Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Спорт зал кайрадан ачылды

2013-12-06 / ЖӨБ мыкты тажрыйбасы-2013

Маселени чечүүгө демөөрчүлөр жардам берди...

Көйгөйдү сүрөттөө
 
Күн-Чыгыш айылдык аймагынын тегерегинде 13 миңден ашуун адам жашайт. Адамдар көп, ал эми алар көп учурда бош убактысын кантип өткөрүүнү билишпейт. Мындай жашоо өзгөчө жаштарды кыйнап жүрдү. Дене тарбия жана спорт менен машыгуу үчүн сонун мезгил. Анткен менен жалгыз спорттук зал жеке менчикте болчу жана анын ээлери залды башка максаттарда колдонуп келген. Имараттын өзү да авариялык абалда болчу.
 
Эмнелер жасалды?
 
Маселени чечүүгө демөөрчүлөр жардам берди. Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан спорттук залдын ремонтуна деп 2 миллион сом акча келди. Капиталдык ремонт АРИСтин каражатына жасалды – 1,7 млн. сом, Ысык-Көл өнүктүрүү фонду – 7 миң сомго жакын, “Мегаком” – 5 миң сом, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети – 1,7 млн. сом. Учурда спорттук комплекстин ремонту аяктайын деп калды. Бирок 2013-жылдын июнунда эле бул жерде “кошой күрөш” спорттук мелдештери өткөрүлдү. Мелдештер көрсөткөндөй, спорт менен машыгуу мурдагыдай эле популярдуу жана аны калк жакшы көрөт.
 
 
ЖУМАБАЙ уулу МИРБЕК

Окшош материалы: