Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жандана түшкөн пляж

2013-12-06 / ЖӨБ мыкты тажрыйбасы-2013
Жандана түшкөн пляж

Тургундардын, АӨ аппаратынын катышуусу менен тазалоо иштери жүргүзүлүп, саз кургатылып, жашоочулардын эс алуучу жайы көрктөндүрүлгөн...

Көйгөйдү сүрөттөө
 
Айылдан пляжга чейин алты километр. Бул аралык 1300 элеттик үчүн тоскоолдук болду: жергиликтүү тургундардын да, туристтердин да эс алуусуна жакшы шарт жок болчу, жана бул жагдай маанайды бузчу.
 
Эмнелер жасалды?
 
Бирдиктүү талкуулардан кийин АӨ дизель отунун сатып алууга жергиликтүү бюджеттен акча бөлдү. “Ашар” жолу менен дренаж, пляждын өзү тазаланып, үч отургуч жана кийим которуучу жай орнотулду. 2013-жылы саламаттык сактоо комитетинин мүчөлөрү “Тазалык” акциясын өткөрүшүп, ага жергиликтүү тургундар жана ишкерлер катышты. Элет тургундары НОГОЙБАЕВ Ш. жана КЫДЫРМАЕВ А. демөөрчүлүк жардам катары отун сатып алууга каражат бөлсө, дагы 15 литр дизель майын демилгечилер АӨ алышты.
 
Натыйжасы
 
Тургундардын, АӨ аппаратынын катышуусу менен тазалоо иштери жүргүзүлүп, саз кургатылып, жашоочулардын эс алуучу жайы көрктөндүрүлгөн.
 
Элдик трибуна
 
БЕРМАНОВА Б.:
 
“Бара-бара айылдын тегерегин көзгө жагаарлык кылып жатабыз. Пляжда тартип, конокторду жана туристтерди уялбай эле чакырсак болот”.                                                                                              
 
Айым АДРАЗАКОВА,
Саламаттык сактоо комитетинин төрайымы

Окшош материалы: