Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Китепкананын калыбына келиши

2013-12-06 / ЖӨБ мыкты тажрыйбасы-2013
Китепкананын калыбына келиши

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калк алдындагы ачыктыгын жана жоопкерчилигин жетишкендик катары бааласа болот...

Көйгөйдү сүрөттөө
 
Элеттик китепканада окуу залы жана китеп сактоочу жай бар. Ал жерде 6 миңден ашуун китеп сакталган. Бул жерге күнүнө орточо эсеп менен 20 адам кирип турат.
 
Маданий мекеме өтө начар абалда турат. Бул жерде он жылдан ашуун убакыттан бери ремонт жасалган эмес. Бардык нерсени алмаштырып, калыбына келтирип, жаңыртыш керек. Шарттардын начардыгынан китептер жараксыз абалга келди.
 
Эмнелер жасалды?
 
Курамына китепкананын башчысы АЙТАКУНОВА Э., ЖӨБ кызматкери ИМАНБАЕВ Б.С., музейдин жетекчиси ТОЛОГОНОВА Г. кирген демилгелүү топ капиталдык ремонт жасоо зарылдыгы тууралуу маселени көтөрдү. Айылдык аймактын башчысы МАМЫТКАНОВ Ж.К. жана жергиликтүү кеңештин депутаттары 25 000 сом өлчөмүндө акчалай жардам көрсөттү.Миграция, эмгек жана жумуштуулук министрлигинин Жети-Өгүз райондук бөлүмү донор катары чыгып, 50000 сом берди. Бул каражаттарга китепкана үчүн эмерек сатып алынды: көп кабаттуу текчелер, китептер үчүн шкаф, парталар, отургучтар, компьютердик столжана ремонт жасалды. Долбоор эки айдын ичинде ишке ашырылып, 2013-жылдын 20-июнунда жаңыртылган китепкананын ачылышы болду.
 
Натыйжасы
 
Көпчүлүктүн аракети менен китептер храмын калыбына келтирип, китепкана фондун сактап калуу мүмкүн болду. Маданий мекемелер өтө аз болгон айыл үчүн китеп окуу көптөр үчүн жакшы көргөн эрмек бойдон кала берүүдө.
 
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калк алдындагы ачыктыгын жана жоопкерчилигин жетишкендик катары бааласа болот. Бул сапаттар башкаруу стилинде пайда болду. Коомчулуктун ролу да активдешти. Адамдар китепканага өз китептерин алып келе башташты, ал эми айылдын тургуну МАМБЕТАКУНОВ Н.Т. компьютерди белекке берди. Айылдык аймактын башчысы МАМЫТКАНОВ Ж.К. өз демилгеси менен компьютерди интернетке кошуп берди,ал эми анын акысын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы төлөп турмай болду.
 
Элдик трибуна
 
Диана ТКАЛЕНКО, окуучу:
 
“Мен китепканадан Кыргызстандын тарыхы боюнча кызыктуу китепти таап алдым. Эми мен бул жерде эле экзамендерге даярдана алам”.
 
Дина ДУКЕНБАЕВА, орус тили жана адабияты боюнча мугалим:
 
“Биздин элеттик китепкананын китеп фонду бай. Ошону сактап калууга жана арбытууга умтулган адамдардын табылганы жакшы болбодубу”.
 
Эльнура АЙТАКУНОВА, китепканачы

Окшош материалы: