Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

«Үмүттү» калыбына келтирүү

2013-12-06 / ЖӨБ мыкты тажрыйбасы-2013

Бала бакча заманбап стандарттарга ылайык курулду...

Көйгөйдү сүрөттөө
 
Келте айылында 50 жыл мурда эле чабандардын балдары үчүн “Үмүт” бала бакчасы курулган. Шарттардын начардыгынан улам ал көп өтпөй иштебей калган. Бирок 1987-жылы аны ремонттошуп, бала бакча иштей баштаган. Анткен менен арадан 20 жыл өтүп, авариялык абалы үчүн бала бакчаны жаап коюшкан. Натыйжада 343 үй-бүлө бала бакчасыз калган.
 
Эмнелер жасалды?
 
“Үмүт” бала бакчасын калыбына келтирүү маселеси айыл аксакалдары, аялдар, жергиликтүү депутаттар, ошондой эле айыл өкмөтү арасында талкуунун темасына айланды. Демилгелүү топ ишин баштагандан тартып окуялар тездик менен өнүгө баштады. Адамдар имараттын ремонтун гана жасабастан, мүлктү жаңыртып, эмерек сатып алуу керек деп чечишти.
 
Каражат чогултуу максатында марафон жарыяланды. Бир күндө элеттиктер 50 миң сом таба алышты. Бирок имаратты калыбына келтирүүгө каражат алыш үчүн долбоор жазууга туура келди. Долбоор жактырылып, мамлекет эки миллион сом өлчөмүндө колдоо көрсөттү.
 
Имараттын курулушу маалында калктын салымы 80 миң сомду түздү. Мындан тышкары курулушчуларды тамак менен камсыздоого байланышкан бардык түйшүктү жергиликтүү жамаат көтөрдү.Учурда Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында убактылуу иштеп жаткан айылдын жашоочулары да 50 миң сом өлчөмүндө колдон келген жардамын беришти.
 
Натыйжа
 
Бала бакча заманбап стандарттарга ылайык курулду. Эки кабаттуу имарат, бөлмөлөр жарык, кенен.“Үмүт” бала бакчасында 30 бала тарбияланат, ал эми 9 адам иш менен камсыздалган.
 
Элдик трибуна
 
Жумагүл ЭРГЕШОВА, аялдар кеңешининмүчөсү:
 
Мен балдар үчүн бардык шарттар түзүлгөн бала бакчанын курулушуна катышкандардын баарына терең ыраазычылыгымды билдирем”.
 
Кубанычбек МАМАШЕВ,
башчынын орун басары,
Мавлюда ЧЫНЫЕВА, лидер

Окшош материалы: