Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” КР мыйзамына сереп

2013-12-18 / Мыйзамдагы жаӊылыктар

Кабыл алынган мыйзамдык нормаларга ылайык,жерлерди которуу боюнча мамлекеттин саясаты процесстин катышуучуларынын баарынын кызыкчылыктарын тең эсепке алуу жагына өзгөрүшү керек. Анткени жерлерди которуу тууралуу арыздарды кароо “бирдиктүү терезе” принциби боюнча ишке ашырылат...

 
 
Өкмөт иштеп чыккан “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” КР Мыйзамынын долбоору КР Жогорку Кеңешине 2011-жылдын 5-октябрында киргизилген. Узакка созулган талкуудан жана кайра иштеп чыгуудан кийин эки жыл өткөн соң аны КР Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 30-майында гана кабыл алып, КР Президенти ушул эле жылдын 15-июлунда ага кол койгон. Кабыл алынган мыйзам айыл чарба багытындагы жерлердин азыраак баалуу түрлөрүн көбүрөөк баалуу түрлөрүнө, ошондой эле бирдей баадагы айыл чарба багытындагы жерлерди бир түрүнөн экинчисине которуунун (трансформациялоонун) укуктук негиздерин, шарттарын жана тартибин аныктайт.
 
Аны менен катар Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (15-беренеге) жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” Мыйзамга (9-беренеге) бир аз толуктоолор киргизилген. Аларга ылайык, райондук мамлекеттик администрациянын компетенциясына азыраак баалуу айыл чарба багытындагы жерлерди дагы да баалуу түрлөрүнө, бирдей баалуу айыл чарба багытындагы жерлерди бир түрүнөн экинчисине которуу кирет.
 
Ушул мыйзамды кабыл алуу зарылчылыгы эмнеге байланыштуу чыкты?
 
Жер мамлекеттин өзгөчө, көбүрөөк чектелген жана таңкыс ресурсу болуп эсептелгендиктен жер участокторун бир категориядан экинчисине, же жердин бир түрүн экинчисине которуунун (трансформациялоонун) укуктук негиздерин, шарттарын жана тартибин жөнгө салуу мамлекеттик жөнгө салууну талап кылган актуалдуу көйгөй болуп эсептелет.
 
Анткен менен жерлерди которуу процессин ченемдик укуктук жөнгө салууда жана практикада ченемдик укуктук актыларды колдонууда бир топ оор кырдаал түзүлдү. Ал болсо жерлерди которуу процессине мамлекеттик көзөмөлдүн чабалдашына алып келди.
 
Атүгүл Жер кодексине ылайык өкмөттүн компетен-циясына көбүрөөк баалуу айыл чарба багытындагы жерлерди (айдоо аянттары, көп жылдык өсүмдүктөр,кен чыккан жерлер, маданий жайыттар, түп-тамырынан жакшыртылган чөп чабыктар жана жайыттар) жерлердин азыраак баалуу түрлөрүнө же жерлердин башка категорияларына которуу кирчү.
 
Ошону менен бирге Жер кодексинде жеке менчикте турган жана азыраак баалуу айыл чарба багытындагы жерлерден дагы да баалуу түрүнө өткөрүлгөн жер участокторуна карата жогоруда көрсөтүлгөн нормалар каралган эмес.
 
Буга байланыштуу белгиленген тартипте өкмөттүн тапшырмасы менен жогоруда аталган мыйзам иштелип чыккан. Анын максаты –жерлерди которуу маселелеринде мамлекеттик жөнгө салууну жакшыртуу. Мында которуунун конкреттүү, айкын жана жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жоболору, которуу иш-чараларын ишке ашырууда ачык эрежелер белгиленет, ошондой эле мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары так аныкталат.
 
Кабыл алынган мыйзамдагы жаңылыктар
 
Кабыл алынган мыйзамдык нормаларга ылайык, жерлерди которуу боюнча мамлекеттин саясаты процесстин катышуучуларынын баарынын кызыкчылыктарын тең эсепке алуу жагына өзгөрүшү керек. Анткени жерлерди которуу тууралуу арыздарды кароо “бирдиктүү терезе” принциби боюнча ишке ашырылат.
 
Жерлерди которуу боюнча жер түзүүчү материалдарды даярдоо боюнча функцияларды атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишке ашырат.
 
Жерлерди жеке турак жай курулушу үчүн которуу демилгесин белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы көтөрүп чыгат.Жерлерди которуу боюнча мамлекеттик органдардын компетенциясы так бөлүштүрүлгөн.
 
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
 
- айрыкча баалуу айыл чарба жерлерин (айдоо аянттары, көп жылдык өсүмдүктөр, кен чыккан жерлер,маданий жайыттар, түп-тамырынан жакшыртылган чөп чабыктар жана жайыттар) башка анча баалуу эмес жерлерге же жерлердин башка категориясына которот;
 
- токой фондунун жерлерин жерлердин башка категорияларына которот;
 
- суу фондунун жерлерин жерлердин башка категорияларына которот;
 
- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлерин жерлердин башка категорияларына которот;
 
- айыл чарба жана токой чарба жоготууларынын ордун толтуруудан түшкөн каражаттарды пайдалануунун тартибин бекитет.
 
Жергиликтүү мамлекеттик администрация (мындан ары - ЖМА) жер участоктору жайгашкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын макулдугу менен:
 
- баалуулугу кыйла төмөн айыл чарба жерлерин чарба жерлеринин кыйла баалуу түрлөрүнө, баалуулугу теңдеш айыл чарба жерлерин - бир түрдөн башка түргө которот;
 
- калктуу конуштардын жерлерин жерлердин башка категорияларына которот;
 
- запастагы жерлерди башка категорияларга которот;
 
- өнөр жайы, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлерди, транспорт жана коргоо объекттерин куруу жана тейлөө үчүн берилген жерлерди кошпогондо, жерлердин башка категорияларына которот;
 
- кыйла баалуу айыл чарба жерлерин жана токой,суу фондунун жана өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймактарынын жер участокторун, запастагы жерлерди жерлердин башка категорияларына которууга чечим түрүндө макулдук берет жана аны белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизет.Жаңы ченемдик актыны кабыл алуу менен өлкө бюджетине айыл чарбалык жоготуулардын ордун толуктоодон акча каражаты түшөт. Алар өз кезегинде гидромелиоративдик жана калыбына келтирүүчү ишчараларга каралышы мүмкүн.Айталы, жаңы мыйзамдагы жоболорго ылайык,айыл чарба жерлерин айыл чарба багытындагы, токой, суу фондунун жерлерин, запастагы жерлердин жана айыл чарба жана токой чарба өндүрүшү менен байланышпаган жерлердин түрлөрүн башка категорияга которууда (трансформациялоодо) жаңы жер пайдалануучулар жана жер ээлери жоготуулардын ортун толуктаган жана колдон чыгарылган пайданын наркынын суммасы төлөнүп берилет.Бирок бөтөнчө учурлар да болот. Аларга ылайык,айыл чарба жана токой чарба өндүрүштөгү жоготуулар жерлерди төмөнкүлөр үчүн которууда толукталбайт:
 
- айыл чарба багытындагы жерлерди сугарууга жана кургатууга арналган мелиоративдик системалардын курулушу;
 
- атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кайтарымсыз негизде берген турак жайлардын курулушу;
 
- саламаттык сактоо объекттеринин, мектептердин жана мектепке чейинки, социалдык мекемелердин, маданият жана искусство сфераларынын, ошондой эле инженердик жана транспорттук инфраструктура объекттеринин жана мүрзөлөрдүн курулушу;
 
- республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен жүргүзүлгөн унаа жолдорунун курулушу, калыбына келтирүү жана ремонт иштери;
 
- республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен жүргүзүлгөн электр берүүчү линиялардын,
мунай түтүктөрүнүн жана башка труба түйүндөрүнүн курулушу;
 
- аскер, жаратылышты коргоо жана тарыхый-маданий багыттагы объекттердин курулушу (коруктар,токой чарба мекемелери, жаратылыш, мемориалдык,улуттук жана дендрологиялык парктардын, ботаникалык бактардын, жаратылыш эстеликтери, археологиялык жана тарыхый-архитектуралык жайлар).
 
Айыл чарба жана токой чарба жоготууларынын ордун толуктоодон түшкөн каражаттар республикалык бюджетке келет. Колдон чыгарылган пайданын ордун толуктоодон түшкөн каражаттар – жергиликтүү бюджетке.
 
Ошондой эле мыйзамдагы маанилүү жаңылыктардын бири – жерлерди которуу тууралуу арыздарды кароонун жана документтерди даярдоонун тартиби, мөөнөтү так белгиленген.
 
Айталы, жеке турак жай курулуш үчүн жерлерди которууну жүзөгө ашыруу үчүн («Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которууну кошпогондо), жеке адамдар же юридикалык жактар жерлерди которуу жөнүндө райондун мамлекеттик администрациясына арыз беришет.
 
Арызда жер участогуна болгон укук жөнүндө маалымат, которула турган жер участогунун категориясы жана өлчөмү, жер участогун жердин бир категориясынан башкасына же бир чарба жеринин бир түрүнөн башкасына которуунун негиздемеси көрсөтүлөт.Арызга мыйзамда көрсөтүлгөн тийиштүү документтердин көчүрмөлөрү тиркелет.
 
Андан ары ЖМАнын суроо-талабы боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жер участогуна материалдарды топтойт жана жерге жайгаштыруу көктөмөсүн он жумушчу күндүн ичинде райондун мамлекеттик администрациясы тарабынан түзүлгөн комиссиянын кароосуна жиберет.
 
Райондун мамлекеттик администрациясы которулуучу жер участогу жайгашкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, арыз ээсинин жана жергиликтүү кызматтардын: архитектура жана курулуш (жерлерди «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которууда), айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы (токой фондунун жерлерин же токой фондунун жерлерине, өзгөчө коргоодогу жаратылыш ресурстарынын жерлеринин категориясына которууда), айыл жана суу чарбасын, саламаттык сактоо, өзгөчө кырдаалдар, энергетика, жерлерди пайдаланууну жана коргоону контролдоо боюнча инспекция өкүлдөрүнүн катышуусу менен комиссия (мындан ары - райондук комиссия) түзөт.
 
Райондук комиссияны райондун мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары жетектейт.Райондук комиссия он жумушчу күндүн ичинде райондун мамлекеттик администрациясына жер участогун которуунун мүмкүндүгү же мүмкүн эместиги жөнүндө корутунду берет.
 
Жерди курулуш үчүн которуу жөнүндө маселе оң чечилгенде райондук комиссия корутундуга участокко куруунун белгиленген тартипте макулдашылган башкы планын же анын негизинде иштелип чыккан шаар куруу документтерин жана техникалык-экономикалык негиздемени тиркейт.
 
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы 10 жумушчу күндүн ичинде өз чечимин чыгарат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими ЖМАнын кароосуна түшөт. Ал өз кезегинде жергиликтүү мамлекеттик администрация жерди которуу боюнча материалдарды он жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө карайт жана өзүнүн компетенциясынын чектеринде жерлерди которуу жөнүндө же которууга макулдугу тууралуу чечим чыгарат.
 
Андан соң ЖМА:
 
- компетенциясынын алкактарында кабыл алынган жерлерди которуу жөнүндө чечимди атайын ыйгарым укуктуу органга жиберет;
 
- компетенциясынын алкактарында кабыл алынган жерлерди которууга макулдук жөнүндө чечимди материалдары менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жиберет.
 
Жер участогун которуу жөнүндө же болбосо жер участогун которуудан баш тартуу тууралуу чечим соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.
 
Айыл чарба багытындагы жер участокторун которуунун өзгөчөлүктөрү:
 
- айыл чарба багытындагы жер участоктору;
 
- өзгөчө кайтаруудагы аймактардагы жер участоктору;
 
- токой фондунун жер участокторун;
 
- суу фондунун жерлерин;
 
- өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жер участоктору;
 
- запастагы жерлер курамындагы жер участоктору;
 
- пайдалуу кен казындылары болгон жер участоктору;
 
- жеке менчикте турган жер участоктору.
 
Мисалы, жерди которуунун өзгөчөлүктөрүнө ылайык, мындан ары жеке менчикте турган жер участоктору аларды курулуш документациясынын, курулуш жана шаардык, айылдык калктуу конуштардын аймактарынын жерлерин пайдалануунун эрежелеринин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алып койгондон кийин индивидуалдык турак жай курулушуна өткөрүлөт.
 
Мындан тышкары кабыл алынган мыйзам республикалык маанидеги шаарларга карата чектөөчү нормаларды да караштырат. Б.а., мыйзам жыйынтыктоочу бөлүгүндө өкмөткө “Сугарылуучу айдоо жерлерин жерлердин башка категориясына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамынын аракеттерине кирбеген айыл чарба багытындагы жерлерди Бишкек жана Ош шаарларынын өзгөчө макамдары мыйзам тарабынан жөнгө салынганга чейин бул шаарларды өнүктүрүү боюнча башкы планга киргизилген шаардын четиндеги зоналардагы жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууну токтотууга тапшырма берет.
 
 
Бектур ОРОЗБАЕВ,
Швейцария Өкмөтү каржылаган жана
Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган
“Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги:
бюджеттик процесс” Долбоорунун юристи