Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жер участокторун которууга (трансформациялоого) байланыштуу мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдө кезиккен көйгөйлөр

2013-12-18 / Мыйзамдагы жаӊылыктар

Улам укуктук коллизияны болтурбоо үчүн “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” КР Мыйзамына зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу аны КР Конституциясынын нормаларына шайкеш келтирүү зарыл...

 
 
Өнүктүрүү саясат институтунун эксперттери “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” КР Мыйзамы жана “КР айрым мыйзамдык актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамы Кыргызстандын Конституциясына карама-каршы келет деп эсептешет.
 
Айталы, мыйзамдын мазмунунан жана мамлекеттик органдардын компетенциясынан, аны менен катарКР Өкмөтүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жерлерди которуу боюнча ыйгарым укуктарынан улам жаңы мыйзам өзүнчө бөлүгүндө райондордун административдик-аймактык бирдигине кирген айылдык аймактардын территориясында жайгашканжер участокторуна гана жайылган.
 
“Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” КР Мыйзамынын 6 жана 7-беренелерине ылайык, жерлерди которуу боюнча ыйгарым укуктар КР Өкмөтүнө жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияга (райондук комиссия) берилген.
 
Ошол эле учурда облустук жана республикалык маанидеги айрым шаарлардын административдик-аймактык чек араларында бир катар айылдар, поселоктор жана шаар тибиндеги поселоктор (ШТП) бар болгонун эсепке алыш керек. Ал жерлерде жергиликтүү жамаат да айыл чарба жерлери менен алектенет, карамагында үлүштүк жана башка жердин түрлөрү бар (АЧЖМФ жерлери, жайыттар, кен чыкчу жерлер ж.б.) Ал жактарда да ушул мыйзамдын 7-беренесине ылайык которулууга тийиш болгон жер участоктору бар.
 
Мындай учурда облустук жана республикалык маанидеги шаарларда, ушул шаарларга караган айылдарда, поселоктордо жана шаар тибиндеги поселоктордо жашаган жергиликтүү тургундар жогоруда айтылган мыйзамдын 7-беренесинде белгиленген жер участокторун которуу укугунан пайдалана алышпайт. Анткени облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын мэрлери жерлерди которуу (трансформациялоо) боюнча тийиштүү ыйгарым укуктарга ээ эмес.
 
“Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” КР Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, жерлерди которуу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациянын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
 
1) баалуулугу кыйла төмөн айыл чарба жерлерин чарба жерлеринин кыйла баалуу түрлөрүнө, баалуулугу теңдеш айыл чарба жерлерин - бир түрдөн башка түргө которот;
 
2) калктуу конуштардын жерлерин жерлердин башка категорияларына которот;
 
3) запастагы жерлерди башка категорияларга которот;
 
4) өнөр жайы, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлерди, транспорт жана коргоо объекттерин куруу жана тейлөө үчүн берилген жерлерди кошпогондо, жерлердин башка категорияларына которот;
 
5) кыйла баалуу айыл чарба жерлерин жана токой, суу фондунун жана өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймактарынын жер участокторун, запастагы жерлерди жерлердин башка категорияларына которууга чечим түрүндө макулдук берет жана аны белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизет.Бул учурда “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө КР Мыйзамы жарандардын тең укуктуулук принцибин ачыктан ачык бузуу менен Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келүүдө.Айталы, КР Конституциясынын 20-беренесинде мындай деп айтылган: “Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбашы керек.
 
Адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн.
 
1. Кербен шаарынын курамындагы
айылдар:
 
1) Курулуш,
2) Күлүк-Дөбө,
 
2. Жалал-Абад шаарынын курамындагы айылдар:
 
1) Качкынчы,
2) Келме,
3) Кызыл-Кыргызстан,
4) Кызыл-Суу,
5) Таш-Кутчу,
6) Тельман ат.
3) Ак-Дөбө,
4) Жетиген,
5) Мамай,
6) Устукан.
 
3. Таш-Көмүр шаарынын курамындагы айылдар:
 
1) Теңдик,
2) Кашкулак-Сай,
3) Чүйүт-Сай,
 
Киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек. Адамдын, жарандын укуктарын, эркиндиктерин чектеген мыйзамдык актыларды кабыл алууга тыюу салынат.”
 
Ушул тапта “КР административдик-аймактык түзүлүшү тууралуу” КР Мыйзамына ылайык КР Улуттук статистика комитети иштеп чыккан КР Административдик-аймактык жана аймактык бирдик объекттеринин белгилениш системасынын Мамлекеттик классификаторуна (МК002-2009) ылайык, республикада шаарлардын курамына кирген жана өз алдынча административдик-аймактык чек арага жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ээ болбогон 45 айыл бар.
 
Айталы, мамлекеттик классификаторго ылайык, шаарлардын курамында төмөнкүдөй айылдар бар:
 
4) Кызыл-Алма,
5) Кудук-Сай.
 
4. Кара-Көл шаарынын курамындагы айылдар:
 
1) Жазы-Кечүү.
 
5. Исфана шаарынын курамындагы айылдар:
 
1) Голбо,
2) Самат,
3) Чимген,
4) Тайлан,
5) Мырза-Патча,
6) Ак-Булак.
 
6. Кадамжай шаарынын курамындагы айылдар:
 
1) Таш-Кыя,
2) Пүлгөн,
3) Чал-Таш.
 
7. Баткен шаарынын курамындагы айылдар:
 
1) Булак-Башы,
2) Кызыл-Жол,
3) Базар-Башы.
 
8. Сүлүктү шаарынын курамындагы айылдар:
 
1) Кольцо.
 
9. Кызыл-Кыя шаарынын курамындагы айылдар:
 
1) Караван,
2) Ак-Булак,
3) Жин-Жиген.
 
10. Ош шаарынын курамындагы айылдар:
 
1) Керме-Тоо,
2) Арек,
3) Жапалак,
4) Кеңеш,
5) Өзгүр (бөлүгү),
6) Орке,
7) Беш жылдык,
8) Төлөйкан (бөлүгү)
9) Тээке,
10) Гүлбаар-Төлөйкөн,
11) Алмалык.
 
1. Каракол шаарынын курамында шаар тибиндеги поселоктор:
 
1) Пристань-Пржевальск,
2) Балыкчы.
 
2. Балыкчы шаарынын курамында шаар тибиндеги поселок:
 
1) Орто-Токой.
 
3. Таш-Көмүр шаарынын курамында шаар тибиндеги поселоктор:
 
1) Шамалды-Сай,
2) Кызыл-Жар.
 
Ошентип “КР административдик-аймактык бирдиги жөнүндө” КР мыйзамын жакшыртуунун алкагында жогоруда аты аталган поселокторду жана шаар тибиндеги поселокторду (ШТП) тийиштүү айылдарга жана/же шаарларга кайра түзүүгө багытталган биринчи кезектеги чаралар талап кылынат.
 
Ошону менен бирге административдик-аймактык түзүлүштүн негизги принциптерин эсепке алуу менен (“КР административдик-аймактык бирдиги жөнүндө” КР мыйзамынын 2-беренеси) жалпы мамлекеттик кызыкчылыктар менен калктын кызыкчылыктарынын,калктуу конуштун географиялык жайгашуусунун, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн деңгээлинин, калктын санынын жана башка айрым кайра түзүлгөн калктуу ко-нуштардын факторлорунун айкалышуусунда аларга административдик-аймактык бирдик – айылдык аймак, же өзүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы бар шаар деген өз алдынча статус берүү зарылчылыгы бар.
 
Жогоруда айтылгандар улам укуктук коллизияны болтурбоо үчүн “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” КР Мыйзамына зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу аны КР Конституциясынын нормаларына шайкеш келтирүү зарыл.
 
4. Майлуу-Суу шаарынын курамында шаар тибиндеги поселок:
 
1) Кек-Таш.
 
5. Майлуу-Суу шаарынын курамындагы поселоктор:
 
1) Сары-Бээ,
2) Көк-Ой,
3) Кара-Жыгач.
 
6. Кара-Көл шаарынын курамында шаар тибиндеги поселок:
 
1) Кетмен-Төбө.
 
7. Сүлүктү шаарынын курамында шаар тибиндеги поселок:
 
1) Чыгыш.
 
8. Кемин районунун курамында шаар тибиндеги поселок:
 
1) Бордунск.
 
9. Бишкек шаарынын курамында шаар тибиндеги поселок:
 
1) Чоң-Арык.
 
Бектур ОРОЗБАЕВ,
Швейцария Өкмөтү каржылаган жана
Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган
“Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги:
бюджеттик процесс” Долбоорунун юристи