Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ландшафтты калыбына келтирүү

2013-12-05 / ЖӨБ мыкты тажрыйбасы-2013

Ойлогон ойду ишке ашыруу мүмкүн болду...

Көйгөйдү сүрөттөө
 
Азыркы учурда айылдык аймакта көп жылдардан бери жашап келаткан адамдар гана бул жерлер бир убакта токойго жана өрөөнгө бай келип, үй жаныбарлары оттоп жүргөнүн эстей алышат. Мезгил өтүп,кооз көрүнүш жашоонун өзүндөй эле өзгөрүп кетти.Жашыл боёктор жашыл бак-дарактар менен кошо азая түштү. Жер көчкү гүлдөп турган өрөөндү талкаласа, адамдар токойду кыйып түгөтүштү. Түшүмдүү жер бара-бара эч нерсе өспөй калган таштак участокко айланды.
 
Эмнелер жасалды?
 
Адамдар жыргап жашаган мурдагы ландшафтты калыбына келтирүүгө аракет жасаш керек. Ушул идея чогулушта жаңырып, элеттиктер жана айыл өкмөт башчысы Адылбек АЛЫМОВ тарабынан колдоо тапты. Ишти дарактарды отургузуудан баштоону чечишти. Анткени бул нерсе көчкү үчүн тоскоол болмок. Андан соң балык өстүрүү үчүн көлмөнү казууну чечишти.Көлмөнүн жээгинде адамдар убактысын жакшы өткөрүп, сууга түшүп, күнгө күйүп, балык уулай алмак.
 
Участокту таштардан тазалап чыгуу үчүн “Казахмыс Голд Кыргызстан” компаниясы техника берип,элеттиктер аянты 2 гектар боло турган көлмөнүн жээгинин 300 метрине шагыл төгүштү.
 
Натыйжасы
 
Ойлогон ойду ишке ашыруу мүмкүн болду. Таштак участокторго бак-дарактар отургузулуп, чакан көлмө уюштурулуп, анын тегерегин сейил бак ээледи. Жаңы эс алуу зонасы төрт үй-бүлөгө иш таап берди. Жаратылышка, өз жерине карата ушундай мамиле дагы беш-алты жыл жасалса, бул жерлер өзгөрүп,кайрадан эле күнөстүү токойлору жана балыкка толгон көлмөлөрү бар гүлдөгөн жашыл өрөөнгө айланмак. Кыялды ишке ашыруунун үстүнөн эмгектенгенден чарчабаш керек.

Окшош материалы: