Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жаштар баңгиликке каршы

2013-12-06 / ЖӨБ мыкты тажрыйбасы-2013
Жаштар баңгиликке каршы

Айыл өкмөтү баңгиликке согуш жарыялап, атүгүл аракеттерди координациялоо үчүн штаб да түзүп жиберишти...

Көйгөйдү сүрөттөө
 
Жапайы өскөн кара куурайдын табигый плантациялары – жергиликтүү  бийликтин көптөн бери башын оорутуп келаткан көйгөй. Маңзат катары таанылган бул өсүмдүктү колдонуу адамдын саламаттыгына жана психикасын кандай кесепеттерди алып келе турганын атүгүл бала да билет. Бирок улуулар гана эмес,өспүрүмдөр да маңзатты колдоно беришет.
 
Эмнелер жасалды?
 
Айыл өкмөтү баңгиликке согуш жарыялап, атүгүл аракеттерди координациялоо үчүн штаб да түзүп жиберишти. Бул структура аймакты изилдеп чыгып,кара куурай өсүп чыккан аянттар белгиленген картаны иштеп чыгышты. Баары болуп 1460 гектар изилденип чыкты, аянттын 38 гектарында бул маңзат байкалган. Белгиленген күнү 14 адамдан турган бригада ишке чыккандай эле талаага чыкты. Аларга айлыкты Жумуштуулук жана миграция борбору төлөп берүүгө
макул болду.
 
Бирок бул күчтөр да жетишсиз болду. Ошондо кара куурай гүлдөп турган учурда айыл өкмөтү ишембиликти уюштура баштады. Бакыт РАКЫМБАЕВ жана Айбек ДҮЙШАЛИЕВ өз тракторлоруна отуруп алып, 11 гектар жердеги чөптү жок кылышты. 26 адамдан турган жаштар бригадасы колу менен кара куурайдан 1,3 гектарды тазалап чыгышты. Баары болуп 15,3 гектар болду.
 
Күрөшкө дарыгерлер жана түрдүү бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү кошулду. Алар окуучулардын арасында маңзаттардын зыяны тууралуу түшүндүрмө иштерин жургүзүштү. Депутаттар “Биз, жаштар, баңгиликке каршыбыз” урааны алдында жаштар арасыда футбол боюнча мелдештерди өткөрүүнү сунушташты. Акцияны ЖӨБ каржылап, беш айылдан 8 команда баш байге үчүн ат салышты.
 
Натыйжасы
 
Баңгиликке каршы багытталган түшүндүрүүчү,спорттук, маданий, патриоттук, агартуучулук мүнөздөгү бир катар иш-чаралар өткөрүлдү. Ал эми спорттук мелдештер жаштарда жашоодо алектенүүгө боло турган, бардык коомго пайда алып келчү кызыктуу нерселер жана иштер өтө көп деген ишенимди бекемдеди.
 
Элдик трибуна
 
Казакбай КУРМАНАЛИЕВ, жергиликтүү кеңештин төрагасы:
 
“Биздин жаштар өзгөчө көңүл бурууга жана мактоого татыйт. Келечек ошолордуку. Андыктан алардын билимдүү, саламаттыгы бекем жана тартиптүү болуусу үчүн бардык нерсени жасаш керек”.
 
АБДРАХМАНОВ Н., жергиликтүү кеңештин депутаты:
 
“Кара куурайды жок кылуу боюнча демилгени бардыгы колдоп кетет деп ойлогон эмесмин.Жалпы шыктануу албетте кубандырып жатат.Биргелешип, өтө көп пайдалуу иштерди жасай алабыз”.
 
Э. А. ЧОРКОЗОВ

Окшош материалы: