Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жаңылыксыз да жашоо болобу?

2013-12-10 / ЖӨБ мыкты тажрыйбасы-2013

Жергиликтүү телевидениени ачуу боюнча долбоор бул маселени чечти...

 
Көйгөйдү сүрөттөө
 
Торкен айылдык аймагы калкы 7000 адамга жеткен эки айылдан турат. Алардын көбү жамааттын маанилүү маселелерин талкуулоого катышкан эмес. Кайдыгер же пассивдүү болгону үчүн эмес. Адамдарда ЖӨБО ишмердиги тууралуу маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгү болбогону үчүн ушундай кырдаал түзүлдү.
 
Эмнелер жасалды?
 
Жергиликтүү телевидениени ачуу боюнча долбоор бул маселени чечти. Демилгени ЖӨБО жана АРИС колдоп берди. Жергиликтүү бийлик имарат берип, донордун каражатына жабдуулар, антенна сатып алынып, бөлмөлөр даярдалды. Жергиликтүү телевидение 19:00дөн 21:00гө чейин 10 километр радиуста көрсөтүлөт. Видеоматериалдар алдын ала даярдалып, элеттик чогулуштардын жүрүшү, АК сессиялары, майрамдар жана башка массалык иш-чаралар тууралуу айтып берет. Алып баруучулар, кабарчылар жаңылыктар менен бөлүшүп, ишембиликтер кандай өттү, айыл тургундарынын ичинен коомдук иштерде ким көбүрөөк айырмалана алды ж.б. өңдүү кабарларды айтып турат. Телевидениеден арыкты тазалоого катышпагандардын жүзү көрсөтүлгөн соң калк активдешти. Натыйжада бардык каналдар жана арыктар тартипке келтирилди. 
 
Натыйжасы
 
Демилгенин негизги жетишкендиги – жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн регионалдык мааниге ээ иштерге тартуу, ЖӨБ органдарынын отчеттуулугу жана айкындуулугу болуп эсептелет. Мындан тышкары жергиликтүү телевидение түрдүү үй-бүлөлүк иш-чараларды тартуу менен кошумча пайда табууда. “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында уюштурулган тренингдерге катышуу жергиликтүү ММКга ЖӨБ ишмердигинин айкындуулугун жана бюджеттик процесске жарандардын катышуусун камсыздоо боюнча тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк берди. Кийинки жылы ТВ бюджеттик угууларды көрсөтүүнү пландап жатат.
 
Элдик трибуна
 
Шыкмамат МАНАНОВ, АК төрагасы:
 
“Жергиликтүү телевидение ЖӨБО ишмердигин ачык кылды. Анын жардамы менен калк түрдүү акцияларга көңүлү менен тартылууда, ТВ адамдарды жакшы иштерге түртүүдө”.
 
Тилеген КЕБЕКОВ, ТВда монтажер;
Асан ИСРАИЛОВ, оператор

Окшош материалы: