниципалдык менчикти натыйжалуу башкаруу, жергиликтүү проблемаларды чечүүдө жергиликтүү коомчулуктарды бириктирүү ишинде ЖӨБ органдарына натыйжалуу мамлекеттик колдоо көрсөтүү маселелери толук чечилген жок. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын жергиликтүү коомчулукка отчеттуулук механизмдерин өнүктүрүү, жергиликтүү кеңештердин ролун күчөтүү, аймактагы ресурстарды натыйжалуу пайдалануу, муниципалитеттер арасындагы кызматташуу, жарандык коомдун институттары менен байланыштарды чыңдоо проблемаларын чечүү алдыда турат.ЖӨБ органдары системасындагы, алардын мамлекеттик органдар менен өз ара мамилесиндеги топтолгон карама-каршылыктар менен кемчиликтерди гана чечүү эмес, баарыдан мурда конкреттүү жарандардын жана жергиликтүү коомчулуктардын кызыкчылыгы өзөгүндө турган өз алдынча башкаруу принциптерин турмушка реалдуу ашыруу зарыл. Тиешелүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну талап кылган айрыкча маселелерге төмөнкүлөр кирет:

Башкарууну жарандардын муктаждыктарына багыттап оптималдаштыруу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү туруктуу жана стабилдүү мамлекеттик башкарууну түзүү, иштин натыйжасы үчүн жоопкерчиликти жаратуу боюнча көрүп жаткан чаралар жалпы мамлекеттик кызыкчылыктарды эске алуу менен муниципалдык башкарууну оптималдаштырууну талап кылат.Жүргүзүлүп жаткан администрациялык-аймактык реформа аймактык кайра түзүү эмес, бардык деңгээлдеги бийлик органдарынын функцияларын,ыйгарым укуктарын жана ресурстарын кылдат талдоо аркылуу башкарууну оптималдаштыруу процесси катары каралат. Бул контексттен караганда социалдык жана экономикалык өнүктүрүү маселелерин чечүүдө, региондук программаларды ишке ашырууда жана ЖӨБ органдары менен өз ара байланышта иштешүүдө райондук деңгээлдеги мамлекеттик башкаруу органдарынын ишинин уюштурулушу жаңыча мазмунду талап кылат.

Муниципалдык кызматтардын сапаты жана жеткиликтүүлүгү

Бүгүнкү күндө ЖӨБ органдары элге көрсөтүүчү кызматтардын көпчүлүгү канааттандырбайт. Буга муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн эрежелеринде жана жол-жоболорунда бирдиктүү тутумунун жоктугу, айрым кызматтарга негизсиз эле акы алуу,аныкталган бирдиктүү талаптардын жоктугу себеп болууда. Бир кайрылуу менен эле ар кыл кызматтарды бир жерден алууну камсыз кылуучу заманбап технологиялар жетишерлик пайдаланылбайт.

ЖөБ органдарынын ролун жана жоопкерчилигин жогорулатуу

Жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн жоопкерчилик принциптерин ишке ашырууга көңүл бөлүү,жергиликтүү коомчулуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарына ишенбестик көрсөтүү механизмин иштеп чыгуу, саясий процесстердин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш процессине жана анын түзүлүшүнө таасир этүүсүн болушунча азайтуу зарыл.

Жарандардын чечимдерди кабыл алуу процесстерине катышуусу

ЖӨБ органдары коомдук көйгөйлөрдү, айрыкча муниципалдык ресурстарды: жайыттарды, жерлерди, сугат сууну, менчикти, жергиликтүү бюджетти бөлүштүрүү жана пайдалануу маселелерин дайыма эле өнөктөштүктүн негизинде, отчеттуу жана тең укукта, жергиликтүү коомчулуктардын ар түрдүү топторунун кызыкчылыктарын жана демилгелерин эске алуу менен ачык чече бербейт. ЖӨБдүн натыйжалуу иштөөсүндө жергиликтүү коомчулуктардын ролу жана жоопкерчилиги жетиштүү эмес,ЖӨБ жөнүндө билим жетишсиз.

Жергиликтүү деӊгээлдеги бюджеттик саясат

Жер-жерлердеги бюджеттик саясат өнүктүрүүгө жана дотациялык аймактарды азайтууга багытталышы керек.Күч-аракет жалпы мамлекеттик ресурстарды кайра бөлүштүрүүгө эле эмес, аймакты өнүктүрүүгө жумшалуучу ички резервдерди таап, көбөйтүүгө жана натыйжалуу пайдаланууга, бюджеттик каражаттарга жоопкерчиликтүү мамиле жасоого, негизсиз чыгымдарды азайтууга да топтолушу зарыл. Жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү эске алган сарамжалдуу трансферттик саясатты түзүү, аймактарды өнүктүрүүнүн өркүндөтүлгөн бюджеттик, салыктык механизмдерин жана дем берүүнүн башка механизмдерин ойлонуштуруу абзел.

Жергиликтүү коомчулуктардын ресурстарын башкаруу

ЖӨБ органдарынын негизги түзүүчү ресурстук базасы болуп кыймылсыз мүлк объектилери, жер,жергиликтүү жаратылыш ресурстары түрүндөгү муниципалдык менчик эсептелет. Бирок колдо болгон ресурстук потенциалды сарамжалдуу пайдалануу жана өзүнүн аймагын өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу зарылдыгын бардык эле ЖӨБ органдары жана алардын кызмат адамдары түшүнө беришпейт.

Жергиликтүү экономикалык өнүгүү

ЖӨБ органдарынын экономикалык иши негизинен аймактагы турак жай-коммуналдык чарбанын жана жашоо-тиричиликтин башка тутумдарынын иштешин камсыздоого байланышкан. Жергиликтүү өнүгүүнүн негизги субъекти катары ЖӨБ органдары жергиликтүү экономикага инвестиция тартууга,жергиликтүү экономикалык өнүгүүнүн жаңы куралдарын пайдаланууга жетишерлик көңүл бурбай жатышат. Жергиликтүү өнүктүрүүнүн кабыл алынып жаткан программаларында таасир этүүнүн максаттык индикаторлору болуп, түпкү натыйжага багытталууга, жумушсуздуктун жана жакырчылыктын деңгээлин азайтууга, ортоңку класстын өсүүсү үчүн ыңгайлуу шартты түзүүгө багытталууга тийиш. Алар ошондой эле аймактык жана тармактык өнүктүрүү программалары менен тыгыз байланышта болушу керек.

Муниципалитеттер аралык кызматташтык жана жакшы тажрыйбаны жайылтуу

ЖӨБ органдарында жалпы маселелерди чечүү үчүн өздөрүнүн ресурстарын бириктирип, тажрыйба жана мыкты практиканы алмашуу менен өз ара кызматташуусунун майнаптуулугу аз. Калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалитеттер аралык ишканаларды жана мекемелерди түзүү, чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда жарандардын катышуусунун жакшы тажрыйбасын кайталоо практикасы жайылтылган эмес. Ошондой эле ЖӨБ кошуунунун ролун жана маанисин жогорулатуу, региондук ЖӨБ ассоциацияларын түзүүнү колдоо да зарыл.

Жалпы мамлекеттик жана жергиликтүү кызыкчылыктарды эске алган туруктуу ченемдик укуктук базаны түзүү

ЖӨБ жаатындагы мыйзамдарды талдоо өксүктөр жана карама-каршылыктардын бар экенин көрсөттү. Мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жер-жерлердеги мамилелердин бүтүндүгүн жана туруктуулугун бузбай турган, терең ойлонулган иш болушу керек.

Муниципалдык кызмат жана кадр саясаты

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууда өзгөчө роль ЖӨБ органдарына, айрыкча ортоңку деңгээлдеги кадрларды тандоого, аларды өстүрүүгө жана кесиптик жактан дайыма өркүндөтүүгө, кадрлар резервин түзүү жана жылдыруу, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы кадрларды өз ара ротациялоо механизмдерин түзүүгө бөлүнүшү керек.Учурда ЖӨБ органдарындагы кадрлардын билиминин жана тажрыйбасынын деңгээлдери жакшыртууга муктаж. ЖӨБ органдары ак ниет башкарууну жана кызматтык этиканы туу туткан кесипкөй кадрларга муктаж.

Муниципалдык башкарууну информатикалаштыруу

 Бүгүнкү күндө ЖӨБдө маалыматтык жана коммуникациялык технологияларды пайдалануунун масштабы жетиштүү эмес, алар учурдун талабынан жана чет өлкөлөрдүн практикасынан олуттуу артта калууда. ЖӨБ органдарынын иш процесстерин автоматташтырууда жана муниципалдык кызматтарды электрондук форматта көрсөтүүдө маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануу электрондук өкмөттү (электрондук муниципалитет, электрондук айыл өкмөт) түзүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында чечилиши керек.

ЖөБ органдарынын ишине мониторинг жүргүзүү жана баалоо

Азырынча балансталган критерийлердин жыйындысынын негизинде ЖӨБ органдарынын ишинин натыйжалуулугуна үзгүлтүксүз мониторинг жасоо жолго коюла элек. Бул мамлекеттик органдарга ЖӨБнын ишин аларга өткөрүп берилген ыйгарым укуктары боюнча баалоого, ал эми жарандарга жана коомдук уюмдарга болсо жергиликтүү маанидеги маселелердин чечилишин, анын ичинде муниципалдык кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн реалдуу баалоого мүмкүндүк бербейт.

Баяндалган көйгөйлөр жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга карата төмөнкү артыкчылыктуу багыттарын аныктайт:

1 ЖӨБ органдарынын жоопкерчилигин жарандардын керектөөлөрүнө багыттап жогорулатуу жана оптималдаштыруу.

2 Финансылык туруктуулукту бекемдөө, ресурстук базаны кеңейтүү жана жергиликтүү экономикалык өнүктүрүү.

3 ЖӨБ органдарынын ишинин уюштуруу жактан жана мыйзамдык жактан натыйжалуулугун өркүндөтүү.

Бөлүп көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү чечүү үчүн ЖӨБдү өнүктүрүү жаатында улуттук тажрыйба,жалпы мамлекеттик жана жергиликтүү кызыкчылыктарды айкалыштырган, ошондой эле ачык-айкын жана коомго отчеттуу, сапаттуу жана жооптуу ЖӨБ тутумун көрүү үчүн саясий эрк бар.

II. Стратегиялык максаттар жана милдеттер

Өлкө туруктуулукту жана стабилдүүлүктү тандаган шартта, Программанын максаттык артыкчылыктарын ишке ашырууда аларды аткаруунун жана таасирин баалоонун маанилүү индикаторлору төмөнкүлөр болот: стабилдүүлүк принциби, субсидиялуулук принциби, уюштуруу-аймактык оптималдуулук принциби, ресурстук камсыздалуу жана мамлекеттик органдар менен өз ара байланышта иштешүү принциби.

Программанын башкы максаты – натыйжалуу жана жоопкерчиликтүү, жергиликтүү коомчулуктарга отчеттуу жергиликтүү өз алдынча башкарууну түзүү.

Бул максатка жетүү үчүн артыкчылыктуу багыттардагы маселелердин комплексин чечүү керек.

1-багыт. Жарандардын керектөөлөрүнө багытталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигин жогорулатуу жана оптималдаштыруу

1.1-милдет. ЖөБ органдарынын жергиликтүү коомчулуктун алдындагы ишинин жыйынтыгы боюнча отчеттуулугун өнүктүрүү

Негизги коомдук маанилүү чечимдерди кабыл алууда жергиликтүү коомчулукту консолидациялоо, жарандардын кызыкчылыктарын эске алуу жана макулдашуу үчүн жергиликтүү коомчулук институтун пайдалануу.

Жашоонун бирдиктүү ченемдерин жана эрежелерин түзүүдө жергиликтүү коомчулуктардын уставынын ролун күчөтүү, ЖӨБ органдарын түзүүдө жарандар талап кылган айрым маселелерге, анын ичинде жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрүнүн ишенимин жоготкон ЖӨБ органдарынын жетекчилери менен жергиликтүү кеңештин депутаттарын кайра чакыртып алуу механизминде кошумча кызматтарды көрсөтүү.

Жергиликтүү өз алдынча башкарууга жекече катышуу процессине жарандарды тартуу механизмдерин иштеп чыгуу. Коомдук маанилүү чечимдерди кабыл алууда, жергиликтүү Мыйзам чыгаруу демилгелерине болгон укуктарын ишке ашыруу.Коомчулуктун мүчөлөрү тарабынан ЖӨБ органдарынын жетекчилеринде кесипкөйлүктүн, этикалык ченемдердин, ачыктуулуктун, жеткиликтүүлүктүн,кадыр-барктуулуктун жана ишкердик абройдун жогорку деңгээлин иш жүзүндө калыптандыруу милдети турат.

1.2-милдет. ЖөБ органдарынын жана муниципалдык кызматчылардын ролун жана жоопкерчилигин жогорулатуу

Өз шайлоочуларынын ишенимин жоготкон, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайра чакыртып алууну жөнөкөйлөтүү жана жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды күчөтүү жолу менен жарандардын ЖӨБ органдарына болгон ишенимин калыбына келтирүү механизмдерин жайылтуу милдети алдыда турат. ЖӨБ органдарынын ресурстарын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алган чечимдерди расмий жарыялоо менен жергиликтүү коомчулуктун аймагында маалымат алууну камсыздоо жана аларды өз убагында укуктук-ченемдик актылардын реестрине каттоо ыкмаларын ойлонуштуруу.

ЖӨБ органдарын калыптандыруу процесси субъекттердин талапкерлерди көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнүн, ЖӨБ аткаруу органынын башчысын шайлоо формасын тандоодо коомчулуктун шайлоо процессиндеги укугуна бирдей шарттарды камсыз кылууга тийиш.

Муниципалдык кызматтардын ишин өбөлгөлөө механизмдери боюнча ЖӨБдүн өкүлчүлүктүү органдарына ыйгарым укуктарды берүү мүмкүнчүлүгүн иликтөө зарыл. Административдик-аймактык реформалардын алкагында айылдык аймактарды ирилештирүү боюнча ЖӨБ өкүлчүлүктүү органынын өз алдынча штаты болгон, жергиликтүү кеңештердин депутаттык корпусунун оптималдуу санын карап чыгуу. Администрациялык укук бузууларды кароо боюнча ыйгарым укуктарды ЖӨБ органдарына өткөрүп берүүнү камсыздоо зарыл. Аттестация, кызматка кирүү, резервде болуу жана муниципалдык кызматчыларды окутуу маселелеринде мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын жана функцияларын оптималдаштыруу зарыл.

1.3-милдет. Муниципалдык кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу

ЖӨБдү кызматтык оптималдаштыруу көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар үчүн жоопкерчиликти бөлүштүрүүдө, аларды жеткиликтүүлүк жана сапаттуулук максатында стандартташтырууга мүмкүндүк берет.

Иш жүзүндө кызмат көрсөтүүлөрдү «бирдиктүү терезе» жана электрондук формат принцибине которууну ишке ашыруу.

Жеке секторлордун муниципалдык кызматтарды көрсөтүүсү үчүн бирдей шарттарды түзүү, социалдык тапшырыкты киргизүү. Жарандардын көрсөтүлгөн кызматтарга канааттануусунун мониторингин жана баалоо тутумун иштеп чыгуу.

1.4-милдет. Башкарууну аймактык жана административдик оптималдаштыруу 

Айылдык аймактарды ирилештирүү ресурстук потенциалды, башкаруунун натыйжалуулугун жана экономикалык өнүгүүнү өбөлгөлөштүрүүнү кам сыздоого тийиш. Ыңгайлуу учурда калк арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана географиялык, экономикалык, инфраструктуралык, социалдык-маданий мүнөздөгү объективдүү кыйынчылыктарды эске алуу менен пилоттук этаптын негизделген моделин түзүү зарыл.Айылдык аймактарды ирилештирүү алкагында айыл башчысынын статусун жана ыйгарым укуктарын жогорулатууну жана кеңейтүүнү караштыруу.

1.5-милдет. Электрондук башкаруу технологиясын киргизүү

ЖӨБ органдарынын ишине маалыматтык-коммуникациялык технологияларды текши киргизүү.МКТ мүмкүнчүлүктөрү башкаруу технологияларын жакшыртууга, ачык-айкындуулук, маалымат алмашуу, кызмат көрсөтүүлөрдүн деңгээлин жогорулатууга багытталат.

Жүргүзүлгөн электрондук өкмөттү түзүүнүн бирдиктүү мамлекеттик саясатынын алкагында ЖӨБдө уюштуруу жана МКТны пайдаланууда уюштуруучулук жана долбоордук иштерди координациялоо жүргүзүлөт.

1.6-милдет. ЖөБ союзунун жана муниципалдык ассоциациялардын ролун жогорулатуу

ЖӨБдүн кызыкчылыктарын коргогон жана таламын талашкан улуттук уюм, мамлекеттик органдардын тең укуктуу өнөктөшү катары Кыргыз Республикасынын ЖӨБ союзунун ролун жогорулатуу.Кыргыз Республикасынын ЖӨБ союзунун потенциалын жогорулатуу ЖӨБ органдарында консультациялык-укуктук кеңеш берүүгө, колдоо көрсөтүүгө,ЖӨБ чөйрөсүндө окутууга жана тажрыйбаны жайылтууга багытталат.

2-багыт. Финансылык туруктуулукту чыӊдоо, ресурстук базаны кеӊейтүү жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү

2.1-милдет. Жергиликтүү деӊгээлде бюджеттик жана салык саясатын өркүндөтүү

Акырындап дотациялык аймактарды кыскартуу менен жер-жерлердеги бюджеттик саясат өнүгүүгө багытталышы керек. Бюджеттик, салык жана башка өбөлгөлөө механизмдери аркылуу ЖӨБдүн ички финансылык ресурстарын издөө мүмкүнчүлүгүн караштыруу.

Сарамжалдуу трансферттик саясатты түзүү,теңдештирүү гранттарынын тутумун өркүндөтүү, кызыктыруучу гранттарды бөлүштүрүү механизминин ачык-айкындуулугун камсыздоо.

ЖӨБдүн органдарынын негизделбеген чыгашаларын кыскартуу механизмдерин иштеп чыгуу,алардын натыйжалуу жана максаттуу пайдаланышына көмөктөшүү.

ЖӨБдүн органдарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн болжолдоодо, салыктардын айрым түрлөрүн башкарууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен өз-ара мамилелер тутумун түзүү.Жергиликтүү коомчулуктун аймактарында тандап алуу жана киргизүү укуктары менен жергиликтүү салыктардын жана жыйымдардын түрлөрүн кеңейтүү.

2.2-милдет. Жергиликтүү коомчулуктардын ресурстарын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана шарттарды түзүү

Муниципалдык менчик объекттерин инвентаризациялоону аяктоо, башкаруунун натыйжалуу ыкмаларын жайылтуу, ЖӨБ органдарына жергиликтүү пайдалуу кен байлыктарын узак мөөнөттүү ээлөөгө жана пайдаланууга өткөрүп берүүнү камсыздоо.Муниципалдык менчик объекттерин, жергиликтүү пайдалуу кендерди инвестицияларды тартуу үчүн бирдиктүү ишканаларды жана акционердик коомдорду түзүүдө үлүштүк катышууда күрөө катары пайдалануу.

ЖӨБ органдарына жергиликтүү коомчулуктун кызыкчылыгын эске алган жана кен казып алуучу компаниялар менен өз ара пайдалуу мамилелерди түзүүгө мүмкүндүк берген механизмдерди иштеп чыгуу.

2.3-милдет. Жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүнү камсыздоо

Жергиликтүү экономикалык өнүгүү программалары акыркы натыйжага, жумушсуздук жана жакырчылык деңгээлин азайтууга, жергиликтүү бизнес чөйрөсүнүн түзүлүшү жана өнүгүшү үчүн жагымдуу климатты түзүүгө багытталышы керек. Жергиликтүү экономикалык өнүгүү программалары региондук жана тармактык өнүгүү программалары менен тыгыз байланышта болууга тийиш.

Муниципалдык-жеке өнөктөштүктү, муниципалдык жана социалдык тапшырык практикасын жайылтуу механизмдерин киргизүү жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүнүн прогрессчил тажрыйбаларын таратуу (бизнес-инкубаторлор, бир айыл бир азык, жергиликтүү өнүктүрүү фонддору).

2.4-милдет. Муниципалитеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана мыкты тажрыйбаларды жайылтуу

Социалдык жана чарбалык көйгөйлөрдү бирге чечүү үчүн муниципалдык кызматташтыктын уюштуруучулук-укуктук шарттарын түзүү зарыл. Тажрыйба алмашуу жана жайылтуу, «теңме-тең» принциби боюнча билим берүү үчүн региондук тармактарды жана муниципалдык өз ара аракеттенүү аянттарын түзүүгө колдоо көрсөтүү милдети алдыда турат.

3-багыт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын уюштуруучулук жана укуктук ишинин натыйжалуулугун өркүндөтүү

3.1-милдет. ЖөБдүн ченемдик жана укуктук базасын камсыздоо

ЖӨБ органдары жана алардын ассоциациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен алдын ала макулдашуусуз жана талкуулоосуз ченемдик-укуктук актыларга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү, Мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу практикасын жок кылуу менен ЖӨБ чөйрөсүндөгү мыйзамдардын туруктуулугун камсыздоо. Ал үчүн ЖӨБ союзу менен милдеттүү түрдө талкууга алынуучу Мыйзам долбоорлорунун таасирдүү механизмдерин иштеп чыгуу жана сунуш кылуу. ЖӨБдүн ченемдик-укуктук базасын өркүндөтүү карама-каршылыктарды жана кайталоолорду жок кылууга тийиш. Мыйзамдарга каршы келген ченемдердин деңгээлин азайтуу үчүн ЖӨБ органдары тарабынан кабыл алынган ченемдик-укуктук актыларга алдын ала укуктук экспертиза жүргүзүүнү иштеп чыгуу.

3.2-милдет. Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын чектеп бөлүү

ЖӨБ органдарынын компетенциясына тиешеси жок жана аткарылбаган функцияларды, ыйгарым укуктарды чыгарып салуу менен өз функцияларынын жана ыйгарым укуктарынын, алардын натыйжалуу аткарылышы жана ресурстук камсыздоосу боюнча текшерүү жүргүзүү. Жергиликтүү маанидеги маселелерди милдеттүү жана кошумча деп бөлүү аркылуу, функцияларды оптималдаштыруу,анда милдеттүү функциялар биринчи кезекте аткарылат жана каржыланат.

Мамлекеттик ыйгарым укуктарды ЖӨБ органдарына берүү, анын кеңейип, көбөйүп кетишине жол бербөө менен функциялардын чегин так камсыздап, ЖӨБ органдары ишке ашыруучу функциялар берилиши керек. Мыйзамдардын жана өткөрүлүп берилген мамлекеттик функциялардын аткарылышы ЖӨБ органдарынын өз ыйгарым укуктарына кийлигишүүнү эске албаганда, мамлекеттик администрациялык жол-жоболорду толук жазуу.

3.3-милдет. ЖөБ органдарынын ишине мониторинг жүргүзүү жана баалоо

Критерийлердин жана көрсөткүчтөрдүн балансталган топтомунун негизинде, ошондой эле жарандык коом институттарынын катышуусун болжолдогон ЖӨБ органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоонун жана мониторингинин бүтүндөй тутумун иштеп чыгууга өзгөчө көңүл буруу керек.

ЖӨБ органдарынын иштерин баалоо жана коомдук мониторинг жол-жоболору жергиликтүү ченемдик-укуктук актыларда бекитилип, мындай иштерди жүргүзүүдө жергиликтүү жарандык коом институттарынын потенциалы жогорулайт.

III. Программаны ишке ашыруу

3.1. Программаны ишке ашыруу этаптары, катышуучулары жана формалары Стратегиялык максаттарга жетишүү жана милдеттерди чечүү этаптар боюнча өтүп, төмөнкү мамилелерге негизделет:

  • максаттардын, багыттардын, милдеттердин жана белгиленген чаралардын биримдиги;
  • мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын өз ара аракеттенүүлөрү жана кызматташтыгы;
  • тармактык жана региондук өнүктүрүү программалары менен макулдаштык;
  • жарандык коомдун жана эл аралык донор уюмдардын колдоосу;
  • ишке ашыруунун жүрүшүнө мамлекеттик органдар жана жарандык коом уюмдары тарабынан мониторинг жасоо. Программаны ишке ашыруу эки этапта жүргүзүлөт.Биринчи этапта (2013-2015-жылдар) ЖӨБ чөйрөсүндөгү мыйзамдардын туруктуулугуна жетишүүгө жана мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы функцияларды жана ыйгарым укуктарды так чектеп бөлүүгө басым жасалат. Экинчи этап (2016-2017-жылдар) ЖӨБдүн экономикалык дараметин жогорулатууга мүмкүндүк берип, көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жакшыртууну камсыздайт.

Программанын милдеттерин чечүү жана максаттарына жетүү процессине кеңири чөйрөдөгү катышуучулар - мамлекеттик бийлик органдары, министрликтер жана администрациялык ведомстволор,алардын аймактык бөлүнүштөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, ЖӨБ органдары, Кыргыз Республикасынын ЖӨБ союзу, жарандык коом уюмдары, эл аралык донор уюмдары тартылат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган Программаны ишке ашырууну координациялап, өнөктөштүк жана катышуу боюнча демилге көтөрөт, мониторингди жана баалоону уюштурат, ички жана тышкы ресурстарды мобилизациялайт.

Программаны ишке ашыруунун формалары - ченемдик укуктук актыларды, долбоорлорду жана программаларды иштеп чыгуу жана бекитүү, уюштуруучулук иш-чаралар.

Программаны ишке ашыруу процесси борбордук жана жергиликтүү деңгээлдерде маалыматтык өнөктүктү өткөрүү менен коштолот.

3.2. Программаны ишке ашыруу ресурстары

Программанын иш-чараларын каржылоо:

  • республикалык бюджеттин каражаттарынын-мамлекеттик органдардын бюджеттеринин, ошондой эле улуттук жана мамлекеттик программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга бөлүнгөн каражаттардын;
  • жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын;
  • донор жана эл аралык уюмдардын гранттарынын эсебинен ишке ашырылат.

3.3. Күтүлүүчү натыйжалар

Программанын белгиленген чараларын ийгиликтүү ишке ашыруу Кыргызстандын ЖӨБүн жаңы сапаттык деңгээлге чыгарып, ал:

  • ЖӨБдүн жоопкерчилигин жана отчеттуулугун;
  • жергиликтүү экономиканын жана экономикалык өз алдынчалыктын өсүшүн;
  • жергиликтүү коомчулуктардын иштерине жарандардын реалдуу катышуусун камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

3.4. Программаны ишке ашыруудагы тобокелдиктер жана коркунучтар

Программаны ишке ашыруу процесси түрдүү тобокелчиликтер жана коркунучтар (саясий, экономикалык, социалдык, башкаруу, уюштуруу ж.б.) менен коштолушу мүмкүн, алар тиешелүү превентивдик аракеттерди иштеп чыгууну талап кылат. Программада белгиленген чараларды ишке ашыруудагы тобокелчиликтерди жана коркунучтарды өз учурунда аныктоого, тиешелүү чараларды көрүүгө мониторинг жасоо жана баалоо системасы жардам берет.

IV. Ишке ашыруу процессинин мониторинги жана баалоо

Программанын мониторингинин объекттерин ЖӨБдү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарындагы максаттар, милдеттер жана натыйжалар түзөт.

Мониторинг жана баалоо тутуму төмөнкү принциптерде түзүлөт:

  • өнөктөштүк жана катышуу;
  • отчеттуулуктун туруктуулугу;
  • коомчулук үчүн ачыктык;
  • тең салмактуу жана индикаторлор топтому.

ЖӨБ чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекетти орган мониторинг жана баалоо боюнча ишти координациялайт, Кыргыз Республикасында ЖӨБдүн абалы жөнүндө жыл сайын ЖӨБ менен бирге тиешелүү отчетту даярдайт жана жарыялайт.