Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Дөөлөт” социалдык үйү

2013-12-06 / ЖӨБ мыкты тажрыйбасы-2013
“Дөөлөт” социалдык үйү

Бүгүнкү күндө кары адамдардын абалына бооруң ооруйт...

Көйгөйдү сүрөттөө
 
Бүгүнкү күндө кары адамдардын абалына бооруң ооруйт. Баарына белгилүү болгондой, алар жашоо үчүн күрөшүп гана калышты. Жарыбаган пенсия атүгүл тамагына да жетпейт. Алар жалгыздыктан, эч ким менен баарлаша албагандыктан кыйналып келишет.
 
Эмнелер жасалды?
 
Кары адамдардын жашоосун бир аз да болсо жеңилдетүү үчүн АК депутаттарынын демилгеси жана айыл өкмөтүнүн, райондук мамлекеттик администрациянын, райондук социалдык коргоо бөлүмүнүн колдоосу менен орто мектептин имаратында “Дөөлөт” социалдык үйү ачылды. Ага учурда 50дөнашуун адам барып турат. Алардын ичинде жалгыз бой адамдар, согуштун ардагерлери, жесирлер жана майыптар бар. Бул жерден алар жолугушуп, баарлашып, телевизор көрүшөт, гезит-журналдарды окушат. Айыл өкмөтүнүн, Социалдык фонддун, Ички иштер бөлүмүнүн, РЭСтин, почта түйүнүнүн адистери аларга консультацияларды өткөрүү жана суроолоруна жооп берүү үчүн келип турушат. Ушул жылдын май айында социалдык үй ҮДТ имаратына көчүп барды.Бул имараттын шарттары жакшыраак. Анын үстүнө бул жерде кары-картаңдар медициналык жардам алса болот, же дарыгерлер менен кеңеше алышат.Бул алар үчүн абдан ынгайлуу. 2013-жылы жергиликтүү бюджеттен 15 кары жана жалгыз бой адамдарды тейлөөгө 23 400 сом бөлүнгөн. Алар үчүн атайын программа иштелип чыкты: көнүгүүлөр, эртең мененки тамак, баарлашуу жана жолугушуулар үчүн убакыт, түшкү тамактануу, медициналык текшерүүдөн өтүү, түрдүү ийримдерде убакыт өткөрүү жана кечки тамак. Социалдык үйдүн натыйжалуу иши үчүн донордук каражаттар да тартылып турат. “Хелп Эйдж Интернешнл” уюмунун колдоосу менен он кары адамга жардам көрсөтүлдү, тогуз пенсионер белекке козу жана тоок алышты. “Кызыл чырым” кары адамдарды медициналык тейлөө үчүн жабдуу сатып берди: тонометр, кандагы канттын көлөмүн, салмакты
аныктоо үчүн аппаратура жана дары-дармектер.
 
Натыйжасы
 
Карылар үйүн ачуу жана жасалгалоо, фондду түзүү (бүгүнкү күндө ал жерде 7000 сом жатат), медициналык жардам көрсөтүү, карыларды активдештирүү жана алардын жамааттын турмушуна катышуусун камсыздоо, коомчулуктун көңүлүн ушул көйгөйгө буруу максатында түрдүү акцияларды өткөрүү (20 000 сом чогултулду). Бенефициарлар: 60тан 113 жашка чейинки 159 адам. 10 ардагерге кышка карата терезекаалгалар, 7 жылыткыч сатып алынып, орнотулуп берилди. 2013-жылдын апрель айында “Үй-бүлөдө кары адамдарга карата зомбулукка орун жок” акциясы өттү.Иш-чаранын негизги максаты – кары адамдарды коргоо. Зомбулук фактыларын аныктоо үчүн 50 адамдын арасында сурамжылоо жүргүзүлдү. Анын натыйжасында зомбулук бар болгону аныкталды. Анкеталарды текшерип чыккандан кийин анын натыйжалары коомчулук катышкан тегерек столдо талкууланды.
Зулайка ИСМАИЛОВА, лидер,
Талант ДАНИЯРОВ, АК төрагасы

Окшош материалы: