Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Өзүн устачылыкта табышты

2013-12-05 / ЖӨБ мыкты тажрыйбасы-2013

Алыскы аймактагы аялдар өздөрү үчүн иш орундарын түзүп, киреше алып келген кызыктуу эрмек табышты...

Көйгөйдү сүрөттөө
 
Көк-Таш айылдык аймагы чек арадагы өзгөчө аймак катары жарыяланган. Аны райборбордон 110 километр бөлүп турат. Бул жерде 3 800 адам жашайт.Алардын жарымынан көбү – аялдар. Бул жерде алтын казуучу компаниянын пайда болушу менен дээрлик бардык эркектер ишке орношкон. Бирок аялдар иштейин десе жумуш жок.Аймактагы жумушсуздук калк арасында миграциянын өсүшүнө да түрткү болду.
 
Эмнелер жасалды?
 
Чек ара зонасында, белгилүү болгондой, бул көйгөй башка жерлерге караганда өзгөчө курч турат. Бирок айыл тургундары жана жергиликтүү бийлик буга баш ийип отуруп калгысы келген жок. “Казахмыс голд Кыргызстан” компаниясынын колдоосу менен 2012-жылдын июнь айында аймактагы 17 кыз-келин “Бозумчак Голд Сервис” көп тармактуу кооперативине бирикти. Аймак тоолуу жерде жайгашкандыктан жергиликтүү калктын негизги иши мал чарбачылыгы болуп келген. Жүнгө байланыштуу маселе чыкпаганы менен арзан сырьену кээде гана колдонушчу. Тигүү цехин ачып, устачылык жана кол өнөрчүлүк менен алектене баштаган кооперативдин мүчөлөрү ушуга көңүл бурушкан. Бир топ жүндү иштетип, кийиз жасап, андан кийин шырдактар даярдалган. Ал эми элдик өнөрдүн сырларын сактап калган энелер аларга кеп-кеңештерин берип турушту. Экинчи топ боз үй, ээр токум үчүн керектүү жасалгалоолорду даярдоо менен алектене баштады. Мындай буюм-тайымдарга талап күчтүү.Үчүнчү топ тери менен иштеп, андан табериктерди,баштыктарды, кооз буюмдарды жасай баштады.
 
Натыйжасы
 
Алыскы аймактагы аялдар өздөрү үчүн иш орундарын түзүп, киреше алып келген кызыктуу эрмек табышты. Материалдык пайдадан тышкары өнөрчүлүктүн руханий жагын да унутпаш керек. Ал кыргыздардын маданий жана тарыхый мурасын сактап гана калбастан, андан ары да көбөйтүүгө көмөктөшөт.Кооперативдин планында аялдар тиричилик предметтерин жана кийимдерди гана жаратпастан, эс алып, жаңы нерселерди үйрөнүп, маданий иш-чараларды өткөрүп тура турган борборду түзүү бар. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жаңы иш орундарынын жана пайда алуу мүмкүнчүлүгүнүн пайда болушу менен аймактын территориясында миграция бир аз да болсо азая түшкөнүн ырасташууда. Ал эми бул болсо өз айылы үчүн күйгөн адамдарды кубандырбай койбойт.
 
Элдик трибуна
 
МАМАТОВ К., айыл тургуну:
 
“Биздин аялдарыбыз, эже-карындаштарыбыз, кыздарыбыз декоративдик-прикладдык искусство предметтерин даярдоо менен алектенип жатканы абдан кубандырат. Кийиз искусствосу муундан муунга өткөрүлүп жүргөн. Элибиздин маданияты унутулуп калуусун каалабайт элем. Бирок эми бул ишти жерге калтырбагандар да бар”.
 
МЫРЗАЛИЕВ Э., айыл тургуну:
 
“Бул тажрыйбаны жайылтыш керек. Ушул долбоорду ишке ашырууга 30 миң каражат бөлүнгөн. Биздин аялдардын бардык аракеттери бекер болбогонуна кубанычтамын”.
 
Хафиза БАЙНАЗАРОВА,
кооперативдин төрайымы,
Адылбек АЛЫМОВ, АА башчысы

Окшош материалы: