Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Футбол талаасы – жаштардын эрмеги

2013-12-06 / ЖӨБ мыкты тажрыйбасы-2013

Футбол талаасында таймаштар жана мелдештер өткөрүлүп, спорт менен машыккан адамдардын катары өсүүдө...

Көйгөйдү сүрөттөө
 
Айылдарда балдар, кары адамдар жана жаштар үчүн кызыктуу ийримдерди уюштуруу олуттуу көйгөй. Эгерде шаарларда дем алыш күндөрү, иштен жана окуудан бошогон учурда барып, эс алчу жайлар көп болсо, элет жергесинде тандоо деле жокко эсе. Зерик-кенден жана бекерчиликтен айыл тургундары аракка качырып, жаштар кылмыштуу элементтердин кайырмагына илинип калып жатканы жашыруун деле эмес.
 
Эмнелер жасалды?
 
Төрт-Күл айылында жаштардын бош убактысын уюштуруу ишин көп убакыт бою эч ким колго албай келген. Бирок демилгелүү топторду түзгөндөн кийин аймактагы кырдаал кескин өзгөрдү. Жаштардын демилгелүү топтору аймактагы бардык жаштарды жана өспүрүмдөрдү футбол талаасын куруу үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга чакырды.
 
Натыйжасы
 
Бүгүнкү күндө спорттук арена чанда гана бош турат. Футбол талаасында таймаштар жана мелдештер өткөрүлүп, спорт менен машыккан адамдардын катары өсүүдө. Бирок эң негизгиси – жаштар айылдын жана айылдык аймактын өнүгүүсүнө, жергиликтүү бюджеттин аткарылышына тиешелүү маселелерди талкуулоого активдүү катыша баштаганын көптөр белгилеп жатышат.
 
Адилет КУБАТОВ,
жаштардын лидери, АӨ адиси

Окшош материалы: